меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Чынара Капарова:
"Ыраматылык жолдошум тирүү болгондо телеге кайтып келбейт элем"
Аял киши үйгө кут киргизип, бала төрөп, тарбия бергенден тышкары коомчулукка да кызмат кылып алына жараша бир топ жоопкерчиликти аркалап келет. Карьера менен жеке жашоону өксүтпөй бирдей алып кетиш ар бир асылзаттын жөндөмүнө, акылына жараша болсо керек. "Ала-Тоо" маалымат программасынын алып баруучусу Чынара Капарова да ийгиликтүү карьера жасаган айымдардын катарында.

- Чынара, диктор болуу бала кездеги кыял беле же турмуштун агымы менен аркалаган кесиппи?
- Бала кезимдеги кыялдардын бири элге кызмат кылып, коомдук ишти аркалоо болгон. Улуттук университетте окуп жүргөндө эле телеге жумушка орношуп, сабакты да, ишти да чогуу алып кеткенге болгон аракетимди жумшадым. Албетте, жаңы келгенде эле эч ким эфирге чыгара койбойт. Бир топ сындан өтүп, бирөөдөн жакшы сөз, бирөөдөн уруш угуп жүрүп такшалдым. Аракетимдин акыбети кайтып, үчүнчү курстан баштап "Ала-Тоо" маалымат берүүсүн алып бара баштадым.
- Өз дарегиңизге айтылган кандай катуу сын же болбосо мактоо эсиңизден чыкпайт?
- Тамара Жаманбаеваны кимдер гана тааныбайт?! Ал кишинин айткан сыны катуу, бирок, натыйжалуу десем болот. Эфирге чыгып, таанылып эле калган кезде бир күнү үйүмө конок келип калыптыр, шашып базарга кирип кетпейминби. Чыгып келе жатсам алдыман Тамара Жаманбаева чыгып калды. Бери ээрчитип чыгып "Өзүң элге таанымал болсоң, анан спорттук костюм менен базар аралап жүргөндөн уялбайсыңбы? Жок дегенде жасанып алсаң боло..." деп катуу тилдеген. Үйгө келгенде өзүмдү кайра-кайра күзгүдөн карап алып чын эле аябай уялгам. Ошондон кийин сыртка чыкканда сырткы келбетимди оңдоп-түзөп, анан чыкканга үйрөндүм.
- УТРКнын ичинде интрига көп дешет го, мындай чөйрөдө кантип "жан багыш" керек?
- УТРКда эле эмес, башка мекемелерде деле интрига болот, болгону телеканалда элге таанымал, чыгармачыл адамдар көп иштешет. Ал эми чыгармачыл адам сезимтал, таарынчаак, атаандашчыл болот эмеспи. Анан бири-бирин жамандап, анысы сыртка жайылып бат эле билинип калат. Башка тармактагы интригалар билинбей өз нугу менен кетип, биздики оркоюп чыгып калганынын себеби да ошондон улам болсо керек. Канчалык аралашпайын десең да баары бир бирде болбосо бирде сени мындай иштер айланып өтпөйт. Айла жок, жумуш деген ушундай экен. Чыдап иштеш керек.
- Карьера менен үй-бүлөнү бирге алып кеткен аялдар чанда эле кездешпесе, көбү экөөнүн бирөөсүнөн аксап келишет эмеспи?..
- Мен башынан эле карьера менен үй-бүлөнү бирдей алып кетүүгө жөндөмү бар аялдарга аябай суктанчумун. Тилекке каршы, чын эле бизде андай аялдар аз. Эң негизгиси, өмүрлүк жолдошу түшүнүп, көтөрүмдүү болуп шарт түзүп бериши керек. Эрте келсе да, кеч келсе да туура кабыл алганы оң. Бирок, биздин эркектердин менталитети, түшүнүгү аялдарды көтөрмөлөө керек дегенден бир аз оолагыраак экен. Мен дайыма эле айтып келем, эгерде ыраматылык жолдошум тирүү болгондо мен телевидениеге кайтып келбейт элем деп. Анткени, мен үчүн карьерадан да үй-бүлө алда канча баалуу, өйдө турат. Кайра интригага аралашып, ошол эле коллективдин ичинде бирөөнүн жаман сөздөрү, ушагы жолдошума жетишин каалбас элем. Тилекке каршы, жолдошум эрте кете берди. Үйдө отурсаң убакыт өтө берет экен. Кайрадан жанданайын, чыгармачылыгымды улантайын, бир чети жалгыздыктан алаксыйын деп кызматыма кайтып келдим.
- Жолдошуңуздан ажыраган жылдары ким колдоо көрсөтүп жардам берип жатты?
- Менин жашоомдогу эң оор мүнөттөрдө колдоп, жаныман чыкпай жүргөн төркүндөрүмө, кайын-журтума ыраазымын. Коңшу- колоңдор да кирип-чыгып жаныман чыкпай жалгызсыратышкан жок. Уул-кызым жаркылдап жанымда турушса кадимкидей күч-кубат болот экен. Мен азыр өзүмдү жалгызмын деп эсептебейм, анткени, менин балдарым, үй-бүлөм бар.
