п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Cиз кандай
айдооч суз?
Азыр шаардын жөө жүргөн адамынан машинасы көп көчөлөрүндө рул башкарган айымдар күндөн-күнгө көбөйүп барат. Алардын баарын эле жол эрежесин мыкты билип, машинаны жакшы айдайт деп айтуу кыйын. Эгер сиз да темир тулпар ээси болсоңуз, кандай айдоочу экендигиңизди төмөнкү тест аркылуу текшерип көрүңүз.

1. Сиз окулистке барып, көзүңүздүн көрүүсүн текшертип турасызбы?
а) жылына бир жолу
б) эки жылда бир жолу
в) начар көрө баштаганы
өзүмө сезилгенде

2. Бир нерсеге катуу кыжырданып же нерв болуп жатканыңызда рулга отурасызбы?
а) тынчтанууга аракет кылам,
качан өзүмө келгенде гана
рулга отурам
б) иштеримдин баарын жыйыштырып коём
в) ооба

3. Машинаны айдоо алдында ар бир жолу дөңгөлөктөрдүн желин
текшересизби?
а) ооба, анткени, жолдогу күтүлбөстүктөрдү каалабайм
б) кээде, узакка жол жүрөөрдө
в) эч качан текшербейм, качан гана дөңгөлөктөрдүн бири ылдыйлап калганда жели чыкканын билем

4. Машинаны айдоо алдында ар
бир жолу майдын деңгээлин
текшересизби?
а) ооба
б) маал-маалы менен
в) жок

5. Машинаны айдоо алдында ар бир жолу радиатордогу суунун бар экенин карайсызбы?
а) ооба
б) кээде гана
в) жок

6. Машинаны айдоо алдында ар бир жолу арт жакты көргөзүүчү күзгүнүн жайгашышын
текшересизби?
а) ооба
б) эгер шаарда жүрсөм, сөзсүз түрдө
в) жок
7. Сиз жол эрежесин катуу
сактайсызбы?
а) дайыма
б) МАИчилерге жакындаганда гана
в) жок, сактабайм

8. Машина айдап баратканда
тамеки чекчү адатыңыз барбы?
а) жок
б) кээде гана
в) ооба, анткени, тамекиден баш тарта албайм

9. Машина айдап баратканда күзгүгө карап, боёнчу
адатыңыз барбы?
а) жок
б) кээде үйдөн жетишпей калганда
в) жок

10. Жолдо жүрүп келатып чарчаганыңызды сездиңиз.
Эмне кыласыз?
а) керилип-чоюлуп бир аз эс алуу үчүн машинаны токтотом
б) жаныма дайыма сергитүүчү суу, сагыз, конфет сыяктууларды салып жүрөм
в) чарчаганыма карабай сапарымды уланта берем

11. Сиздин машинаңыздын
алдындагы машина аябай жай темп менен баратат.
Муну кандай кабылдайсыз?
а) мүмкүн болгон жерден
андан озуп өтөм
б) мен тобокелчиликтен коркпойм, дароо эле андан озуп өтөм
в) сигналды улам-улам берип, кыйкырып сөгөм

12. Өзүңүз машинанын дөңгөлөгүн алмаштырганды жана башка жеңил нерселерин оңдой
койгонду билесизби?
а) албетте билем, муну ар бир айдоочу билүүгө тийиш
б) эгер татаал болбосо, көрсө болот
в) жок, машинаны айдагандан башканы билбейм, ар бир майда-бараттары үчүн да автосервистин кызматын пайдаланам

13. Светофорду күтүп турганыңызда жаныңызга
келип токтогон машинанын
айдоочусу сизге колун булгалап койду. Жооп бересизби?
а) жок, жооп бербейм
б) эгер маанайым жакшы болсо
в) жооп иретинде мен да колумду көтөрүп коём

14. Бактагы бензинге кандай
"мамиле кыласыз?"
а) бензиндин деңгээлинин көрсөткүчү белги
бергенге чейин куям
б) бакта бензин жетиштүү болсо деле күн сайын куя бермей адатым бар
в) бензиндин деңгээлинин көрсөткүчү качан гана белги бергенде куям

а - 2, б - 1, в - 0
Жыйынтык:
0-9 упай. Сизге дагы көп нерселерди үйрөнүүгө туура келет. Рулга отураар алдында ойлонуңуз: эгер өзүңүздүн коопсуздугуңузга кам көргүңүз келбесе, жок дегенде башкалардыкы тууралуу ойлонуңуз.

10-20 упай. Сиз жакшы эле айдоочусуз, бирок, мыкты деп айтууга болбойт, анткени, айрым жерлерде эрежени оңой эле бузуп коёсуз. Сиз жол эрежесин жогорку деңгээлде билбейсиз, дагы жакшылап өздөштүрүүгө туура келет.

21-28. Сиз эң жакшы айдоочусуз. Машинаны эч бир кемчиликсиз айдайсыз. Эгер сиздей айдоочулар көп болгондо жол кырсыктары азаймак.





Руль башкарып баратканда кандай көнүмүш адатыңыз бар?
Назира Жетигенова, куудул:
- Мен светофорго токтогондо жанымдагы машинанын ээсине эркеги болобу, айымы болобу, тийише бермей адатым бар. "Эмне настроениең жок?" дейм дароо эле. Айрымдар акшыйып карап коюшат, андайда андан бетер күчөйм. Качан күлүп, маанайы көтөрүлө түшкөндө максатыма жеткендей болом. Көпчүлүгү эле мени таанып, сөзүбүз уланып кетет. Айрым "шустрыйлар" "телефонуңду бербейсиңби?" десе, "өзүмө керек" деп коём. Жакындан таанышуу үчүн мени озуп өтүп же артымдан бир топко чейин ээрчип келгендер да көп эле болот.


Неля, ырчы:
- Мен машинага отураарым менен радиону коймой адатым бар. Музыка жок болсо, бир нерсе жетишпегендей эле боло берем. Катуу да угалбайм, акырын чыккан жагымдуу музыканын ыргагы менен машина айдагандан ырахат алам. Анан да рулга отурганда чоң жоопкерчиликти сезем. Айрым кыздардай болуп машина айдап баратып эле күзгүгө карап боёнуп же дагы башка нерселер менен алаксып, эрежени бузуудан алысмын.


Назгүл Насиева, продюсер:
- Менин машинамды адамдай көрүп, аны менен сүйлөшө берчү адатым бар. "Бүгүн экөөбүз бул иштерди бүтүрөбүз, тигил иштерди бүтүрөбүз..."-деп аны менен пландарымды бөлүшөм. Мындан мурунку "Аудим" менен кырсыкка кабылганымда аным тетиктерге ажыратып сатуудан башкага жарабай калган. Ооруканадан чыкканымдан кийин машинамдын абалын биринчи жолу көрдүм. Тамтыгы кетип, майышып жатканын көрүп тим эле жакын адамымдан айрылгандай өкүрүп-бакырып ыйлагам.


Айгерим Расул кызы, ырчы:
- Менин рулда бараткандагы бир адатым - жарышмай. Кокусунан бирөө мени атайын озуп өткөнүн байкап калсам, атайын катуу айдап барып андан өтүп, көзүнө көрүнмөйүнчө жаным жай албайт. Ал башка жолго бурулуп кетсе да өчөшүп артынан кууп кете берем. Качан гана жетип, сигналды катуу басып өтүп кеткенден кийин санаам тынчып, өз жолумду улантам. Дагы бир адатым же принцибим - светофордун сарысы күйүп-өчүп жатканда өтүп кеткенге үлгүрүп калышым керек.




кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"









??.??