Семетейчи Сейдана
Өздүк архивимди аңтарып атып, алты жыл мурун Семетейчи Сейдана апа менен болгон маегимди таап алдым. Ал мезгилде мен апанын батасын алайын деп атайын Токтогулга издеп барган элем. 85 жаштагы Сейдана апанын айткандары мага жомоктой сезилген. Апанын күпүлдөп семетей айтканын, анын аялдык, энелик тагдырын угуп көзүмө жаш алганым бар. Ошол маекти бүгүн кайрадан гезит бетине жарыяладым. Анткени, Сейдана апа кыргыз элиндеги кайталангыс таланттардын бири, аялдардан чыккан жалгыз семетейчи. "Семетей" боюнча Сейдана варианты Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясында сакталып турат. Бул боюнча илимий изилдөө жасап аткандар да жок эмес.

- Апа, атыңызды эмне үчүн Сейдана деп коюшкан?
- Мен 1920-жылы Токтогулдун Кара-Тектир деген айылында туулгам. Атам Молдоке өз оокатына тың, орто чарбалуу, ошол мезгилдеги айылдын алдыңкыларынын бири эле. Атам мен төрөлгөндө аябай сүйүнүп, "кыздуу болум" деп той бериптир. Анткени, мен 4 уулдан кийин төрөлгөн жалгыз кызмын. Ээгимде бармак басым меңим болуптур, ошондон улам атымды Сейдана атаптыр. Өзүм эки үйдүн ортосунда эркелеп чоңойдум. Атамдын бир тууган агасы каза болуп, 4 баласы жетим калбасын деп өзүнөн 5 жаш улуу жеңесин аялдыкка алат. Өзүнүн аялы Сонунбү болгон. Эки аялы менен тең жашаган. Мени Айтбү төрөйт да, анан атам Сонунбүгө бердиртет. Сонунбү апам мени туубаса да тутунуп, жакшы тарбиялап өстүрдү. Эки апам тең эзилишип, мээрим төгүп турушаар эле. Чоңойгончо Сонунбү апам төөнүн сүтүн берип жүрдү. Табакка саап келип, мага жылуулай ичирчү эле. Негизи төөнү чанда киши саайт, чанда киши ичет. Төөнүн сүтүнүн касиети өзгөчө. "Бала кезинде төөнүн сүтүн ичкен адамдын бети нурлуу болуп, оңой менен бырыш түшпөйт" деп айтчу апам. Он үч жашымда мектепке бардым. Кыштообуз аябай алыс болчу. Ошондуктан жатак мектепке окудум. Мектепке барганда майда өрүлгөн чачтарымды жандырып, эки өрүм кылып өрүштү. Ошондо аябай ыйлаганым эсимде. Ал кезде күйөөгө тийген кыздардын чачын эки өрүп коюшчу да. Кийин ал чачыма деле көнүп кеттим. Болочок жолдошум менен ошол жатак-мектептен таанышкам. Ал менден бир класс жогору окучу. Экөөбүз ээрчишип эле жүрчүбүз. 17 жашымда болгону алты класстык билим алдым.
- Анан качан турмушка чыкты­ңыз?
- Эмнесин айтайын, менин жаштык чагым согуштун алаамат күндөрүнө туш келди. 1943-жылы эки агамдан кара кагаз келди, экөө согуштан дайынсыз жоголду. Эки баласынан катары менен кара кагаз келгенде атам кайгысынан чөгүп кетти. Бир күнү сүйгөнүм да согушка аттанды. Ал кетип жатканда: "Сейде, мени күт, мен кандай болбосун жоону жеңип келем. Келерим менен экөөбүз той өткөрөбүз",-деди. Мен ыйлаган боюнча калдым. Далай азаптуу күндөр, кайгылуу түндөр баштан өттү. Айылдарда жалаң гана кары-картаңдар анан жаш чиедей балдар, кыз-келиндер калды. "Жеңиш үчүн" деген ураандын астында күнү-түнү, ысык-суукка карабай иштедик. Күндө бирөөгө кара кагаз келет, анан эле чыркырап ыйлап калабыз. Кудай мага оң карадыбы же сүйгөнүмдүн оозуна сала бергенби, айтор, согуштан аман келди. Келгенден үч күндөн кийин тоюбуз болду. Ошондо "жаштын тилегин берет" деген сөздүн калетсиз айтылганын түшүнгөм.
