п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Бир тамчы

Нурайым Азыкбаева:
"Апамды биринчи жолу 18 жашымда көргөм"
Атасын тарткан таланттуу, жаштыгына карабай көп нерсеге жетишип, көп ийгиликтерди багынткан Нурайымдын сиз билбеген сырлары төмөндө.

- Нурайым, кандайсың? Маегибизди акыркы жаңы­лык­тарыңдан баштабайлыбы?
- Буюрса, 28-августта Крымда өтө турган конкурска катуу даярданып жаткан кезим. "Чыгыш базары" деген аталыштагы бул конкурска катышуу мага маданият министрлиги тарабынан сунушталды. Учурда убактымдын көп бөлүгүн ырдоо менен өткөрүүдөмүн. Бул сынакта кыргыз тилинде Токтогул Сатылгановдун "Үлгү ырын", "Эсимдени" андан сырткары, Калыйбек Тагаевдин "Таалайым сенде" аттуу ырларын ырдайм. Конкурска катышаарымды кеч угуп калдым, анысы аз келгенсип апам да ооруп доктурга жатып калып эч жагына жетишпей эле кыйналып жатам.
- Апам демекчи, эс тартканда эле атам менен апамды жараштырдык дегениң бар эле?
- Ооба, тагдырдын сыноосубу, айтор, атам менен апам 11 жыл бирге жашашкан жок. Бирок, бири- бирин сүйүшөт. Апам бир конкурста ырдап чыкканда атам калыстар тобунда экен. Ошондо жактырып калып ала качып алган экен. Мени 1 ай 3 күнүмдөн баштап чоң апам Нарынга алып кетип, 6 жашыма чейин ошол жакта бакты. Андан кийин деле байкем, иним үчөөбүздү атам жалгыз тарбиялап, өзү айтмакчы сыртка чыкса ата болуп, үйгө кирсе апа болуп эч нерседен кем кылбай өстүрдү. Биз бой жетип, чоңойгондон кийин атам менен апамдын чогуу жашаарын талап кылдык. Кудайга ыраазымын, азыр экөө чогуу жашашат. Бирге болгондон кийин Бексултан деген дагы бир инилүү болгонбуз, азыр ал 5 жашка чыгып калды. Ошондо мен 18 жашка келгенимде өз апамды көрдүм, ага чейин катташкан эмеспиз.
- Демек, энелик тарбия албай калган турбайсыңбы?
- Мен Мукаш Абдраев атындагы музыкалык интернатта окудум. Окуучулардын апалары келсе эмне үчүн апам мени эстеп да койбойт деп жаман болчумун. Апама таарынып да жүрдүм. Бирок, баары бир эне деген эне экен, кичинемде болбосо да чоңойгондо жанымда болгонуна сүйүнөм. Үйдө апам жок жалаң эркектердин арасында өстүм. Моюнума алам, менде кызга тиешелүү бир да сапат жок болчу. Жалаң шым кийип, эркек балдар менен дос болуп, эркекче жүрчүмүн. Мына боёнуп, көйнөк кийе баштаганыма аз эле болду.
- Атаң тарби ялап чоңойтсо азыр апаңа карганда атаңа жакын болсоң керек.
- Чынын айтыш керек, мурда атама жакын болчумун. Атам менен сырдашып, атам менен кеңешчүмүн. Кыз бала бой жеткенден кийин атасы менен сырдаша албай калат тура. Азыр атам менен сырдаша албайм, жигитим тууралуу кеп козгоп, ички сырымды айткандан уялам. Анын үстүнө атам аябай катуу кармайт. Ошондуктан, апам менен сырдашып калдым. Жигитим туураалуу атам билбейт, апама, кээде жеңеме айтам.
- Жеңелүү болгонго да жетишкен турбайсыңбы?
- Менден улуу байкем үйлөнгөн. Жаңы үйлөнгөндө кандай аял болоор экен деп аябай чочулагам. Жеңем жакшы чыкты. Аты Дания, өзү кыргыз болгону менен көп улуттун каны бар. Өзү котормочу. Заманбап, бетке айткан шаардык кыз. Мага көп акыл-насааттарды айтып турат. Европалык тамактарды жакшы жасайт, мага да үйрөтөт. Бир эркек баласы бар, учурда дагы көз жаруунун алдында турат.
- Жигитиң бар болсо сен да турмуш курууга даяр болуп кал­гандырсың?
