PRESSKG.COM

  Аялзат жана карьера

Роза Акназарова:
"Ар бир адам өзүнүн "чатырына" ээ болуш керек"
Кыргыздын көрүнүктүү кыздарынын бири, көп жылдардан бери белдүү кызматтарда иштеп, Кыргызстандын экономика тармагына өз салымын кошуп келген айым Роза Акназарова өзүнүн "Эл ынтымагы" партиясы менен бирге ири партиялардын бирине кошулду.


Акназарова
Роза Корчубековна Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору, профессор. Учурда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. Анын илимий эмгектери биздин өлкөдө гана эмес, көптөгөн чет мамлекеттерде да кеңири таанылган. Илимий-изилдөө эмгектери негизинен агрардык экономика, эмгек мамилелери, агрардык секторду каржылоо маселелерине арналган. Роза Корчубековна Улуттук банкта бөлүм башчы, андан соң банктардын карыздарын реорганизация жана реструктуризациялоо боюнча агенттиктин директору болгон. Кыргызстанда алгачкы жолу "Төлөө балансын" иштеп чыгып, пайдаланууга киргизгендиги жана акча-кредит саясатын жөнгө салуу жолдорун иштеп чыккандыгы үчүн "Эмгеги сиңген экономист" деген ардактуу наамга татыктуу болгон. Ал жеке өзү иштеп чыккан ипотекалык курулуш долбоору Сузак районунда ийгиликтүү ишке ашып, селден жапа чеккендер үчүн 100 күндүн ичинде 1000 үй курулган. Социалдык фонддун төрайымы (1999-2000-жж.), Жогорку Кеңештин депутаты (2000-2001-жж.), эмгек жана социалдык жактан коргоо министри (2001-2005-жж.) кызматтарын ээлеп турганда көптөгөн социалдык-экономикалык багыттагы кодекс, мыйзам жана башка нормативдик-укуктук актыларга демилгечи болуп, алардын кабыл алынышына зор салым кошкон. Мындан тышкары, бир катар илимий концепцияларды иштеп чыгуу аркылуу экономикалык теориянын өнүгүүсүнө да шарт түзгөн.