- Окурманга ушул нерсе кызык болсо керек, анан кантип семетейчи Сейдана болуп калдыңыз?
- Бул бир жомок го. Өзүм да жомоктор дүйнөсүндө жашагандай болдум. Баатырлар мага күтүүсүз келди. 1958-жылдын жай айлары болчу. Жашаялметмин. Бирок, турмушубуз жакшы эле оңолуп калган. Балдарыма чай берейин деп эшикке чыккам. Бир аз мурунураак казанга нан жапкан элем. Ошонун чогуна кара чөөгүнгө чай койгом. Карасам чай шакылдап кайнап турган экен. Коломтого эңкейип, чөөгүндү алайым десем эле "Сейдана" деген бир башкача добуш заңк этти. Башымды өйдө көтөрүп, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Эми эле эч ким жок эшиктин алды кылкылдаган эле атчан жоокерлерге толуп кетиптир. Жүрөгүм оозума кептеле түштү. Маңдайымда жайкалган ак сакалы төшүн жапкан, ак калпагы бийик, ат минген адам турду. "Сейдана, биз Бээжинге баратабыз. "Намаз убагы болуп калды. Үйүңө намаз окуп алалы деп кайрылдык. Тиги болсо Айкөл Баатыр, жакшылап кара, мындан кийин сен бизди айтасың. Сага ишеним бердик",-деди ак сакалы жайкалган Бакай ата. Айкөл баатыр жакты карап коркуп кеттим, сүрү бир укмуш экен. Аккуласынын бийиктиги беш кабат үйдөй, сол тарабындагы арстан мени көздөй атырылып туруптур. Коркконумдан көйнөгүмдүн этегин жамынып жата калдым. Канча жатканымды билбейм. Турсам небак күүгүм болуп калыптыр. Балдарым ачка ызы-чуу болуп атышат. Чөөгүнүм кайнай берип соолуп, астындагы оту да өчүптүр. Эс-мас абалда кайрадан отту жагып, чай кайнатып, балдарымдын курсагын тойгуздум. Эмне балакет болгонун аңдай албадым. Өңүмбү же түшүмбү дейм. Жөн эле көзүмө көрүндүбү десем, аттардын туяктарынын изи короомдо калыптыр... Ошондон кийин баатырлар мага келе башташты.
- Демек, аян берилген турбайбы?
- Ошондой го. Негизи баатырлар көзүмө көрүнгүчө бир сырдуу түш көрдүм. Түшүмдө Токтогул ата комузун чертип ырдап келатат. Өзү ат үстүндө экен. Куржунунун эки көзү толтура кумга толуптур. "Сейдана, сен ырчы болосуң" деп куржундагы кумдан кочуштап оозума куят. Мен кум толуп аткан оозумду калкалап "мен ырчы болбойм, өзүм аял киши болсом кантип ырчы болом? Бул өнөрүңдү башкага бер" деп кыйкырып ойгонгом. Ушундан көп узабай эле баатырлар үйүмө келди. Алар келгени менде такыр тынчтык болгон жок.
- Эмне үчүн тынчтык болгон жок?
- Жашоом такыр башка нукка бурулду. Тигилер келип "бизди айт" деп кыйнашат. Кайнатам абдан каардуу киши эле. "Катындан манасчы чыккан эмес. Биздин тукумду уятка калтырба, балам", - деп катуу айтты. Өзүмчө камыгып жаман болом. Ошентсе да мойнума албай жүрдүм. Аягында "шерлериңди алабыз" дешти. Аттиң-ай, ушул сөздүн маанисин ошондо жаштык кылып түшүнбөптүрмүн. Далайга моюн толгоп жүрүп, катарлашып өсүп келаткан 4 эркек уулумдан ажырадым. Татынакай жүрүшүп эле биринин аркасынан бири чымчык болуп учуп кетишти. Ошондо бир боздодум го... Үнүм Кудайга жетти окшойт. Бир күнү Каныкей, Айчүрөктү ээрчитип мага келишиптир. "Сейдана, Айкөлдөн корксоң, бизди ырда" деп айтышты алар. Анан Каныкейдин Тайторуну чапканынан айта баштадым. Жолдошум күндүз үйгө камап кетет. Айылдагылар жинди Сейдана дей башташты. Түнкүсүн айылды бир кыдырып чыгам, чырактары толук өчкөндө үйгө келип таң атканча манас айтам. Таң кылайып келатканда эсим ооп төшөккө жыгылам. Көрсө, айылдыктар келип, экиден-үчтөн болушуп короодогу бактардын түбүнө жашынып, мени угушчу экен. Мен аны кийин билдим.
