Армандуу сүйүү
Жаштыктын ойноок убагында оштук бир жигитти сүйүп жүрдүм. Анын аты Азиз эле. Ал да мени ушунчалык сүйчү. Азиз экөөбүз таанышкан күнү эле тартынбастан өбүшүп кеттик. Ал мени "Суликом" деп эркелетчү. Анын айтуусуна караганда Сулико ошол кездеги япон тасмасындагы сулуу кыз экен. Эмне кылсак да экөөбүздүн оюбуз бир жерден чыкканына азыркыга чейин таң калам. Биз анда "дүйнөдө биздин сүйүүдөй сүйүү жок" деп айтчубуз. Күндүз да бирге, түндө да бирге элек. Түнкүсүн эгиздердей болуп, бир төшөккө жатып алчубуз. Кучакташып, эзилишип өбүшкөнүбүз менен кошулууга дитибиз барчу эмес. "Ак нике менен кошулабыз" десе, мен дагы анын айтканын туура көрчүмүн. Ошентсе да биздин ортодо не деген гана керемет түндөр өтпөдү! Ай менен жылдыздар бизди терезебизден шыкаалашып, түнкү шыбырыбызга, сүттөй аппак сүйүүбүзгө күбө болушаар эле…

Убакыт деген зымырык куштай зымырап учуп, экөөбүз эки жылдан ашуун сүйүү сезиминин көзгө көрүнбөгөн жиптери менен бири-бирибизге ушунчалык байланыптырбыз. "Эми бизди эч ким ажырата албайт" деп ойлочубуз. Дегеле биз турмушта экөөбүз эки башка жол менен кетерибизди эч качан ойлогон эмеспиз. Тилекке каршы биздин тагдыр, биздин сүйүү экиге бөлүндү…
Бир күнү айылдан апам келип калыптыр. Менин жанымда бир аптадай болду. Ошол учурда апама Азиз жөнүндө айтайын деп, бир ыңгайын таба албай жүрдүм. Жайдын аптаптуу кечтеринин биринде экөөбүз паркка сейилге чыктык. Серүүндөп басып келип, бак түбүндөгү бир олтургучка олтура кеттик. Апам менин саамайымдан сылап, өзүнө тартып чекемден акырын өөп койду. Бул апамдын эркелеткени эле. Негизи апам бизди чанда гана эркелетчү. Башкалардын апаларындай болуп балдарына жалынып, кагылып-согулчу эмес. Мүнөзү да катаалыраак болчу. Анан мен апамдын эркелеткенине жибип кетип, Азиз тууралуу айтууну ичимден чечип, сөз камдап даярданып калдым. Апам менин оюмду окуп койгондой сөз баштады.
- Кызым, бой жетип калдың, турмуш куруу жөнүндө ойлонуп атасыңбы? -, деди мага суроолуу карай.
- Ойлонуп жүрөм, апа.
- Өзүң билесиң, биздин жагдайды, атаң экөөбүздүн эл караган бетибизди жер карата көрбө. Барган жериңе ак жана таза барышың керек.
- Билем, апа…
- Антпесең бизге сөз тийет. Ата-энеси бу кызга тарбия бербептир деп айтышат. Шаарда жашоо ар кандай. Абайлап жүр, бирөөлөргө алданып калба.
- Жок, апа! Сиз менден кам санабаңыз. Мени… Мени коргоп жүргөн жигитим бар.
- Жигитим бар дечи… - Апам саамга ойлоно түштү. Ата-теги ким? Каяктык болот?
- Апа, мен ата-тегин билбейт экем. Чынында мага алардын эмне кереги бар? Азиз оштук болот.
- Ок! Бул эмне дейт ыя?! Оштон дейсиңби?- деп апам чоочуп кетти. Менин жигитимдин оштук экени апама жакпай калганын сезип турдум. Анан аны көндүрүүгө өттүм.
- Апа, Азиз жакшы жигит. Ал мени сүйөт. Кааласаңыз сизди тааныштырам. Өзүңүз бир көрүп, байкаштырып көрөсүз да.
- Кереги жок, таанышпайм. Кызым, эгер мен десең экинчи анын атын мага угузба! - деп апам этегин кагына олтургучтан туруп кетти. Мен апамдан мындайды күтпөгөн жаным дендароо боло түштүм. Азиздин башкага үйлөнүп атканы көз алдыма тартыла түштү. Коркуп кеттим. Тура калып, апамдын артынан бастым. Анын ачуусу келгенин басканынан эле көрүп турдум. Бат-баттан басып, апама жете келдим. Бирок, такыр унчукпадым. Апам ошол боюнча мага таарынып, сүйлөбөй койду. Эртеси айылга кетти. Автобуска түшөөрүндө гана "кызым, кечээки сөздөр эсиңден чыкпасын" -деп бетимен өөп койду. Ошол күнү кечинде Азиз мага келиптир. Колунда чоктой кызыл розалар. Аны көрүп аябай сүйүнүп кеттим.
