меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript
  тамчы тагдыр

Гүлжамал эже:
"Кызым үчүн какпаган эшигим, укпаган сөзүм калган жок"
Балалыктын эч нерседен бейкапар күндөрүн өткөрүүнүн ордуна жаштайынан бөйрөгүнүн азабын тартып келген Назбийкени көптөн бери билебиз. Бул ооруну дарылоого Кыргызстандагы медицинанын күчү жетпегендиктен, Москванын медиктерине кайрылууну чечкен секелек кыздын ата-энесинин элге жардам сурап кайрылганынан да кабардар элек. Перзенти үчүн болгон күчүн жумшап, кызымды аман алып калсам дегенде эки көзү төрт болгон Гүлжамал эжени сөзгө тарттык.


- Гүлжамал эже, Назбийке канчанчы перзентиңиз?
- Мен өзүм беш бала төрөп, экөөнү жерге бергем. Азыр эки кызым, бир уулум калды. Назбийке эң кичүү кызыбыз. 2002-жылы 1-августта төрөлгөн. Быйыл 2-класс болду. Оорусуна карап окуу жылы башталгандан бери мектепке бара элек.
- Кызыңыздын мындай сейрек ооруга кабылганын качан билдиңиздер?
- Назбийке 38 жашымда боюма бүттү. "Эми төрөбөйм го" деп эле жүргөм, боюма бүтүп калганын билбей калыпмын. Кош бойлуулугум кадимкидей эле өткөн, кызым убагында басып, убагында тили чыкты. Эми жооштугун сураба, оорусу жөнүндө кымындай да шек санаган эмеспиз. Назбийке эки жашка чыкканда 17 жаштагы уулумду ажалга алдырып жибердим. Бир күнү эле күрсүлдөп жөтөлүп калыптыр. Бронхити бар болчу, ошонусу кармап калган го деп өзүбүздүн эле Тамчынын ооруканасына алып барсак, "суук тийип калыптыр" деп укол сайып жөнөтүп жиберишти. Эртеси да жакшы болбогонунан Балыкчынын ооруканасына алып барсам доктурлар алып кирип кетишкен, 15 мүнөттөн кийин эле суук кабар угузушту. Убагында Бишкекке алып барсам аман алып калат белем деп ушул убакка чейин өзүмдү күнөөлөйм. Ошол баламдын күйүтү менен болуп жүрүп кызымдын кантип төрт жашка чыкканын деле билбей калдым. Оорусу жөнүндө ошондо гана билип жатпайлыбы. Бир күнү эле тизелери дөмпөйүп шишип, денесине кызыл бүдүр сыяктуу тактар чыгып кетти. Ошондо буга чейин билинбей жүргөн оорусу козголуп, кызымдын сийдиги менен кошо майда-майда таштар түшө баштады. Ажалдан коркуп калган жаным дароо эле ооруканага алып жөнөдүм. Балыкчыдан Бишкекке жиберишти, мына, ошондон бери кызыма карап Кызыл-Аскерде батирде турабыз.
- Бул өзү эмне болгон оору экен? Доктурлар кандай диагноз коюшту?
- "1-даражадагы тубулопатия" деген диагноз коюшту, бөйрөктүн тубаса оорусу дешет. Өтө сейрек кездешчү оору болгондуктан, бизде так аныктай албай жатышат. Себеби да билине элек. Эгер чын эле жогорудагы айтылган оору болсо, анда бул айыкпас оору экен. Бөйрөктүн кан айлантуучу сеткасы иштебейт экен да, жеген тамагынын баары ташка айланып бөйрөгүнө чогула берет экен. Приступ кармаганда кан аралаш сийип калат да, таштар жылып отуруп заара менен сыртка чыгат. Майда таштар го билинбей эле түшөт, чоңдугу топчудай болгон таштар түшкөндө оорусуна чыдабай байкуш кызым улактай чаңырат.
- Кыргызстандагы медицинанын күчү жетпесе чет өлкөлөрдө дабасын табышаар? Азыр медицина өнүккөн заман эмеспи...
- "Москвага алып барам" десем, "Мага демектен Америкага алып бар, баары бир эч нерсе кыла албайсың" деген врачтар болду. Бирок, Надира Алымбековнанын моралдык жактан көрсөткөн жардамдарын унутпайм. "Он жаштан өткөндөн кийин колу-буттары ийрейип башташы мүмкүн" дешсе ага жеткирбештин аракетин кылып болгон күчүмдү жумшап жатам. Москвага май айында кетип, августтун он бешинде келдик. Максатыбыз - ошол жактагы тажрыйбалуу дарыгерлерге көрүнүп, так диагнозун чыгартуу болчу. Бирок, бөйрөктү таштардан тазаламайынча алар да изилдей алышпайт экен. Ошентип, сол бөйрөгүнөн бармактын башындай болгон он эки таш алышты. Эки айдан кийин оң бөйрөгүн операция кылабыз дешкенинен октябрь айына белгиленген ошол операциядан үмүт кылып, айыкпас оору болбосо экен дегенде эки көзүм төрт болуп турам.
- Операциясы үчүн элге жардам сурап кайрылдыңыздар эле. Топтолгон акча керектүү суммага жетейин дедиби?
