Тор артындагы тагдыр

Зульфия:
"Бошонсом Уланды издеп табам,
бирок, түрмөгө камалганым
тууралуу айтпайм"

Бирөөнүн асыл жары, бирөөнүн мээримдүү энеси, бирөөнүн наздуу кызы болуу кандай бакыт? Биздин бүгүнкү каарманыбыз эне мээримине зар болуп өскөнү аз келгенсип, аялдык бакытын да тапкан жок, тогуз ай көтөрүп, омуртка сыздата төрөгөн өз кызына да ээ боло албады... Көрсө, тагдыр аны али калчап бүтө элек экен. Темир тор артына келгенде жогорудагы бактысыздыктарынын баары биригип келип да түккө арзыбай калды. Ойносо оюнга, күлсө күлкүгө тойбой турган күлгүн жаштыгын Степное айылындагы аялдар түрмөсүндө өткөрүп жаткан 20 жаштагы Зульфиянын тагдырына сиз дагы ортоктош болуңуз.


- Зульфия, бул жагымсыз жайга сени кандай тагдыр айдап келди? Өзүң жаш, татынакай кыз экенсиң...
- Мен бул жерге хулиганчылык менен түшкөм. А негизги себеби - ичкилик.
- Эмне, иччү белең?
- Мен Каракөлдөн болом. Биздин пешенебизге Кудай өзү ушундай тагдырды жазган окшойт, үй-бүлөбүздө канча адам болсо, ошонун баары иччү. Атам менен апам арактан көздөрү ачылбай, биз кичине кезибизде эле ажырашып кетишиптир. Агам экөөбүз таенемдин колунда калдык. Атабызды көргөн да эмеспиз, апабызды болсо бир жылда бир жолу көрүп калбасак, ал да ар кайсы жакта жүрө берчү, эмне кылып жүргөнүн эч ким билбейт. Мен болгону 5-класска чейин окудум. Агам болсо тамга да тааныбай калды, аны окутайын деп ойлогон деле эч ким болбосо керек. Ошентип, үчөөбүз бир үйдө баш калкалап жакшы эле жашоо кечирип жаткандай болгонбуз. Таенемдин пенсиясы, агам экөөбүздүн ар кимдин жумушун жасап тапкан беш-он сомубуз менен жан багууга болоор эле. Анан кайсы кара теке сүздү, таенем да ичкиликке берилип кетти. Ай дээр ажобуз, кой дээр кожобуз болбогон соң биз да өзүбүздү өзүбүз билип, өтүгүбүздү төргө илдик. Таенем каза болгондон кийин мен таякемдин колуна бардым. Ал да ичкич болчу. Өз таякем болсо да мага ит көрбөгөн кордукту көрсөттү. Бир жолу ысык тамакты көтөрүп баратып бутуна төгүп күйгүзүп алды да, каратып туруп эле "сен кылдың" деп догурунуп мени сабап, үйдөн кууп чыкты. Тётя Шура деген орус аял бар эле, атасы тааныбаган мени ошол аял иштетип, үйүндө жашатып жүрдү. Анын уюн бактым, соодасына жардам бердим...
- А ичкиликке качантан баштап бериле баштадың?
- Тётя Шуранын үйүндө жашап жүргөнүмдө Айзада деген курбум бар эле. Бир күнү ошол курбум жигити менен келип, "отурушка барып келели" деп калды. Үчөөбүз бир жерге барып, ошондо мага Айзада чайга коньяк кошуп ичирип коюптур. Мен байкабай иче бериптирмин да, мас болгондо уктап калыптырмын. Ошону менен таң атканда турдум. Дагы жакшы, эч ким мага тийишпептир. Иштин чоо-жайына түшүнгөндө "бул эмне кылганың? Мен али күйөөгө тийе элек кыз болсом..." деп Айзаданы уруштум. Ошондон баштап аз-аздан татып жүрүп кийин көнүп кеттим окшойт.
- Кызың бар турбайбы, аны төрөгөнгө качан жетиштиң?
- Токтогулда жашаган Жыпар деген эжем турмушка чыгып, ошону күйөөгө узатканы барган элем. Той бүтүп, мен Каракөлгө кайтаарда балдар ала качып кетишти. Отурбайм деп жакшы эле чыр салдым, эжем болбой отургузуп койду. Көрсө, баарын өзү уюштурган экен. Мен анда болгону 15 жашта элем. Кайнене-кайнатамдар жакшы эле кишилер болчу, бирок, күйөөм иччү, мени сабачу. Аны менен болгону үч ай жашадым да, боюмда бар экениме карабай ажырашып кеттим. Ай-күнүмө жеткенде кыз төрөп, атын Милана койдум.
- Азыр кызың кимдин колунда?
- Кызымды болгону эки ай эмиздим. Анан "мен убактылуу карап турайын" деп атамдын карындашы алып койду. Бир аз иштеп, алайын деп барсам, өзүнүн фамилиясына өткөрүп алыптыр. Ошол боюнча эжемдин колунда калды, азыр үч жашта. Кызымды сагынам, кучактагым келет, өпкүм келет. Бирок, билбейм, эми эжем бербесе деле керек. Менин тагдырымды түп-тамырынан бери өзгөрткөн каргашалуу окуяга да кызымдын айынан кабылгам десем болот.
- Эмне болуп?