- Роза Корчубековна, атаңыз кыргыздын тарыхында аты калган инсан эмеспи. Сиздин бүгүнкүдөй калыптанышыңызда ал кишинин ролу чоң болсо керек?
- Албетте, атамдын тарбиясы, акыл-насааты менин жашоомо өз таасирин тийгизди. Атам биздин эч кимибизге катуу сүйлөгөн эмес, бирок, баарыбыз андан ийменип турчубуз. Биз сегиз бир тууганбыз, бир айда бир жолу бизге чогулуш өткөрүп турчу. Ал чогулушта мектептеги жетишкендиктерибиз, кемчиликтерибиз тууралуу сөз болчу, кыскасы, кимибизде эмне жаңылык болсо атама айтып берчүбүз. Эсимде, атама бир жолу чай сунсам: "Кызым, чыныңдын чекеси кир экен, таза жуубайсыңбы?" деген. Мен үчүн анын эң катуу сөзү ошол болгон. Бирок, өмүр бою көкүрөгүмдө калды. Азыр да чай ичкен чынынын тазалыгына аябай көңүл бурам.
Апам болсо аябай жакшы окуганына карабай жогорку билимге ээ боло албай калган экен. Өкүнүчү ичинде калганбы, өзүм окубасам да балдарым окусун деп баарыбызды жогорку окуу жайларда окутту. Ал киши менин баскан-турганымды карап эле: "Ушул кызым министр болот, баскан-турганы министрдикиндей",-деп калаар эле. Оозуна сала бергендей 2001-жылы Эмгек жана социалдык жактан коргоо министри болуп дайындалбадымбы. Атам болсо, "кызым, сен жакшы окуп, илимдин доктору болосуң",-дечү тээ бала кезимде эле. Атамдын айтканы да келди. Анын ошол сөзүн актайын деп тырышып окуп, экономика илимдери боюнча докторлугумду жактадым.
- Сиздин Сузактагы селден кийинки жүз күндө миң үй курулган долбооруңузду билебиз, азыр деле Ош, Жалал-Абад шаарларына ушул долбоорду ишке киргизсе болобу?
- Чындыгында эле бул ийгиликтүү долбоор болду. Бул иш алгач селден жапа чеккендерге жер бөлүп берүүдөн башталган. Ошол жерди күрөөгө алып, пайдубалдар тургузулган, анан пайдубалды күрөөгө алып, дубалы... Ушинтип этап-этап менен кете берген. Анан үй тургузулуп бүткөндө 15-20 жылга ипотекалык кредитке берилген. Азыр биздин партиянын программасына Ош, Жалал-Абаддын тургундары үчүн эле эмес, жалпы эл үчүн ипотека менен үй берүү маселеси киргизилген. Бул негизги программаларыбыздын бири. Адамга эмне зарыл? Албетте, үй зарыл. "Үңкүр да болсо үйүм бар" демекчи, ар бир адам өзүнүн "чатырына" ээ болуш керек.
- Сиздин "Эл ынтымагы" аттуу партияңыз бар эле. Шайлоого ошол өзүңүздүн партияңыз менен аттанууну каалаган жоксузбу?
- Кааладым. Бирок, "ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" демекчи, ага мүмкүнчүлүк болгон жок.
- Эмне үчүн башкага эмес, "Республика" партиясына токтолдуңуз?
- Башка партиялардан да сунуштар түшүп жатты. Байкасам, "Республика" партиясынын бүгүнкү күндөгү Кыргызстанда түзүлгөн кырдаалдан, саясий, экономикалык жана адамдардын аң-сезиминдеги кризистен чыгуу жолдорунун программасын так жана айкын сунуштаганы жана ушуларды ишке ашыруучу адамдардын ушул партияда болгондугу мени өзүнө тартты.
- Роза Корчубековна, айтсаңыз, карьеранын үй-бүлөгө терс таасири тийбейби?
- Бири-бирине зыянын тийгизбей экөөнү катар алып кетүүгө неге болбосун? Албетте, эркек кишиге караганда аял киши үчүн карьера жасоо бир аз кыйыныраак, бирок, эбин тапса болот. Мисалы, менин жолдошумдун өз иши бар, менин өз ишим бар. Экөөбүз бири-бирибиздин жумушубузду эң жакшы түшүнүшөбүз. Балдарыбыз болсо чоңоюп калышты, экөө студент, кичүүсү мектепте 11-класста.
- Аялга тиешелүү жумуштардын кайсыларын жасай аласыз?
- Бүт баарын жасайм. Шырдак шырымай, курак курамай болобу, кыскасы, аял киши эмне кылыш керек болсо, ошол жумуштардын баары колумдан келет. Менин дагы бир жагым - айрымдардай болуп үй кызматчы жумшабайм. Жумуштан барган соң үй жумуштарынын баарын өзүм жасайм, анын үстүнө кыздарым да чоңоюп калышты. Менин эң жакшы көргөн жумуштарымдын бири - гүл өстүрүү. Үйдө жүзгө жакын гүлүм бар, атайын астейдил көңүл буруп, алардын гүлдөгөнүнөн, жалбырак ачканынан ырахат алам. Ар бир күнүмдү алар менен сүйлөшүүдөн баштайм. Командировкада же дагы башка жакта жүрсөм да телефон чалып: "Ай, гүлдөргө суу куйдуңарбы? Соолуткан жоксуңарбы?" деп эң биринчи гүлдөрүмдү сурайм. Менин колумдан негизи гүл тез көбөйөт.
- Маегиңизге ырахмат. Алдыдагы шайлоодо жеңишке жетишиңиздерге тилек­тешпиз!


Азиза Сатимбекова








кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"




Яндекс.Метрика