Сиз кандай кожойкесиз?
Албетте, ашкана - кожойкелер үчүн бөлмө. Бирок, бардык эле аялдар убактысынын көбүн ашканада өткөрүүгө жөндөмдүү эмес. А сиз кандай кожойкесиз? Өзүңүздү-өзүңүз текшерип көрүңүз.

1. кокусунан шорпонун тузун көп салып алсаңыз эмне кыласыз?
а) Отургандарды бул солянка экенине ишендирүүгө аракет кылам - 1
б) Шорпого муздак суу кошом - 0
в) Шорпого кайнак суу кошом - 2
г) Рецептке туура келсе күрүч кошом, болбосо, марляга күрүчтү ороп, бир нече убакытка шорпого салып турам. Ошондо күрүч шорподогу ашыкча тузду өзүнө сиңирип алат - 3
2. Борщко жашылчаларды кандай тартипте саласыз (эгер куурубай жасасаңыз)?
а) Пияз, картошка, кызылча, капуста, сабиз - 0
б) Сабиз, кызылча, пияз, картошка, капуста - 3
в) Картошка, кызылча, капуста, сабиз, пияз - 1
г) кызылча, сабиз, пияз, капуста, картошка -2
3. Түшкү тамактан калып калган селёдканы кантип сактайт элеңиз?
а) Мүмкүн болушунча аны сактабаганга аракет кылам, муздаткычтагы селёдканын жыты оңойчулук менен кетпейт - 1
б) Идишке салып, үстүн жаап коём - 0
в) Банкага салып, үстүнө бир аз өсүмдүк майын куюп коём - 2
г) Банкага салып, пиво, кара мурч жана лавр жалбырагынан жасалган атайын маңызды куюп коём - 3
4. Куурулган картошкага качан туз кошуу керек?
а) Бышаарга бир нече мүнөт калганда - 3
б) Куурулуп жатканда - 1
в) Куурулуп бүткөндөн кийин - 2
г) Кууругандын алдынан - 0
5. Макаронду канча убакыт кайнатасыз?
а) Бышыруу убагы упаковкада жазылган - 3
б) Көз болжолго, даамына карап - 2
в) Мүмкүн болушунча көбүрөөк кайнаш керек - 0
г) Дайыма 10 мүнөткө жакын кайнатам - 1
6. Кийин ысытыш керек болгон даяр тамакты муздаткычтын кайсы текчесине сактайсыз?
а) Мааниге ээ эмес, кайсыл жерге батса, ошол жерде тура берет - 0
б) Орто ченине - 2
в) Үстүңкү текчесине - 3
г) Астыңкы текчесине - 1
7. Парфюмериялык каражаттарыңызды каякка сактайсыз?
а) Эң көрүнүктүү жерге. Анткени, үйгө келген коноктордун кооз флакондорду көрүп, менин табитиме баа беришин каалайм - 0
б) Өзүм кийинип жана боёнгон жерде турат - 1
в) Күндүн нуру түз тийген жерден алыс кармаганга аракет кылам - 2
г) Учурда өзүм колдонуп жаткандарын ачык жерде эле кармайм, ал эми али ачыла электери караңгы, күн тийбеген жайда турат - 3
8. Булганган идиштерге кандай мамиле кыласыз?
а) Улам жук болгонун улам жууп турам - 3
б) Биротоло баарын жууш үчүн идиштин топтолушун күтөм - 1
в) Идиш жууганды жаман көрөм, ошондуктан, менден башкалар жуушат - 2
г) Раковинадан ашып кеткенде же колдоноорго таза идиш калбай калганда жууйм - 0
9. Азык-түлүккө бөлүнгөн акчаңыз кийинки айлыкка чейин түгөнүп калган учурлар болобу?
а) Болот, эгерде жакшы пландабасам - 1
б) Жок, бизде дайыма акча болот, анткени, акчаны туура бөлүштүргөнгө аракет кылам - 3
в) Бөлүп койгон акчам дайыма эле кийинки айлыкка чейин жетпей калат да, азык-түлүк үчүн карызга акча сурайм - 0
г) Айлыкка чейин өп-чап жетет же бир-эки күн калганда түгөнүп калат - 2
10. Сиздердин үй-бүлөдө эртең мененки тамакты ким даярдайт?
а) Жолдошум - 1
б) Менден башка эч ким даярдабайт - 3
в) Жолдошум экөөбүз кезек менен даярдайбыз - 2
г) Үй-бүлө мүчөлөрү ар ким өзү үчүн даярдайт - 0




