п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Денсоолук

Тамекиден жабыркаган органдар
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмдарынын билдирүүсүнө караганда, бүгүнкү күндө тамеки тартууга байланыштуу оорулардан дүйнө жүзү боюнча ар бир 6 секундда бир адам өлөт, жылына 5 миллион адамдын өлүмүнө тамеки себеп болот. Тамекинин зыяны тууралуу эң жакшы билсек да андан баш тарта албай жүргөн адамдар миллиондоп саналат. Бул зыяндуу адаттан эркектин организмине караганда аялдын организми эки эсе көп жабыркайт. Кантип?..


Мээ
Тамеки чегүү организмдин инсультка чалдыгуу тобокелчилигин кескин жогорулатып жиберет. Анткени, ал баш мээнин кан менен жабдылышынын бузулуусуна алып келет.


Кекиртек
Кекиртек рагы менен да көбүнчө тамеки тарткан адамдар оорушат. Анын негизги белгилери: жутунгандагы оору, жөтөл.


Көз
Тамеки тартуу - көздү коргоочу микроэлементтердин алмашуусун токтотот. Тамекини көп чеккен адамдын көзү кызарып, жашылданып, кабагы шишип турат. Никотин көрүүнүн нервине жана көздүн кыймылдуу булчуңдарына таасир этет. Тамырлардын ичкеришинен көрүүнүн курчтугу жоголот.


Чач
Кайраттуу, жакшы чачка ээ болуу үчүн организм тамак-аштан азыктандыруучу заттарды жана витаминдерди алууга тийиш. Мындан тышкары бул азыктар организмге жетүү үчүн кан айлануу жакшы болууга тийиш. Никотин кан айланууну бузуу менен чачка да терс таасирин тийгизет.


Өпкө
Өпкөдө пайда болгон шишик, башкача айтканда, өпкөнүн рагынын 90 %ы көп жылдар бою тамекиден баш тарта албай келаткан адамдарда кездешет. Күнүнө 2 кутудан тамеки тарткан адамда 20 жылдан кийин өпкөнүн рак оорусуна кабылуу коркунучу 70 пайыз жогору. Бул оорунун мүнөздүү белгилери: кыйнаган тынымсыз жөтөл, кан какыруу, көкүрөктүн оорушу. Мындан тышкары, тамеки тартуу дем алуу органынын бронхити, эмфизема ооруларын чакырат.


Тиш
Тамекинин түтүнүндөгү чайырдын көп өлчөмү тиштин саргайып кетишине себепчи болот. Тамекиге өтө берилген адамдардын тиштери биротоло эле күрөң болуп калат. Ошондой эле тамеки чеккен адамдардын ооз көңдөйүндө чекпеген адамдардыкына караганда бактерия көп болгондуктан, ал бүйлөлөрдүн оорусун чакырат. Ал эми бүйлө оорусу эрте күндө тиштердин түшүп калышынын негизги себепчиси.


Тери
Суткасына 20 даанадан ашык тамеки чеккен адамдын терисине чекпеген адамдыкына караганда 5 эсе бырыш көп түшөт. Анткени, тамеки чегүүдөн теринин серпилгичтиги жоголот. Теринин рак оорусун да тамеки чакырат.


Ашказан
Тамекини тынымсыз пайдалануу ашказанда жарага айлануучу туз кислоталарынын пайда болушун шарттайт. Ашказан жарасынын белгиси - тамактан соң же таң азан киндик менен төштүн ортосундагы зыркыраган оору. Оору бир нече мүнөттөн бир нече саатка чейин созулушу мүмкүн. Ошондой эле ашказан жарасы көңүл айнуу жана кусуу, тамакка болгон табиттин жоголушу, арыктоо менен коштолот. Тамеки тартуу жаранын айыгышын кечеңдетип, анын кайра кайталанышына шарт түзөт. Жара оорусу ашказан рагына алып келиши мүмкүн.


Жыныс системасы
Никотиндин жыныс бездерине тийгизген терс таасири далилденген. Тамеки тарткан айымдар климакска эрте кабылышат. Мындан тышкары, тамеки тартпаган аялдарга салыштырмалуу тарткан аялдарда бойдон түшүү 3 эсе көп болот. Жаш курактын өтүшү менен тамеки тарткан аялдар бала төрөө жөндөмдүүлүгүнөн да ажырайт. Анткени, жыныс гормондору азаят, тамекинин уусу жетилген клеткаларды өлтүрөт.


Жүрөк-кан тамыр системасы
Тамекинин түтүнү жүрөк булчуңдарына кычкылтектин жеткирилишин кескин түрдө бузат. Тамеки чегүү кан басымды көтөрүп жиберет: кан тамыр кысылып, натыйжада жүрөктүн иштешине күч келет. Жыйынтыгында жүрөк кеңейип, бузулат.
Тамеки чегүү кандагы холестериндин деңгээлин жогорулатат. Эгер тамеки чеккен адамдын канында холестерин көп болуп, кан басымы да жогору болсо, жүрөк пристубу коркунучу 8 эсе жогорулайт. Жүрөк пристубунан каза болгондордун орточо жашы - 67 жаш, ал эми тамеки чеккендердики - 47 жаш.

Кол, бут
Ар бир жетинчи тамеки тарткан адам эртеби, кечпи эндартериит оорусуна кабылат. Бул тамырлардын кысылуусунан улам келип чыккан өнөкөт тамыр оорусу. Мунун акыры гангренага жетет да, ооруган адамдын колун же бутун ампутация кылууга туура келет.


Азиза САТИМБЕКОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"









??.??