меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Сизге кандай
сумка жарашат?
Аялдардын сумкаларына жалпы мүнөздөмө
Сумкалар чоң жана кичине, жайкы жана кышкы, катуу жана жумшак,
күнүмдүк жана майрамдык, ошондой эле тамашалуу сумкалар болуп бөлүнөт.

Аялдардын сумкасы - аялды аял кылып көрсөтүүчү аксессуар. Туура тандалган сумка ошол аялдын назиктигин, сулуулугун, өзгөчөлүгүн баса көрсөтүп турат.

Чоң сумка - бул сиздин көчүп жүрүүчү багажнигиңиз, ага баары батат кол чатыр, китеп, косметика­ларыңыз... Бул сумканын ыңгайлуулугу ушунда. Ал эми кемчилиги - ал такай оор болуп жүрөт. Чоң сумканы күнүмдүк турмушуңузда гана колдоно аласыз, аны менен театрга да, сүйүктүүңүз менен жолугушууга да бара албайсыз.
Кичине сумка - бул кооздук. Жаман жагы - белгилүү болгондой, керектүү буюмдардын баарын батырууга мүмкүн эмес. Ал эми жакшы жагы - мындай сумка сизди күндүзү да, кечинде да коштоп жүрөт.
Жайкы сумка - ачык түстүү, жеңил материалдан тигилет.
Кышкы сумка кардан суу болуп калбаш үчүн булгаарыдан болгону жакшы.
Катуу сумка - формасын жакшы сактайт, ээсин ишкер, стилдүү көрсөтөт.
Жумшак сумка болсо алсыздыктан, жумшактыктан, жашоого болгон жеңил көз караштан кабар берип турат.
Майрамдык сумка - көйнөккө кошумча иретиндеги кооздук. Ар кандай кооз, жалтырак материалдардан тигилип, таштар, гүлдөр менен кооздолот. Майрамдык сумкалардын баасынан мурун анын ачыктыгына, кооздугуна, кийим менен айкалышканына маани берилет.
Тамашалуу сумкалар ар кандай болушу мүмкүн топ-сумка, оюнчук-сумка, күлкүлүү сүрөттөрү менен сумка. Алар албетте жакшы, бирок, мындай сумканы көтөрүү үчүн жетишээрлик күчтүү, шайыр жана тамашакөй болуш керек.





Сырткы келбетке жараша сумка
Көрсө, туура тандалган сумка келбетиңиздеги кемчиликти жашырууга жардам берет экен. Андыктан, сумка тандоодо бул алтын эрежени эске алыңыз сумканын формасы келбетиңизге карама-каршы келүүгө, ал эми өлчөмү келбетиңизге ылайык келүүгө тийиш.


Жапыз бойлуу аялдар үчүн. Эгер сиздин боюңуз жапыз болсо, анда чоң сумкалар сиз үчүн эмес. Алар боюңузду андан бетер кичине кылып көрсөтөт. Мындан тышкары, узун саптуу сумкалардан качыңыз, мындай сумка менен да кичине болуп көрүнөсүз.


Узун жана арык аялдар үчүн. Формасы тегерек же болбосо туурасы узунунан чоң болгон формасы жок сумкаларга басым жасаңыз. Ал эми кармагычы өтө эле кыска сумкалар сизди ого бетер узун кылып көрсөтөт.


Толук аялдар үчүн. Чоң же орточо чоңдуктагы сумкаларды тандаңыз. Кичинекей сумкалардан качыңыз, колго кармап жүрчү сумкаларды колдонсоңуз болот, бирок, мүмкүн болушунча чоңдорун гана.


Кең далылуу, сөөктүү аялдар үчүн. Мындай аялдарга кыска кармагычтуу сумкалар сунуш кылынбайт. Сумканын сабы канчалык узун болсо, ал ошончолук сизге ылайыктуу.





