меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Айгүл Мусабаева:
"Абакта отургандар бизди энесиндей кабыл алышат"
Назик, алсыз аялзаты үчүн абакта иштөө алда канча кыйын экенин айтпасак деле элестетип, туюп тургандырсыз. Бүгүнкү каарманыбыз Айгүл Мусабекова бир чети сүрдүү, бир чети коопту жай болгон абакта иштейт. Тактап айтканда, Петровка айылындагы № 8 колонияда жаза өтөп жаткан кылмышкерлерге медициналык кызмат көрсөтүп келет.

- Айгүл, ар бир эле аялзатынын бул жерде иштегенге эрки жете бербесе керек?
- Башында Петровкадагы бейтапканада иштеп жүргөндө тааныштарым кайра-кайра сунушташкан болчу. Жетекчим Роза Карагуловна төрт ай артыман калбай суранып жүрдү. Мурда жумушка кетип бара жатканда абактан колдорун булгалап, кыйкырып калгандарды көрүп жаным чыкчу, анан ошолор менен иштеш деп жатса ким эле дароо макулдугун берсин? Айлыгын, көрсөтүлө турган жеңилдиктерди байкаштырып көрүп жолдошума кеңешсем "пенсияга эрте чыгасың, барып көр" деди. Башында, жумушка жаңы орношкондо тордун жанынан өтүп бара жатып муунум калчылдап, жанымда коштоп жүргөн адамдын колунан же жеңинен кармап алчумун. Бир жылга чейин көнбөй психологиялык жактан аябай кыйналып жүрүп бара-бара алар деле биздей адам экенин түшүнүп көнүп кеттим. Абакта иштегениме билинбей эле он жылдын жүзү болуп калды.
- Абакта отургандар жөнү жок тийишкен учурлары болобу?
- Бизди дайыма жаныбызда коштоп жүргөн адамдар бар. Эгер өзүң себепчи болбосоң алар деле көп маани бербейт. Кылмышкерлер деле жок жерден ызы-чуу чыгарып өздөрүнө залака келтиргиси келбесе керек. Жазасын оорлотуп ашыкча күндөрүн темир тордун артында ким эле өткөргүсү келсин. Бирок, кээде өзүн колго ала албай калгандар менен деле иштешип калабыз. Санитардык кызматкерлерди өзгөчө барктагандар да бар, биздин колонияга көбүнчө биринчи жолу жоопко тартылгандар келет.
- Он жылдын ичинде эсиңизден чыккыс коркунучтуу окуя болду беле?
- Бир жолу кылмышкер катуу ооруп, санчастка бир топ күнгө жаткырууга туура келди. Колонияда чогуу отурган досу кайра-кайра кирип-чыгып жанын койбойт. Бизде болсо бешке чейин киргизип, бештен өткөндөн кийин кирүүгө тыюу салабыз. Ал айткан тилди укпай жулунуп бизге ээ бербегенинен улам кызматкерлерди чакырдык. Эшикти талкалап, кыйкырып-сөгүнгөнгө чейин барган. СИЗОго бир нече күн кармап, эсине келтиргенбиз. Камакта отургандын баары эле келип маанайына жараша кызматкерлерге кыйкыра берсе анда кандай күн болуп калат?!
- Кооптуу илдет менен ооругандар болобу?
- Кант диабети, кан аркылуу жуккан оорулар, кургак учук сыяктуу оорулардан жапа чеккендер көп эле болот. Аларды кылдат текшерип чыгып атайын бейтапканаларга маал-маалы менен жаткырып дарылантып турабыз. Психологиялык жактан ооругандарды өзүнчө колонияга кармайбыз, оорусу башталганда ээ бербей кооптонуу жаратышы мүмкүн. Дары-дармек жазып берип биринчи чараны колдонобуз, эч кандай жыйынтык бербей калса атайын бөлмө бар, ошого киргизебиз.
- Эртеден кечке жумуштан нервиңиз чыңалып келип үйгө келгенде жакындарыңыздан чыгарбайсызбы?
- Жумуш менен жеке турмушту аралаштырбаганга аракет кылам. Кээде жумушка караганда үйдөн көп нерв чарчаган учурлар болот. Андан пайдаланып камакта отургандарга кыйкыра берген да болбойт го дейм. Алар деле адам, алардын да көңүлү, укугу бар. Үйдөн мээримдүү, камкор болгонго аракет кылам. Балдарымды эркелетип энелик, жубайлык милдетимди жакшы эле аткарам. Бирок, жумуштан дайыма катуумун. Кыйналып, ыза болсом да алсыздыгымды, көз жашымды көрсөтпөгөнгө аракет кылам.
- Эркектер менен иштешип жүрүп бара-бара аялзатына тиешелүү назиктик жоголуп кетпейби?
