Клеопатранын 6 амалы
Айымдар кайсы убакыт болбосун сулуу жана жылдыздуу болууга умтулуп жашашкан. Алардын эң эле сулуусу жана акылманы атак-даңктын туу чокусуна чыгып, тарых беттерине өчпөс издерин калтырып кетишкен. Мындай "айым-дастан" аялдардын бири - Египеттин айтылуу ханышасы Клеопатра болуп саналат. Жерде жок сулуулугу жөнүндөгү баяндар биздин күнгө чейин жетип, ага болгон суктануулар дагы деле азая элек. Анын ысымы азыркыга чейин аялзатынын сулуулугунун идеалы катары айтылып келүүдө. Клеопатра сулуулугунан сырткары курч акылы, мыкты эске-тутуусу, чечкиндүүлүгү, амалкөйлүгү менен да айырмаланган. Өзүнүн амалкөйлүгү менен байлыкка, бийликке, бакубаттуулукка жана сүйүүгө ээ болгон. Азыркы замандын кыздары деле анын амалдарынан колдонуп, ийгиликке жетүүнү каалашат. Клеопатранын биздин күнгө чейин жеткен 6 амалы бар. Алардын ар бири жашоонун айрым багыттарында ийгиликке жетүүгө жардам бере алат.


1. Акыл амалы. Египет ханышасынын ийгилигинин башкы сыры- жеңишке жетүү үчүн ийне-жибине чейин изилдеп, майда- баратка чейин алдын ала ойлонуп чыкчу. Ар бир кадамын, сөзүн, диалогун ойлонуп туруп план түзчү. Алсак, өзүнө замандаш эркектердин ичинен эн мыктысын- Цезарды тандап алган. Чечкиндүүлүгү, тайманбасытыгы жана өзгөчөлүгү менен анын жүрөгүн багындырып, сүйүүсүнө жеткен.
2. Сүйүү амалы. Сүйүүгө жана секске кызыккан эркекти деле оңой-олтоң кармап калып, узак убакытка жанында алып жүрүү оңой эместигин абдан жакшы билчү. Өзүнө байлап алыш үчүн ар дайым аны таң калтырып, күтүүсүз нерселер менен кызыктырып туруу керек деп эсептеген. Клеопатранын табышмактарына жооп таба албаган Цезарь ойдо жок жерден сүйүү капканына кабылган.
3. Жубайлар амалы. Нике - бул бирде толкуп-ташыган, бирде сырдуу мелтиреген деңизге окшош эмеспи. Клеопатра уруш-жанжалдан качуу амалын жакшы билчү. Сүйүктүүсү ачууланган учурда алаксыта билип, болоор-болбос нерселерге кек сактабоого үндөп, кичинекей деле нерселер менен көңүлүн өзүнө бура койчу. Антонийдин Римде аялы бар экенине карабастан ага турмушка чыгып, балалуу-чакалуу да болот. Жеке турмушуна, мекенине да көптөгөн тоскоолдуктар бар экендигине карабастан, өмүрүнүн аягына чейин сүйгөн адамы менен бирге турмуш жолун уланткан.
4. Тагдыр амалы. Ханыша тагдыр менен кармашып, тобокелчиликке баргандан да коркпойт эле. Антонийди жоготуп коюу коркунучу турса да, бир нече ирет жолугууга барбай койгон. Бирок, ошол эле учурда укмуштуудай кеме курдуруп, сюрприз камдаган. Өз заманынын баатыры, түмөн башчы Антоний мырза мындай белекке таң берип, укмуштуудай таасирленген. Ошол замат Клеопатра - Улуу ханыша экенин моюнга алган.
5. Окшошпоо амалы. Негизги эреже - ар дайым эч кимге окшошпой жашап, ар бир күндү өзгөчөлөнгөн окуялар менен толтуруу керек деп эсептечү. Деңизге түшүүгө такыр болбогон мезгилде Марк Антонийди Александрияга чакырттырып алган. Ошентип, сүйгөнү аны менен калып, Римди көздөй кете албай калган да, жыйынтыгында өзүнүн аялын таптакыр унутуп койгон. Бул айым "Окшошпогон образда жашоо коомун" түзүп, өзгөчөлөнгөндөрдүн да башын бириктире алган. Коомдун мүчөлөрү ар бир күнгө башкача пландарды түзүп, кайталоого мүмкүн болбогондой жашап өтүүгө катуу аракет кылышчу.
6. Өлүм амалы. Клеопатра өлүмдөн коркчу эмес. Антоний менен түбөлүккө бирге экенин түшүнгөндө "Ажалга умтулгандар коомун" түзгөн. Өлүмдү бардык тарабынан изилдеп чыгып, жыландын уусуна ууланып өлүүнү туура көргөн. Душмандарына баш ийип, кулдук урганча жыланга чактырып көз жумган. Амалдуу Клеоптара өмүр менен коштошоордо дагы экзотикалык ыкманы колдонуп, өзгөчө жол менен кетүүнү тандап алган. Ханыша Клеопатра чындыгында эле эч кимге окшошпогон, кызыктуу, ажарлуу, абдан амалкой жана акылдуу аял болгон.


