п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Акча бетиндеги айымдар
Акча ансыз деле "сулуу", бирок, бетине аялдын сүрөтү чагылдырылганда ал эки эсе "сулуу" болуп, адамды өзүнө тартат. Андыктан, бардык өлкөлөр акчаларынын бетин өз кыздарынын сүрөтү менен кооздошот. Буга чейин колдонуудан чыккан көп эле акча беттеринен айымдардын сүрөтүн көрүүгө болоор эле, ал эми бүгүнкү күндө иштетилген акчалардагы айымдар төмөнкүлөр.


Елизавета II
Акчадагы аялдардын сүрөтү эң биринчи жолу XIX кылымда пайда болгон жана бул салт биздин күндөргө чейин уланып келүүдө. Бүгүнкү күндө Англия ханышасы Елизавета IIнин портрети Улуу Британиянын, ошондой эле Австралия, Канада жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн акчаларын кооздоп келет.
Елизавета 1926-жылы 21-апрелде Лондондо Герцогдун тун кызы болуп төрөлгөн. Балалыгы хандандын үй-бүлөсүндөгү салттуу тартипте өткөн, өспүрүм курагы болсо 2-дүйнөлүк согуш убагына туш келген. Елизавета 25 жашка чыкканда атасы Георг VI рактан каза болот. 1953-жылы июнь айында Елизаветага таажы кийгизилип, ошол күндөн баштап ал ханыша титулуна ээ болот. Ал жөндөмдүү монарх болуп чыгат. Анын башкаруусу астында Англияда көп өзгөрүүлөр болгон. Азыр Англияда "император, ханыша" түшүнүктөрү жоюлса да Елизавета II баарыбыздын эсибизде монарх катары сакталат.

Клара Шуман
Немистин 100 маркалык купюрасындагы сырдуу жылмайып турган аял - Клара Шуман. Ал немис элинин белгилүү пианисткасы, композитор. Белгилүү композитор Роберт Шумандын жубайы.
Клара Лейпцигде белгилүү музыка мугалиминин үй-бүлөсүндө туулган. 5 жашында фортепианодо ойной баштап, 10 жашында жеке концертин берүүгө жетишкен. Ал атасынын окуучусу, болочоктогу жолдошу Роберт Шуман менен 9 жашынан баштап тааныш эле. Бой жетишип, экөөнүн жакын мамилеси билине баштаганда Кларанын атасы каршы болуп чыгат. Ошого карабай таланттуу музыканттар 1840-жылы үйлөнүшөт. Клара жолдошунун чыгармаларынын эң биринчи аткаруучусу болуп калган. 1896-жылы 20-майда каза болгон.

Курманжан датка
Кыргыздын 50 сомдук акчасында Курманжан датка апабыз бар экендигин баарыбыз билебиз. Курманжан датка 1811-жылы Ош шаарынын жанындагы Ороке кыштагында туулган. Коомдук жана мамлекеттик ишмер. Алайдагы кыргыздардын башкаруучусу. Курманжан 17 жашка чыкканда атасы Маматбай кудалашып койгон 500 түтүндүү жоош уруусунун Төрөкул деген бийинин Кулсейит деген уулуна турмушка чыгарган. Бирок, күйөөсү көңүлүнө толбогон Курманжан мезгилинин катаал мыйзамына каршы туруп, бир жылдан кийин Үчташ жайлоосунан атасынын үйүнө келе берет да, үч жылча башы бош олтуруп калат. 21 жашында баргы уруусунун бийи Алымбек датка менен кокусунан жолугуп, көп узабай тагдырын кошкон. Аны менен 29 жыл жашап, беш балалуу болгон. Курманжан көп жылдар бою Алымбек датканын таасирдүү кеңешчиси, жардамчысы жана насаатчысы болуп турган. Ошол кезде эле Курманжан айымдын атагы Кокон хандыгы эле эмес, коңшу Бухара эмирлигине, атүгүл алыскы Россия серепчилерине да дайын болгон. 1862-жылы Кокон хан сарайындагы козголоңчулар тарабынан Алымбек датка өлтүрүлгөндөн кийин Алайдагы башкарууну Курманжан биротоло өз колуна алган. 1895-жылы уулу Камчыбек даргага асылган мезгилде, куралчан орус жазалоочуларынын элди кырып жиберүүсүнөн кооптонуп, тагдырга моюн сунууга аргасыз болгон. Россия колониялык бийликтеринин адилеттүүлүгүнөн үмүтүн таптакыр үзүп, 20-кылымдын башында саясатка аралашпай калган. 1907-жылдын 1-февралында Оштун жанындагы Мады кыштагында көз жумуп, сөөгү Оштогу Сарымазарга коюлган.

