Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0921_3.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0921_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0921_3.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0921_3.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0921_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0921_3.htm on line 2
Гүлнара Калдарова:
"Айтышуулар, тирешүүлөр көп эле болчу..."
"Кыз-Бурак" тобунда ырдап жүрүп түгөйүн таап, Гүлнара Калдарованын турмуш курганына алты жыл болуптур. Концерттерге катышып, ырчылыкты таштабай жүргөн Гүлнара азыр жеке ишканасы менен да алек. Ырчылыкты, жетекчиликти чогуу алып кетип, үлгүлүү кожойке болууну да унутпаган ырчы айымдын жашоосун ар тараптуу кылып ачып бергенге аракеттендик.


- Эң биринчи жолу канча жашыңызда тамак жасадыңыз эле?
- Биз үйдө беш кыз, бир уулбуз. Апам баарыбызды оокатка кичинебизден үйрөтүп, бышырды. Өзү тамакты ылгап жейт, анан биз жасаган тамакты оңой менен жактырчу эмес. Жакшы жасасак да ашыкча мактабаган адаты бар. Мен бешинчи классымда эң биринчи жолу макарондон тамак жасасам даамы башкача сонун болгон. Ошондо оңой менен мактабаган апам жылуу сөзүн айткан болчу. Азыр тамакты даамдуу жасашыма апамдын ошол кездеги сөзү дем болсо керек.
- Тандырга нан жапканды билесизби?
- Биз мурда жер тамдагы үйгө барганда эжемдер жапчу, мен чоңойгондо ырас жаппай калдык. Бир жолу жаап көрөйүн десем наным капкара болуп күйүп калган, ошондон кийин токтоттум.
- Конок тосконду жакшы көрөсүзбү же конокко баргандыбы?
- Конокко барганды жакшы көргөн адам конок тосконду да жакшы билиш керек. Мен конок тосоордо канча салаттын түрүн билсем ээринбей түрлөп жасап, даамдуу тамагымды даярдап турам. Келгендер дасторконума батасын берип, мактап кетишет.
- Жолдошуңуз казанды кошо талашпайбы?
- Талашмак түгүл казанга колу тийип көргөн эмес. Бирок, тамакты тандап жейт, коюу камыр тамакты жакшы көрөт, суюк тамак жасап койсом ичпей коёт, анан кайра башка тамак жасап кирем.
- Өзүңүз таразага күч келтирбеш үчүн кандай тамактарды жейсиз?
- Негизи убагы менен диета кармап турам. Өзүмө толуп баратканым сезиле баштайт. Жолдошум да толуп баратканымды байкап айтып турат.
- Уйкучусузбу же сергексизби?
- Уйкум жакшы эле, бирок, азыр жумушума карап сергек болууга туура келип жатат. Мурда үйдө отурган кезде жакшы эле уктачумун.
- Тигүү цехин ачуу кимдин идеясы?
- Мурда чыгармачылык менен жүргөн кезде "кийин эмне менен алектенем?" деп ойлонуп калчумун. Кайсы иштин башын баштасак жакшы жыйынтык берет деп байкаштырып жүрүп тигүү цехине токтолдук.
- Жолдошуңуз жеке бизнесиңизге жардам береби?
- Башында кыйналып жаткан кезимде чалып жардам сурачумун, азыр өз алдынча болгонго аракет кылып жатам. Кайын -журтум атайын демилге көтөрүп ишкана ачып берип жаткан соң ишеничин актайын.
- "Өзүм дегенде өгүздөй күчүм бар" деген сөздүн төркүнүнө азыр жетип жаткан окшойсуз?
- Кандай иш болбосун, баштаганда кыйынчылык болбой койбойт экен. Башында чыгынып чуркап койсоң, кийин бир нукка түшүп калса жакшы эле. Азыр көнүп, кандай жолдор менен басыш керек экенин билип калдым.
- Чыгармачылыгыңыз четте калбайбы анан иш деп жүрүп?
- Ырчылык менин хоббим, анын жолу башка десем да болот. Ырдагым эле келип турат, тойлорго барганда, туугандардын жакшылыгына күбө болгондо сөзсүз ырдап коём. Репертуарымды жаңыртып турайын деп буюрса, аз-аздан ыр жаздырып, клип тарттырууга киришейин деген планым бар.
- Жумуштан жолдошуңуз кеч келеби же сизби?
- Негизи жолдошум он бир-он экиге чейин иштейт, мен андан эртерээк ондо келе калып тамак даярдаганга үлгүрөм. Ал кирип келе жатканда телефон чалып коёт, астынан күлүп-жайнап тосуп алам.
- Мурда "Кыз-Буракта" баш ийип иштеп жүрүп азыр башкарып калган кандай экен?
- Талапты коём, өтө катуу деле кетпейм. Жумуштагы кыздар менен мамилем жакшы.
- "Кыз-Бурактын" кайсы кызына жүз пайыз ишенип, сырыңызды айта аласыз?
-Кенже, Айжамал менен башынан бери мамилем жакшы. Азыр үчөөбүз үч жакта жүргөнүбүз менен баары бир жолун таап сүйлөшүп, сырдашып турабыз. Айжамалдын кандай жаңылыгы болбосун дароо мага чалып билдирет. Мен Кенжеге чалып турам. Азыр Кенже Казакстандан келип бул жакта жүрөт, келээри менен меникине конокко келип кетти.
- Гулшайыр Садыбакасовага каяша айткан учуруңуз болду беле?