- Жеңем мага кээде "акыркы күндөрү орой болуп баратасың, кырс кыял калыптанып калыптыр" деп калат. Чын эле буга бир чети жумушум себепчи болсо керек.
- Абактын аурасы башкача оор деп айтышат го?
- Камакта отургандардын көбү жаштар болгондуктан, бизди энесиндей кабыл алып көнүшкөн, ал эми жаш адистер үчүн кыйынчылык туулбай койбойт. Жаңы келген адам үчүн оор болушу мүмкүн, бирок, көнүп калган соң билинбейт деле. Чынында аурасы оор экенин тана албайм, аны ого бетер оорлотпош үчүн бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле жасаганга аракет кылабыз.
- Иштеше албай кетип калгандар деле кездешеби?
- Көбүнчө жаш эркек балдар санитардык кызматка келип, чыдабай бат эле кетип калышат. Баары бир эркектердин ортосунда тирешүү болуп турат окшобойбу. Аларды коштоп ашканага кирип калсаң сага унчугушпайт дагы, жаш балдарга ызырынып "красный" деген учурлар көп болот. Кээ биринин нерви чыдабайт, кээ бири аурасын көтөрө албай кетет. Жаш кыздар деле жаңы келгенде узакка кармалышпайт, бир-эки айда эле бул жумушка кимдин эрки жетээри, кимдики жетпеси аныкталат.
- Байкашымча, сөзүңүзгө жаргон көп аралаштырат экенсиз. "Красный" дегениңиз кандай?
- Кызматкерлерди "красный" деп, отургандарды "черный" деп коюшат. Кайсыл чөйрөдө иштесең ошол жактын таасири тийбей койбойт экен. Кээде үйдө отурганда балдарым менен кошо жарышып жаргон менен сүйлөп калам да, кайра аларды "капкаяктагы сөздөрдү үйрөнүп алгансыңар" деп урушам.
- Үй-бүлөңүзгө токтолсоңуз. Канча балаңыз бар?
- Уулдарым мектепти чогуу бүттү, экөөнүн ортосу бир жаш төрт ай айырма, бирок, бир класска чогуу берип салгам. Бири окуусун андан ары улантып, экинчиси башка окуу жайга тапшырды. Эң кичүү балам үч жашта, бала бакчага барат. Жолдошум болсо азыр жеке ишканада айдоочу болуп иштейт.
- Туугандарыңыз кесибиңизди түшүнүү менен кабыл алышабы?
- Апамдар тамашалап "сенин чечкиндүү, эркектердикиндей болгон кыялың менен сага ушул эле жумуш ылайыктуу" деп калышат. Башында сарсанаа болуп ар бир күнүмдү сурай беришчү, он жылдан бери көнүп деле калгандай болушту окшойт.
- Жолдошуңузчу?
- Жаңы иштеп баштаган жылдары жумушумдун айынан урушуп жүрдүк. Бирок, анын баары жолдошумдун менин коопсуздугум үчүн тынчсызданганынан эмес, кызганычтын айынан келип чыкчу. Түн ортосунда бирөө-жарым катуу ооруса үйдөн чакыртып келишет, андай учурда кыйкырышып эле калабыз. Азыр болсо түшүнүп калдыбы же кызганыша турган курактан өттүкпү билбейм, кокус зарыл жумуш менен чакыртып калышса кызганмак тургай өзү алып барып келет. Анын үстүнө 2000-жылы жаза тарткандардын саны беш миңге жакын болуп жумуш көп болчу. Жумуш көп болсо үйдө уруш да көп болот экен. Азыр беш жүздөн ашык адам отурат.
- Эмнегедир абакка баш баккан кош бойлуу айымдардын көбүнүн боюнан козголот экен?..
- Психикалык жактан жабыр тартып же катуу коркуп калышса керек. Абактын аурасы баары бир башкача болот окшойт деп сиз деле айтып жатпайсызбы. Бирок, биз эшиктин алдына гүл өстүрүп, тазалыкты сактап аба-ырайын оңдогонго жакшы эле аракеттерди жумшайбыз. Бизге сырттан келген адамдар жакшы пикирлерин айтып мактап калышат. Болгону бул жерде деле биздей адамдар отурганын, бир эле айырмасы - алардын эрки чектелүү экенин түшүнүшүбүз керек. Азыр мен өзүмдү башка жумушта элестете албайм. Маңдайыңа келген адамдын көзүнө карап кандай мамиле жасашты дароо өздөштүрөсүң. Психологиялык аба-ырайын колго алмайын иштешиш кыйын. Депрессияда жүргөндөр кээде келет ал-жайын сурап сүйлөшүп койсоң эс алып жеңилденип калышат. Эң негизгиси түшүнүктүүлүк, чыдамкайлык керек калганы турмуштун агымы менен кете берет.


Аймээрим КУРБАНАЛИЕВА








кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"




Яндекс.Метрика