Балаңыздын ким экенин тарткан сүрөтүнө жараша аныктаңыз
Окумуштуулар тобу "Түстүү балдар" ыкмасынын жардамы менен бала сүрөт тартканда кайсы түстү көп колдонооруна карап анын мүнөзүн, жашоого болгон көз карашын, эң негизгиси, ал кандай болуп чоңоёорун аныктоого болоорун изилдешкен. Ушул изилдөөлөргө таянып, балаңыз сүрөт тартканда көп колдонгон сүйүктүү түсүн байкаңыз да, анын мүнөзүн аныктаңыз. Сиздин балаңыздын сүйүктүү түсү ...


Боз
Бул түс көңүлсүздүктү, кембагалчылыкты билдирет. "Боз" балдар аябай тынч, күчсүз, түнт болушат. Мындай балдар башка балдарга калкаланып, алардын коргоосу астында жүрүшөт.


Кызыл
Кызыл - кандын, ден-соолуктун, жашоонун, энергиянын, күчтүн, бийликтин белгиси. Бул балдар ачык жана активдүү болушат. Тентек, тилазар, бир орунда турбаган, оюнчуктарын бузуп-талкалоодон ырахат алган "кызыл" балдардын ата-энелери аларды тарбиялоодо бир топ эле түйшүк тартышат. Чоңойгондо алар башкалардан жумушка болгон жөндөмдүүлүгү, ийгиликке умтула билгендиги менен айырмаланат. Бүгүнкү күндүн кызыкчылыгы булар үчүн баарынан бийик турат. "Кызыл" балдардан таасирдүү саясатчылар көп чыгат.


Сыя
Cыя түскө басым жасаган балдар өздөрүнүн бай ички дүйнөсү менен жашап, башкалардан артисттик жөндөмү, сезимталдуулугу менен айырмаланат. Алар өтө назик, таарынчаак, башкаларга караганда колдоого көбүрөөк муктаж болушат.


Жашыл
"Жашыл" балдар өзүн керексиздей сезишип, эне мээримине аябай муктаж болушат. Мындай өзгөчөлүк калыптанып калбаш үчүн мындай балдарга кызыкчылыктарды, ачылыштарды өркүндөтүүчү чыгармачылык тарбия талап кылынат.


Күрөң
Күрөң түскө басым жасаган балдар - өздөрүнүн кичинекей, ишенимдүү жана жабык дүйнөсүн түзүп алышат. Мунун себептери көп: ден-соолугунун алсыздыгы, үй-бүлөдөгү оош-кыйыштар жана акылынын толук кандуу эместиги.


Көк
"Көк" балдар "кызылдардын" толук карама-каршысы. Алар жоош, тең салмактуу, бардык ишти шашпай, акырына чейин жасаганды жакшы көрүшөт. Диванда жатып китеп окуп, ой жүгүртүп, баарын аягына чейин талдап чыгышат. Алар достук үчүн өзүн курмандыкка чалууга даяр. "Кызылдар" сыяктуу алган эмес, булар үчүн берген жагымдуу.


Кара
Балдар бул түстү чанда тандашат. Ошентсе да эгерде бала бардык башка түстөргө караганда кара түстү жакшы көрсө, бул баланын жашоосуна бурулуш алып келген татаал психикадан, стресстен кабар берет. Кара түстү бала канчалык сүйсө, ошончолук коркунучтуу.


Пушту
Пушту түскө көбүнчө кыздар жакын. Алар назик, алсыз, коркок болушат. Мындай балдар айланасындагылардан көз каранды болуп, такай колдоого муктаж.


Ток сары
Мындай балдар тентек, себепсиз эле кыйкыра берген балдар. Андыктан, ток сары түс кооптуураак.


Сары
Сары - жан-дүйнөнүн түсү. Мындай балдар эркин, оригиналдуу, ой жүгүртүү жагынан көз карандысыз болуп чоңоюшат. "Сары" балдардын көпчүлүгү чыгармачылыкка жакын болот. "Сары" бала - кыялкеч, фантазиясы өнүккөн, тамашакөй. Алар таштар менен, жип менен абстракттуу оюндарды жалгыздыкта ойногонду жакшы көрүшөт. Өзүнүн элестетүүсүндө аларга жан берет. Чоңойгондо кызыктуу жумуштарга ыктайт. Дайыма бир нерсеге ишенип, үмүт кылып, келечекке умтулуп жашайт. Ошол эле убакта анда жоопкерчиликсиз, чечим кабыл алуудан качуу сыяктуу мүнөздөр да калыптанып калышы мүмкүн.






Мусулманча ысымдар жана алардын маанилери
Сиз бала күтүп жатасыз же атүгүл балалуу болдуңуз. Бирок, атын али коё элексиз. Ат тандоо - өтө маанилүү жана жоопкерчиликтүү учур. Адамдын аты анын келечектеги тагдырына, мүнөзүнө, атүгүл ден-солугуна таасир этет дешет. Андыктан, балаңызга туура ысым тандай билиңиз. Балким, төмөнкү мусулманча аттардын бири сиздин балаңыздын ысымы болуп калаар...


Эркек балдардын ысымдары
Камил - эң сонун, асыл
Карим (Керим) - колу ачык
Камран - бактылуу
Касым - катуу, кайраттуу
Кирман - катуу, бекем
Лачин - жоокер
Лютфи - боорукер, достукка бекем
Мажит - улуу
Максуд - каалаган
Манап - бийик турган
Мансур - жеңиштүү
Мардан - аскер
Махмуд - мактоого татыктуу
Мири - башчы, жетекчи
Мунир - жаркыраган, нурданган
Мунзир - жакшы жышаан алып келүүчү
Мурат - каалоо, максат, кыял
Муса - укмуш жаратуучу
Муслим - мусулман
Мустафа - тандалган
Мутаз - күчтүү
Мухаммед - мактоого татыктуу
Мухтар - тандалма
Кыздардын ысымдары
Элнара (Элнура) - Элдин, мекендин жарыгы
Ламис - жумшак
Лафифа - ак көңүл
Лейла - кара чачтуу
Лина - назик
Мажида - шаңдуу
Мадиха -мактоого татыктуу
Малика - ханыша, королева
Марифа - илим-билим
Мунира - жарык чачкан
Махфуза - коргоодо турган
Надира - чанда кездешкен
Надия - биринчи
Назиха - чынчылдык
Назия - оптимист
Наиля - жашоодон ырахат алган
Найля - өзүнүкүнө жеткен
Насира - жеңүүчү
Нафиса - кымбат баалуу
Нигара - татынакай, жаш, башкаларды өзүнө тарткан
Нур - жарык

МАМЫРБЕК кызы Зарылкан