- Бардык жигиттерге эле жок деп шагын сындыра бербей, сүйлөшүп көрөйүнчү деп жигит күткөнүмө 5 айдан ашып калды. Менден 5-6 жашка улуу, Токмоктон болот. Мени бир тойдон көрүп жактырып калыптыр. Телефон чалышып мындай эле сүйлөшүп жүргөнбүз, кантип кыз-жигит болуп кеткенибизди өзүм да билбей калдым. Турмуш курууга жашым жеткени менен өзүм даяр боло элекмин. Жигитим эң кичүү баласы болгондуктан, үйдө кала турган келини болом. Ошондуктан, окуумду аякташым керек, чыгармачылыкта да бир топ иштешим керек дегендей. Ошондуктан, дагы жок дегенде 5 жыл жүрөм го.
- Кайсы окуу жайда окуйсуң?
- Улуттук консерваторияда 4-курста окуймун. Андан сырткары, Политехте програмисттикте окуп, аны менен катар ошол эле окуу жайда культурологиядан сабак берем. "Энесай" тобунун директору атам болгону менен көркөм жетекчиси менмин. Андан сырткары өзүмдүн окуучуларымды тарбиялоо максатында "Наристе" деген топ ачканмын. Эң кичүү иним Бексултан ошол топто ырдайт. Концерт, тойлорго чыгабыз.
- Булардын баарына кантип жетишесиң?
- Атамдын тарбиясынан болуш керек, жетишем. Сабакта тыныгуу учурунда чачымды жасай коём, жолдо баратып боёно салам. Анан чуркап маршруткага түшөм. Элдер жылдыз катары карашпаса да таанып, сыйлап, жакшы сөз айткан учурлары болот. Атам сентябрда туулган күнүмө машина белек кылам деген.
- Орозо кармап көргөнсүңбү?
- 9 жашымдан мектепти аяктаганча орозо кармагам. Мага эч ким айтпай эле өзүм кызыгып 3 жыл намаз окуп жүрдүм. Башка диндерди да изилдеп окугам. Өзүмдү мусулманмын деп эсептегеним менен бул динге фанат эмесмин. Анткени, бул дин менен чыгармачылык бири-бирине карама-каршы болгондуктан, бирөөсүн тандаганга туура келди. Мисалы, ислам дининде ырдаганга, ачык кийингенге тыюу салынат да, туурабы? Бала кезден менин жан-дүйнөм музыкага жакын болгондуктан, музыканы курмандыкка чала албадым.
- Костюмдарыңды кайдан аласың?
- Көбүнчө Сайра Момунбаевага тиктирем, Ассолдон алам, азыр "Версуста" бийлеген Айперинин көйнөктөрүн сатып алуудамын. Өзүмчө азыр бир костюмду тиктирсем деп кыялданып жүрөм. Мен ырдап, скрипкада ойногондуктан, аралаш стилдеги костюм, мисалы, топчусун чече салсаң башкача стиль, белин чечсең дагы башка стиль болуп отуруп 5-6 стилди камтыган бир костюм тиктиргим келип жүрөт. Бирок, мен даяр нерсени жакшы көрөм. Көбүнчө бутиктерден кийинем. "Орто-Сай" базарын аябай жакшы көрөм. "Дордойго" болсо өмүрүмдө эки жолу гана баргам.
- Келечектеги пландарың кандай?
- Жакында филармонияга жумушка кирип жатам. Ал жактан мини оркестр ачкым келет. Классикалык жана фольклордук аспаптарды бириктирген оркестр түзсөм деймин. Аны "Жибек жолу" же "Кыргызстан" деп атап алып, бүт дүйнөнү кыдыргым келет. Өзүм скрипка, пианино, комуз, саксофон кыскасы, атамдын бардык эле аспаптарында ойной алам. Музыкалык аспаптарда ойногонум атамдан жукса, ырдаганым апамдан жуккан. Апам мыкты ырдайт. Мурда "Энесайдын" солисти болчу. Аты-жөнү Зина Кудайбергенова. Дүйнө кыдыруу боюнча атама жетпесем да дүйнөнүн көп жерлерине баргам. Көрө элек жерлеримди да көрүп, дүйнөнүн төрт тарабын көрүү - келечектеги максатым.

Сауле Сулайманова







кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"









??.??