Клеопатра гректердин атактуу Птолемей тукумунан чыккан. Анын атасы Птолемей ХI Авлет өтө каардуу болгондуктан, аны эч ким жакшы көргөн эмес. Биздин заманга чейинки 51-жылы көз жумаар алдында тактысын улуу балдарына: он алты жаштагы кызы Клеопатрага жана он үч жаштагы Птолемей-Диониске өткөргөн. Египеттин салтын улап бир туугандар дароо эле бири-бири менен никеге турушат. Клеопатра ар тараптан билимдүү болуп, бир нече чет тилинде эркин сүйлөгөн, философияны изилдеп, адабият менен жакшы тааныш болгон жана ар түрдүү музыкалык аспаптарда ойной билген. Ошону менен катар эле Клеопатра өзүнүн каалоосуна жетүү үчүн көптөгөн келишимдүү эркектердин башын имерген. Ал кезде мындай көрүнүш ыймансыздык деп эсептелчү эмес.
Көп өтпөй Клеопатранын күйөө-иниси Птолемей XII Нилге чөгүп өлөт. Ал учурда Клеопатра менен Цезардын сүйүүлөрү жалындап, Цезарь сулууну таштап Римине кете албай жүргөн учур эле. Күйөөсүнүн өлүмүнөн кийин Клеопатра 16 жаштагы экинчи инисине шарттуу түрдө баш кошот. Бул египеттиктердин кыжырына тийип албаш үчүн Цезардын ойлоп тапканы эле. Цезарь баарыбир өз мекени Римге кетүүгө мажбур болот, ушундан көп өтпөй эле Клеопатранын андан жаралган баласы жарык дүйнөгө келип, аны Птолемей-Цезарион деп атайт.
Клеопатранын экинчи ини-күйөөсү да өлөт, буга египеттиктер Клеопатраны күнөөлүү деп эсептешкени менен эч кандай далил таба алышпайт. Ошентип, Клеопатра бийликте жалгыз калат да, ошол эле саатта төрт жашар уулу Цезарионду мураскер катары атайт.
Клеопатранын андан кийинки сүйүү баяны кайраттуу аскер Марк-Антоний менен уланып, андан үч балалуу болот.
Клеопатра VII Египетти 21 жыл бою башкарып турган. Римдиктер басып алганга чейин Египетти башкарып турган көз карандысыз акыркы фараон деп дагы айтылып жүрөт. Клеопатра тирүү кезинде эле ар кандай уламыштардын башкы каарманы боло алган. Анын өлүмү ого бетер ысмын атак-даңкка жеткирип, белгилүү айым катары түбөлүккө тарых беттеринен орун тапты. Байыркы римдик жазуучулар чыгармаларында романтикалык башкы каарман катары образын чагылдырып келишсе, анын элеси азыркыга дейре кинематографисттердин кызыгуусун жаратып, антикалык доордогу эң атактуу аял жана эң атактуу ханышанын жүзү катары да тасмалардан түшпөй, актуалдуулугун жоготпой келүүдө. Байыркы каармандардан болгондуктан, анын жүзүн даана элестетүү албетте кыйын. Эл оозунан алынган уламыштардан улам чыгармалар жазылып, тарых беттериндеги жазуулар, болжолдуу сүрөттөр анын образын бүгүнкү күнгө чейин жеткирди. Ал эми көркөм тасмалар албетте ого бетер аны сулуулап, табышмактуулугун арттырып келет. Айтылуу римдиктердин бүйүрүн кызытып, дүрбөлөңгө салган айым болгонуна караганда чындыгында ажарлуу, курч акылдуу, эч кимге окшошпогон жана амалкой айым экени шексиз.

Кундуз Тургунбек кызы