Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова:
"Тирүү болуп дүйнөдө жашоо менен, көкүрөктө таркабай калат кумар"
Майрамкан Абылкасымова кыргыз адабиятынын тарыхындагы үлкөн акын. "Бир кезде аны кыргыз поэзиясынын ханышасы деп коюшчу. Жалпысынан алганда 25 китептин автору. Китептери бардык социалисттик республикалардын тилине которулган. Бүткүл союздук Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаты, "Шабдан баатыр" эл аралык алтын медалдын ээси, "Атаке бий" спектакли үчүн III даражадагы Манас ордени жана Россия Федерациясынын Екатерина II ордени менен сыйланган. "Бүткүл дүйнөлүк поэзияга кошкон салымы үчүн" 2008-жылы Швейцария алтын медаль берген.


- Эже, акыбалыңыз кандай? Мурунку өткөн алтындан баалуу мезгилдер эсиңизге түшкөндө жүрөгүңүз эзилбейби?
- Эң бир сонун мезгилдер артта калбадыбы. Ошол күндөрдү эстегенде зыркырап кетем... Ал күндөр өзүнчө бир чоң тарых. Мен союздук акын-жазуучулар менен абдан жакшы мамиледе болчумун. Бири-бирибиз менен пикир алышып, жаңы чыккан китептерди талкуулап, тажрыйба алышып, ой бөлүшүп турар элек. Биздин ортобузда чоң чыгармачылык көпүрө бар эле, ал союз ураганда кошо урады...
Кийинчерээк союздук өлкөлөрдүн маданият күндөрү өтпөй, чыгармачыл чоң адамдардын кездешүү, пикир алышуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылып, жан-дүйнөбүздүн эңшериле түшкөнү эч кимге деле жашыруун эмес. Менин акын досторум абдан көп болчу. Распутин экөөбүз тыгыз байланышып турдук. Бир жылдан бери ал экөөбүз сүйлөшө элекпиз. Ден-соолугу начарлап, ооруп калганын эшиттим. Ошентсе да бул жакка каттагандардан салам-дубай айттырып турат. Мен дагы ал жакка кеткендерден салам айттырам. Болгону ушул. Досторума болгон кусалыгымды ырга төгөм:

"Кат жазгыла, жан жолдоштор досторум,
Тирүү кезде бактылууга окшоюн.
Өлүп калсам бардыгынан ажырап,
Өмүрдү эмес, мен силерди жоктоюн.

