п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Роза Отунбаева 60 жашта
Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева кечээ алтымышка чыкты. Мамлекет башчы туулган күнүн шаан-шөкөт менен өткөрбөй тургандыгын, анткени, азыр майрамдай турган учур эмес экендигин маалымат каражаттарына билдирген. "Менин туулган күнүмдү куттуктап, гүл белек кылууну каалагандар андан көрө мектеп окуучуларына окуу китебин алып берсин", - деди Роза Отунбаева "Вечерний Бишкек" гезитине берген интервьюсунда.


Коопсуздук кеңешинин катчысы дайындалды
Президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы болуп Марат Иманкулов дайындалды. Буга чейинки коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын аркалап келген Алик Орозов өткөн аптада кызматтан алынган болчу. Ал өзүнүн кызматтан кетүүсүнүн саясый себептен эместигин белгилеген эле.


Шайлоого ат салышчу партиялардын саны азаюуда
10-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын саны 56га түштү. 15-августка чейин шайлоого катышуу ниетин билдирген 57 партиянын бирөөсү шайлоого баруудан баш тартты. Учурда партиялар каржы фондун түзүп, курултайларын өткөрүү менен 120 кишиден турган тизмени тактоо боюнча иш алып барышууда.


Таанылбаган сөөктөрдү Орусияда изилдеп жатышат
Ош, Жалал-Абаддагы кандуу окуялардан курман болуп, бирок өздүгү таанылбай аткан сөөктөргө Орусияда изилдөө жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, иликтөөдө 54 сөөк бар. Коогалаңда жакындарын жоготкондордун кан анализдери жана таанылбай калган сөөктөрдөн биологиялык материалдар чогултулуп, жалпы 201 үлгүнү атайын топ Орусияга жеткирип келди. Эми таанылбай жаткан сөөктөрдү тактоо иши Москвадагы шаардык соттук-медициналык экспертиза бюросунда улантылмакчы. Экспертизанын жыйынтыгы бир айдын ичинде белгилүү болот.


Бишкекте HRW уюмунун баяндамасы айрылды
Өткөн аптада Бишкекте "7-апрель" кыймылы HRW уюмунун баяндамасына каршы акция өткөрдү. Митингчилер аталган уюмдун өкүлдөрүн түштүк окуяларын иликтөө боюнча эл аралык комиссиянын курамына киргизбөө талабын койду. Бул кыймылдын жетекчиси Өндүрүш Токтоназаровдун аталган уюмдун түштүк окуяларын иликтеген көлөмдүү баянын Бириккен Улуттар уюмунун Бишкектеги кеңсесинин алдында айрыды. Эскерте кетсек, 16-августта HRW уюму түштүктөгү окуялар боюнча иликтөөсүнүн алгачкы жыйынтыктарын жарыялап, анда өкмөттүк күчтөр өзбектерге карата чабуулга жардам берген, окуяны калыс иликтебей жатат деген кине койгон.


Өзбекстанда кармалып тургандар кайтты
Өзбекстанда бир айдан бери кармалып турган 11 адам Кыргызстанга кайтып келди. Алар Кадамжайдан Ошко келатканда Өзбекстандын аймагына тиешелүү Жабагы (Ябаги) аймагында кармалып турган. Алар Кыргызстандагы ири кен казчу ишканаларга жардыргыч заттарды алып келип берүү кызматын көрсөткөн "Кыргызгеолтехкомплект" ишканасынын беш айдоочусу жана түштүктөгү окуяга байланыштуу аларды коштоп барган Ички иштер министрлигинин алты кызматкери болчу. Аталган ишкананын башкы адиси Таалай Кудушевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, алардын Тажикстандан Кыргызстанга алып келе жаткан 40 тоннадан ашуун жардыргыч заты ошол аймакта калган. "Эми биз ал жүктү алып келүү үчүн атайын документтерди даярдап жатабыз. Бул Өзбекстандын мыйзамына ылайык, ошол өлкөдөн жүк ташып өтүү шарты боюнча даярдалат. Бул бир айды алат экен", - дейт Т.Кудушев.


Мелис Мырзакматов Ош шаарынын мэри кызматында калды
Өткөн жумада Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовду кызматтан алуу боюнча өкмөттүн чечими чыккандыгы боюнча кептер тарап, бул чечимге каршы Ошто 2 миңдей киши чогулуп митинг өткөрүштү. Алар мэрдин кызматта калуусун талап кылышкан. Митингчилерге чыгып сүйлөгөн сөзүндө Мелис Мырзакматов элди түндүк-түштүккө бөлүп сүйлөгөнүнө нааразы пикирлер арбын. Ошол эле митингде өкмөт мүчөсү Азимбек Бекназаров чыгып сөз сүйлөп, М.Мырзакматовго бир топ башка да кызматтар сунушталганын, бирок ал мэрдик кызматта калууну каалаганын кабарлады.




кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"









??.??