Күтүлбөгөн жолугушуу
Алтынбек экөөбүз классташ элек. Тагдыр экөөбүздү ошентип табыштырып койгонбу деп ойлоп кетем. Эгерде мен таенемдин колуна барбасам, балким, аны менен таанышпай калат белем. Бирок, биздин махабат баян ушундай болот деп маңдайыбызга жазылгандыр…


Мен кичинемден көп оорудум, ооруканадан башым чыкчу эмес. Ден-соолук жактан чабалдыгыма карабай мыкты окучумун. 1- класстан 9- класска чейин жалаң беш деген баага окуп, кызыл күбөлүк алмакмын. Окуу жылы жарымдап калганда бөйрөгүмдүн эски оорусу кармап, кайрадан ооруканага жатып калдым. Ооруканадан санаторийге жолдомо беришти. Ошентип, санаторийде толук үч ай дарыланып, ден-соолук калыбына келе түштү. Жакында үйгө чыгам, мектебиме барам, эки айдан кийин кызыл күбөлүк алып, педагогикалык училищеге тапшырам деп кыялданып жүрдүм. Аңгыча апам да келип калды. Экөөбүз ээрчишип, санаторийдин башкы дарыгерине бардык. Ал бизди жылуу кабыл алды.
- Мына, көрдүңүзбү, кызыңыз жакшы болуп кетти. А сиз болсо аябай санааркадыңыз эле.
- Эми, энелик жүрөк болгондон кийин балаң үчүн кооптонбой коё албайт экенсиң да. Сизге чоң ыракмат, кызымды сакайтып бердиңиз.
- Эчтеке эмес, оорулууну сакайтыш ар бир дарыгердин милдети деп эсептейм. Кызыңыз ылайым оорубасын. Ал сакайганын сакайды, бирок, мүнөздөп тамак ичип, мен айткан эреже боюнча алты ай карманса, толугу менен бул дарттан айыгып кетет. Эже, кызыңыз тоолуу жердин абасына аябай көндү. Өзүңүз көргөндөй санаторий тоолордун арасында жайгашкан. Мен айта турган эреженин биринчиси - кызыңыз тоонун этегинде жашашы керек.
- Биздин айыл тоонун этегинде жайгашкан эмес да.
- Анда тоого жакын жашаган туугандарыңар бардыр…
- Ооба, өзүмдүн апам тоонун этегинде жайгашкан айылда жашайт.
- Бүттү анда, маселе чечилди. Кызыңыз бир чейректи ошол мектептен окуса болот. Анан туздуу тамактарды жебеши керек. Суюктук көбүрөөк ичсин. Майлуу тамактардан качкыла. Сүт азыктарынан көбүрөөк пайдалансын. Баса, алты айга чейин эки килограммдан ашык жүк көтөрбөшү керек. Ушул эрежелердин баарын аткарсаңар, экинчи ушул оору менен ооруканага жатпайсыңар,-деп менин "үч ай санаторийде дарыланды" деген справкама мөөр басып берди.
Мен эшикке чыгаарым менен апамды жеңинен тартып токтоттум.
- Эмне болду, кызым?
- Мен эмне, таенемдин айылындагы мектептен окушум керекпи?
- Ооба, кызым, доктурдун айтканын кылышыбыз керек да.
- Апа, мен башка мектепке барсам, мага кызыл күбөлүк бербей коёт да.
- Кызыл күбөлүк бербесе мейли, ден-соолугун жакшы болсо болду. Эмне, 9-классты кызыл күбөлүк менен аяктайм деп милдеттеме алдың беле?
- Анан окууга кантип тапшырам?
- Бир жагдайы табылаар, кызым, ойлоно бербечи. Анда көрө Кудайдан ден- соолук тиле. Калганын көрө жатаарбыз.
Ошентип, мен таенемдин айылындагы мектептен окумак болдум. Бир жумалык каникулдан кийин 1-апрель күнү ошол мектептин босогосун аттадым. Ак кофта, тизеден келген көк юбка, чачымды эки өрүп, учуна ак бантикти бажырайта байлап койдум. Адатта, жаңы келген окуучу баарынын көзүнө башкача көрүнөт эмеспи. Баары эле үймөлөктөшүп мени карашат. Башында аябай сүрдөп жүрдүм, кийинчерээк кичинеден көнө баштадым.
Алтынбек менин аркамдагы партада олтурат экен. Алгач ага деле көңүл бурган эмесмин. Бир күнү геометрия сабагынан менин аркамды бирөө чукуду. Артыма бурулуп карасам, жакшынакай бир бала мени жылмайып карап туруптур.
- Эмне болду?