Кат жазгыла, мен капага батканда,
Айым, күнүм чыга түшсүн асманга.
Кат жазгыла, тирүүлүккө ойготуп,
Мен өлүмдөн жер кучактап жатканда".
Ушинтип ып жазып, кайрылгыс көз ирмемдерди, кайталангыс жылдарды сагынамын.
- Дүйнөлүк атагы бар акындар Василий Белов, Распутин, Олжас Сулеймановдор өз учурунда сизди абдан баалашкан дешет?
- Жаштыктын жалындаган учуру, китептерим биринен сала бири чыгып, четинен башка тилдерге которулуп атса, анан союздук акын жигиттеринин көпчүлүгү мага комплимент айтып, ыр арнашчу. "Кыргыз поэзиясынын ханышасы келатат" деп олтурган ордуларынан тура калышчу. Бул алардын мага болгон сый-урматыдыр. Анын үстүнө мен өзүм достукка бекем адаммын. Өмүрдө ушунча бийиктикке жеткеним менен байлык, дүйнө топтободум. Китептериме алган гонорарларымды барган жерден досторумду, журналисттерди, котормочуларды сыйлап, чачып коёр элем. Мен чыгармачылык жактан өтө эркин болдум. Менин эркиндигим - досторумду кубандырчу. Өмүрлүк жолдошум да менин чыгармачылыгыма, жандүйнөмө түшүнүү менен карап, ар дайым колдоп келди.
- Өмүрлүк жолдошуңуз Сагын Наматбаев дагы чыгармачыл инсан болгон эмеспи. Ошондуктан сиздин жан-дүйнөңүздү жакшы түшүнсө керек да?
- Ал көп жылдар бою публицистика жанрында чаалыкпай иштеди. Ошондой эле Сагындын котормочулук калеминен "Игорь жортуулунан баян", Шукшиндин тандамал чыгармалары, Т.Кайипбергеновдун "Каракалпак дастаны", Ю.Боревдин "Сталин жөнүндө икая" сыяктуу китептери кыргыз окурмандарына төл китептей кабыл алынган эле. Дүйнөлүк адабияттан да бир тобун кыргызчалады. Сөздүн табиятын тамырчыдай так билген киши эле. Комсомолдук иштер менен чыгармачылыкты бирдей алып кетип, өзү да ийгиликке жетишип, мени дагы ар убакта сүрөп турар эле. Жазуучулар оюн-чындан тамашалашып, "Майрамканды Майрамкан кылган Сагын" деп калышчу. Алардын сөзүндө калет жок. Анткени, чыгармачыл адам эркин болмоюнча бийиктиктерди багынта албайт. Сагын мага ушундай шарт түзгөн үчүн мен поэзия жаатында көп ийгиликтерге жетиштим деп ойлойм. Ал мага сый мамиле кылган сайын, мен дагы ошончо мөмөлүү дарактай ийилип турчумун. "Эркиндик деген ушу экен" деп бейчеки басып, жаман жорук жасап, өмүрлүк жолдошумду уяткарган жокмун. Мен эркиндикти туура жана пайдалуу пайдаландым десем жаңылышпайм. Биз бири-бирибизди жакшы көрүп, сыйлап, түшүнүшүп турчубуз. Аны менен өткөн ар бир күнүм кызыктуу, кайталангыс эле. Экөөбүз чоң бир сезимдер менен баш кошконбуз. Жакшы жана ынтымактуу өмүр сүрдүк. Негизи эле мен Сагынга өмүр бою ыраазымын…
- Сизди алтын үндүү Болот Миңжылкыев менен жакшы замандаш, жакшы чыгармачылык дос болгон деп уктум эле. Экөөңүздөрдүн ортоңуздарда жакшы көрүү сезимдери болгон дешет?
- Биздин ортодо чыгармачылык тыгыз байланыш жана чыгармачылык жактан жакшы көрүү сезимдери болгон. Болот Миңжылкыев Кыргыз опера ырчыларынын падышасы болгон. Мен болсом кыргыз поэзиясынын ханышасымын. Көбүнчө биз чыгармачылык сапарларда бирге болуп, пикир алышып, жакшы достук мамиледе жүргөнбүз. Мен анын талантын баалайт элем. Ал болсо менин поэзиямды, ыр жараткан жан-дүйнөмдү түшүнчү. Чынында бирөөнүн жан-дүйнөсүн түшүнүү татаал нерсе. Болот менден беш жашка кичүү эле. Айтайын дегеним, ар бир курактын өзүнүн аяр сезими болсо керек. Балким, ошол сезим анын талантына тымызын таазим этүүгө түрткөндүр. Ал менин кээ бир ырларымды жатка айтчу.
"Тирүүлүк канча досум, канча касым
Болгонун көкүрөккө таркатасың.
Досума жолуктуруп кубанткандай
Касыма жолуктуруп чарчатасың" деген ырымды тост катары айтып калаар эле. "Сезим элесинде" деген ырымды да жатка айтып, көркөм окучу. Бул менин Болотко арнап жазган ырым болчу:
"Ар күнү сен жетишпей турасың ээ,
Бактылуу ким болду экен кучагыңа ээ.
Чынында турмуш ээлеп кеткенби дейм,
Болбосо мени бир маал сурачу эле.

А кимдер бул бакытты чала кармап,
Эртеңкиге өкүнүчүн ала бармак.
Өтүмсүз күндөр өтүп, түндөр өтүп,
Жан дүйнөңдү четинен талап алмак.

