Тажрыйбалуу айымдардан жаш айымдарга кеңеш
Аял-эркектин бири-бирин туура эмес түшүнүүсү, урушуусу, ортодогу көңүл калуулар... - булардын баары бактылуу жашоого тоскоол болот. Үй-бүлөлүк жашоонун алгачкы жылдарында бул тоскоолдуктардан кантип өтүп кетүү керек? Жооп жөнөкөй. Бактылуу жашоонун сырларын адам өзүнүн кемчилигинен эмес, башка бирөөнүн кемчилигинен үйрөнүү керек. Андыктан, үй-бүлөлүк жашоодо тажрыйбалары бар, көп нерсени өздөрүнүн жон терилери менен сезген айымдар өздөрүнүн акылмандыктарын жаш аялдар менен бөлүшөт.


"Базар катыны болбо!"
- Ата-энебиз биз кичине кезибизде көп урушушчу жана бизди көздөрүнө илбей жаман сөздөр менен катуу-катуу кыйкырышып, атүгүл тытышып да кетишээр эле. Бизге алардын күн алыс кайталанган чыр-чатагы көнүмүш эле көрүнүш болуп калган. Бала ата-энесинен көргөнүн сөзсүз кылат экен.
ЖОЖдун акыркы курсунда окуп жүргөнүмдө сүйүктүүмө жолугуп, жарым жылдан кийин экөөбүз үйлөндүк. Жолдошумдун үй-бүлөсү айылда кадыр-баркы бар бардар, үлгүлүү үй-бүлөлөрдөн экен. Ошого жараша жолдошум да адептүү, бирөөгө катуу айтпаган, түшүнүктүү жигит. Экөөбүз бөлүнүп, шаарда өз тиричилигибизди кыла баштадык. Чогуу жашаганыбызга бир ай болбой эле экөөбүздүн ортобузда болбогон нерсенин айынан уруш чыкты. Ошол уруштун себебин азыр эстесем, күлкүм келет. Моюнума алам, баарын мен баштагам. Бирок, ошол кезде күнөөнү өзүмдөн алыстатып долуланып кыйкырып да атам, ыйлап да атам... Менден мындайды күтпөгөн күйөөмдүн оозу ачылып эле калды. Алаңдап эмне кылышын билбей "кыйкырба, кошуналарга уят болобуз..." дегенден башка сөз таппайт.
Ошондо "бетимди ачып" алган экем, кийин бир нерсе болсо эле кыйкырмай адат таап алдым. Кезектеги дагы бир урушубузда күйөөм кыйкырганымдын баарын мага билдирбей диктофонго жазып алыптыр. Эртеси диктофондо жазылгандарды коюп берди да, акырында: "Кандай ойлойсуң, ушунун баарын уккан эркек кандай сезимге туш болушу мүмкүн?" деп сурады жай гана. Мен чынын айтсам, аябай уялдым.
Андан бери он эки жыл өттү. Азыр деле урушабыз, бирок, мен ошол диктофондогу өзүмдүн чаңкылдаган эң эле жагымсыз үнүмдү, базар аялдарына таандык сөздөрүмдү эч качан унутпайм. Нервим ушунчалык чыңалып, жиним кашайып, мына-мына жарылчудай болуп турганда ошону эстейм да, өзүмдү кармайм.
Айгүл, 35 жашта


"Кетем дедиңби - кет!"
- Назира экөөбүз мектеп партасынан бери эң жакшы курбуларданбыз. Мен ушул убакка чейин аны бардык жагынан колдоп келгем. Бирок, анын акыркы убактардагы кылык-жоругу мени таптакыр канааттандырбай келет.
Назира мындан бир жыл мурун турмушка чыккан. Менин оюмча, ал өтө туура эмес кылып жатат. Минтип айтканымдын себеби, күйөөсү менен болбогон нерсе үчүн урушат да, "болду, мен кетем!" деп эшигин тарс жаап ыйлаган бойдон менин үйүмө келет. Мен аны колумдан келишинче сооротом, чай берем. Анан чай үстүндө Эриктин акмак, келесоо, майдачыл, айбан экенин угам. Ошентип, курбум аяшымды мүмкүн болушунча "шыбайт", ыйлап бугун чыгарат, бир куту тамекини чегип түгөтөт. Арадан үч-төрт саат өткөндөн кийин бетин жууп кайрадан боёнуп, чачын тарап алып күйөөсүнө жөнөйт.
Көп өтпөй кайра эле ушул көрүнүш кайталанат. Курбума турмуш менен ойноп жатканын канча жолу айтып, экинчи мындай кылбашын эскертип жөнөтөм, бирок, натыйжа чыкпай койду.
Менин оюмча, мындай аялды эркек сыйлабайт. "Мен сенден кетем, сени менен жашабайм!" деген сөздү бир гана жолу айтууга болот. Айтылдыбы - анда биротоло кетиш керек. Болбогон нерсе үчүн тарс жабылган эшик качандыр бир кезде кайра сага ачылбай калышы мүмкүн.
Жыпара, 32 жашта


