Кыргыз гезиттери



Жетекчи аялдын жети түрү
Адатта "Аял кишинин чачы узун, акылы кыска" деген сөздү бетине кармашып эркектердин көбү аялзатын жетекчинин ордунда элестеткиси келбей "мурдун көтөрүп" мамиле жасап келишет. Чынында эркектен артык башкарып, кол алдындагыларынын башын бириктирип келген айымдар да жок эмес. Каалайбызбы, каалабайбызбы аял жетекчинин кол алдында иштеп күн көрүүгө туура келет. Эгер сиз аял жетекчинин кол алдында иштеп жатсаңыз алардын түрлөрүн, кимисине кандай мамиле жасашты үйрөнүп алганыңыз ашыкча болбостур.


Көйнөк кийген "эркек"
Мындай түргө кирген жетекчи аялдар баскан-турганын баарын эркектерге окшоштургандын аракетин көрөт. Жашоого наалат айтканды жек көрүп, алсыз адамдарга көп кыжырданат. Ушундай жетекчинин кол алдында иштеген кызматкерлерге көз артпай эле койсоңуз болот. Анткени, мындай жетекчилер сол колунун ачуусун оң колу менен басууга жөндөмү жок болгондуктан, жини келип турганда астынан ким чыкса ошонун шорун катырат. Адатта жеке жашоосу менен карьерасын бирдей алып кете албай, мээримге зар болгон айымдар "Көйнөк кийген эркекке" айланышат. Булардын дагы бир кемчилдиги - дайыма өздөрү стресстин үстүндө жүргөнү аз келгенсип, өзгөгө да баш оору жаратышат. Кемчилиги менен кошо булар артыкчыктан да кур калган эмес. Оозунан чыккан ишти аткарып, убадага бекем келишет. Эгер сиз ушундай жетекчи менен иштешип жатсаңыз, анда көзүнө көп көрүнбөй айткан тапшырмасын убагында аткарыңыз. Кокус "тилин агытып" баштаса кошо талашпай тим болбосоңуз, жакшы жумуштан кол жууп калышыңыз мүмкүн.

"Мээримдүү эне"
Жогорудагы түрдүн карама-каршысы. Кесиптештердин арасында эмне көйгөй болуп жатканын айттырбай билет. Ар биринин кабак-кашына карап мамиле жасаганды, ошого жараша талап койгонду мыкты өздөштүргөн. "Балдар, келгиле, ынтымактуу жашайбыз" деген ураан менен жашаган жетекчи айым ашыкча талаш-тартыш жаратканды жактыра бербейт. Ар кимге өз оюн айтууга мүмкүнчүлүк берген жетекчи жамаат арасында интрига жаратып алышы да мүмкүн. Анын жумшактыгынан пайдаланган кызматкерлер жумуштагы тартипти бузуп ар кимиси өз билгенин жасоого өтүшөт. Эгерде сизде көйгөй жаралса, кесиптештериңиз менен талкуулабай эле дароо жетекчиңизге кайрылыңыз. Эмоция менен берилип айтып жаткандарыңызды угуп бат эле жибийт. Мындай айымдар кесиптештер үчүн жакшы табылга болгону менен жумушту артка тартып аксатышы мүмкүн.

"Баарын өзүм"
"Мээримдүү эненин" түрүнө бир аз жакындашып кетет. Кол алдында иштегендерге айлык төлөп, шарт түзүп бергени менен жоопкерчиликтин көбүн өзүнө ала берет. Кокус кимдир-бирөө берген тапшырманы чала аткарса, артынан түшүп оңдоткондон көрө өзү жасап койгону ага алда канча жеңил. Бул кадамы менен ал кызматкерлердин жолкоолугун, өзүнүн жоопкерчилигин көбөйтөөрүн сезип турса да маани бере бербейт. Мындай айымдардын ишеничине кире коюш оңой-олтоң иш эмес. Качан гана берген тапшырманы майын чыгара аткарып көзүнө көрүнгөндө киши катарына кошо башташы ыктымал. Сизге бере турган кеңеш, эгер "баарын өзүм" деген жетекчинин кол алдында иштеп калсаңыз, айтканын айткандай кылыңыз. Анткени, кызматкердин артынан аңдып, кылган ишин текшерүү анын жакшы көргөн адаттарынын бири.

