Арыктоого жардам берүүчү сыйкырдуу азыктар
Арыктоону каалаган айымдарга өздөрүн жакшы сезип, маанайы чөкпөш үчүн рационуна бир нече сыйкырдуу азыктарды кошуусун сунуштайбыз. Бул азыктар ачкалыкты сездирбөөгө, чарчоону жеңүүгө жардам берет.


Грейпфрут
Ар бир тамактанган сайын жартыдан грейпфрутту үзгүлтүксүз жеп туруудан 2 жуманын ичинде 2 кг арыктоого болот. Анткени, грейпфрут инсулиндин деңгээлин түшүрүү менен тамакка болгон табитти азайтат.


Ак түстөгү жашылчалар
Капуста, пияз, сарымсак сыяктуу ак түстүү жашылчалар ашыкча салмактан арылуучу өзгөчө заттарга каныккан.


Майсыз быштак
Майсыз быштактын курамындагы жеңил сиңүүчү белок организмди көпкө чейин тоюмдуу кармап жүрөт. Белокту сиңиргенде организм көп энергия жумшайт, майды, углеводду сиңиргенде мынчалык энергия жумшабайт.


Кефир
Кефирди арыктоо үчүн диетада гана эмес, күн сайын пайдалануу талапка ылайык. Азыктандыруучулугу, аз калориялуулугу, зат алмашууну жакшыртуусу, микрофлораларды кайра калыбына келтирүүсү, токсиндерди жок кылуусу - мына ушулар кефирдин эң негизги арыктатуучу касиеттери.


Жаңгак
Жаңгактын курамындагы көп өлчөмдөгү клетчатка жана Омега-3 майлуу кислотасы мээнин иштөөсүн жакшыртат жана уйкучулукту, кош көңүлдүүлүктү жоготот. Ал эми анын арыктатуучу касиети мында жаңгактын бир аз эле бөлүгүн жегенде адам тоюп калат жана бир топ убакытка чейин ачка болбой жүрө берет да, башка тамактар тууралуу унутат. Түрдүүлүк үчүн майдаланган жаңгакты йогуртка же жашылча салатына аралаштырып жегенге болот.


Көк чай
Көк чайдын курамындагы танин, йод, калий, фтор жана В тобунун витаминдери борбордук нерв системасына таасир этип, жумушка болгон жөндөмдүүлүктү күчөтөт.


Ачуу калемпир
Ачуу болгар калемпири, кара тоголок калемпир, горчица, хрен жана башка ачуу татымалдар кошулган приправа организмде энергиянын иштелип чыгышын тездетет жана ашыкча май клеткаларын күйгүзөт. Натыйжада, адам арыктайт.


Мөмө-жемиштер
Бүлдүркөн, кулпунай, малина - бул мөмөлөрдүн баарында жүрөк үчүн пайдалуу антиоксиданттар жана клетчатка бар. Бул мөмө-жемиштер табигый таттуу даамга ээ жана алар азыраак калория үчүн момпосуйдун жана башка таттуу азыктардын ордун алмаштырат.


Ананас
Ананастын калориялуулугу төмөн, анда суу көп да, май жок. Мына ушул өзгөчөлүктөрүнүн эсебинен ананас арыктоо үчүн эң пайдалуу жемиш болуп эсептелинет. Ананасты үзгүлтүксүз колдонуу организмдеги топтолгон майлардын жоголушун шарттайт, бирок, муну менен туура тамактануудан баш тартууга болбойт. Ананас тамакка болгон табитти да төмөндөтөт.


Жумуртка
Жумуртка организмди ток кармагандыктан, тамакка болгон жогорку табиттен арылууга жардам берет. Эртең мененки тамакка 1-2 сууга бышкан жумуртка жеген адам күнүнө 330га аз калорий керектеген болот.


Алма
Алма - майдын сиңүүсүн азайтуу менен организмди тазалайт. Ошондой эле ал заара кубалоочу касиетке ээ, ал эми анын курамындагы клетчатка организмди тоюмдуу алып жүрөт. Жек көрүндү болгон бир нече килограммдан арылып, каалаган келбетти сактоо үчүн "алма диетасына" отуруу сунуш кылынат. Ал үчүн күнүнө 1,5-2 кг алма жеп коюу жетиштүү.


Гречка
Гречканын даны организмди ток кармап, аны шлактардан тазалайт. Гречкадагы маанилүү азыктандыруучу заттар белок, май, углевод, ошондой эле кальций, фосфор, йод жана В1, В2, РР витаминдери.

Тоок эти
Тооктун, үндүктүн этинде эттин башка түрлөрүнө салыштырмалуу белок көп да, май аз. Диетологдор эң пайдалуу деп үндүктүн терисиз төшүн эсептешет. 100 грамм төштө болгону 0,5 грамм май бар. Андыктан, арыктоону каалаган айымдар ишенимдүү түрдө эле аны өз рациондоруна кошо берсе болот.




Арыктоого жардам берүүчү элдик каражаттар
Бүгүнкү заманбап жашоодо арыктатуучу миңдеген түрдүү каражаттар сунушталат. Бирок, алардын көпчүлүгүнүн натыйжасы жакшы болгону менен ден-соолукка пайдасына караганда зыяны көп. Андыктан, акыркы убактарда элдик ыкмаларга басым жасагандардын да саны арбын. Арыктоонун элдик каражаттары бир жуманын ичинде сиздин келбетиңизди идеалдуу кылып коёт деп айта албайбыз, бирок, ден-соолугуңуз үчүн коопсуз экенин так айта алабыз.

Ашкабак кыямы
Ал үчүн сизге 2-3 кг ашкабак, 2-3 даана апельсин, 1 даана лимон жана кумшекер керектелет. Ашкабактын этин кубик түрүндө туурап, ага кабыгы менен кошо тууралган апельсин жана лимонду, анан даамына жараша кумшекер кошосуз. Жай отто кайнап бышкан кыям даамдуу да, өтө пайдалуу да болуп саналат.

Жүгөрүнүн чачы
Жүгөрүнүн чачынан маңыз даярдоого болот Бир жарым стакан кайнак сууга 15 грамм жүгөрүнүн кургатылган чачын демдеп, андан соң жай отко жарым саат кайнатуу керек. Маңызды тамактын алдынан 3 кашыктан ичесиз.

Чагылган маңызы
1 стакан кайнак сууга 1 чоң кашык чагылгандын кургатылып, майдаланган жалбырагын демдейсиз. 10 мүнөт тыныктырган соң тундуруп аласыз. Күнүнө 3-4 маал 1 чоң кашыктан тамактын алдынан ичесиз.

Ит мурун маңызы
Ит мурундун 20 грамм мөмөсүнүн үстүнө 1 стакан суу куюп, 10 мүнөт кайнатасыз. Бир сутка тыныктырып коёсуз да, күнүнө эки маалдан жарым стакандан ичесиз.

Алма боткосу
Ашыкча салмактан арылтуучу дагы бир натыйжалуу рецепт бар. Ал үчүн сизге алма, сельдерейдин тамыры, 1 стакан айран, хрендин тамыры, туз керектелет. Кыргычтан өткөрүлгөн алмага 3:1 өлчөмүндө сельдерейдин тамырын кошосуз.

Хрендин тамырын кыргычтан майда кылып өткөрүп, аны алма менен сельдерейге кошосуз да, үстүнө айранды куясыз. Даамына жараша туз кошосуз. Бир жуманын ичинде күн сайын кечинде жесеңиз, максатыңызга тез эле жетесиз.

Азиза САТИМБЕКОВА