- Мен эч убакта таламымды талашып каяша айтчу эмесмин, азыркы кыздарын кандай экенин билбейм. Бизге ыр болсо болду дечүбүз. Акчасын эсептеп, каражаттын айынан урушуп-талашкан күндөр болгон жок.
- Сиздин үйдө матриархатпы же патриархатпы?
- Тизгин жолдошумдун колунда, бирок, кеңешип иш кылабыз. Олуттуу маселелерди көпкө талкуулап, анан чечебиз. Көбүнчө финансы маселесине келгенде жоопкерчилик экөөбүздө тең бирдей болот.
- Кимдин колу ачык да, ким сараң?
- Жолдошум акчага аябай март, колунда канча сом болсо, баарын чачып салат. Мен болсо орто элемин, кээде Мырзадан кем калышпай чаччу убакта мен деле чачып салам. Бирок, максат коюп чогултам десем тырышып жакшы эле чогултуп коём.
- Кайсыл сапатыңыздар бири-бириңиздерди толуктап турат?
- Жолдошумдун маанайы жокто сүйлөгүсү келбей калат, кээде менин кыялым кармап калат. А негизи, жашоодо экөөбүз тең шайырбыз. Мырзабектин машинасында дайыма гитара жүрөт. Отуруштарга барганда мен ырдасам ал колдоп чертип турат, өзү көбүнчө орусча ырларды жакшы ырдайт.
- Кичине кезиңизде кыздар менен чачташкан учурлар болду беле?
- Андай деле чоң жаңжал менен ызы-чуу салган күнүм эсимде жок, бирок, айтышуулар, тирешүүлөр болуп эле турчу. Азыр классташ кыздарым менен катышым бар. Ынтымагыбыз жакшы.
- Урушканда кандай абалда каласыз? Жемиңизди жедирбейсизби же теңелбей тим болосузбу?
- Унчукпай калбайм, жемимди жедирбей таламымды жакшы эле талашам. Адамдын өзүнөн да көп нерсе көз каранды. Өзүнө жараша татыктуу жообумду аябайм.
- Акыркы жолу ким менен уруштуңуз эле?
- Азыр цехти иштетип жаткандан кийин жумушта ар кандай жагдайлар болот экен. Түрдүү адамдардын арасынан түрдүү кыялдар чыгат эмеспи, жумушта иштеген кыздар менен бир аз айтышып кеткем акыркы жолу.
- Кайын-журтка канча убакта бир каттайсыз?
- Турмушка чыккандан кийин үйдө эки-үч жыл катары менен отуруп калдым, ошондо конок үзүлчү эмес. Кайындарым келип турчу бат-баттан. Кайненемдер жакын эле турушат, даамдуу тамак жасаганда чакырам, кээде өзүм барып тамак жасап бере калам. Алардын үйүнө барганда кандай жумуш колума тийбесин жасай берем. Эмнегедир элдер кайненем экөөбүздүн мүнөзүбүздү да, табитибизди да окшоштурушат.
- Апаңыз септи кандай даярдап берди эле?
- Мен өзүм курак курап, сайма сайганга жөндөмүм жок. Турмушка чыгаарда апамдын кат-кат төшөк жасап жатканын көрүп "апа, мага мынча төшөктүн кереги жок, азыркы заманда диван эле колдонот көбү" десем болбой бешөөңө тең бирдей сеп даярдайм деп толтура төшөк каптап берген. Анын баарын Оштогу үйүбүзгө жыйнап коюп бул жакка ченеп эле алып келгенбиз.
- Кандай жасалга жагат? Алтын, күмүш, акак...
- Көбүнчө белекке келет, мен аябай маани берип кылдат тандайм. Жолдошум акчалай берет, мен каалаган жасалгамды сатып алам. Жогоруда сиз санаган жасалгаларын ичинен алтын көбүрөөк көңүлүмдү бурат.
- Эркектер "айымдар кулагы менен жакшы сөздү, көзү менен кымбат белекти сүйөт" деп тамаша-чын айтып калышат эмеспи. Сиздин көзүңүз кандай кымбат белекти сүйөт?
- Бардык аялзатындай эле гүлдү жакшы көрөм. Чын ниетинен берген белек болсо сүйүнө берем, эң негизгиси кандай белек болбосун жакшынакай оротуп, бантик менен байлап бергенге көп көңүл бурам. Жөн гана сатып алып кармата бергенди жактырбайм.
- Кымбат көйнөккө ырчылар көп ыкташат эмеспи?
- Көбүнчө менин купулума толгон, мага жарашкан костюм болсо кымбатына карабай деле ала берем. Кээде чөнтөгүңдө толтура акчаң туруп ылайыктуу көйнөк таппай каласың.
- Көйнөктүн узунуна ыктайсызбы же кыскасынабы?
- Кыска көйнөк кийгенди жакшы көрөм, жолдошум деле эч нерсе дебейт. Үйдөн да эмнегедир халат кийип жүргөндө жүдөп кетип спорттук костюмдарга басым жасайм. Кайын-журтум келгенде жоолук салынып алам, кайненем деле унчукпайт.


Маектешкен
Аймээрим КУРБАНАЛИЕВА




кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0921_3.htm on line 76

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0921_3.htm on line 76

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0921_3.htm on line 76


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0921_3.htm on line 76

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0921_3.htm on line 76

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0921_3.htm on line 76


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0921_3.htm on line 76

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0921_3.htm on line 76

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0921_3.htm on line 76