Бир күнү күйөөм эшикти чала жаап кетиптир. Кудай жолумду ачты окшойт, качып чыктым. Чаң жолдогу автобусту тосо калып, ичине түштүм. Каякка баратканымды деле билбейм. Баягы автобус Токтогулдагы слётко баратыптыр. Ырчылар ырдап атышат. Мага эч ким кезек берген жок. Ыңгайын таап сахнага чыга калдым да, толуп-ташып манас айтып кирдим. Элдер ыйлап угуп атышты. Бирөө келип мени токтотту. Дүркүрөтө кол чабуулар жаңырды. Ошондон кийин чыгармачылык жолум ачылды.
- А эмне үчүн семетейчи болуп калдыңыз?
- Башында айтпадымбы, Манасты бир көрүп коркуп калгам деп. Ошондон улам ал жөнүндө ырдабай калбадымбы. Балким, Бакай ата айткандай жакшылап карасам, манасчы болуп калмакмын, бул менин арманым. Эмнеге жакшылап карабадым деп өкүнүп калам. Айкөл баатырга салыштырмалуу Семетей аябай сулуу жана сүйкүмдүү жүзүнөн нур төгүлүп турат. Жан дүйнөмө жакын Семетейди ырдап калдым. Семетей тирүү, ал менин көзүмө көрүнүп турат. Жамандык же жакшылык болордо сөзсүз белги берет.
- Кийин балалуу болдуңузбу?
- Балага зар болуп какшап ыйлап жүрүп, баатырлардын батасы менен баатыр бала төрөгөм. Ал балам алты айлык кезинде олтуруп, 5 жашар кыздын чачынан жулуп ыйлатчу. Бирок, көп өтпөй ал балама көз тийип чарчап калды. Кийин Кудайдан тилеп жүрүп, дагы уулдуу болдук. Анын атын Тилеген койдук. Андан кийин кыздар төрөлдү. Бирок, эненин жүрөгү башкача болот экен, баягы өлгөн балдарымды эстегенде тимеле ичимден кан өтүп кетет. Маңдайга жазганы ушул тура. Чоң касиет чоң азаптар менен келерин кийин түшүндүм. Канча бир жылдардан кийин жинди Сейдана атым өчүп, Семетейчи Сейдана атка кондум. Ушуга шүгүр дейм.
- Сизди бардык нерсени алдын-ала билет дешет. Кечиресиз, канча жашаарыңызды билесизби?
- Баатырларым баарын кабарлап турушат. Көп нерсенин алдын ала көргөнүм, билгеним менен эч кимге эч нерсе айттырбайт. Мага андайга жол жок. Керек болсо качан өлөрүмдү да билем. Илгери Токтогулда жер титирөө болуп, кайнатамды там басып калган. Көзүнүн агы менен айланып, аябай карагам. Ошондо "балам, мен сага 87 жаш өмүр бердим" деп батасын берген. Кудай буюрса, мен 87ге чыкканда баатырларым аркы дүйнөдөн тосуп алышат...
- Апа, кызыктуу маегиңизге ырахмат. Күүлүү-күчтүү болуңуз.
- Силерге да рахмат. Өркөнүңөр өссүн.

Р.S. Сейдана апа өзү айткандай 87 жашка чыкканда, мындан 4 жыл мурун көз жумду. Жарык дүйнөдөн кетеринде баатырлар жөнүндө жомогун жалгыз уулу Тилегенге тапшырат. "Балам, мен кыйналып кеттим, бирөөгө бер деп атышат. Баатырларды сага тапшырдым", - дейт. Ал баласы көп өтпөй эр ортону элүү жашында семетейчи апасынын аркасынан кете берди. Не дейбиз, армандуу дүйнө экен да. Бирок, "аккан арыктан суу агат" дешет. Касиеттүү апанын кызы Бактыгүл Сейитбекова элге белгилүү акын болду. Ал эми Бактыгүлдүн жалгыз уулу Алихан кыргыз эстрадасындагы жаш ырчылардын бири. "Эр тайын тартат" деген Алихан таенесинин батасы менен көгөрүп жатат.

Айназик РАИМКУЛОВА