Елизавета Фрай
Англис акчасынын 5 фунттук купюрасында Елизавета Фрайдын сүрөтү бар. Ал коомдук ишмер жана түрмө системасындагы реформа жаратуучу болгон.

Леся Украинка
Украинанын улуттук банкы 200 гривендик банкнотун өздөрүнүн белгилүү жазуучусу жана акыны Леся Украинканын сүрөтү менен чыгарат.
Лариса Петровна Косач 1871-жылы чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө туулган. Косачтардын үйүндө жазуучулар, сүрөтчүлөр, музыканттар тез-тез чогулуп, майрамдарды уюштуруп турушкан. Ларисаны үйүндөгүлөр Леся деп эркелетишкен, мына ушул атына Украинка деген лакап кошулуп, бул анын адабияттагы псевдоними болуп калган. Леся 5 жашынан баштап кичинекей музыкалык пьесаларды жаза баштаган. 10 жашында кокусунан катуу ооруп калат. Аны оң бутунун чыдаткыс оорусу кыйначу. Алгач курч кармаган ревматизм деп ар кандай жолдор менен дарылашкан, бирок, эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Эми оору колуна өткөн. Акыры врачтар Лесянын оорусу сөөктүн кургак учугу экендигин аныкташкан. Ошентип, Лесянын музыкалык карьерасына чекит коюлат. Татаал жана ийгиликсиз операциядан кийин колу майып болуп калган. Леся адабий чыгарма жазууну 12 жашынан баштайт.
Ал Крымда, Египетте, Грецияда, Германияда, Австрияда дарыланган, бирок, эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Бул оорусуна кошумча болуп бөйрөктүн айыккыс оорусуна чалдыгып, 1913-жылы каза болгон.

Бүбүсара Бейшеналиева
Сулуу жүзү менен 5 сомдук кыргыз акчасынан орун алган кыргыз бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жылы 17-майда Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Кичинесинен бийге шыктуу жана өтө зээндүү болуп чоңойгон. Ал 1936-1941-жылдары Санкт-Петербургдагы хореографиялык окуу жайында окуган. Бийчи биринчи жолу 1939-жылы кыргыз искусствосунун Москвада өткөн биринчи декадасында бийлеп чыккан. 1947-жылы "Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти" наамына татыган. 1949-жылдан баштап республикадагы хореографиялык окуу жайынын мугалими болуп эмгектенген. 1954-жылы республиканын Эл артисти наамына ээ болгон. Ал кыргыз хореографиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Бүбүсаранын биринчи ролу болуп "Селкинчек" аттуу балетте Зайнура деген кыздын ролун ойногон. Андан кийин "Чолпон" аттуу балети, "Айдай" партиясы ага чоң атакты ыйгарган. 1954-жылы Кыргыз ССРнин эл артисти, 1958-жылы СССРдин эл артисти, 1970-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаттыгын алган. 1955-1962-жылдары Бүбүсара Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты, 1962-1970-жылдары СССР Жогорку Кеңешине депутат болгон.


Аймээрим КУРБАНАЛИЕВА




кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"









??.??