- Чоң кыз, мага геометрия китебинди берип турчу ?-деди. Мен унчукпастан китепти колуна карматып койдум. Бир аздан кийин кайра аркамды чукуп атпайбы. Чынында сабак учурунда мени алаксытып атканына кыжырым келди. Өзүмдүн мурдагы классташым болгондо кагып салмакмын. Бул жолу анте албадым. Кара күчкө жылмайымыш болуп, кайра аркамды карасам китебимди берди да, акырын "китептин ичин ачсаң" деп шыбырады. Китептин ичин ачсам кичинекей баракка "мен сени сүйүп калдым" деп жазып коюптур. Ошондо өмүрүмдө биринчи жолу жигиттен кат алдым. Кызыктай абалда болуп, агайдын айткандары кулагыма кирбей, каяктадыр учуп жүрдүм. Бир эсе Алтынбектен уялып атсам, бир эсе аны карагым келип, жүрөгүмдү кандайдыр бир жылуулук аралап, мага түшүнүксүз сезимге кабылдым. Ошол күнү такыр танаписке чыкпай койдум. Алтынбек болсо мени танапис сайын терезеден карап, ого бетер мени уялтып жатты. Сабак бүткөндө аркамдан жете келди, "кечинде келем чыгасыңбы?" деп сурады, мен жооп бере албадым. Бирок, кечтин киришин чыдамсыздык менен күттүм. Таенем эрте эле жатып алды, таякем болсо жумуштап бир жакка басып кетти. Мен короодогу гүлдөрдү сугарымыш болуп, бакты аралап басып жүрдүм. Бир убакта дарбаза тарсылдап калды. Акырын ачсам, Алтынбек туруптур. Колунда бир букет гүл.
- Кандайсың, Кундуз?
- Жакшы,- деп андан ары сүйлөй албай жер карадым.
- Бул гүлдөрдү атайын сен үчүн тоодон терип келдим,-деп мага сунду.
- Ырахмат, убара болбой эле койсоң болмок.
- Эчтеке эмес. Убара деле болгон жокмун. Китептин ичиндеги катты окудуңбу?
- Окудум.
- Анан кандай ойдо калдың?- деп батыл сурады. Мага караганда чечкиндүү экенин билдим. Мен унчукпай тура бердим.
- Кундуз, мен чын эле сени сүйүп калдым. Сени көргөндөн бери уктай албай жүрөм. Бул чын сөзүм. Мага ишенесиңби?- деп көзүмө тигилди. Андан көзүмдү ала качтым.
- Айтсаң?!- деп мага жалооруй карады. Анын көздөрү бир башкача жалжылдап туруптур. Ошондо анын жүзүн биринчи жолу толук көрдүм. Татынакай жигит экен. Анан дагы жүрөгүмдү бир жылуулук аралап өттү… Алтынбекти күлүмсүрөй карадым да, букетти жыттап койдум.
- Кундуз, мага бирдеме дечи, эгер мага жакпай калдың десең экинчи сага кайрылып сүйлөбөйм. Эгерде мен сага жаккан болсом, анда мен чексиз бактылуумун…
Ичимден мындай сөздөрдү каяктан билет деп ойлоп койдум. Болгону тогузунчу класс болсок, бул болсо шумдук сөздөрдү каяктан билет. Тимеле, адамды жарга такап сүйлөйт го… Жакпай калдың дейин дейм, жанагы түшүнүксүз жылуулуктан арылгым келбейт, жактың деп кантип айтам? Оюмдун баарын Алтынбектин күтүүсүз колумдан кармап ийгени бузду. Анын колуна ток уруп кеткендей болду да, колумду силкип тартып алдым. Ал кызыктай болуп кетти.
- Кечирип койчу…
- Колумду ток уруп кетти.
- Кайсы ток?
- Билбейм.
- А мен түшүндүм, ал ток эмес, ал деген сүйүү…
- Сүйүү… Экөөбүз тең бири-бирибизди карап күлүп жибердик. Биздин балалык сүйүү ушинтип башталды көрүнөт. Жакшынакай сүйлөшүп кеттик. Каяктан экени белгисиз, таякем короодон жөтөлүп ийди. Мен дароо дарбазаны жаап, үйгө кирип кеттим. Гүлдү вазага салып, өзүм жаткан бөлмөгө коюп койдум. Ал түнү таң атканча уктай албай кыйналып чыктым. Эртеси Алтынбек мени мектептин алдында күтүп туруптур. Күлмүңдөй учураштык.
- Кечээ таякең урушкан жокпу?
- Жок, урушкан жок. Бирок, өзүм андан уялып калдым.
