Денсоолук

Ооз көңдөйүнүн жагымсыз
жытына каршы азыктар
Ооз көңдөйүнөн чыккан жагымсыз жыт биринчи кезекте гигиенаны туура сактоодон көз каранды. Бирок, айрым азыктар да андагы жагымсыз жыттан арылтуучу касиеттерге ээ. Алар төмөнкүлөр:

Йогурт
Йогуртту
үзгүлтүксүз колдонуу ооз көңдөйүндө бактериялардын пайда болушуна тоскоол болот. Бирок, йогурт алаарда курамындагы табигый компоненттерге көңүл буруу керек.


С витаминине
каныккан азыктар
Курамында С витамини көп болгон мөмөлөр, цитрус жемиштери, дарбыз сыяктуу азыктар бактериялардын көбөйүшүнө тоскоол болот. С витаминин тынымсыз кабыл алып туруу бүйлөнүн абалына да оң таасирин тийгизет.


Сагыз
Сагыз ооздогу жагымсыз жыттан арылта албайт, ал болгону убактылуу жардам берет. Сагыздын дагы бир жакшы жагы - ооз көңдөйүн тазалоочу шилекейдин көп бөлүнүп чыгышын шарттайт. Сагыз сатып алаарда анын кантсыз болушуна маани бериңиз.


Петрушка
Бул көк чөп ооздун жагымсыз жытын, ошону менен катар тамекинин түтүнүнүн жытын жоготуучу эң жакшы каражат. Натыйжалуу жыйынтыкка ээ болуу үчүн петрушканы чайноо же чай кылып демдеп ичүү жетиштүү. Бул өсүмдүктүн эки жактуу пайдасы бар: жагымсыз жыттан эле арылтпай, тамак сиңирүүгө да оң таасирин тийгизет.


Клетчаткага
бай жашылча-
жемиштер
Булар алма, сабиз, сельдерей. Бул жашылча-жемиштер шилекейдин көп бөлүнүп чыгышын шарттайт. Ал эми шилекей ооз көңдөйүн суулап, тиштердин арасында калып калган тамактын калдыктарын алып чыгат. Жагымсыз жыттын дагы бир себеби - дал ушул калдыктар болуп эсептелинет.




Беттеги бырыш оорудан кабар берет
Көпчүлүгүбүз ички органдарыбыздын олуттуу ооруга чалдыкканын билбей жүрө беребиз. Көрсө, ден-соолугубуз тууралуу толук билип алууга бетибиздеги бырыштар жардам берет экен. Демек...

Ээк бир аз салаңдап турса - бөйрөктүн иштешинде мандем бар.
Бет сөөктөгү ашыкча көп бырыштар ашказандын иштөөсүнүн бузулганынан кабар берет.
Ээктеги туурасынан кеткен бырыштар - боор оорусунун белгиси.
Бет сөөктүн териси жука пленканы элестетсе да боордун абалын текшертүү зарыл.
Мурундун эки тарабындагы бирдей чуңкур сызыктар ашказан-ичеги ооруларынан кабар берет.
Эгер мурундан эринге карай кеткен сызык ээкке чейин жетсе - гастрит, ашказан жарасынын башталышы болушу мүмкүн.
Жогорку эриндин үстүндөгү тигинен кеткен чуңкур эмес сызыктар гинекологиялык оорулар жөнүндө айтып турат.
Ооздун кычыгынан башталып, ылдый кеткен бырыштар гастритти алдын алууну эскертет.
Ооздун айланасындагы ак сызык - жүрөктүн абалына көңүл буруу керек экендигин айтып турат.
Ооздун кычыгынын жарылышы - бөйрөктүн суюктук бөлүп чыгышында бузулуу бар дегендик.
Пешененин так ортосундагы крест түрүндөгү көптөгөн бырыштар омуртка оорусунан кабар берет. Ал эми туурасынан кеткен бырыштар - остеохондроз.
Эки каштын ортосундагы тигинен турган чуңкур сызыктардын ээсинин организминде кычкылтек жетишпейт. Ал таза абада көбүрөөк сейилдөөгө тийиш.
Эки каштын ортосундагы оң тараптагы бырыш бөйрөктүн жана өттүн бузулушун эскертсе, сол кашка жакын сызык - көк боор оорусунун эң биринчи белгиси.
Маңдайдагы туурасынан кеткен бырыштар - ашказан оорусу жөнүндө кабар берет.
Кабак шишип турса, демек, бөйрөк жакшы эмес.
Көздүн астындагы мүшөкчөлөр - жүрөктө бир мандем бар экендигин кабарлайт.

Муздак чай бөйрөккө зыян
Муздак чайда оксалат деп аталган химиялык зат бар. Бул зат бөйрөктө таштын пайда болушунун негизги себепчиси болуп эсептелинет. Бөйрөгүндө ташы бар адамдар үчүн муздак чай эң коркунучтуу суусундук. Андыктан, алар үчүн жайдын ысыгында организминдеги суюктуктун тең салмактуулугун кармап туруучу эң жакшы ыкма - газдалбаган суу ичүү. "Көпчүлүк адамдар суунун ордуна таттуураак деп муздак чай ичишет. Бирок, бөйрөгүндөгү кумдардын көбөйүп, ташка айланышына эң сонун шарт түзүп бергенин өздөрү билишпейт",-дейт адистер.


Нуриса БАЯЛИЕВА