меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Бетиңиздин түзүлүшү мүнөзүңүздөн кабар берет
Физиогномика - бул беттин жана дененин түзүлүшү жөнүндөгү окуу. Ал байыркы убакта эле пайда болгон. Чыгыш физиогномикасынын мекени болуп - байыркы Кытай эсептелинет. Физиогномика боюнча кытайдын тарыхый булактарында көптөгөн императорлордун, башкаруучулардын, акылмандардын өмүр баяны, башынан өткөргөн окуялары, таржымалдары баяндалган.


Физиогномисттер беттин түзүлүшүн төмөндөгүдөй түрлөргө бөлүшөт тик бурчтуу, үч бурчтуу, трапеция, төрт бурчтуу жана тоголок формадагы бет түзүлүштөрү.
Тик бурчтук бет - чекесинин туурасы менен ээгинин туурасы бирдей. Япониялык физиогномисттердин айтымына караганда, көптөгөн Япониялык башкаруучулардын бетинин түзүлүшү дал ушундай формада болгон. Дал ушундан улам, булардын интелектуалдуулугун, сезимталдуулугун жана оор басырыктуулугун баамдаса болот. Мындан тышкары, ал адамдын эсепчил жана эстүү, алдына койгон максатына жете билген адам экенин билебиз.
Үч бурчтук беттер - чекеси бийик жана кенен, жаагы чыгып турган, анча чоң эмес формадагы мурундуу, ээги кичинекей, бирок, алдыга чыгып турган адамдар. Мындай адамдар эң эле сезимтал жана таланттуу келишет. Мындан тышкары, арамзаалык сапатка да ээ болуп, ошол эле убакта ишенимдүү келишет. Японияда көпчүлүк тыңчылардын бет түзүлүшү дал ушундай формада.
Трапеция түрүндөгү бетке жазы чеке жана кичине ээк мүнөздүү. Мындай адамдар төмөндөгүдөй сапаттарга ээ интеллекттүү, сезимтал, роль жаратууга шыгы бар, андан тышкары балбандык сапаты дагы жок эмес. Эгерде аялзаты ушундай касиетке ээ болсо, анда ал оптимисттик көз карашы менен айырмаланып, бактылуу өмүр сүрөт.
Төрт бурчтук формасындагы беттүү адамдар - каардуу, таш боор, орой, айтканынан кайтпаган адамдар. Чечкиндүүлүк да аларга таандык сапат. Сүйлөшүүдө ачык жана бетке айтышат. Ийгилиги көп адамдардын катарын толукташат. Мындай сапатка ээ болгон айымдар алга умтулуусу менен айырмаланышат.
Тегерек беттүү адамдардын жүрөгү таза, мүнөзү жумшак, тынчтыкты сүйгөн, шайыр компанияны жактырган жана атак-даңкка умтулбаган болушат.
Овалдуу формада болсо, анда ал акылдуу, интуициясы күчтүү, бирок, таш боор болот.
Эгерде бети чап жаак болсо, өзүнүн жасаган ишине так, айткан сөзү да өтүмдүү.
Чеке
Чекеси жазы адамдардын акылынын өсүшү жана элестетүүсү начар. Бирок, мындай адамдар өзүнүн өжөрлүгү менен көздөгөн максатына жете билген сапатка ээ.
Артка кирип турган чекенин ээси башкалардан оригиналдуу акылы жана элестетүүсү менен айырмаланат.
Алдыга дөмпөйүп чыгып турган чеке ээсинин өжөрлүгүнөн жана өзүнүкүн бербеген сапатка ээ экендигинен кабар берет.
Кулак
Кулактын учу каштан бийик болсо - жогорку интеллектуалдуулуктун белгиси.
Кулактын учу көздүн тушунда болсо - орто интеллектуалдуу, ал эми көздөн ылдый болсо - орто интеллектуалдуулуктан да ылдый даражада.
Кичинекей кулак (6см. чейин) жеңил ойлуулукту билдирет, бирок, өтө акылдуу боло беришет.
Чоң кулак (7см.ден жогору) ээсинин өзүнө ишенген жана күчтүү экенин далилдейт.
Делдең кулак - тыкандыктын белгиси.
Кенен, чоң кулак - акылдуулук, күчтүүлүк.
Эгерде кулак баш сөөккө жабышып, жакын турса - анын ээси тажатма.
Каш
