п»ї

Толук бактылуулук үчүн
канча төшөк оюну керек?
Төшөк оюну өтө кылдат нерсе экен. Өзүңүз да, жолдошуңуз да ыраазы болуу үчүн төшөк оюнунун оптималдуу саны канча болуш керек экендигин билесизби? Анда билип алыңыз.

"Жалкоолор"
Сиздердин баш кошконуңуздарга көп болду. Баштагыдай бири-бириңиздерге болгон кумарыңыздар назик жана ишенимдүү сүйүүгө айланган. Азыр алектенүүчү башка нерселер пайда болгон: үй иштери, бала, жумуш - булардын баары убакытты жана күчтү талап кылат. Андыктан, көбүнчө жөн гана кучакташып жатууну эп көрөсүздөр. Бирок, эсиңизде болсун: адистер эркектин спермасын 5 күндөн ашык кармабоону сунушташат.
Сиздердин нормаңыздар: жумасына 1-2 жолу.
Пайдалуу кеңеш: жагымдуулукту пайдалуу иш менен айкалыштыра билиңиз: кечинде күйөөңүз менен диванда ооналактап жатып тарыхый кино көргөндүн ордуна эротикалык кино көрүүгө болот. Бул каалоону күчөтүп, сиздердин сексуалдык жашооңуздарды жаркын кылат.

"Мышыктар"
Сиздер мышыктар сыяктуу өз алдыңыздарча сейилдеп жүрө бересиздер. Ар бириңиздердин өзүңүздөрдүн жумушуңуздар, хоббиңиздер бар. Сиз башка эркектердин, күйөөңүз айымдардын өзүнө көңүл бурушун каалайт. Бирок, баары бир бири-бириңиздерди сүйөсүздөр. Үйгө келгенде алгачкы таанышкандагыдай эле бири-бириңиздерге тартылып турасыздар.
Сиздердин нормаңыздар: жумасына 5-6 жолу
Пайдалуу кеңеш: Формадан башка мазмун бар экенин унутпаңыз. Өзүңүздүн кандай көрүнүп жатканыңызды унутуп, сүйүктүүңүз менен төшөктө экениңизди эстеңиз.

"Ажырагыстар"
Сиздер бири-бириңиздерге катуу ишенесиздер. Көп убактыңыздарды бирге өткөрөсүздөр, атүгүл түшкү тыныгуу мезгилинде да убакыттан пайдаланып жолугуша калып чогуу тамактанганга аракет кыласыздар. Күйөөңүздөн башка эркек менен болуу сиздин түшүңүзгө да кирбейт. Ошол эле убакта күйөөңүз да өзүн башка аял менен элестете албайт.
Сиздердин нормаңыздар: жумасына 4 жолу төшөк оюнун ойноо.
Пайдалуу кеңеш: Аягына чейин бири-бириңиздерден тажабоо үчүн жана кызыкчылыкты жоготуп албоо үчүн эротикалык оюндарды көбүрөөк ойноого аракет кылыңыздар. Бул сиздердин сексуалдык "диапазонду" кеңейтип, өмүр бою бири-бириңиздердин көзүңүздөргө чөп салбоого жардам берет.

"Бүркүт менен кептер"
Сиздердин түгөйлүк турмушуңуздарда негизги ролду күйөөңүз ойнойт. Үй-бүлөнү башкарат, акча табат... Андыктан, сиздин күн тартибиңиз күйөөңүздөн көз каранды. Ушуга байланыштуу сиздердин сексуалдык кызыкчылыгыңыздар дайыма эле төп келе бербейт: бул темада сиздин ой жүгүртүүңүз бир топ кенен, а жолдошуңуз көбүнчө бошобойт, бошосо да башы жумуштагы маселелерге толгон.
Сиздердин нормаңыздар: жумасына 3-4 жолу
Пайдалуу кеңеш: Ар түрдүүлүк үчүн төшөктө башкаруучулук ролду өзүңүзгө алыңыз. Бул сиздердин мамилеңиздерге керектүү "градус" кошот.