- Дикторлорду эфирден гана көргөндөр алардын жашоосун телегейин тегиз элестетишет эмеспи, эфир артындагы жашоону сүрөттөп берсеңиз?
- Учурда үч жумуштун башын бириктирип иштеп жатам. Жооптуу редакторлукту, кабарчылыкты, алып баруучулукту аркалап жатып азыр үйгө чынын айтсам кеч барам. Эртең мененки саат сегиз жарымда жыйналыш башталат, ошондон тартып тыным жок. Анын үстүнө азыр шайлоонун алдында баарыбыздын жаныбыз тынбай иштеп жүрөбүз. Кээде үйгө түн ортосунда барганга туура келет.
- Түн жарымына чейин иштесеңиз балдарыңызга качан убакыт бөлөсүз?
- Ден -соолугум, мүмкүнчүлүгүм барда акчаны жетиштүү таап, балдарымдын келечеги үчүн иштеп жүрөм. Балам менен кызыма баш-көз боло турган ишеничтүү жардамчыларым бар. Жалгыз кишиге бала баккан кыйын эле болот экен. Аларга көңүл бурбай эркиндик берип таштап койгонго да болбойт. Жумуштан канча кеч келсем да балдарымды бир сыйра карап, сабактарын текшерип, ден-соолугун сурап, сүйлөшүп анан жатмайын күнүм толук болду деп эсептебейм.
- Мектептеги жыйналыштарына көбүнчө ким барат сизби же жардамчыларыңызбы?
- Быйыл кызым Бермет төртүнчү класска көчтү, уулум Кубат биринчи класска кирди. Убактымды бөлүп ара-чолодо бара калам, эгер жетишпей бара жатсам жардамчыларыма же апамдарга кайрылам. Анын үстүнө балдарым да мага окшоп үйдө отурбайт, бир нерсе менен алектенип жөн жүрүшпөсүн деп ийримдерге берип койгом. Кызымдын сүрөт тартканга жөндөмү бар, азыр чет мамлекеттеги кароо- сынактарга катышканга аракет кылып жүрөт, художник-дизайнер болот деген үмүтүм бар. Кубат болсо шахматка кызыгат, тэйквандо менен машыгат.
- Жиниңиз келгенде балдарга тилиңиз тийеби же колуңузбу?
- Кызым менен уулумду жөнү жок чаппайм, катуу жиниме тийишсе жамбаштарына бир-эки жолу чаап коюшум мүмкүн. Зээндүү балдарым бар, бир айтканымды эки кылбайт. Мугалими же мен берген тапшырманы аткарбай калышса, жазасыз калышпайт, менин таарынып жаман көзүм менен карап койгонум алар үчүн чоң жаза. Жайпандап жаныман чыкпай апалап көзүмдү карап, бетимен өөп көңүлүмдү кайра бат эле табышат.
- Келбетиңизге кам көргөнгө канча убакыт жумшайсыз?
- Аша чаап болгон убактымды келбетиме жумшай бербейм, азыр убакыт тар. Саат алтыда туруп бир саатты балдарыма, бир саатты өзүмө жумшайм. Үйгө түнкү саат бирде барсам да бетимди самындап жууп, крем сүйкөп жатып албайм. Маска жаап, адистердин берген кеңешин пайдаланып жүрөм. Аялзаты болгондон кийин өзүңдү карап жүрүшүң керек эмеспи. Жыл өткөн сайын дене-мүчөң, келбетиң өзгөчө камкордукту талап кылат экен.
- Сулуу айымдар көп учурда чоңдор көз жаздымынан кетпейт эмеспи. Ушул убакка чейин көңүлүңүздү ирээнжиткен сунуштар болду беле?
- Мен үчүн бул татаал суроо болуп турат. Эркек элдин көзүндө эле жүргөн эмес, башка аялдарга деле тийишкиси келсе тийише берет. Мисалы, көп атактуулар кол алдында иштеген кызматкерлерди алып алышат. Мен муну тагдыр, нике кайып деп гана ойлойм. Маңдайыңа жазып койсо, тагдырдын жолу табыштырып жатса улуубу-кичүүбү, байбы- кедейби, чоң кызматта иштеген адамбы же жөн гана карапайым адамбы, баш кошуп жашай берет экенсиң.
- Өзүңүздү дикторлуктан сырткары башка тармактан сынап көрөйүн деген жоксузбу?
- Эфирден сырткары өзүмдү саясатта сынап көрсөмбү дегем. Депутаттыкка ат салышсамбы деп турганда бир-эки партиядан сунуш түштү, бирок, кайра эле ушул кесибимди, алып баруучулукту кыя албай койдум. Саясатты байкап, өзүм элге дагы таанылайын деп ойлодум.
- Турмушуңузду дагы бир ирет сынап көрөйүн деген ой жокпу?
- Жолдошум жаңы көз жумганда "эми турмушка чыкпайм" деп кесе айткан учурлар болгон. Улуулар "антпе, буюрса, көрө жатаарбыз" деп айт дешчү. Азыр мен турмуш курам же курбайм деп так айтуудан алысмын, анын баары буйруктан болсо керек. Келечек көрсөтөт деп туралы.
- Маегиңизге ыракмат!

Маектешкен
Айназик РАИМКУЛОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"




Яндекс.Метрика