Дизайнер Жаннат Бекжанова:
"Менин ишмердүүлүгүм куурчагыма кийим тигүүдөн башталган"
Уздук - ар бир кыргыз кызына таандык сапат. Нарындан чыккан 24 жаштагы жаш дизайнер Жаннат Бекжанова кыргыз колоритин модалар өлкөсү болгон Францияга чейин таанытып келүүгө жетишкен. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн Жаннаттын башка өлкөлөргө да кыргыздын атын чыгараарына ишенүүгө болот.


- Жаннат, уздук өнөр сага кимден өттү эле?
- Чоң апам да, таенем да чебер адамдар. Мен кичинемден эле чоң энем кийиз тиккенде оюуларына суктана карап, ылайыгы келе калса кошулуп тигип же чет-бучкагын кармаша калып эле жүрчүмүн. Учурда кыргыз колоритине басым жасап калганымдын себеби да ошондон болсо керек. 5-класста окуп жүргөнүмдө агам куурчак сатып берген. Менин алгачкы ишмердүүлүгүм ошондо эле башталган десем болот. Куурчагыма колго кийимдердин коллекциясын тигип улам бирин кийгизип, бирин чечип өзүмчө эле убаралана берчүмүн. Модельерлик кесиптин бар экенин билип, ошондо эле алдыма "келечекте модельер болом" деген максат койгом.
- Адатта мектепти бүткөнчө максаттарың бир нече жолу өзгөрөт эмеспи. Сен оюңду өзгөрткөн жок белең?
- Жок, мен мектепти бүтөр-бүткүчө ушул оюмдан кайткан жокмун. Мурун куурчагыма кийим тиксем, улам чоңойгон сайын классташтарыма, өзүмө кийим тигип кийчү болдум. Эсимде, айылда "Сулуулар конкурсу" өтүп, целлофандан өзгөчө көйнөк тигип кийгем. Ошол көйнөгүм өзгөчө мактоолорго татып, алдыңкы орунду жеңип алгам. Мектепти бүткөндө модельер болуу оюмду ортого салсам атам бир аз каршы болуп, кайра көндү. Ошентип, КАСИнин "кийимдерди көркөм долбоорлоо" факультетине келип тапшыргам.
- Алгачкы ийгиликтериңди студент кезиңде эле жараткан экенсиң?..
- Ооба, ар кандай университеттер аралык конкурстарга катышып алдыңкы орундарды багындырып келгем. Бир жолу Москвага барууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, бирок, шартка жараша бара албай калгам. Анан окууну бүтөөрдө дипломдук иш катары жасаган эмгегим мага чоң ийгилик алып келди. Анда үч көйнөк жасагам, анын үстүнө дагы эки көйнөктү кошуп, Франциядагы конкурска жиберүүнү "Vitline" моделдик агенттигинин директору Виталина Борзенко сунуштап калды. Өзүм барууга мүмкүнчүлүгүм болбогондуктан, кийимдеримди пакетке салып эле алардан берип жибергем. Ошондо 150 өлкө катышкан конкурстан менин эмгегим Гран-Приге татыптыр. Бул сүйүнүчтүү кабарды Виталина мага Москвадан эле кабарлады. Конкурста калыстар тобунун төрагасы "булгаары падышасы" деген ат менен белгилүү болгон атактуу француз дизайнери Жан-Клод Житруа болуптур. Менин жасаган кийимдеримде булгаары кошулган эле, балким, ошон үчүн бааландыбы, билбейм. Ошондо Гран-Прини алганыма азыр деле ишенбей кетем.
- Анан ал үчүн кандай сыйлыкка ээ болдуң?
- Конкурстун шарты боюнча Гран-Прини алган адам Францияга барып бир жарым ай бекер окуп келмек экен. Бул кабарды угаарым менен документтеримди топтой калып токтоосуз жөнөдүм. Анткени, франциялык мода чеберлеринен тажрыйба алуу - менин кыялым эле.
- Учурда эмне иш кыласың? Франциядан алып келген билимиңди пайдаланып жатасыңбы?
- Мен ал жактан өмүр бою унутпай турган баа жеткис тажрыйба алып келдим десем болот. Бирок, аны азырынча колдоно элекмин. Анткени, учурда өзүм "Дилбар" мода үйүндө оюм-чийимдерди лекалого түшүргөн сүрөтчү болуп иштейм. Өзүмө жетиштүү каражат табуу менен бирге ал жактан да зор тажрыйба топтоп жатам. Бөлүнүп, өз алдынча иш баштоо - жакынкы пландарымдын бири. Тилекке каршы, ал үчүн тажрыйбам жетиштүү болгону менен каражат жагы жетишсиз болуп турат.
- Жаннат, анда маегиңе рахмат! Тилегиңе жет!