меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Атактуулар эмнеге ажарлуу көрүнүшөт?
Сулуулук - аялзатынын эң биринчи куралы. Ал үчүн кандай гана курмандыктарга барбайбыз Эң кымбат фирмалардын косметикаларын акыркы акчабызга сатып алабыз, айрымдар пластикалык опперация жасатканга чейин барышат. Ошол эле убакта эң эле жөнөкөй ыкмаларды колдонуу менен да сулуулукту сактоого болот. Бул жаатында белгилүү айымдар сулуулук сырларынан бөлүшөт.


Саламат Садыкова, КРнын Эл артисти
- Негизи, адам сулуу көрүнүш үчүн анын ден-соолугу бекем болуш керек. Мындан он жыл мурда америкалык окумуштуунун китебинен өмүрдү узартуунун жолдорун, ден-соолукка пайдалуу кеңештерин окуп чыккан элем. Сабиздин, лимондун пайдалуу жактары көп экенин билгенден кийин, атайын сабиздин ширесин жасап ичкенге өттүм. Сабизди көп колдоно баштагандан бери көз оорум дагы жоголду. Андан сырткары менин дасторконумдан таптакыр бал үзүлбөйт. Балдын организмге пайдалуу жактары абдан көп. Теринин жашарышына, иммунитеттин көтөрүлүшүнө, үндүн сакталышына жардам берет. Ар күнү жатаарда бир стакан жылуу сууга бир чоң кашык балды аралаштырып, ичип алам. Тамагың майланышып, ашказанга да жеңил болот. Эртең менен турганда да ачкарын кичине кашык менен бал жейм. Сулуулугумду сактагандын эң жөнөкөй жолдору мына ушундай.

Гүлнур Сатылганова, КРнын Эл артисти
- Жаш өткөн сайын сулуулугуңа эки эселеп кам көрүп каласың. Элдин жүзү болгондуктан, сулуулугума кам көрүш үчүн акчамды аябайм. Үйдө болгондо бетти жаш көрсөткөн, теринин жакшырышы үчүн жазылган пайдалуу кеңештерди окуйм, маскаларды колдоном. Жазында, жайында ромашка, липа гүлдөрүнүн маңыздарын муздаткычка коюп тоңдуруп, ошону менен бетимди сүртүп турам. Анткени, муз беттин терисинин жаш көрүнүшү үчүн аябай пайдалуу. Бирок, бул ыкманы өзүм үшүкчөл болгондуктан, кышында колдонбойм. Ал эми дене мүчөмдү бирдей формада сакташ үчүн болгону туура тамактанып, майлуу, камыр тамактарды жебейм. Капустанын чийкисин, сууга бышканын, куурулганын көп жейм. Анткени, капуста ичегилерди тазалайт. Эгерде ички организмиң таза болбой, бир жериң ооруп турса, оорунун баары жүзүңө чыгат. Ошондуктан, ички органдарымдын абалына да чоң маани берем.

Шайыр Касымалиева, КРнын Эмгек сиңирген артисти
- Актриса болгонума жараша Кудай мени арык кылып жаратып койгонуна ыраазымын. Ушунча болуп, фигурамды сактайын деп кам көргөн жокмун. Ал эми келбетиме косметикадан сырткары үй шартында жасалуучу ыкмаларды колдоном. Жумуртканын агын, сууга бышкан күрүчтү, быштакты аралаштырып бетке маска кылып койсо, беттеги майда-чүйдө тактарды кетирет. Андан сырткары, марляны сабиздин ширесине малып, көздүн, мурундун тешигин ачык калтырып он мүнөттөй бетке жапса, ал дагы жакшы жыйынтык берет. Сулуулукту сакташ үчүн кечке эле сырткы келбетти карай бербестен, витаминдерди дагы көп жеш керек. Мен күн сайын көк пиязды, укропту, петрушканы жеп турам. Андан сырткары, түрптү майда туурап, бир аз сабиз аралаштырып салат жасап жегенди жакшы көрөм. Кычкылды жакшы көргөндүктөн, оору-сыркоодон алыс болуп, өзүмдү сергек сезем.