"Жезкемпир"
Өзүн тыңдап карай албаган, өзгөлөрдү көрө албаган жетекчилердин түрү. Кылдан кыйкым таап, кемирип-кесип тургандан ырахат алат. Ушундай жетекчинин колуна тийсеңиз көргөн күнүңүз кыйын эле болот. Өзгөчө өзүн тыкан, жакшы алып жүргөн жаш кыздарга оорчулук жаралышы мүмкүн. Талапка катуу, жоопкерчиликтүү, эмгекти убагында баалай билген сапаттардан да кур эмес. Жумушка тиешеси жок болсо да баскан-турганыңыздан кыйкым таап көңүлүңүздү түшүрүштү мыкты билет, буга дайым даяр болуңуз. Жаш кыздарга караганда айтканын эки кылбаган, өзүнөн бир нече тепкич ылдый турган эркектер менен иштешүү ага алда канча жеңил. Өзүнө ашыкча көйгөй жараткысы келбегендер жетекчиге кошоматтанып, жакшы сүйлөшкө туура келет, же болбосо ашыкча көзгө урунбай "көлөкөдө" отуруңуз.

"Баарына ээ болгусу келгендер"
Булардын мүнөзү башынан катуу, үйдө эне катары да баласын көп эркелете беришпегени аз келгенсип, жумушта "лыкылдатып" кызматкердин артынан түшкөнү түшкөн. Өз ордун эч кимге алдыргысы келбегендиктен, кол алдында иштегендерди алысыраак аралыкта кармаганды туура көрөт. Кокус анын ордуна татыктуу талапкер чыкса анын көзүн "тазалап" жумуштан кетирип же коллективге жаман көрсөтүп тынат. Мындай аялдар кол алдында иштеген эркектерди сүйүп "кызматтагы махабатты" жаратууга эптүү. Ошондуктан, ушундай түрдөгү аял жетекчи менен иштешкен кызматкерлердин кулагына күмүш сырга, аны менен тең тайлашпаңыз. Ал эми эркектер сүйлөгөн сөзүңүз мененби, же жасаган мамилеңиз мененби, айтор, жетекчи катары өз ордун билүүсүн эскертип туруңуз. Болбосо тузагына илинип, акырында жумушуңуз да, жеке жашооңуз да ириген сүттөй болушу мүмкүн. Анткени, "баарына ээ болгусу келген" айым жетекчилер кызматкерин сүйүп калган күндө да аны карьера жаатында өзүнөн бир тепкич да өйдө көтөрүлүшүнө жол беришпей убактылуу гана пайдаланышат.

"Жырткыч"
Кызматкер өз ордун билип, жетекчини сыйлоо керек экенин улам-улам эскертүүнү ашыкча көрбөгөн, карьерадагы өсүштү биринчи катарга койгон айым. Кокус кызматкер жаза басып ката кетирсе кемчилигин жыйналышта талкуулап убакыт коротпой акчалай жаза колдонуу ыкмасын мыкты өздөштөргөн. Адамдын алсыз жерин билип алып ошого жараша мамиле жасоо жөндөмүнө ээ. Өз ишин профессионалдык деңгээлде билгени үчүн дайыма изденүүнүн үстүндө жүргөн сапатын кызматкерлер баалап, андан айбыгып турушат. Кысым көрсөтүп, беттегенин бербеген, кекчил мүнөзүн көбү жактыра бербейт. Мындай жетекчи менен иштешсеңиз өз оюңузду ылайыктуу сөз таап ачык айтканга жакшы шарт түзүлөт. Себеби, жырткыч жетекчилер өзүмчүл болгону менен ачыктыкты, тактыкты баалашат.

