Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0914_3.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0914_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0914_3.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0914_3.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0914_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0914_3.htm on line 2
Эльмира Джумалиева
"Республика" партиясынын мүчөсү:
"Экономикасы өнүккөн
күчтүү мамлекет үчүн күрөшөм"
- Эльмира Бусурманкуловна, аял кишинин ийгиликтүү карьерасы кандайдыр бир курмандыкты талап кылат дешет. Сиздин карьералык ишиңизде эмнеден баш тартууга туура келди?
- Албетте, илим жолуна түшпөсүн, мамлекеттик же коомдук ишти көздөбөсүн, ар бир адам ошол ишинен майнап чыгарам десе, көп нерседен баш тартууга, айрым нерселерди курмандыкка чалууга мажбур болот. Анткени, ийгиликтүү карьера талыкпай эмгектенүүнү, көп окуп, көптү билүүнү, аракетти, күн тынымынан, түн уйкусунан кечүүнү талап кылат эмеспи. Антпесе канчалык аракет кылсаң да натыйжа чыкпайт деп ойлойм. Атүгүл үй-бүлөгө көбүрөөк көңүл бурууга да, теңтуш-курбулар менен ойноп-күлүүгө, ден-соолукту чыңдап машыгууга, эс алып, дарыланууга да убакыт калбай калат. Анын саңарындай, мен да карьера жасоо үчүн жогорудагы нерселерден баш тарткам.
- Эмгек жолуңуз кайсы жерден жана кантип башталган?
- Менин эмгек жолум жогорку окуу жайын бүтүрүп, адистикке ээ болгондон кийин өзүм туулуп-өскөн Талас жергесиндеги бир колхоздун катардагы экономисти катары башталган. Окуу жайында алган теориялык билимимди практика менен айкалыштырдым, бул албетте менин адис катары калыптанышыма жагымдуу таасирин тийгизди. Бирок, институттук билимимди андан ары өркүндөтүп, адегенде кандидаттык, андан кийин доктордук диссертациямдын үстүндө эмгектенүүгө туура келди. Бул эмгектеримдин акыбети кайтып, көздөгөн максатыма жетип илимдин доктору деген дипломду алдым. Буга мен өтө ыраазымын.
- Эмгек, илимий иштериңизде кимдин кандай пайдасы тийди?
- Менин эмгектик жана илимий ишмердүүлүгүмдө көп эле адамдар ар кандай даражада таасир этишти, сезимимде эсте каларлык из калтырышты. Илим жагынан мага өзүнүн баалуу кеп-кеңештери, көрсөтмөлөрү менен менин илимий жетекчим, белгилүү окумуштуу-экономист, Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти маркум Асангалый Умурзакович Орузбаев чоң жардам берди. Менин окумуштуу катары калыптанышыма бул асыл адамдын таасири арбын экендигин эсимден чыгарбайм.
- Өзүңүздүн иш таж­рыйбаңыздан айтсаңыз, аял жетекчи менен эркек жетекчинин профессионалдык жагынан айырмачылыгы болобу?
- Менин негизги иш тажрыйбам жогорку окуу жайынын окутуучусу катары жаштарды окутуп-тарбиялап, аларга жогорку билим берүү ишмердүүлүгү менен байланыштуу. Акыркы 20 жылдан бери педагогдук кесиптемин. Бул жылдардын ичинде катардагы окутуучулуктан тартып, факультеттин деканына чейинки кызматтык жолду басып өттүм. Ал эми Сиз сураган профессионалдык жөнүндө так эле жооп бергим келет: кесиптик жактан жогорку тепкичтерге жетишүү эркектин да, аялдын да бирдей эле даражада колунан келет, айырмасы жок.
- Саясатка аралашууну качантан баштап ойлой баштадыңыз жана эмне үчүн бул түйшүктүү ишмердүүлүккө багыт алдыңыз?
- Коомдо жашагандан кийин коомдун көйгөйлөрүнөн тышкары болуу мүмкүн эмес деп эсептейм. Менин саясатка аралашышыма биздин мамлекетибиздеги, коомубуздагы азырынча чечилбей жаткан проблемаларды чечүүгө көмөктөшүү, колумдан келишинче өз мекениме, элиме эмгек сиңирүү, ата-журтубуздун чыныгы атуулунан болуу сыяктуу асыл максаттар түрткү болду. Өзүңөр көрүп турасыңар, азыр коомубузда толгон кемчиликтер бар: иштеген адамдарыбыздын алган айлык маянасы, пенсиялардын көлөмү таптакыр жетишсиз. Азыр коомубуз бай жана жакыр болуп эки жикке бөлүнүп калды. Бардык жерде жумушсуздук, коррупция, мыйзамсыздык, кылмыштуулук, уурулук, зордук-зомбулук күч алды. Акыл-эстүү адам мындай терс көрүнүшкө кайдыгерлик менен мамиле жасашы -кылмышкерлик. Мен ошондойго каршы аттанып чыктым.