Азиза, ырчы
- Өзүмдү сулуу көрсөтөйүн дебесем дагы, Кудай берген келбетиме колумдан келишинче жакшы кам көрөм. Бетимдин териси өтө эле кургак болгондуктан, үйдөн атайын өзүмдүн ыкмаларымды пайдаланам. Айылдан келген майлуу сүзмөнү бетиме шыбап маска кылам. Андан сырткары, бизде кам каймак деп коёт. Муздак жерде турган чийки сүттүн үстүндө каймак пайда болот го, ошол каймакты дагы бетиме сүртүм турсам жылмакай болуп, бетим калыбына келип калат. Мурда арыктыгымдан толо албай жүрчүмүн. Эми кичине толуп, кайра арыктай албай жатам. Балким, айылда жүрүп күчтүү тамактарды жеген үчүн толуп кеттим окшойт. Анткени, башкалар сарсанаа болуп ойлонуп, түйшүк тартып арыктаса, мен тамактан арыктайм же толом.
Нурайым Азыкбаева, ырчы, кылкыякчы:
- Жүзүмдү сулуу көрсөтүш үчүн мен витаминдүү жемиштерди көп жейм. Үйдө отурганда басып-туруп эле алма жей берем. Көбүнчө бетиме дарбыздын, бадыраңдын, помидордун кабыгын сүртөм. Андан сырткары, сахнага чыкпаган күндөрү бетимди таза жууп, косметикадан, агартуучу бет майдан эс алдырам. Фигурамды болсо жүзүмө кам көргөндөй жакшы деле карабайм. Болгону эртең мененки таңкы беште атам менен чуркайм. Энергиялуу, күчтүү жүрөйүн деп түшкү тамакты 2-3 порциядан жейм. Менин көп тамак жегенимди көргөн курбуларым таң кала беришет. Эмнегедир ушунчалык тамакты көп жесем да семирип кетпейм (күлүп).
Назира Айтбекова, телеалпаруучу
- Апам "кызым, эгер сен сулуу көрүнөм десең, таптакыр боёнбой эле кой" деп менин боёнушума тыюу салчу. Апамдын ушул сөзүнөн улам көп деле боёнбойм. Боёнбогондон кийин жүзүңө бырыш түшпөй, табигый сулуулугуң байкалып турат. Бул менин сулуулукту сактаган эң биринчи ыкмам. Ал эми экинчи ыкмам - үйдө тамак жасап жатып сабиз аарчысам сабиздин кабыгын, салат жасасам помидор менен бадыраңдын кабыгын деле бетиме чаптай берем. Ал эми үчүнчү элде жок ыкмам - эмчек сүтүмдү кебез менен бетиме сүртө берем. Фигурамды болсо атайын спорт залдарына барып же чуркап калыбына келтирбей эле, тентек баламдын аркасынан аңдып жүрүп спорт менен машыккандай эле болом.

Нурзат Садыкова, ырчы
- Азыр мен беш маал намаз окуйм. Менин оюмча, намаз окуган адамдын ички дүйнөсү да, сырткы келбети да сулуу болот. Сулуулугумду суу менен сактайм десем болот. Себеби, беш жолу жүзүңдү таза жууп, даарат алгандын өзү сулуулукка кам көрүү болсо керек. Ошентсе да эл көзүндө жүргөн соң жүзүмө кам көрбөй коё албайм. Макияждан сырткары, жүзүмдү сулуу көрсөтүш үчүн үйдөн өзүмдүн ыкмамды колдоном. Жумуртканын агы менен балды аралаштырып бетиме сүйкөп, жүзүмдү жуугандан кийин сүлгү менен аарчыбайм. Азыр кичине толуп кеткендиктен, эртең менен эрте ачкарын алманын ширесин ичип жатам. Бул дагы дене мүчөмдүн бирдей формада сакталышына жардам берүүдө.

Наргиза Бекназарова, диктор:
- Азыр эми мен жашмын да, сулуулугумду сактоо үчүн көп деле аракет кылбайм. Бирок, сырткы келбетти таптакыр карабай коюуга да болбойт. Эфирде текст окуганда көзгө күч келип, үйгө барганда кадимкидей чарчап калам. Андыктан, дайыма бананды эзип, ак марляга ороп эки көзүмө он мүнөттөй коём. Андан сырткары, бизге гриммди аябай көп коюшат эмеспи. Макияжга караганда гримм бетке бырыш бат түшүрөт. Ошондуктан, эфир бүткөндөн кийин тезирээк аны сүртүп салганга шашам. Гриммден кийин бетимдин териси өз калыбына келиш үчүн эки-үч күндө бир жолудан айран шыбап турам. Ал эми дене мүчөмдү бир калыпта кармаш үчүн күн сайын кечинде индияча ырларга бийлем.
Сауле Сулайманова




кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"




Яндекс.Метрика