Экөөбүз класска ээрчишип кирип бардык. Классташтар кол чаап ийишти. Дагы бир шогураагы дароо доскага "Алтынбек+ Кундуз" деп балтайта жазып салды. Аны Алтынбек да, мен да өчүргөн жокпуз. Кыязы, экөөбүзгө ошол жазуу жакты окшойт. Биринчи сабак кыргыз адабияты экен. Агай кирип келгенде баягы жазууну өчүргөнгө үлгүрбөй калышты. Агай досканы бир карап, анан биз олтурган тарапты бир карап койду. Өзү чүпүрөк менен досканы сүртүп сабагын баштады. Менин жанымда олтурган кыз кыргыз тил менен адабияттан берген агай Алтынбектин атасы экенин кулагыма шыбырай салды. Аны угуп аябай уялдым. Жаңы мектепте экинчи эле жума окуп атып, сүйүү сезимин өткөрүп атканыма өзүмө жиним келди. Анан агайдын биз тарапты таңкала караганын ошондо гана түшүндүм. Ошентип биздин сүйүү бир эле күндө класска да, Алтынбектин атасына да маалым болду. Балалыктын балкыткан күндөрү биринин артынан бири учуп өткөн сайын Алтынбек экөөбүздүн сүйүүбүз күч алып баратты. Кечкисин күндө сырдашып олтурабыз. Таенеме болсо Алтынбек аябай жагат экен. "Атасы жакшы киши, жакшынын баласы жакшы чыгат. Алардыкына кирип-чыгып калганда баам салсам, акыл-эси тетик көрүнөт. Анын үстүндө сага тоонун абасы жагат. Чоң окууну эңсебей, классташыңа турмушка чык" деп кобурап калат. Анын сөздөрүн кунт коюп укканым менен "окуйм" деген максатымдан такыр кайтпай койдум. 9-классты ийгиликтүү аяктадым, бирок, эңсеген кызыл күбөлүккө ээ болгон жокмун. Өзүм каалаган педагогикалык училищеге тапшырып, өтүп кеттим. Шаарга окууга кеткенде Алтынбек аябай ыйлады. Албетте, мага да жеңил болгон жок. Окууга алаксып, күн өткөрүп, сагынганда ага кат жазып, кайра андан жооп күткөн азаптуу мезгилдер баштан өтүп жатты. Ошентсе да аралык биздин арабызды кыйла алыстатты. Шаар турмушу менин мүнөзүмдү өзгөрттү, көз карашым башка нукка бурулду. Алтынбекти сүйгөнүмдөн кайтпай жүрдүм. Ал ортодо Алтынбек мектепти аяктады. Бирок, өзү эңсегендей менин жаныма келе алган жок. Үйдүн кичүүсү болгондуктан, ал айылга жакын шаарга окууга тапшырды. Мен болсом борбор шаарда окуйм. Дагы деле арабыз алыс. Бир жылы кышкы каникулга келип, Алтынбекке жолуктум. Андагы жолугушуу, кычыраган кышкы кеч менин жүрөгүмдө түбөлүк сакталып калды. Экөөбүз жетелешип, карды кычырата тебелеп кетип баратабыз.
- Кундуз, мен сенден алыс жүргүм келбей жатат. Эгерде макул десең үйлөнөлү,-деди. Мен андан бул сөздү күткөн эмесмин.
- Алтынбек, азыр эмес. Мен окуумду бүткөндөн кийин университетке тапшырышым керек. Ушунча жакшы окуп алып, жогорку билимдүү болбой каламбы?
- Жогорку билимдүү болосуң. Сырттан окуу бөлүмүнө тапшырасың. Мен сага сөз берем. Үйлөнөлүчү…
- Күндүзгү окуу менен сырттан окуунун айырмасы чоң да. Алтынбек, таарынбачы, азыр турмушка чыга албайм. Мен окушум керек.
- Анда сен да мага таарынба. Мен үйлөнүшүм керек. Ата-энем улгайып калды. Аларды карашым керек. Сени өмүр бою сүйүп өтөм. Бактылуу бол!-деп басып кетти. "Алтынбек" деп кыйкырганымды укса дагы мага кайрылып келген жок. Кыштын кычыраган кечинде жалгыз калдым. Жолдо ыйлап бараттым. "Алтынбек менден кете албайт, сөзсүз келет, таарынычы жазылат" деген ой менен күтүп жүрдүм. Аңгыча кышкы каникул дагы аяктады. Бирок, ал мени издеп келген жок. Өзүм издеп барууну намыс көрдүм да шаарга кете бердим.
Андан бери канча жыл өттү…Жүрөгүмдөгү арман менен башкага турмушка чыктым. Аны менен жашоом уланбады. Ажыраштым. Тагдырым сынды… Алтынбекти сагынып, эстеп жүрдүм. "Азыр кандай болуп калды экен?" деп ойлоно берем. Балким, таенем тирүү болгондо ал жөнүндө сурамакмын деп коём. Таякемден такыр сурай албадым. Ошончо жыл арасында эки ай окуган классташтарымдын бирин дагы көргөнүм жок. Кыскасы, Алтынбек жөнүндө билүүгө ак эткенден так этип жүрдүм. Эч бир маалымат жоктугунан үмүтүмдү үзүп койдум. Бир ирет жайкы эс алуумду алып, өзүмдүн айылыма бардым. Алтынбек менин айылга барганымды угуп, атайын издеп келиптир. Көрсө, ал да турмушунан жаңылыптыр. Мен үчүн күтүлбөгөн жолугушуу болду. Андагы сүйүнүчүмдү сөз менен жеткире албайм. Азыр биз биргебиз!!! Ортодо эки балабыз бар. Балалык сүйүү бизди баш коштурду. Тагдыр бизди кайрадан бириктирди. Андыктан тагдырга миң мертебе ырахмат айтып келем. Биздин сүйүү баян ушундай…

Айназик Раимкулова