Чыгыш гороскобу боюнча
түгөйүңүзгө туура келесизби?
(Башы өткөт санда)

Аял менен эркектин бири-бирине туура келээр-келбесин изилдеген көп илимдер бар. Астрология, психология, нумерология ж.б. Болочоктогу же учурдагы түгөйүңүз менен болгон мамилеңизге чыгыш гороскобу төмөнкүдөй мүнөздөмө берет.


Эркек - Жылкы,аял - ...
Чычкан - ийгиликсиз нике. Жашоодо эмоцияга байланышкан көптөгөн маселелер жаралып, акыры жаман аяктайт.
Уй - аял-Уй бийликти сүйгөн, башкаруучулукка жакын, ал эми Жылкы - өзүмчүл жана көз карандысыз. Аял кетип калат.
Жолборс - эркек-Жылкы өз жашоосуна ыраазы болуп, тынч жашап өтөт.
Коён - эң жакшы. Аял-Коён досторунун курчоосунда, жылуу үйдө отурат. Ага мындан башка эч нерсе талап кылынбайт.
Ажыдаар - начар түгөйлөр. Жылкы ашыкча өзүмчүл, ал эми аял-Ажыдаар ийгиликке жетишкиси келет, өзүнө күйөөсүнүн кам көрүүсүн каалайт.
Жылан - эгерде аял-Жылан акылдуу болсо, жашоосуна канааттанса, нике сакталат.
Жылкы - эки өзүмчүл адамдын жашоосун элестетип көрүңүз!
Кой - жакшы жашоо болот. Экөө эч качан зеригишпейт.
Маймыл - чогуу жашоо сунуш кылынбайт. Алар эч качан бири-бирин түшүнүшпөйт.
Тоок - мүмкүн болушунча кереги жок, тоок өмүр бою кыйналып жашайт.
Ит - болот, анткени, Ит Жылкынын өзүмчүлдүгүнө, көз карандысыздыгына кол шилтеп коёт. Анын үстүнө ит кызганчаак эмес.
Каман - Жылкы Камандын ишенчээктигин кыянаттык менен өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланат. Күйөөсү аялын бактысыз кылат.
Эркек - Кой, аял - ...
Чычкан - элестетүүгө мүмкүн эмес!
Уй - жакшы эмес. Алардын чогуу жашоолорунун аягы аял-Уй эркек-Койду эшикке чыгарып коюусу менен аяктайт.
Жолборс - экөө жакшы келишет.
Коён - алар сүйүүсүз деле эң жакшы достордон болуп жашай беришет.
Ажыдаар - болбойт. Аял-Ажыдаар өзүнө күйөөсүнүн суктанып жашашын каалайт, а эркек-Кой суктанбайт.
Жылан - жеңил эмес. Бирок, экөөнү болбой эле байлоого болот.
Жылкы - эгерде аял-Жылкынын акчасы жок болсо, нике сунушталбайт. Ал эми аял бай болсо, алар бактылуу болушу мүмкүн.
Кой - айлыктан башка кирешелери жок жөнөкөй турмушта жашашат.
Маймыл - бекем нике күтүлбөйт.
Тоок - сунуш кылынбайт. Бактысыз жашоодо өмүр сүрүшөт.
Ит - Ит өтө эле пессимист болгондуктан, жашоолору кызыксыз болот.
Каман - аял-Каман Койдун бардык кылык-жорук­тарына чыдайт.
Эркек - Маймыл, аял - ...
Чычкан - эң жакшы айкалышуу. Аял-Чычкан Маймылды аябай жакшы көрөт жана алар бактылуу жашашат.
Уй - аял-Уй эркек-Маймылды сүйөт.
Жолборс - анча деле жакшы эмес. Маймыл Жолборсту каалагандай калчашы мүмкүн.
Коён - шартка баш ийген жакшы үй-бүлө.
Ажыдаар - болушу мүмкүн. Ажыдаарда көңүл калуулар көп болот, бирок, анысын билдирбегенге аракет кылат.
