Гүлсина Чотонова:
"Тамеки тартканымды көргөн кайненемдин жүрөгү түшкөн"
Гүлсина Чотонова "Каракыз", "Метаморфоза" тасмалары аркылуу жакшы эле элдин эсине сиңди болуш керек. Бул атак Гүлсинага оңой менен келген эмес. Чачын тасырайта алдырып, актрисалык кесип үчүн имиджин курмандыкка чалып тааныштарына бир топко чейин эле тамаша болуп жүрүптүр. Гүлсинанын азыркы турмушу, карьерасы сизди кызыктырса төмөнкү маекке көз жүгүртүңүз.


- Гүлсина, сизди акыркы жолу көргөнүбүздө чачыңыз кыска эле. Имиджиңиз өзгөрүп калганбы?
- (Күлүп) Жумушка келсем көптөн берки көрүшө элек кесиптештерим да ушул сөздү айтышып "ий, чачың өсүп жүдөп калгансыңбы? Кырктыр, узун чач сага жарашпайт экен" деп жакшы эле эрмектеп тамашалашты. Чынында мен көпчүлүктүн эсинде кыска чачтуу бойдон калган окшойм.
- "Каракыздан" кийин деле кыска чач менен көпкө жүрдүңүз окшойт?
- Ооба, 2004-жылдан баштап 2007-жылга чейин ошол имидж менен жүрүүгө туура келди. Анткени, "Каракыздын" артынан эле "Метомарфоза" тартылып калды да. Туугандарыма, досторума ушул үч жылдын аралыгында жакшы эле тамаша болдум окшойт. Жада калса көчөдөн көргөндөр да биринчи эркек экен деп ойлошуп, үңүлүп жаныма келип тиктешип чочуп кетишчү.
- Бир туугандар демекчи, ата-энеңиз сиздин ал кадамыңызга кандай "баа" беришти эле?
- Ошол кезде кино тартылып бүтүп, мени элдин баары таанып калгандан кийин гезиттердин биринчи бетине Геннадий Базаров экөөбүз чыкканбыз. Ал гезит Жалал-Абад шаарында жашаган эң улуу байкемдин колуна тийиптир. Атам байкемдин үйүнө келип мени гезиттен көрүп калат. Чыйпылыктап "болоор иш болуптур, кокуй, муну апасы көрбөсүн, көрсө ыйлайт, каткыла" деп гезитти каттырып салыптыр. Андан кийин иним Бишкекке келип үйдөн мени таппай, жумушума издеп барат. Ыраматылык Расул Осмонов деген режиссёр байке бар болчу, иним ошого жолугуп калып мени сураса тамашалап, "эжең болсо чачты кырккан, сен түштүктүн кызысың, уят дегениме болбой азыр ушундай мода экенин айтып кырдырып салды" дептир. Аны уккан иним ызаланып турса ар жактан мен чыгып келе жатам. Байкуш инимдин оозу ачылып, кызарып-туталанган кебетеси азыр да көз алдымда. Айтор, менин ошол чач жасалгам эч кимди деле кубанткан жок. Бирок, өз ролум үчүн ошондой курмандыкка барууга туура келген.
- Андан кийин деле киного тартылуу сунушу түштүбү?
- Мен кичинемде киного тартылсам деп кыялданганым менен ал тилегим ишке ашаарына көзүм деле жетчү эмес. Көрсө, жаштын тилегин берет экен, баары бир кыялым орундалды. Убагында "Метаморфозанын" трилогиясына тартылып бүтөөрүм менен турмуштун трилогиясына аралашып үй-бүлө күттүм. Азыр улуу балам Манас алты, кичүү кызым Айпери бир жарым жашка чыкты.
- Жолдошуңуз менен таанышканда чачыңыз кандай эле?
- Экөөбүздү жакын досторубуз табыштырды десем болот. Ал кезде "Метоморфозанын" "Исход" деген үчүнчү бөлүгү тартылып бүтүп калган. Бир аяшыбыздын чачы узун да, анын жолдошу "аялымдын чачы мага турмушка чыккандан кийин өстү" десе, менин күйөөм тамашалап "менин аялымдын чачы такыр жок таз болчу, мага турмушка чыккандан кийин чач чыкты" деп күлүп калат. Анын сыңары, Акылбек мени ошол мултуйган кыска чачым менен эле жактырып, жылдызыбыз келишип эки жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Андан да кызыгы, "Исход" тартылып бүтүп теледен кете баштаганда Акылбек айылдагы туугандарына чалып "мен ала турган кыз киного тартылган, көрүп койгула" деп жар салыптыр. Чынында менин ал тасмада кандай ролду аткараарымды өзү деле толук билчү эмес. Мен ал жерде тамекини буркурата тартып, колума бычак кармап эшикти тээп кирип, бир кишинин далысына колумдагы бычакты матырган жерим бар болчу. Чачым болсо кыпкыска. Кайненемдин кебетесин элестетип көргүлө, "муну кайдан тааптыр, эми кандай болот" деп аябай жүрөгү түшкөн экен. Жашоодо да тамекини өкүртө тарткан неме деди окшойт. Жолдошум өзү да уялып кетип "жакшы эле кыз" дегенге араң жараптыр. Кийин кайын-журтумдун босогосун аттап жоолук салынаарда ырас чачым бир аз өсүп жакшы болуп калган.