- Жүрү үйгө кир, кандайсың, алтыным. Мен сени сагынып кеттим.
- Мен да сагындым… - Анын колдору менин белиме ороло түштү. Экөөбүз өбүшүп кеттик. Сагынычыбыз тараганча өбүштүк окшойт. Бир мезгилде Азиз розаларды мага сунуп:
- Сулико, мага күйөөгө чыгасыңбы? -деп жалооруй тиктеди. Мен толкундана түштүм. Андан бул сөздү дегдеп күтпөдүм беле?! Ошол замат апамдын сөзү эсиме түштү да, розаны жыттамыш болуп, ойлоно түштүм.
- Сулико, сага эмне болду? Эмне, бирөө бирдеме дедиби?- деп мени кучактай калды. Эрээркеп кеттим окшойт, ыйлап жибердим.
- Азиз, менин ата-энем каршы болуп атат. Эмне кылабыз?
- Ой, кокуй, ошого да ыйлайсыңбы? Менин деле ата-энем "көлдүк кызды эмне кыласың, оштук кызга үйлөнөсүң" деп атышат. Бирок, мен ыйлабай эле турам го. Ал нерсени экөөбүз гана чечебиз да. Сүйүүгө эч ким жолтоо боло албайт. Биз эки тарап менен тең күрөшөбүз.
- Кантип? Мисалы, сен мени үйүңө алып барсаң, ата-энең киргизбей койсо эмне кылабыз?
- Ошол да сурообу? Кантип эле баласы үйлөнгөнү жатса ата-энеси каршы чыксын? Каяктагыны айтасың да. Алар сени көрүшө элек. Эгерде бир көрүшсө, өздөрү үйгө жетелеп киришет.
- Чын элеби?
- Чын. Анткени, сен чырайлуусуң, акылдуусуң. Ошондуктан ыйлай бербе! Азиз бир нерсеге аябай ишендире билчү. Мен анын айткан ар бир сөзүнө ишенчүмүн. Ыйымды токтотуп калдым. Оюма бир нерсе кылт дей түштү.
- Азиз, кел экөөбүз эч кимге билинбей качып кетебиз да, анан өзүбүзчө эле үйлөнүп алабыз.
- Сулико, эмне, жинди болдуңбу? Ата-эненин ак батасын алып үйлөнүшүбүз керек. Мага бул оюң жаккан жок.
- Жүрөгүм бир жамандыкты сезип турат. Экөөбүз бул жашоодо бир болбой калабыз го…
- Дагы баштадыңбы, Сулико. Мен сага жана айтпадымбы. Бизди эч ким ажырата албайт!
Жүрөгүм түпөйүл тартканы менен Азиздин айтканына ишенип кала бердим. Бирок, бул турмушта Азиздин күчү жетпеген да нерселер бар экен. Маңдайга жазылгандан эч ким качып кутула албаса керек. Мен дагы, Азиз дагы тагдырга баш ийдик көрүнөт, экөөбүз эки башка жолго түшүүгө аргасыз болдук…
Арадан ай өтпөй апам мени айылга тез кел деп чакыртты. Ал кишинин сөзү биз үчүн мыйзам сыяктуу. Азиз мени автобекеттен узатып кала берди. Автобус ордунан козголгондо жанталашып кол булгалады. Анын жалооруган көздөрүнө эмнегедир жаш толгонсуп турганын байкадым. Көрсө, ал деле жүрөгү сезип, мен аныкы болбосумду түшүнгөн окшобойбу. Жолду карата мен дагы ыйлагым келип, өзүмчө буулугуп бараттым. Бир апамды ойлойм, бир Азизди ойлойм, ошентип келатып, уктап кетиптирмин. Түшүмдө апамдар мага сонун туфли сатып беришиптир. Кийсем бутума чак экен. Бирок, мага жакпай калды. Эмнеге экенин билбейм, мага такыр жаккан жок. Тек атам менен апамдын көңүлүн кыя албадым. Кийип алдым. Шаарга келип, Азизге мактансам, ал "ыргытып жибер, мен башкасын сатып берем" деп атыптыр. Мен болсом "кой, атам менен апам таарынат" деп макул болбой, Азиз менен тартышып жаткан экем. Ойгонуп кеттим. Автобуста ушунча убакыт уктаганыма таң калдым. Ошол кезде түшүмө маани деле берген жокмун.