Жылан - баары Маймылдан жана кудайдан көз каранды.
Жылкы - болбойт.
Кой - эгерде Маймылдын акчасы болсо гана жакшы нике түзүлүшү мүмкүн.
Маймыл - жакшы союз. Өмүрлөрүнүн акырына чейин чогуу болуулары мүмкүн.
Тоок - Маймыл өмүр бою тоокту шылдыңдап, анын үстүнөн күлүп жүрүп өтөт, а Тоок болсо аны сезип да койбойт.
Ит - сунушталбайт. Болбосо, Ит жашоодон кыйналып жүрүп өтөт.
Каман - болушу мүмкүн. Каманды алдоо оңой, бирок, Маймыл аны сыйлайт.
Эркек - Тоок,
аял - ...
Чычкан - алар кедейчиликте жашашат.
Уй - эгер Тоок башкаруусун азайтса, эң жакшы жашоо болот.
Жолборс - аял-Жолборс Тоокко адилетсиз мамиле кылат.
Коён - бактылуу нике болушу мүмкүн эмес. Маселенин баары Тооктун өзүн көтөргөнүнөн, мактанчаактыгынан чыгат.
Ажыдаар - аял-Ажыдаардын чөйрөсүндө авторитети жогору болуп, Тоок аны колдонуп жашайт.
Жылан - алар бири-бирин эң жакшы толукташат.
Жылкы - болбойт, күйөөсү аялынан качып кетет.
Кой - жумуш - Кой үчүн эмес, а эмгекчил Тоокту бул кыжырдантат. Андыктан, мындай никенин кажети жок.
Маймыл - экөө тең жашоолоруна канааттанышпайт.
Тоок - мүмкүн эмес, өмүр бою тытышып жүрүп өтүшөт.
Ит - болбойт, Ит мактанчаактыкты жактырбайт.
Каман - өтө эле агрессивдүү Тоок Каманды чарчатып жиберет. Алар бири-бирине туура келишпейт.
Эркек - Ит, аял - ...
Чычкан - дурус нике.
Уй - татаал, бирок, мүмкүн. Эгерде аял-Уй үйдөгү башкарууга канааттанса.
Жолборс - жакшы союз.
Коён - аял-Коён күйөөсүнө эң жакшы кеңешчи боло алат. А Итке бейпил турмуш тартуулайт.
Ажыдаар - болбойт, Ит жөнү жок эле суктана берчүлөрдөн эмес, анын башка иштери бар.
Жылан - эгер аял-Жылан өтө талапкөй болбосо гана чогуу жашоого болот.
Жылкы - жашоолоруна экөө тең ыраазы.
Кой - болбойт.
Маймыл - болот, бирок, экөө тең өздөрүн кармап жашаганга туура келет. Буларда бири-бирине болгон мамиледе эч кандай жылуулук жок.
Тоок - жакшы союз түзүлбөйт.
Ит - болот, бирок, алар жашоосунда каражат жаатындагы жагымсыздыкка көп туш болушат.
Каман - жакшы. Шайыр Каман Иттин тең салмактуулугун кармап турат. Алар экөө тең кең пейил, а Каман адатта бай болот.

Эркек - Каман,
аял - ...
Чычкан - алар бактылуу болушат.
Уй - эркек-Каман үйүнөн таппаган жагымдуулукту сырттан издейт.
Жолборс - жагымдуу, тынч жашоо болот.
Коён - орточо, бир кылка жашоо.
Ажыдаар - Камандын Ажыдаарга карата өтө эле элпектиги кайра өзүнө муш болуп тийет.
Жылан - Каманга кыйын болот.
Жылкы - Каман Жылкынын өзүмчүлдүгүнөн жабыркайт.
Кой - Каман бай болуп, Кой бактылуу болот.
Маймыл - Маймыл Каманды сыйлап турат.
Тоок - Каман сабырдуу болгондуктан, нике курууга мүмкүн.
Ит - бири-бирин түшүнүп, сыйлашып, сүйүшүп турушат.
Каман - алар бири-бирине аябай ылайык келишет.

Сауле Сулайманова