Жыйынтык
7 жана андан аз балл: Үй тиричилиги менен алектенүү сиз үчүн эмес, муну сиз өзүңүз да моюнуңузга аласыз. Көнүмүш тамактарды жасай алганыңыз менен кулинардык китептеги рецептке карап өзгөчө бир даамдуу тамак жасоо оюңузга да келбейт. Сиздин муздаткычыңыздан кайдан келгени белгисиз болгон кандайдыр бир жагымсыз жыт чыгып турат. Шейшептериңиз үтүктөлбөй, идиштериңиз жуулбай көпкө чейин жатат. Кыскасы, сиз үйдөгү тартиптин жоопкерчилигин моюнуңузга алууга даяр эмессиз. Үйгө келген конокторду шылдыраган шорпо менен тосуп койсоңуз да алар сизди сүйүшөт. Сиз ашкана түйшүгүнө кеткен убакытты андан башка чоң иштерге арноону туура көрөсүз.
8-16 балл: Сиз үчүн үйүңүз - өзүңүздү эркин сезип, эс алуучу жай. Жекшемби күнү жасаган шорпоңуз бир жумага жетет. Өзүңүз 4-5 гана тамактын түрүн билесиз да, аларды кезек менен жылдап жасай бересиз. Үйүңүз болсо такай башаламан болуп жатат, канчалык тазалап-жыйнасаңыз деле жайлуу болуп калганы байкалбайт. Өзүңүздүн тиричилигиңизди өзгөртүүгө аракет кылып көрүңүз. Өзгөчө тамак жасап, кооз идиш-аяктарды сатып алыңыз.
17-25 балл: Сиз даамдуу жана пайдалуу тамактар жөнүндөгү китептердин окурманы жана үйдү жасалгалоо боюнча телеберүүлөрдүн көрөрманы болушуңуз мүмкүн. Колуңузда бар азыктарды пайдаланып бир нерселерди тез эле даярдай коюу искусствосун жакшы өздөштүргөнсүз. Бардык ишке чыгармачылык менен мамиле кыласыз. Сиздин идеяларыңыз толтура, бирок, аларды ишке ашырууга көбүнчө убактыңыз менен күчүңүз жетишсиз болуп калат.
26 жана андан жогорку балл: Сиздин үйүңүздү кармаганыңызга, тамак жасаганыңызга көпчүлүк суктанат. Ашканаңызда бир да жук идиш турбайт. Ал эми тамак даярдоо жагынан эң кымбат ресторандардан кем калышпайсыз. Ашкана сиз үчүн жумуш ордуңузга айланган, убактыңыздын көп бөлүгүн ошол жерде өткөрөсүз. Эгер кимдир-бирөө парданы тартып алса, анда ал сизден үйдө өзүн кантип алып жүрүү боюнча бир нече мүнөттүк лекция угууга аргасыз болот.




Кантип идеалдуу кожойке болуу керек?
Ашканадагы тазалык жана иреттүүлүк - идеалдуу кожойкенин "визиттик карточкасы". Мындан тышкары идеалдуу кожойке кандай болууга тийиш?

Идеалдуу кожойке төмөнкүлөрдү билет:
Салат жасоодо, торт жасоодо жылуу жана муздак азыктарды эч качан аралаштырбаш керек экендигин;
даяр тамактарды Ө5 С же андан төмөнкү температурада сактоо керектигин;
муздак тамактарды 48 сааттын ичинде пайдаланыш керектигин;
мөөнөтүнөн өтүп кеткен азыктарды колдонбош керек экендигин.

Идеалдуу кожойкенин...
даяр жана чийки азыктарга колдончу бычагы эки башка болот;
азыктарга чымын-чиркей конбош үчүн ашканасынын терезеси тор менен тосулуу болот;
азык-түлүгүнүн жана тамак-ашынын үстү дайыма жабылып турат;
калдык салган чакасы дайыма жабылуу турат жана эч качан жагымсыз жыттанбайт;

Идеалдуу кожойке...
анын ашканасына бир гана ооруканадагы операция бөлмөсү атаандаш боло алат;
жарака кеткен чыныны, карарып кеткен тарелканы өкүнбөй дароо ыргытат;
ашканадагы азыктарын таракан, кумурска, чымын, чычкан менен бөлүшпөйт;
азык-түлүктү сарамжалдуулук менен жаңысын гана сатып алат.

Нуриса БАЯЛИЕВА