Бир аз статистика:
Сүйүүгө эң жакын калк болуп француздар эсептелинет. Алар орточо эсеп менен жылына 137 жолу төшөк оюну менен алектенишет.
А япондор төшөк оюнуна караганда сүйлөгөндү жакшы көрүшөт. Аларга бир жылда 46 төшөк оюну жетиштүүлүк кылат.
Ал эми төшөк оюну алдында эркелешүү жагынан анлгичандар алдына киши салбайт. Алар бири-бирин төшөккө даярдоо үчүн 22,5 мүнөт сарпташат. Немистер булардан бир аз артта калат - алардын көрсөткүчү 22,2 мүнөт.
Климат канчалык жылуу болсо, сексуалдык активдүүлүк ошончолук жогору болот.
19 жаштагы эркектин сексуалдык кызыкчылыгы менен 30 жаштагы аялдын сексуалдык кызыкчылыгы дал келет, ал эми 40 жаштагы эркектин кызыкчылыгы 20 жаштагы аялдыкына туура келет.
Акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй, адамдын социалдык статусу канчалык жогору болсо, төшөк оюнунун жетишсиздиги анда ошончолук аз болот.




Төшөк кумарынын 6 душманы жана алар менен күрөшүүнүн ыкмалары
Интимдик жашооңуз аз эле убакыттын ичинде тажатмага айланып кетишин каалабасаңыз, анын негизги "душмандарын" билүүгө тийишсиз.


№1 душман - алкоголь
Айрыкча көп өлчөмдөгү алкоголь. Изилдөөлөргө караганда, пивону сүйүүчүлөрдүн көпчүлүгү импотенттер экен. Узакка созулган олуттуу изилдөөлөрдөн кийин окумуштуулар дагы бир жыйынтыкка келишкен: сексуалдык жаатта аялын канааттандыра албаган эркекердин да көпчүлүгү ичкиликке жакын эркектер. Аялдардын топтолуп калган, пайдаланылбаган сексуалдык энергиялары невроз оорусуна айланып кетет.
Төшөктөгү маселе эркек жумасына 1 жолу алкоголь колдонгон учурдан башталат. Мындан тышкары, пивонун курамында семирүүгө алып келүүчү аялдардын эстроген гормону бар.

№2 душман - тамеки
Белгилүү болгондой, тамеки тамырлардын кысылуусуна алып келет. Мындан жыныс органдарга кандын куюлушу кыйындайт. Импотенттердин 87 пайызы тамекиден "өчү барлар". Бул илимий факт. Тамекинин аялдарга тийгизген таасири да дал эле ушундай. Алар сезимталдыгын жоготушат.

№3 душман - кофе
Бул ысык суусундукка ашыкча берилүү - тамырлардын кысылуусуна алып келет. Эркектердин бел суусунун эрте түшүп калышы мына ушунун жыйынтыгы. Аялдарда жүрөктүн тез-тез согушун пайда кылат.

№4 душман - семирүү
Денеде канчалык май көп болсо, аны "алып жүрүү" үчүн ошончолук көп күч керек. Тепкич менен чыкканда, үй жумуштарын жасаганда... Жана төшөктө да. Төшөк оюну - оңой эмес физикалык эмгек.

№5 душман - дары-дармек
Дары-дармек бирөөнү дарыласа, бирөөнү алсыздандырат. Айрыкча эркектер гипертония, диабет ооруларынан дарыланууда дары-дармектин ашыкча өлчөмүнөн абайлаш керек. Ал эми аялдарга антибиотиктерден этиет болуу сунуш кылынат.

№6 душман - ага механикалык мамиле жасоо
Төшөк оюну менен алектенүүнү спорт катары көрсөңүз, башкача айтканда, ага физиологиялык мамиле жасасаңыз, бир күнү болбосо бир күнү аны менен алектенгиңиз келбей калат.


Аймээрим КУРБАНАЛИЕВА




кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"









??.??