- Эжемдин кошуналарынан кызымды сабап, кордойт деп угуп калдым. Ошонун айынан эжем менен катуу урушуп, жаман болуп жүргөм. Ошондой абалда жүргөн күндөрүмдүн биринде Базар-Коргондо жашаган Алишер деген таанышым Каракөлгө келип калды. Апамды Базар-Коргондо деп да угуп калчумун. Анан Алишер кетээрде "апамды издейм" деп ага кошулуп алдым. Базар-Коргонго кирип баратып Алишер экөөбүз талаа жакка кайрылып, ошол жерде отуруп ичкенбиз. Анан мен машинанын арткы салонунда жатып уктап калыптырмын, турсам, Алишер жок, кетип калыптыр. Мен машинадан түшүп, ашканага кирип тамак жедим, кымыз ичтим. Анан бир көчө ары жашаган дагы бир таанышым эсиме түшүп кетти. Ошонун үйүнө кетип баратып көчөдөн бир кызга жолугуп калдым, аны жакшы деле тааныбайм. Ошол жерден экөөбүз бир нерседен улам айтыша кеттик да, айтышыбыз чачташууга айланды. Эжеме ичимден ушунчалык жинденип жүргөн жаным өчүмдү ошол кыздан алайын дедимби, мастыгым менен тиги кызды сабап салыптырмын. Өзүм болсо чачын колума орогонумду билем, башкасын билбейм. Жазган арыздарына караганда аны менен кошо ажыраткан экөөнө да зыян келтирген имишмин. Колу сынып же башы жарылган деле эч кимиси жок, сотко баары жакшынакай болуп эле келип жатышты. Баарынан мени таң калтырганы, "кичинекей эки жаш баламды сабады" деген айыбы болду. Мен башкасын моюнума алсам да ушуну моюнума ала албайм. Анткени, кичинекей бала менде деле бар, өзүм анын азабын тартып жүргөнүмдө миң мас болсом деле мен алардын чекесине чертпейт болчумун. Мына, ошентип, темир тор артында жатканыма сентябрь айында 1 жыл болот. Буюрса, эркиндикке чыгаарыма 2 ай калды. Күндүн өтүшү тозок болуп эркиндик дегенде эки көзүм төрт болуп жүргөн учурум азыр.
- Чыксаң биринчи эле кимге барасың?
- Таенемдин үйүн таякемдер 5 миң долларга сатып жиберишиптир, эжемдер болсо мени катардан чыгарып коюшкан окшойт, бир жыл ичинде бирөө да басып келген жок. Агамдын кайда экенин билбейм. Менден кабар алган жалгыз адам - тётя Шура болду. "Чыксаң комок иштетесиң" деп мага иш даярдап коюптур. Эркиндикке чыксам, биринчи эле тётя Шурага барам да, иштеп акча чогултуп, таенемдин үйүн кайра сатып алам деген оюм бар. Анан... Уланды издейм.
- Улан деген ким эле?
- Ал менин жигитим болчу. Экөөбүз бири-бирибизди аябай сүйүшчүбүз. Улан менин мындай тагдырга туш келгенимди билбейт. Анткени, каргашалуу окуя болоор алдында мен ага таарынып, сүйлөшпөй жүргөн болчубуз. Бир жолу Улан, досу үчөөбүз жүрсөк, экөө урушуп кетип, Улан досун урам деп кокусунан мени катуу согуп алган. Ошого өчүрүп салчумун. Ошентип жүргөндө 1-2 айдан кийин эле жанагыдай окуя болуп кетпедиби... Менин камалып кеткенимди угуп кандай кабыл алат деп атайын кабарымды билдирбей жүрөм. Эми бошонсом издеп табам, бирок, түрмөгө жатып чыкканым тууралуу айтпайм.
- Апаңды издебейсиңби?
- Билбейм... Бирөөлөр дагы эле ичип жүрөт дейт, дагы бирөөлөр ичкиликти таштап, бала багуучу болуп иштейт экен дейт. Кимисине ишенээримди билбейм. Бирок, апамды бир жолу издеп көңүлүм калган. Майлуу-Сайда орус достору бар эле. Апамдын ал жакта экенин деле билчү эмесмин, бирок, бир жолу негедир Майлуу-Сай жакка эле бутум тарта берди. Тобокел деп барып, Галя деген курбусу жашаган батирди издеп таптым. Эшигин такылдатсам бирөөсү ачты, төр жакта апам мас болуп жатат. Көрсө, ал алкашкана экен. Туура, апам мени көрүп ыйлады, өпкүлөдү. Бирок, ошол эле күнү Галядан акча алыптыр да, мени күрөөгө калтырып өзү бир жакка кетип калыптыр. Мына келет, ана келет деп 14 күн күттүм. Апам келген жок. Акыры ал жерден эптеп качып чыктым. Апамды акыркы көргөнүм ошол болду, эми издеп тапканда деле мени кучак жайып тосуп алаарынан күмөнүм бар.
- Зульфия, кимдир-бирөөгө айта турган сөзүң бардыр?
- Мен эжелериме кайрылгым келет. Токтокан, Жыпар, Аида, Айзада эжелеримден эгер кечире алышса мени кечирип коюшун суранаар элем...


Маектешкен
Азиза Сатимбекова