- Чириген бай, чиновниктерден үмүтүм үзүлүп, аргасыздан карапайым элге кайрылдым. Кирбеген чоңум, какпаган эшигим, укпаган сөзүм калган жок. Ырчыларда акча көп болобу деп аларга да таанымал болуп бүттүм. Менин таң калганым - биз чириген бай деп эсептеп жүргөн адамдарга караганда карапайым калктын ушундайда пайдасы чоң экен. Фучиктеги ооруканадан Акылбек Жапаровго жолугуп калып, болгон арыз-арманымды айтып жардам берүүсүн өтүнгөм. Анда министр болчу. "Кагаз түрүндө кайрылыңыз" дегенинен катымды жазып, анализдердин тиркемелерин кошуп кабылдамасына калтырып койгом. Көп өтпөй катчысы чалып "акчаңызды алып кетиңиз" дегенинен делбектеп сүйүнүп алып барсам, колума 500 сом карматышты. Турусбек Мамашев миң сом берди, Аскар Салымбеков жардам берүүдөн баш тартты, Нариман Түлеев мэр болуп турганда ага барсам, жардамчысы "Эгер сизге тууганыңыз жардам бербесе, кошунаңыз жардам бербесе эмне үчүн Нариман Түлеев жардам бериши керек?" деп эшиктен узатып койду. "Кыргызстанды оңдойт" деп биз ишенген ушул жигиттер миллиондогон акчаларынын кымындай бир бөлүгүн кайрымдуулук иштерине бөлүп койсо сообу деле тиймек го?!
- Кайрымдуу адамдар деле көп да, жардам берип жаткандар да болуп жатабы?
- Элден айланса болот, колунан келген жардамдарын берип жатышат. Үйгө чейин алып барып бергендер да болду. Баарынан да Рахман Разыковго аябай ыраазы болуп турабыз. Биринчи жолу Москвага кетип баратканыбызда миң доллар берген. Жакында атайын кайрымдуулук концерт уюштуруп, дагы 25 миң сом чогултуп берди. Сыймыкка да рахмат, аябай адамгерчиликтүү бала экен. Эки күн катары менен концертинде урна койдуруп, сахнадан айттырды эле, анда да эл 20 миңден ашык акча чогултуп беришти. Азыр менин максатым - эмне кылсам да кызымды аман алып калуу. Ошондуктан, эртең менен кадимкидей эле жумушка кеткендей үйдөн чыгып кетем да, көчөдөгү дүкөндөр болобу, фирмалар болобу, баарына кирип, көйгөйүмдү түшүндүрөм. Бирөө жүз сом берсе да банкка жөнөйм. Жолдошум "убара болуп кайра-кайра бара бербей чогултуп барсаңчы?!" десе, "жок, коротуп салабыз" деп банктагы эсепке салганча шашам. Кагуу жеп калган күндөрүм да болот, андайда шагым сынып, үйгө ыйлап барганым менен балаң үчүн кайра эле далбас уруп баштайт экенсиң.
- Өзүңүздөр эмне менен алектенесиздер? Жолдошуңуз каякта иштейт?
- Жолдошум такси айдайт, мен иштебейм. Улуу кызым 24тө. "Аз болсо да акча таап, атаңа жардам бер" деп аны да жакында эле Москвага жөнөттүм. Уулум болсо студент. Жайында Көлгө барып иштеп өзүнүн контрагын, кийиминин акчасын өзү таап келет. "Муну жебей эле койгула, муну кийбей эле койгула, андан көрө ушул акчаны банкка салалы" деп аларды да тыя берем. Батирдин акчасы жакындаган сайын жөн эле ыйлайм. Мен эми түшүнүп жатам "акча жок", "баланчага карыз элем" деген нерселер көрсө жашоодогу майда-барат эле нерселер турбайбы. Балаңдын ден-соолугу болбосо, мына ушул чыныгы маселе экен. Жогоруда айтпадымбы, улуу балам каза болгондо анын өлүмүнө өзүмдү күнөөлөп, муунам деп жанымды кыюуга аракет жасагам. Азыр "эгер ошондо жанымды кыйып алсам азыр Назбийкем эмне болот эле?" деп ойлоп алып жүрөгүм үшүп кетет.
- "Оорусу төрт жашында билинди" деп жатасыз, ошондон бери эч кандай өзгөрүү байкалган жок да, ээ?
- Ишенсең, ошол төрт жылдан бери көз жашым кургай элек. Эмнелерди гана кылбадым, үзүлбөгөн үмүт менен элдик дарыгерлерге да алпардым. Бир жолу биздин телефонубузду кайдан таап алган билбейм, Ак эне деген табып өзү телефон чалыптыр. Чакырганынан барып, жарым жылдай ошону менен убара болдук. "Түнү периштелер келип операция жасашат, мына жакшы болот, ана жакшы болот" эле дейт, рентгенге түшсөк, кайра эле баягы анализдер. Менмин деген элдик дарыгерлерден да жардам болбогонунан алардан биротоло үмүтүмдү үздүм. Уккан, көргөн-билген ыкмаларымдын баарын колдондум, болбой жатат. Кызым такай тамакты тергеп жейт. Кайнатма тамак, күнүнө эки литрден суу ичиш керек. Бала да, көзү кызыккан бир нерсени жеп алабы деп такай аңдып турабыз. Өзү деле эстүү эле, түшүндүрсөң түшүнөт. Эч бир энеге ушундай тагдырды каалабас элем. Өзүң оорусаң да эч нерсе эмес, балаңдын ооруганы баарынан жаман экен. Кээде баарынан чарчап, тажап кетем да белимди бекем бууп, кайра чыйрала түшөм. Эне ошонусу менен эне экен да...








кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"




Яндекс.Метрика