- Жолдошуңуз да чыгармачыл чөйрөдөнбү?
- Акылбектин кесиби түрколог, Турцияда билим алып кандидаттык диссертациясын да ошол жакта жактаган. Бул жакка келгенде мамлекеттик жумуштарда бир аз иштеп жүрдү, бирок, көпкө кармалган жок. Ыр жазат, бир топ чыгармалары жарык көргөн. Азыр алты жаштагы уулум Манас менен Жумгалда айылдын чарбасында калды. Менин жумушумду жакшы түшүнөт, турмушка чыгып эки жыл айылда жашап жумушумду сагындым. Бул жакта бир нерсем калып калгансып жаман болдум. Анан Акылбек иштегенге уруксаат берип, шаарга жөнөттү.
- Кайын-журтуңуз жөн эле жибердиби?
- Кайненем жетимиш алтыда, жолдошум да үйдүн кичүүсү болгондуктан, негизги жоопкерчилик биздин моюнда да. Бойдок кезимде жеңелерим "бир үйдүн кичүүсүнө турмушка чыкканың жакшы, даяр оокатка барасың, бирок, ошого жараша кызматы да көп" дешсе мага тиешеси жок нерсе деп маани деле берчү эмесмин. Башыңа түшкөндө түшүнөт экенсиң. Талап да, жоопкерчилик да башкачаарак болот экен. (Күлүп) Ошондуктан, искусство адамдары турмушка чыгаарда бир аз ойлонушу керек экен. Кайын-журтум жиберди, анткени, негизги милдет кайненемди багуу да. Ал эми мен кайненем менен кичинекей кызыбызды шаардагы үйгө алып келдим.
- Бизде билинбегени менен түндүк-түштүк маселеси олуттуу эмеспи. Түштүктөн барган келинди кандай кабыл алышты?
- Кайын-журтум жылуу кабыл алганы менен айылдаш адамдардын аң-сезими мени таң калтырды. Түштүктүк келин дей беришип, бөлгөндөрү да байкалбай койбойт. Ушундан улам бир ууч эл эмнеге бөлүнөт деп ойлонуп калам. Акылбек экөөбүз баш кошоордо менин ата-энем тараптан да катуу деле каршылык көргөн жокмун, биздин ынтымактуу жашообуз үчүн алар деле тынчсызданат да. Жамандык-жакшылыкта эле жолдун алыстыгы кыйнабаса, тил табышууда эки ача пикирлер жаралган деле жок. Анын үстүнө чыккан кыз чийден тышкары дегендей жолдошум менен анда-санда эле конокко барып турбасак, төркүнүм менен сый мамиледемин. Өз жон терим менен түндүк тараптын да жашоосун көрүп, билип жатам. Салттарында кадимкидей айырма бар экен. Түштүк тарапта башты сакалдуусуна тартса, Жумгалда эң кичүүсүнө тартышат дегендей, күнүмдүк тиричиликке байланышкан айырмачылыктар көп эле.
- Жолдошуңуз экөөңүздөр бири-бириңиздердин кайсы кемчилдигиңерди толуктап турасыздар?
- Менин мүнөзүм жумшак. Ушунун айынан көп кыйынчылык тартып келем. Өзүмдү кыйнап катуу мүнөз күтөйүн десем деле чыдабайм. Мени таарынтыш абдан оңой, жаралуумун. Акыл да ушул мүнөзүмдү түшүнүп мага бир ооз да катуу сүйлөбөй жумшак мамиле жасайт. Чыгармачыл адамдар бири-бирин көз карашынан түшүнүшөт эмеспи, ушундан улам азырынча экөөбүздүн ортобузда катуу тирешүү, кайым айтышуу боло элек, болбой эле койсун. Анын мүнөзү токтоо, сабырдуу дүйнө таанымы да башкача адам. Кыскасы, менде жок артыкчылык анда бар, анда жогу менде бар десем болот.

Маектешкен Нуриса Баялиева