п»ї

  Куудул Жаныбек Алыкуловдун жубайы Азиза:

"Жаныбек кайнатма шорпону жакшы көрөт"
Чыныда эркектин жамандыгын жашырып, жакшылыгын ашырып келген аялзаты экенин ким танат? Элге Шорпо деген ат менен кеңири таанылган куудул, сатирик Жаныбек Алыкулов жубайы Азиза менен жыйырма бир жылдан бери турмуштун ачуу-таттуусун бирге татып, түтүн булатып келе жатышат. Жаныбек Алыкуловго жубайы төмөндөгүдөй мүнөздөмө берет.

- Азиза эже, көпчүлүктүн көңүлүнө жаккан куудулдун купулуна кантип толдуңуз эле?
- Жаныбек 1988-жылы жаңыдан сахнага чыга баштаганда Сайра Кийизбаеваларды туурап, "Мыскыл жана Тамашага" чыгып жүрчү. Ошондо Жалал-Абадга барып иштеп калды. Экөөбүз ошол жерден тааныштык, бир көрүшкөндө эле жылдызыбыз келишип жакшы сүйлөшүп кеттик. Гастролдорго чогуу барып, убактыбыздын көбү бирге өткөндүктөн, бири-бирибизди жакындан тааныганга жакшы шарт түзүлдү окшойт. Адам менен бат тил табышып, тамырын тартканга жөндөмдүү экени менин ичимди жылытты. Жаныбек менден тогуз жаш улуу, бир жылдай сүйлөшүп жүрүп, жыйырма жашымда турмушка чыктым. Турмуш кургандан кийин борборго көчүп келдик. Жашай турган үйүбүз жок батирлеп, кээде туугандардын үйүндө жашадык. Акчаны бир жагына тартсаң бир жагына жеткире албай кыйналган күндөрүбүз көп болду. 1998-жылы "Жаныбектин жарамазаны" деген концерт койдук, эл аябай көп болуп аншлаг менен өткөндүктөн, дагы эки күнгө создук. Ошол концерттен түшкөн каражатка азыркы жашап жаткан тамды сатып алганбыз.
- Чыгармачыл адамдардын мүнөзү башкача болот эмеспи. Тилин табыш оңойго турбаса керек?
- Так сүрөттөп айтып бере албайм, бирок, чын эле чыгармачыл адамдардын мүнөзүн таап, кабак-кашына жараша мамиле жасаш бир топ машакатты талап кылаарын жон терим менен сездим. Жаныбектин мүнөзү жумшак, бирок, ошол эле учурда жини келсе жаман. Тынч жатып телевизор көргөндү жакшы көрөт, үйдүн түйшүгүнө, ашканага көп аралаша бербейт. Чакырылган жерге даярдалган кийимди кийип барып сыйын көрүп, тамадалык кызматын аткарып келет, болду. Кыскасы, улуу баламдай эле кам көрөм. Жакшы көргөн жумушу - телевизор көрүү, гезит окуу. Таарынышып кеткенде да тултуюп унчукпай калат. Кишинин көңүлүн алып кечирим суроо деген бизде жок. Унчугушпай отуруп, кайра эле тиричиликке байланышкан сөздөр менен сүйлөшүп кетебиз.
- А таарынычтар эмнеден улам келип чыгат?
- Жаныбектин деле кыялы оңой эмес, идеалдуу деп айтуудан алысмын. Кээде болоор-болбос нерсеге эле жинденип урушуп иймей адаты бар. Кийиминин кичине эле жери булганып калса кыялы кармап, жинденип кетет. Кээде "эч нерсе болбойт" деп булганганына карабай кийип кете берет. Айтор, мүнөзүн өзүм да түшүнбөй кетем. Ушундан улам уруштар чыгат. Тамагын өз убагында белендеп даяр кылып бербесең андан да кээде түшүнбөстүктөр чыгып кетиши мүмкүн. Кийимдерин иретсиз таштап баса бермей адаты бар, чечкени чечкен жерде калат. Ошондо да ачуум келип, айтчу сөздөрдү айтып калам. Тузу ачуу тамакты жаман көрөт. Кокус тамагымдын тузу өтүп кетсе дароо айтат. Андай уруш-талаштар ар бир үй-бүлөдө болуп турганы мыйзам ченемдүү көрүнүш болсо керек.
- Адатта куудулдар сатираларга аялдарды көп аралаштырышат эмеспи. Жолдошуңуз сизге тийишип калмай жайы барбы?
- Экөөбүз акыркы жылдары тойлорду чогуу алып барып, дуэт ырларыбыз бар, аларды аткарып жүрөбүз. Жаныбек акыркы жылдары чындап эле арыктап кетти да. Мен болсо тескерисинче мурда арык болсом, азыр толуп баратам. Анан тойлордо мени чакыраарда "мени арыктап эле баратасың дейсиңер, азыр алдыңарга алда немедей Азиза чыгат" деп элди күлдүрөт. Мен да күлкүм келип ырымды аягына араң чыгарам. "Алда немедей" деген сөздү көп колдончу болду акыркы күндөрү. Бирок, мен андай тамашаларына таарынбайм деле, күлүп тим болом. Жаныбек да мага тамаша менен тийишкенде таарынтып албагыдай, катуу тийбегидей сөздөрдү тандап алат.