Идеалдуу деп калың жана узун каштар эсептелинет. Эгерде эркектерге ушундай каш тиешелүү болсо, анда ал интеллектуалдуу, ал эми тескерисинче айым ушундай каштын ээси болсо, анда ал кылыктанган айым, андан баарын күтүүгө болот.
Кыска жана калың каштар - өзгөрүлмө мүнөздүүлөргө таандык.
Калың, бири-бирине бириккен каштардын ээси кызганчаак, көздөгөн максатына жете билет. Ал эми аялдар ушундай каштын ээси болсо, мүнөзү оор, үй кожойкеси болгонду жактыра бербегендер.
Көзгө түшүп турган каштар - ээсинин арамза, куу, калпычы экенинен белги берет.
Эгерде каштар бурч сыяктуу формада болсо, ээсинин бир жерде тура албагандыгы деп билсе болот.
Көз
Чоң жана сулуу, жагымдуу көздүү адамдар эң мыкты сапатка ээ.Сүйлөшүүдө алар бат-бат сүйлөшөт. Ушундай көздүн ээси лидерлике умтулган, кайраттуу, эрктүү адамдардан болуп саналат.
Көзү өтө эле тостойгон адамдар көп сүйлөгөндөр жана жакшы нерсени ойлобогондор.
Кичине көздүү адамдар өтө түнт, өзүнүн оюндагысын бербегендер.
Эң кичине көздүүлөр алдамчы жана ичи тар болот.
Орто көздүүлөр акыл калчап иш кылган, оор басырыктуу, адептүү келишет.
Кара, күрөң түстүү көздөр - булар энергиялуу адамдар. Көк көз адамдар - сезимтал келишет. Ал эми ачык - күрөң түстөгү көздөр - тартынчаак.
Мурун
Эгерде кимде-ким идеалдуу мурундун ээси болсо, анда ал арстанга тиешелүү сапаттарга ээ. Алар эрктүүлүгү, кумарга берилгендиги менен айырмаланышат.
Сөөктүү, узун мурун - намыскөйлүктүн, бой көтөрмөлүүлүктүн белгиси.
Бүркүт мурундуулар - намыстуу, чындыкты сүйгөндөр.
Кыска мурундуулардын ички дүйнөсү ачык жана оптимист болушат.
Кыр мурундуулар - табышмактуу, сырдуу мүнөзгө ээ.
Бүкүр мурундуулар - алсыздарга жардам берген, ар дайым балдардын таламын талашкан калыс адамдар.
Таноолору кенен жана чоң ачылган мурундар - бай жашаган адамдарга тиешелүү. Ал эми таноолору кичинекей болсо, ишенчээк, бирөөнүн сөзүнө макул болгон, мактанганга жакын келген адамдар.
Чоң мурундуулар - адамдар менен келише албаган, бирок, чечкиндүү.
Кең, жазы мурундуулар - ишенчээк.
Кетирекей мурун - ишенич, тил табышуу ал адам үчүн оор болот.
Мурдунун учу ылдый түшүп турса, анда ал чындыктан алыс жүргөн жана куу адам.
Учтуу мурун - калпычы.
Эки көздүн ортосундагы мурундун бөлүгү жазы болсо - көз каранды.
Эки көздүн ортосундагы мурундун бөлүгү тар болсо - эмгекчил.
Ээк
Төрт бурчтуу ээктүүлөр энергиялуу, чечкиндүү, башкарууга жакын.
Эгерде ээк бери чыгып турса, ал адам жалгыздыкты самайт жана көз карандысыз болгонду жактырат.
Эгерде ээгинин көлөмү орто болсо, анда ал оор басырыктуу адам.
Кичинекей ээктүүлөр эрки жок, тартынчаактарга таандык.
Эгерде ээк бери чыгып турса андан тышкары ээгинде уячасы болсо, анда ал аны сүйүп турушун каалаган адам.
Кууш ээктүү адамдар боорукер жана берешен болушат.
Ээги жазы болсо ал адам муздак болот.
Баш сөөк
Баш сөөгү чоң болсо - эмоционалдуулуктун жетилгендиги жана жоопкерчиликтүү.
Баш сөөгү жазы болсо - мүнөзү жумшак, акылман.
Жалпак, беш бурч түрүндөгү бет - сүрдүү, эмоциянын жетишпегендиги, жоопкерчилиги жок.
Эгерде бет сөөгү чыгып турса - тил табыша билген
Жаагы ичине кирип турса - чечкиндүү, эмоционалдуу.

Наргиза ЖУМАШОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"




Яндекс.Метрика