Кийимге жараша сумка
Көлөмү чоң, көптөгөн кнопкалары, чөнтөктөрү бар сумканы спорттук кийим же жинсы менен көтөрсөңүз болот.
Чоң эмес, жалпак, кармагычы жок, кооз сумкалар - кечки сумкалар. Муну албетте конокко барганда кече көйнөгү менен көтөрөсүз.
Классикалык кийим менен эч кандай ашыкча жасалгасы жок, тик бурчтук формасындагы сумкалар жарашат.
Мурун сумканы бут кийимге жараша тандашса, азыр бул эреже колдонуудан чыккан. Заманбап айым сумкасынын түсүн же материалын бут кийимине айкалыштырууну каалабайт. Андыктан, сумканы бут кийимиңизге эмес, башка кийимдериңиздин бирине өңдөштүрүп кийиңиз.
Орточо көлөмдөгү сумкаларды күнүмдүк кийимдериңиз менен айкалыштыра берсеңиз болот. Мисалы, кечинде сүйүктүүңүз менен жолугушууга чыгып баратканда кыска көйнөк менен да, дем алыш күндөрү футболка менен, шортик менен же каалаган башка кииймдериңиз менен айкалыштырсаңыз болот.

Cапаттуу сумканы кантип тандоо керек?
Сумка тандоодо биринчи эле анын тигиштерине көңүл буруңуз. Эгер алар тегиз болсо жана катуу жиптер менен тигилсе, мындай сумка оңой менен жыртылбайт.
Сумканын ичи жеңил жана бышык синтетикалык кездемеден болгону жакшы. Ал эми эң ишенимдүү болуп ичи жибектен болгон сумкалар эсептелинет.
Сумканын темир-тезектерине жакшы көңүл буруңуз. Фирма сумкаларынын сабы сумканын өзүнө бекилбейт, шакекче түрүндөгү темир аркылуу бекилет. Эгерде шакекчелердин бириккен жерлери тегиз болбосо, демек, сумка сапатсыз.
Сары түстүү фурнитуралардан качыңыз, адатта ал 2-3 айдан кийин көрүнүшүн жоготот. Анын үстүнө өзүн сыйлаган бир дагы жакшы фирма мындай "алтын" сумкаларды чыгарбайт, анткени, ал сумканын көрүнүшүн арзандатып коёт.
Сумканын боёгунун туруктуулугуна көңүл буруңуз. Аны текшерүү оңой кебезди же ак түстөгү бетаарчыны бир аз суулап, сумканын бетин сүртүп көрүңүз. Ага боёк жукпаса, демек, сумка сапаттуу.

Сумканын чыныгы булгаарыдан
тигилгенин кантип билүүгө болот?
Мурун аны атайын жыты аркылуу оңой эле билип алууга болоор эле. Азыркы булгаарыны алмаштыруучу материалдардын так эле чыныгы булгаарыдай жыты бар. Эгерде табигый булгаарыдан тигилген сумка сатып алууну кааласаңыз, эки жагын кылдат карап, чыгып турган кичинекей жерин тапканга аракет кылыңыз. Табигый эмес булгаары болсо, ал кесиндиден дароо эле кездемени көрүүгө болот.
Табигый булгаарыны табигый эмес булгаарыдан ажыратуунун дагы бир жолу - сумканы алаканыңызга коюп көрүңүз. Табигый булгаары алаканыңызга акырындан жылуулук берет, а табигый эмес булгаары алаканыңызды нымдап коёт, бирок, эч кандай жылуулук бербейт.
Булгаарынын кичинекей жерин тырмагыңыз менен акырын чийип көрсөңүз да болот. Эгерде сумканын бетинде байкалаарлык так калып калса, аны сатып алуудан баш тартканыңыз оң.
Ошол сумка тигилген булгаары материалдын кичинекей кесиндиси же эмблема сумкада илинип турса, демек, ал сапаттуу, чочулабай сатып ала бериңиз.

Нуриса БАЯЛИЕВА







кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"




Яндекс.Метрика