- "Республика" партиясы эмнеси менен сизди өзүнө тартты?
- Бул жаңыдан түзүлгөн жаш партиянын бири экендигин билесиздер. Анын жетекчиси жаш адам, бирок, жогорку жетекчилик кызматтарда иштеген, көп нерсеге көзү жеткен ишмер, бизнес жагынан да чыгаан адам. Мени эң алды менен партиянын так платформасы өзүнө тартты. Анын программасында мамлекеттин жашоо-турмушунун бардык чөйрөлөрүнүн бардык максаттары жана маселелери айкын-ачык жазылган. Мени экономист катары, партиянын программасындагы өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуунун жолуна багыт алуусу терең ишенимди туудурат. Бул үчүн "Республика" партиясынын кризиске каршы реалдуу экономикалык программасын иштеп чыктык. Бул партия жалпы улуттук биримдикти түзүп, коомдун бардык позитивдик күчтөрүнүн башын кошуп, Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн иштеп, өлкөбүзгө тынчтыкты, бейкуттукту жана ар тараптуу өнүгүүнү алып келет деп терең ишенем.
- Эгерде депутат болуп шайланып калсаңыз эң биринчи эле ишти эмнеден баштамаксыз?
- Азыр шымаланып жаңы, мурдагыдан айырмаланган, коррупциядан, трайбализмден жана экономикалык көз карандылыктан арылган өлкөнү түзүүгө убакыт жетти. Бул үчүн өлкөбүздө адамдык да, табигый да, зарыл болгон бардык ресурстар бар. Эң башкы максат - алдыга коюлган максаттарды тез арада чечүү. Буга экономиканы өнүктүрүү менен жетише алабыз, анткени "Республика" партиясы өлкөнүн өнүгүшүндөгү жаңы багыт.
Эгерде мен депутат болуп шайланым калсам, ишмердүүлүгүмдүн чыйырын мурдагыдай эле жогорку окуу жайларындагы билим берүү системасын ар тараптан жакшыртууну улантып, биздин өлкөбүздүн жаштарынан татыктуу кадрларды даярдоону колго алмакчымын. Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн билим берүү системасын толук бойдон модернизациялоо менен, ага укуктук-нормативдик жана уюштуруу-экономикалык механизмдерин киргизип, жана бюджеттен тышкаркы ресурстарды тартуу аркылуу жаштардын жеткиликтүү билим алуусун камсыз кылууну колго алмакчымын.
Негизги маселелердин бири болуп агрардык секторду модернизациялоо менен азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ага болгон көз карандылыктан чыгаруу керек. Бул үчүн Айыл-чарба өндүрүшүнө кыска, орто жана узак мөөнөттүү аз пайыздагы кредиттерди берүүнүн жолдорун камсыз кылуу.
Анан да, өзүм эне болгондуктан, жаш балдардын ден-соолуктарынын чың болушуна, оору-сыркоолордон тышкары болуп, бактылуу балалыкты баштарынан өткөрүүлөрү үчүн колдо болгон билимимди, күч-аракетимди жумшамакчымын.
Кыскасы, бардык күчүмдү жана билимимди мамлекетимдин келечегин кайра курууга салым кошууга, экономикалык жактан өнүккөн мамлекет үчүн жумшайм.

Маектешкен
Азиза Сатимбекова




кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0914_3.htm on line 39

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0914_3.htm on line 39

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0914_3.htm on line 39


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0914_3.htm on line 39

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0914_3.htm on line 39

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0914_3.htm on line 39


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0914_3.htm on line 39

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0914_3.htm on line 39

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0914_3.htm on line 39