меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Таанымал
мугалимдер
Жакында мугалимдердин кесиптик майрамы. Алардын майрамын утурлай, чыгармачыл адамдардын арасынан мугалимдик кесипти аркалап, аз да болсо окуучуларга сабак берип калган белгилүүлөргө кезек бердик. Кээси, бул кесиптин түйшүгү көп экенин айтып, чыдабай басып кеткенин кеп кылышса, кээси окуучулар менен иштеп, студенттерге билим берген эң кызыктуу экенин айтып беришти.


Жаныбек Алыкулов
- Менин бул системада он жылдык стажым бар. Орус тили жана адабияты мугалими болуп Токтогулдагы Гагарин атындагы сегиз жылдык мектепке 10-классты бүтөөрүм менен орношком. Мектепте орус тилинен жакшы окусам керек да, мугалим жетишпегендиктен, өздөрү алып калышкан. Кийинки жылы гана сырттан окуу бөлүмүнө тапшырдым. Эми айылда орус тилинин деңгээли кандай экенин билесиңер да, класска киргенде "здраствуйте!" дейм, чыгып баратканда "досвидание" дейм, сабактын калган бөлүгүн кыргызча өтөм. Ошентип жүрүп он жыл ичинде төрт мектепте иштеп коюптурмун. Андан кийин улуу мугалимдер батасын беришип, "кой, айланайын, артистигиңе бара гой" деп узатып коюшкан. Анткени, маданий иш-чараларды уюштуруп, кароо-сынактарга көп кетип калгандыктан, окуучуларым каралбай калчу.

Жамбыл Камчиев
- Мен ОшМУнун "улуттук мектептерде орус тилин жана адабиятын окутуу" деген бөлүмүндө беш жыл билим алгам. Бирок, практика өткөнүмдү эске албаганда өз кесибим менен бир күн да иштеген эмесмин. Окууну бүткөндөн кийин университетте лаборант болуп бир жыл иштедим да, андан кийин артист болуп кеттим. "Беш жылымды коротуп алган билимимди пайдаланган жокмун" деп өкүнбөйм. Анткени, эгерде мугалим болуп калсам, бир эле мектептин балдарына сабак өтмөкмүн, азыр тарбиялык мааниси бар сатираларды ойноп, бүтүндөй кыргыз элине сабак өтөм.

Айнура Салахидинова
- Окуу жайды бүткөндөн кийин Бишкек шаарындагы №84-мектепке кокусунан эле мугалим болуп калгам. Саламат деген кичинекей бөлөм "мага комуз үйрөтүңүзчү" дей бергендиктен, үйүнө барып үйрөтүп жүрдүм. Саламаттын комуз үйрөнүп жатканын уккан классташтары ата-энелерине айтышыптыр. Ошентип, окуучулардын суранычы менен башталгыч класстарга музыка сабагынан мугалим болдум. Кичинекей класстарга комуз үйрөтүү аябай эле оор болчу. Андан дагы алар болбогон суроолорду берип мени тажатышчу. Кээси "Айнура эже, беш сом майдалап бериңизчи" десе, кээси "эже, сиз бут кийимиңизди канча сомго сатып алдыңыз эле?" дешип күтүлбөгөн суроолорду узатышат. Комузга катышкан окуучулардан айына 150 сомдон алчумун. Бере турган убагы келгенде сурай албай же аларды уруша албай кыйналып канча жүрдүм. Андан кийин ал мектептен кетип калдым. Азыр Кыргыз экономикалык университетинде студенттерге комуздан, ооз комуздан сабак берем.

Асел Турдалиева
- Мугалим болом деп ойлочу эмесмин. Бир күнү эле досторум "Асел, сенден мыкты мугалим чыгат. Билимиң да, шыгың да бар. Искусство иститутуна мугалим жетишпейт, барып иштебейсиңби?" деп калышты. Алардын сунушу менен барып иштеп калдым. Жаңы барганда сахнага чыгып жаткансып, студенттеримден сүрдөйм. Өзүмдү "мен ырчы эмесмин, мугалиммин" деп аябай тааныштырып, анан сабакты баштачумун. Бир топ убакыт өткөндөн кийин декан мага "сырттан окуу бөлүмүндөгү студенттерге сабак бересиң" деп калды. Сабакка кирсем 40-50 жаштагы менден улуу студенттер отурушуптур. Аларды көрүп эки көзүм тостоюп, ичимден "эми кантип сабак өтөм" деп коркком. Алардын арасындагы орус, казак улутундагы студенттер мени тааныбайт да, "ай, кичинекей кыз, сага не болду? Эмнеге мугалимдин ордуна отуруп алдың?" дешкендери эсимде. Мына ошентип башталган эмгек жолума он жыл болуп, учурда Искусство институтунун сырттан окуу бөлүмүн жетектеп келем.

Чыңгыз Мырзаев
- 2002-жылы 19 жашымда Чаткал районундагы Чаткал орто мектебинде музыка мугалими жана көркөм жетекчи болуп иштеп калдым. Мектепте иштеген мугалимдердин эң жашы мен болчумун. Бир аз иштегенден кийин мени 7-класстарга класс жетекчи кылып коюшту. Мына анан эр болсоң мугалим болуп көр. Ата-энелер менен жакындан таанышуу, жыйналыш кылуу, ремонттун акчасын чогултуу сыяктуу иштер мойнума түштү. Эсимде, эң биринчи айлыгым 840 сом болгон. Анан ремонттун акчасын бербей койгон окуучулардын акчасын айлыгымдан кармап калышкан. Бирок, кыйынчылыктарына карабай мугалимдердин арасында мугалим болуп жүрүү мен үчүн сыймык болчу.