Жалбырагы тонолгон дарак чынар,
Окулбастан саргайган бараксыңар.
Тирүү болуп дүйнөдө жашоо менен,
Көкүрөктө таркабай калат кумар"
Мен Болотту "сен кыргызча ырдабайсың" деп сындачумун. Ал кийин менин сөзүмдөн улам "Алтынчы күнү кечинде" жана "Жалыныңа күйгөнмүн" деген ырларды ырдап калды. Ушул ырларым сага арналган деп тамашалап калчу.
- Сизди жакындан билгендер "Майрамкан Болгарияда өткөн союздун маданият күндөрүндө Болот Миңжылкыевдин чыныгы күйөрманы экенин далилдеген" дешет?
- "Жүрөктөгү ишеним" деген китебим болгар тилине которулуп, мени чакыртышты. Ал жакта союздун маданият күндөрү өтүп, өзүнчө чоң майрам болгон. Ал эми Болот Москвага чоң театрга иштегени кеткен эле. Анан Борис Годуновдун ролун аткарыш үчүн опера ырчыларына конкурс болуп жаткан экен. Болот бүтүндөй СССРдин атынан катышып жатыптыр. Ошол жерден патриоттук сезимим ойгонуп, Болотту колдоого өттүм. Мени мактап жазып аткан журналисттер, котормочулар баары Болотту мактап "Правда" гезитине жазышты. Алган гонорарыма өзүмдүн чыгармачылык тобум менен биргеликте конкурстун комиссия мүчөлөрүн ресторанда сыйладым. Мен муну кыргыз эли, кыргыз жери жана кыргыздын кайталангыс ырчысы үчүн жасадым. Аракетим текке кеткен жок, Болот конкурстан жеңип чыкты.
- Чыгармачылык досуңуз сизге кандай комплименттерди айтчу эле?
- Ленинграддан, Москвадан мага телефон чалып турчу. "Сенин ырларыңды окуп, Ала-Тоонун абасынан дем алып, тоо булагынын суусун ичип, тоо гүлүнүн аңкыган жытын жыттагандай болдум. Рахмат сага! Баса, түндө түшүмө кирипсиң" деп аягын тамашага айлантчу.
- Миңжылкыевдин чыгармачылык ийгиликке жетишкени менен жеке турмушу татаал болду көрүнөт?
- Ошондой болуп калды. Бири кем дүйнө деген ушу экен. Дүйнө эли баалаган талантты кыргыз эли мезгилинде баалаган жок. Анын үстүнө турмуштук жагдайы жакшы нукка бурулбай койду. Ушул нерсе аны кыйла аксатты. Ага салыштырмалуу менин жеке жашоом ушунчалык мээримге, бакытка бөлөнүп турду.
- Миңжылкыев каза болгондо кандай абалда калдыңыз?
- Анын каза болгонун Самара Токтакунова телефондон айтты. Коштошкону опера-балет театрына бардым. Болотко Борис Годуновдун кийимин кийгизип, жаткырып коюшуптур. Баягы Болгариядагы күндөрдү эстеп, көпчүлүктүн катарында кетип баратып, башым айланып жыгылып кете жаздадым. Акырын таксиге олтуруп, үйгө кетип калдым. Өзүм сыртымдан эмес, ичимден ыйлаган аялмын. Ошол күнү ичимден ыйладым… Болоттун акыркы элеси түбөлүк жүрөгүмдө калды. Аны жоктоп олтуруп казак акыны Абайдын бир ырын эстедим.

"Муңдун баарын муң дейди
Муңдун түрүн миң дейди.
Муңканууну сезбеген,
Кубана да билбейди…"

Анын сыңары жашоонун, жүрөктүн муңун, ыйын сезген киши сезет, туйган киши туят. Болоттун тагдырына көпкө чейин кейип жүрдүм. Аны эстесем азыр да жүрөгүм сыздап кетет… Ал аз, бирок, саз жашады.
- 75 жаш деген кутман куракка келдиңиз. Дайыма сый-урматтын үстүндө келатасыз. Ата Журттун бүгүнкү тагдырын сизди ойлондурабы?
- Албетте, ойлондурат. Өзгөчө акыркы учурларда энелердин ыйы көбөйдү. Деги тынчтык болсо экен деп ар күнү, ар саатта тилеп турам. 3 неберем, 2 чөбөрөмдүн келечегин ойлойм.
- Сизге бакубатчулук каалайм.
- Силерге да ырахмат.


Айназик Раимкулова