"Досторунун көзүнчө күйөөңдүн шагын сындырба!"
- Биздин майрамдарда, туулган күндөрдө чогулуп турчу чакан компаниябыз бар. Компанияга жалаң ачык-айрым, ичинде кири жок адамдар топтолгонбуз, аябай ынтымактуубуз. Чогулганда баарыбыздын маанайыбызды бузчу бир гана нерсе бар. Ал - арабыздагы бир түгөйдүн аялынын күйөөсүн кагып-силке бергени. Эркинай өзү татынакай, баарыбыздын арабыздан эң жашыбыз. Анан эле эч кимибизди көзүнө албай болор-болбос нерсе үчүн күйөөсүн уруша бергени эч кимибизге жакпайт. "Сенден ким сурап жатат?", "Билбегенден кийин жөн отурчу?!" деген сыяктуу биз үчүн жат сөздөр менен күйөөсүн тыйганы тыйган. Күйөөсү биздин көзүбүзчө албетте, ыңгайсыз абалда калат, бирок, унчукпайт. Улуулук кылып күйөөсүнө туура эмес мамиле жасап жатканын келинге бир эмес, бир нече жолу эскертип жаман көрүнгөм. Коноктон кайтып келатканда күйөөм досунун аялына кор болуп жүргөнүнө тынчсызданып, мага: "Эгер сен мени досторумдун көзүнчө ошентсең мен сенден кетип калмакмын. Эркектер мындай кордукка көпкө чыдай албайт" деп көп айтат. Бирок, мен деле ал келиндин ордунда өзүмдү элестете албайм.
Айткандай эле ал досу өтө эле "акылдуу" аялына көпкө чыдай алган жок. Жакында эле баарына кол шилтеп үйүнөн чыгып кетти. Эки жаштагы таттуу баласы да аны токтото албады.
Дамира, 30 жашта


Назгүл, продюсер, 38 жашта:
"Коёндой сак, ташбакадай бекем бол!"
- Уруш-талаш, чыр-чатак ар бир үйдө чыгат. Ошонун баарына туруштук берип, беш жыл чыдап койсоң, кийин андай уруш-талаш деле болбой калат. Көпчүлүк аялдарга таандык бир жаман сапат бар: күйөөсү менен урушкандан кийин кимге жолукса, ошого арыз-арманын айтып, күйөөсүн жамандап жатып калмай. Анан алар да кошо жамандайт, ушактайт. Жаңы үйлөнгөн жылдары мындай нерсе менде деле болгон. Ошолор бир нерсе кылып бере тургансып эжем болсо эжеме арызданам, кошунамды көрүп калсам кошунама күйөөмдү жамандайм. Андайда албетте, жеңилдеп каласың, бирок, убакыт өткөндөн кийин ошол кошунамды көргөн сайын "бекер айткан экенмин" деп бармагымды тиштейм. Ошондо алардын сөзүнө кирип ажырашып кетсем Кубандай алтын күйөөнү кайдан табат элем? Ичпейт, чекпейт, уруп-сокпойт. Сырттагы адам баары бир сырттагы адам, а күйөөң өмүр бою жөлөгүң болчу эң жакын адамың го. Андыктан, жаш келиндерге үйдөгү болгон нерселерди сыртка чыгарбагыла, урушту ырбатпагыла, коёндой сак, ташбакадай катуу болгула деп кеңеш берээр элем.

Гүлмира, "Кеңеш" тобунун мүчөсү, 26 жашта:
"Күйөөңдөн курулай шекшибе!"
- Мүзүрдүн классташтарынын биринин аялы ашыкча эле кызганчаакпы, шекчилби, же күйөөсүнө ишенбейби, билбейм. Эркектер өздөрүнчө чогулуп бильярд ойноп же "мальчишник" уюштуруп калганда бейкапар үйдө отурган бизди чогултуп, өзүнө кошуп заматта дүрбөтүп жиберет. Бир жолу да баарыбызга телефон чалып: "Кокуй, күйөөлөрүбүз Сокулук жактагы бир саунага кыздарды алып кетиптир. Өз көзү менен көргөндөрдөн уктум. Жүргүлө, аңдып барып, абийирлерин айрандай төгөбүз!" деп албууттанса биз да ишенип алыптырбыз. Аны ээрчип баарыбыз барсак, кыз-мызы жок эле жалаң эркектер жакшынакай болуп бильярд ойноп, пиво ичип эс алып отурушуптур. Ошентип тигинин тилине киребиз деп өзүбүз уят болгонбуз. Негедир ошол түгөйлөр бир караган адамга аял-күйөөдөй деле эмес. Тапкан акчаларын өз-өзүнчө сакташат, ортолорунда эч кандай жалпылык жок. Кээде туруп сүйүүлөрү деле жок болуш керек деп ойлоп кетем. Ушунун баары жанагинтип аялынын курулай шектенгенинин жыйынтыгы болсо керек.