Биздин айыл Каракол-Бишкек жолунун боюнда болгондуктан, айлымдын өзүнөн түшүп калдым. Үйдөгүлөр мени жылуу тосуп алышты. Апамдын маанайы жарык экен, дасторконун жайнатты. Эч нерседен кабар жок, бейкапар чай ичип олтурганда атам алыстан кеп баштады:
- Кызым, бой тиреп калдың. "Кыздын бараар жери күйөө" дейт. Биздин көзүбүз барда жайлуу жерден ордуңду тапканын жакшы. Ата-эне эч качан баласына жамандык каалабайт. Ошондуктан, сен биз айткан жигитке турмушка чыгасың. Сен келгенче биз кудалашып койдук.
- Ата, эмне деп атасыз?- деп чок баскандай ордумдан тура калдым. Атам жер карап унчукпады.
- Олтур ордуңа!- деди апам өктөм сүйлөп. Эмнеге атаңа каяша айтасың? Уят-сыйыт деген барбы сенде? Биз ошондой чечтик. Түшүнбөй жатасыңбы, кудалашып койдук дегенди. Ушуга макул болбосоң, анда биз топурагыбызды түйүп беребиз.
Баарыбыз унчукпай калдык. Менин көзүмө жаш айлана түшүп, бир маалдан кийин тыпылдап тама баштады.
- Кызым, көз жашыңды тый. Апаң экөөбүз али тирүүбүз. Эми бардыгын унут. Үч күндөн кийин сени алып кетишет. Даярдана бер… Сага башка жол жок,-деди атам. Анан дасторконго бата кылып, туруп кетти.
- Апа, Азизди кантем? Мен ансыз жашай албайм…
- Эң сонун эле жашайсың, Азизиң бат эле унутта калат.
- Апа, мен аны унута албайм, мен аны сүйөм!
- Ээ, сүйүүң менен сүмүрөң калгыр. Эшекти отко айдаса бокко качат дечү беле?! Оң жолго салса тескери басасың да. Ким эле сүйгөнүнө жетип атыптыр. Кичине Кудайды карасаң боло, сүйөт десе оштукту сүйбөй, көлдүктү сүйбөйсүңбү?! Мен сага баягыда эле экинчи кулагыма угузба дегем. Болду, ыйлаганыңды токтот, кеңешип, тойдун камын көрөлү,-деп апам кыйкырып салды. Ыйлаган боюнча ордумда катып калдым. "Өлөм" дегенге келип такалдым. Үйдөгүлөр кайтарып туруп алышты. Эки күн боздоп ыйладым. Бирок, менин ыйымды, боздогонумду эч ким уккан жок. Үч күндөн кийин той жасашып, мени алып кетишти. Күйөө мага такыр жаккан жок. Ошондо автобуста келатып көргөн түшүмдү эстедим да, маанисин түшүндүм. Айла жок тагдырга баш ийдим көрүнөт. Артурга аял болдум. Азизди ар күнү эстейм, анын мени күтүп жүргөнүн ойлосом каңырыгым түтөйт, жүрөгүм ооруйт. Бирок, аргам канча, мен тагдырга жеңилип бердим. Бир күнү ага кат жаздым. "Азиз, мени кечир, атам менен апам башка адамга күйөөгө берип коюшту. Алардын айтканына каршы чыга албадым. Мен азыр бактысызмын. Сенин бактылуу болушуңду Кудайдан тилейм. Кош бол! Мен сени сүйөм! Сулико." Сиңдимдин жардамы менен почтадан салып жибердим. Менин жүрөк дартымды билген ата-энем кайнатама айтып атышып, айылда жашап калдык. Таңдан кечке чейин көр тирлик менен алышмай, кеч киргенде мен үчүн азап дүйнө башталат. Күйөөмө бир көңүлүм жок. Уктап калса экен деп тиленип, эшикте бирдеме жасамыш болуп жүрө берем. Анын эч нерсеси мага жакпайт. Бир күнү ажырашып кетем деп жүрдүм. Аңгыча кош бойлуу болуп калдым. Ошентип биротоло Артурга байландым. Артур жакшы күйөө болуп чыкты, камкор, иштерман, майдачыл эмес. Ошентсе да мен азыркыга чейин Азизди унута албаймын. "Ал кандай болуп калды экен? Канча балалуу болду экен? Дагы деле мени сүйөбү же унуттубу?" - деп ойлой берем. Үч балалуу болдум, балдарым бой жетти. Бирок, баары бир Азизди эңсей берем. Ага азыр дагы жолуккум келет. Бир күнү ойлонуп олтуруп ыр жаздым.
"Маңдайга ушундайды жазган окшойт,
Өмүрдү өкүт менен күйүт коштойт.
Экөөбүз баратабыз эки жолдо,
А менин жүрөгүмдө сүйүү боздойт"
Биздин сүйүү армандуу болду. Эч кимге мындай сүйүүнү каалабас элем. Эч кимдин сүйүүсү армандуу болбосун. А менин сүйүүм армандуу…

Айназик Раимкулова