Обама Отунбаевага тан берди

Роза Отунбаева БУУнун Башкы ассамблеясынын 65-сессиясына катышуу үчүн АКШга барып, ага катар аталган өлкөнүн президенти Барак Обама менен жолугушуп келди. Жолугушуу учурунда аймактагы коопсуздук жагдай талкууланып, өз ара алакаларды чыңдоого басым жасалган. Өз сөзүндө АКШ президенти Роза Отунбаеванын жасаган аракеттерин жогору баалады. Аны менен бирге ОБСЕнин полицияларын киргизүүнү кеңеш берди. Айрым саясат талдоочулардын айтымында, бул Кыргызстан менен АКШнын мамлекет башчыларынын акыркы сегиз жылдагы жогорку деңгээлдеги алгачкы расмий жолугушуусу. Мындан сегиз жыл мурда, 2002-жылы ошол учурдагы президент Аскар Акаевди АКШнын ал кездеги мамлекет башчысы Жорж Буш кабыл алган эле.


  Укук коргоочуларды коркуткандар бар

"Кылым шамы" укук коргоо борбору Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кырдаал тууралуу кезектеги байкоо-иликтөө иштерин жүргүзүп келди. Бул тууралуу аталган уюмдун жетекчиси Азиза Абдрасулованын айтымында, түштүктөгү көптөгөн укук бузуулар тууралуу азыркы учурда ачык айтып чыгуу кооптуу болуп турат. Анткени, Ош, Жалал-Абад облустарында гана эмес, Бишкекте да белгисиз бирөөлөр укук коргоочуларды коркуткан учурлар болууда.


 "Акыйкат" лидерлерине ким кол салды?

"Акыйкат" партиясынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов, спортчу Канат Бегалиев, дипломат Нуржигит Кадырбековдорго өздөрүн "Республика" партиясынын атынан келдик деп тааныштырган кырктай адам кол салган. "Акыйкат" партиясынын штабынын маалыматына караганда, окуя жекшембиге караган түнү, партия жетекчилери Жалал-Абад шаарындагы "Спутник" мейманканасына токтошкон учурда болгон. "Бирок, алардын кыркка чукул эңгезердей жигиттерин А.Жекшенкулов менен К.Бегалиевдин жыйырмадай гана балдары мизин кайтарып, жолго салышкан. Түнкү 12ге чамалап башталган кармаш таңга жуук Ө.Бабановдун балдарынын артка чегинүүсү менен аяктады. Алардын планы жаңжалды уюштуруп, андан соң бул ишти "Ата-Журт" партиясынын ана башчыларына шылташмак имиш", - деп жазылган "Акыйкат" партиясынын билдирүүсүндө.


  Беймаалда азан чакырсаң, соттолосуң!

Кара-Суу районунун Шарк, Нариман айылдарындагы жана башка мечиттерден 10-июнь күнү беймаал азан чакырган төрт кишини райондук сот төрт жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Кара-Суу райондук сотунун төрагасы Койчубек Жобонов кабарлаган. Маалыматка ылайык, аларга Кыргызстандын Кылмыш жаза кодексинин 233-беренеси боюнча "массалык тартипсиздикке чакырган" деген айып тагылган. Июнь окуяларын иликтөөгө алган комиссиянын жыйынтыгы боюнча 10-июнь күнү Ошто болгон улуттар аралык кагылышуу түн ичинде беймаал чакырылган азандан кийин башталган.


Мэрдин дайыны белгисиз

Ош шаар башчысы Мелисбек Мырзакматов кечээ күнү өргүүдөн кийин кызмат ордуна кайтып, ишин улантаары күтүлгөн. Бирок, белгиленген күнү мэр жумушка чыккан эмес, кайда жүргөнү дагы белгисиз бойдон калууда. Эскерте кетсек, Мырзакматов кызматына байланыштуу чыккан жаңжалдан кийин, 23-августта эмгек өргүүсүнө кеткени кабарланып, ошондон бери кайда экени белгисиз эле. Айрымдары чет өлкөдө ден-соолугун чыңдап жаткандыгын айтышса, кээ бир кабарларда саясатты таштап, ишкердикке биротоло ооп жаткандыгы маалымдалууда.


 "НТСтин" операторун сабап кетишти

Бишкекте "НТС" телеканалынын операторун сабап кетишти. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты. Маалыматка караганда, ишемби күнү "Арзу" кафесинин жанында "НТСтин" 3 операторунун жана белгисиз 5 баланын ортосунда чыр-чатак чыккан. Натыйжада, 31 жаштагы оператор Тимур Исманбетов оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө иши жүрүп жатат.


 "Ата-Журтка" кол салуу даярдалган эмес

Улуттук коопсуздук кызматы партияларды, ММКларды текшерилбеген, чагымчыл маалыматтарды таркатуудан алыс болууга чакырды. Аталган ведомствонун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 24-сентябрда маалымат сайттарынын биринде "Ата-Журт" партиясынын расмий эмес маалыматтарга таянып, "аталган партия лидерлерине кол салуу даярдалып жатат" деген жаңылыгы жайгаштырылган. "Ата-Журт" партиясы бул билдирүүсүн абдан олуттуу деп эсептеп, иликтөө талап кылаарын айткандарына байланыштуу республиканын укук коргоо органдары муну иликтөө үчүн ыкчам иликтөө тобун түзгөн. Бирок, текшерүү учурунда партиянын штабынын жетекчиси Садыр Жапаров бул билдирүү шашылыш чыгып кеткендигин айтып, такталбаган маалыматтын негизинде укук коргоо органдарына арыз жазуудан баш тартты жана маалымат партия жетекчилиги тарабынан текшерилгенден кийин гана чечим кабыл алаарын айтты.