"Отурукташкан жетекчи"
Көп жылдан бери коллективдин ичинде кызматкер болуп иштеп жүрүп жетекчиликке көтөрүлгөндөр. Булар ар бир кызматкер­дин кылык-жоругун жак­шы билгендиги негизги утушу болуп эсептелет. Кол алдында иштегендер да ишеним артып, жумуштан сырткары жеке көйгөйлөрү менен да бөлүшө алышат. Бирок, эске алчу бир нерсе, көп жетекчилер кызмат орду жогорулаган сайын мамилеси да өзгөрө башташы мүмкүн. Эгерде сиздин "мурдакы кесиптешиңиздин" жана жаңы жетекчиңизден ушул сапатты байкасаңыз, анда башка кызматкерлерди жамандабай, ичи-койнуна кирип кетпей карманыңыз. Анткени, бирде болбосо бирде ушул сапатыңыз үчүн жаза колдонушу мүмкүн.





Аял жетекчинин кол алдында иштедиңиз беле?
Шайырбек Абдрахманов, тележурналист:
- Аял кишинин жетекчи болгону жакшы эле нерсе. Тарыхта деле эң күчтүү, иштин көзүн таба билген айымдар жетекчи болуп келбеди беле. Мен негизи аял жетекчи, эркек жетекчи деп бөлбөйм. "Жаштар студиясында" Лира Айтимбетованын кол алдында иштегем. Өз ишин мыкты билип, кызматкерлерге да адилеттүү мамиле жасачу. Бир нерсени айтсаң такып сурабай, бир ооз сөзүңөн түшүнө билген жакшы жетекчи болчу. Аялзатынан деле жакшы идеялар чыгып, ишти илгерилетүү жөндөмү бар экенине өзүм деле күнүмдүк жашоодо күбө болуп жүрөм.

Замир Казакбаев, ди-джей:
- Илгерки замандан бери Курманжан датка, Сайкалдар жетекчилик кылып тарыхта калган да. Мен деле кызматымда көп эле аял жетекчи менен иштешип келе жатам. (Күлүп) эркектердин башы иштебесе анан аялдар башкарбаганда эмне кылмак эле? Мага жетекчинин аялбы, эркекпи айырмасы жок, аял жетекчилерге нааразычылыгым да жок. Бир жери, аял жетекчинин мүнөзү эркектердикине караганда жумшагыраак келет эмеспи, ошонусунан эле кичине аксашпаса...

Канат Кадыржан, продюсер:
- Мен аял кишинин жетекчи болушуна каршымын. Аял киши үйдүн кутун сактап, балдарынын тарбиясына көбүрөөк көңүл бурушу зарыл. Анын үстүнө аял жетекчинин мүнөзү бат-баттан өзгөрүлүп, кол алдында иштегендерге да ошого жараша туруксуз мамиле жасашат. Ошондуктан, мен дегеле аял кишинин башкарышын, жетекчинин ордунда отурушун көп колдой бербейм. Мен мурдакы жумушумда иштеп жүргөндө жетекчим эркек киши болчу, анын ордуна аял келди эле, дароо жумушумду алмаштырдым. Анткени, мен аял кишинин кол алдында иштеген эмесмин, иштебейм дагы.

Мурат Мамбетов, актёр:
- Аял кишиби же эркекпи, эң негизгиси иштин көзүн таба билүү жөндөмүнө ээ болсо болду деп ойлойм. Мен деле убагында аял кишинин жетекчилиги астында иштегем. "Тунгуч" театры жаңы түзүлгөндө Жамал Сейдакматова биздин көркөм жетекчибиз болчу. Ал барда ар кимибиз оюбузду ачык билдирип демократия болчу. Ал жагынан жакшы болгону менен аял жетекчи бирөөлөрдүн тилине бат кирип, көп жерден туура эмес чечим кабыл алып коюшу мүмкүн.


Нуриса БАЯЛИЕВА




кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"