- Отуруштарда кандай отурат?
- Үйдөн көп сүйлөбөгөн Жаныбектин досторунун арасында жаагы тынбайт. Күлдүрүп, тамашалап сүйлөгөндөн ээринбейт. Анын үстүнө досторунун арасында дайыма көңүл борборунда болгондуктанбы, туулган күндөргө барсак туулган күн ээлери унутулуп элдин баары Жаныбектин оозун карап калышат. Анын дагы бир артыкчылыгы - эмне жөнүндө сөз болуп турса ошол темага жараша анекдот айтканды жакшы көрөт. Анекдотту образга кирип айткандан ырахат алабы, айтор, анекдоттору такыр түгөнбөйт.
- Кимдер менен үй-бүлөлүк катыштасыздар?
- Куудулдардын көбү менен катышып чай ичишип турабыз. Алар менен чогулганда кыраан-каткы күлкү менен отурабыз. Күмөндөр, Абдылдалар менен кошулганда элестетип көргүлө...
- Ичкилик менен "ажыраштыбы"?
- Ден-соолугуна байланыштуу ичимдикти оозуна албай калганына төрт жылдан ашты. Ага чейин жакшы эле ичти болуш керек. Анда ичип келсе да жаңжал чыгарбай тынч жатып калган жакшы адаты бар болчу. Мен деле мас немеге көп асылып уруш чыгарганды жакшы көргөн аялдардан эмесмин. Тамагын берип, тынч жаткызып койчумун.
- Көбү куудулду өз атынан айтпай Шорпо деп жүрүшпөйбү. Сизге ушул аты жагабы?
- Мага да, Жаныбекке да ушул ат жагат. Кээде тамашалап "досторум мени Шорпо дебей Жаныбек дешсе таарынам" деп күлүп калат. Ушул пародиясы Жаныбекти элге кеңири таанылтпадыбы. Өзү да куурулган тамакка караганда кайнатма шорпону жакшы көрөт.
- Кыялкечпи?
- Жок, романтикадан аябай эле алыс. Туулган күнүмдө же аялдардын майрамында гүл көтөрүп келип куттуктаганды жаман көрөт. Жөн эле "майрамың менен же туулган күнүң менен" деп тим болот. Анын үстүнө тапкан-ташыган акчаны менин колума өткөрүп берип койгондуктанбы, каалаган нерсеңди сатып ал деп тим болот.
- Берген белектеринин кайсынысы ушул күнгө чейин эсиңизде?
- Негизи эле Жаныбектин мен бир нерсе алып жатсам акчасын төлөй коймой адаты сүйлөшүп жүргөн кезде эле бар болчу. Биз анда жаңыдан таанышып, кыз-жигит да боло элек болчубуз. Нарындын Ак-Талаасына Абдылда, Абидиндер менен гастролго чыкканбыз. Француздардын сонун өтүгү сатылып жатыптыр. Кызыгып карап калганымды байкап калган окшойт, мени бөлмөсүнө чакыртып жибериптир. Барсам ар жактан тыпыйган баштыкка салынган ошол өтүктү алып чыгып, мага берди. Эсимде, өтүктүн баасы жүз сом болчу, анда жүз сом чоң акча эле. Ичимен кудуңдап сүйүнгөнүм менен сыртыман сыр бербей белегин алып койдум. Калп айтпасам ошол өтүктү үч же төрт жыл кийдим окшойт. Дээрлик жаңы бойдон бүгүнкү күндө да сакталып турат.
- Уулдарыңыздан кимиси ата жолун жолдочудай?
- Алмаз музыкант экенин көбү билет эмеспи. Жанар быйыл жогорку окуу жайга тапшырды, спорт менен машыгат. Андан кийинки уулубуз Манас атасына көбүрөөк окшойт. Азыр тойлордо кызмат кылып, тамадалык кызматты аткарып жүрөт. Азыр онунчу класска көчтү. Кичүү балабыз Гүлжигит быйыл төртүнчү класска барат, бийге шыгы бар экени байкалып турат.
- Көпчүлүктүн көңүл борборунда жүргөн адамдын жубайы болуу сиз үчүн сыймыкпы?
- Сыймык десем да болот, анан да жоопкерчилиги чоң. Эл сыйлаган, барктаган адамды күтүп алуу да оңой иш эмес. Азыр Кыргызстандын кайсы бурчуна барбайлы, Жаныбектин көзүн карап тосуп алышат. Элден айланса болот. Билинбегени менен үч уулду тарбиялап жыйырма бир жылды артка таштаптырбыз. Эң негизгиси бактылуу үй-бүлөнүн сыры ынтымакта экен. Бири-бириңди түшүнсөң, колдосоң, жеңилиңди жерден, ооруңду колдон ала билсең турмуштун агымы менен кете бересиң. Мен азыр Жаныбектин каалоосун айттырбай эле көз карашынан түшүнөм.


Маектешкен
Сауле Сулайманова




кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"









??.??