Гүлзинат Суранчиева
- Мугалим болуп иштеп жатканыма быйыл он бир жыл болот. Эң биринчи жолу Кыргыз Улуттук Консерваториясында фортепианодон сабак берип, мугалимдик ишимди баштагам. Акыркы эки жылдан бери Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында жана Шубин атындагы музыкалык орто мектепте мугалиммин. Негизи, мугалимдин иши өтө эле кыйын. Канча деген нерв, энергия кетет. Бирок, мен өзүмдүн нервимди дагы, окуучунун нервин дагы кетирбей, сабырдуулук менен сабак өткөнгө аракет кылам. Сабак учурунда кызыктуу, күлкүлүү учурлар көп болот. Бир жолу студент кыздарым "сен айтчы, сен сурачы?" деп күбүр-шыбыр болуп калышты. Чыдамым кетип, "силерге эмне болду?" десем, бирөөсү "Гүлзинат эже, мага бир көйнөгүңүздү берип туруңузчу, бүгүн конокко бармак элем" десе болобу. Же жок, же макул дей албай ыңгайсыз абалда калгам. Анан сахнага кийген кийимдеримди эч кимге бербесимди түшүндүрүп айткан элем.

Ырыскелди Осмонкулов
- Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында вокалдан сабак берип иштеп жатканыма төрт жыл болду. Башында кыйынчылыктар көп эле болду. Себеби, мугалим болуш үчүн өзүнчө талант, өзүнчө энергия талап кылынат. Бирок, бир жагынан кызыктуу десем да болот. Музыканы билбеген, нота тааныбаган студенттерге билгенимди үйрөтүп, музыкант кылып чыгаруу - мен үчүн ырахат. Мени студенттер жоош мугалим дешет экен. Чындыгында көп деле урушка жакын эмесмин. Бир күнү 3-курста окуган студент кызды катуу урушуп койсом, атасын ээрчитип келиптир. Атасына "кызыңыз берген тапшырманы аткарбай койду. Мен жакшы болсун деп эле уруштум. Тескерисинче, сиз дагы туура түшүндүрүп, акыл-насаатыңызды айтыңыз" десем да болбой мени жаман көргөн эле. Кесиптештериме "айда-жылда бир студентти урушсам, атасын ээрчитип келиптир" деп күлгөн элем ошондо.

Эгемберди Бекболиев
- Менин мугалимдик стажыма баш-аягы 18 жыл болду. Ал эми Искусство институтунда алты жылдан бери актёрлук чеберчилик боюнча студенттерге сабак берип келем. Келгенден бери бир курсту бүтүрүп, быйыл кайрадан 1-курстарга куратор болдум. Студенттерим өз балдарымдай эле жакын болуп калат. Кээде аларды ойлой берип, түшүмө да киришет. Кээде нервге тийгенде "эк, мугалим болуп эмнеге жүрөм?" деп кол шилтеп басып кеткиң келет. Өзгөчө жаңы келген 1-курстар оозун ачкан балапандай болушат эмеспи, айтып жатсаң дагы түшүнүшпөйт. Бирок, ушунун баарына көз жумуп, аз айлыкка карабай изденип, жаңы идеяларды студенттер менен бөлүшүп жатканыма кубанам.

Айбек Карымов
- Мен аскер кызматынан келгенден кийин "бош жүргөндөн көрө" деп Кадамжай районундагы маданият үйүнө комуз ийримин ачып, мугалим болуп бир жыл иштедим. Мектеп окуучуларына сабак өтүү мен үчүн тозок болчу. Анткени, комуз черткенге шыгы бары, жогу деле келип алышчу. Анын баарына нервиңди кетирип комуз үйрөтөсүң да, болбогон эле акча аласың. Аягында тажап, "ушундан көрө мугалим болбой эле койгон жакшы" деп чыдабай кетип калгам. Мугалимдиктин түйшүгүн жон терим менен сезип калганга ошондон кийин аларды мурдагыдан да барктай баштагам.

Дайыр Исмадияров
- Мен жогорку окуу жайды бүткөн жылы жетекчилик тарабынан сунуш түшүп, бир жылдай орус группаларга социология, психологиядан сабак берип иштеп калдым. Мугалим болгонго бала кезимден бери эле кызыкчумун. Ошентсе да учурунда бир топ эле кыйналдым. Себеби, мени ырчы катары таанып калышкандыктан, "ой ата-а, ырчы сабак берет экен" деп эшикти тарс жаап чыгып кеткен студенттер да болгон. Бирок, мен аудиторияга киргенде өтө олуттуу адамдын маскасын кийип алчумун. Мага студенттер Дайыр Эсенович деп кайрылышчу. Бир жолу бир окумуштуунун атын шар айтам деп жатып "алиги" деген сөздүн орусчасы оозумдан чыгып кетип, сабак бүткөнчө токтоно албай күлүшкөн студенттерге кошулуп өзүмдүн да быкшып күлгөнүм эсимде.
Жогорку саналгандардан тышкары Ибрагим Жунусов - ОшМУда,Таалайбек Турдубаев - ОшМУда, Замир Мырза - ОшМУда, Роза Аманова - Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде, Нурайым Азыкбаева - политехте мугалим болуп иштешет.




кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"




Яндекс.Метрика