Аңгеме

Алихан
Айгүл бир үйдүн улуу кызы. Андан кийин бир иниси жана бир сиңдиси бар. Апасы аларды атасыз, жалгыз өзү багып чоңойтту. Ачыгын айтканда үчөөнү аталуулардан артык кылып, "канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай" асырап өстүрдү. Балдары да жакшынакай, ыймандуу болушуп, апасын уятка калтырбай келатышкан. "Карачы Кымбаттын балдарын" деп суктангандардын көзү тийдиби ким билсин, айтор, Айгүлдүн жашоосунда күтүлбөгөн бир бурулуш болду. 15тен 16га карап, суйкая баса көргөн жанды суктандыраар куракта сүйүү келди. Жаратылышынан көп ачылып сүйлөбөгөн кыз өзүнүн сезимдери менен өзү алек болуп, жан сырын эч ким менен бөлүшпөй, жүрөк тереңине сактады. Жигити Али менен күндө кечке маал жолугушуп, бак аралай сейилдей басышып, бири-бирине таттуу сезимдерди арнашып, өмүрдөгү бир бактылуу мүнөттөрдү өткөрүп жүрүштү. Али Айгүлдөн беш жаш улуу. Ал эми Айгүл ага салыштырмалуу сары ооз балапан сыяктуу эле. Кымбат кызынын демейдегиден кеч келип атканын байкаса да байкамаксан болуп жүрдү. "Эми чоңоюп калбадыбы" деген ой менен кызына катуу айтпай эркине койду. Ошол мезгилде Кымбаттын бир тууган сиңдиси узакка созулган оорудан кийин дүйнө салды. Албетте, андай учурда бардык түйшүк Айгүлдүн мойнуна жүктөлдү. Апасы болсо сиңдисин жоктоп 40 күн боз үйдө олтурду. Балдарын ойлогонго чамасы деле келген жок. Жаш кеткен бир тууганын жоктоп, жүрөгү ооруп жүрдү. Анын үстүнө кызына аябай ишенет, оокатка да тың экенин жакшы билет. Балким, Айгүлгө тагдыр атайын ушундай шарт түзгөндүр…
Иниси менен сиңдиси мектепте, өзү болсо базарда. Апасынын ордун жоктотпой, соодасын кылып атты. Али менен да ушу базардан таанышкан. Ал эжесине жардам берип жүрчү. Кээде экөө товарга чогуу барып калат. Бири-бирин сырттарынан көз салып жүрүшүп, сүйүү сезимдери ойгонду окшойт, кийинчерээк экөө аябай ынак болуп кетишти. Бир ирет экөө түн ичинде бакта сүйлөшүп олтурушту.
- Кеч болуп кетти, кетелиби, Айгүл?
- Кетким келбей жатат. Жалгыз үйгө киргенден коркуп жатам.
- Апей, тиги экөө үйдө жокпу?
- Апамды сагындык, барып келели деп кетишти эле.
- Анда эмне бая эле айткан жоксуң? Жүрү үйгө, мен турганда эмнеге коркосуң?
- Чын эле сен меникине конуп кетпейсиңби?- Айгүл балалык баёо сезими менен эч нерсени ойлогон жок.
- Албетте, конуп кетем.
Экөө жетелеше үйдү көздөй жөнөштү. Айгүл чай даярдай койду. Анан Алиге музыка коюп берип, өзү наркы бөлмөгө төшөк салды.
- Сага төшөк салып койдум, чарчасаң керек, кирип уктасаң болот.
- А мен жалгыз жаткандан корком. Сен дагы менин жаныма жат.
- Сенин жаныңабы?
- Ооба, коркпо, мен сага тийишпейм.
Музыканын жай ыргагы Алинин делебесин козгоп жибердиби, Айгүлдү шап көтөрүп төшөктү көздөй басты.
- Эмне кылган атасың?
- Эчтеке, тек гана бири-бирибизге чын сүйүүбүздү далилдейбиз.
- Кантип?
- Азыр үйрөтөм. - Айгүлдү төшөккө жаткырып, жарыкты өчүрдү.
- Али, мен коркуп жатам. Сен эмне кылган атасың?
- Сен мени чындап сүйөсүңбү?
- Ооба, мен сени сүйөм.
- Мен да сени сүйөм.
Али акырын Айгүлдү кучактап, эриндеринен, алкымынан өпкүлөп кирди. Үлпүлдөп денесине жабышып турган көйнөгүн чече баштады. Эмнегедир Айгүл каршылык көрсөткөн жок. Тескерисинче, Алинин бу жоругу ага жагып турду. Анан да Алиге болгон сүйүүсүнүн чын, аруу экендигин далилдегиси келди. Наркы бөлмөдөгү музыка кулакка жагымдуу угулуп, ага кошулуп Алинин "мен сени сүйөм" деген шыбыры жанын жыргатып, бир башкача дүйнөгө кабылып эрип баратты… Анан ошол кайталангыс мүнөттөрдүн таш-талканынын чыгара "апа!" деп бир бакырып алды. Алинин кучагында ыйлап жатты.
- Сага эмне болду?
- Катуу ооруп кетти. Азыр да ооруп атат.
- Бир аз чыдасаң өтүп кетет. Айгүл, сага миң мертебе ырахмат. Сен мага тазалыгың менен, аруулугуң менен сүйөөрүңдү далилдедиң. Мен сени өмүр бою сүйүп өтөм!
Ошол түн экөө үчүн унутулгус түн болду. Эртеси экөө тең жумушка чыкпай калышты. Кийин мындай керемет түндөр көп кайталанды. Ортодогу сүйүү дагы жалындай берди. Бир күнү Али Айгүлгө келгенде өз оюн ортого салды.
- Айгүл, мен айылга барып, үйдөгүлөр менен кеңешип келейин.
- Эмнени кеңешесиң?
- Экөөбүздүн үйлөнүү тоюбузду?!
- Уккан кулагыма ишенбей турам...
- Ошондуктан мен эртең айылга кетип атам. Сени менен коштошоюн деп келдим.
- Коштошоюн дейсиңби? Ал эмне дегениң, антпечи, кулакка жаман угулат экен.
- Эми мен он чакты күнгө кетип атам да. Сени сагынам, сен мени сагынасыңбы?
- Албетте, жаным, сагынбагандачы…
Али Айгүлдү бекем кучактап, алкымынан "шуу-шуу" дедире жыттап-жыттап алды. Экөө тең кеткиси келбей көпкө турушту. Али улам-улам Айгүлдү жалооруй тиктеп коёт.
- Эмнеге мени мынча карайсың?
- Жөн эле, карагым келсе карайм да.
- Али, сен чын эле келесиңби? Эмнегедир, мага келбей калчудай эле туюлуп жатасың.
- Койчу, Айгүл кайдагыны баштабай. Келип, сени үлпөт көйнөгүн кийгизип, шаан-шөкөт менен алып кетем.
- Ошол күндөр эртерээк келсе экен. Али, башкага үйлөнөм деп ойлобо, мен сени эч кимге бербейм.
- Мен да сени эч кимге бербейм, жаным.
- Али, сен билесиңби, биз балалуу болушубуз мүмкүн. Акыркы күндөрү тамакка табитим тартпай, кускум келет. Мурдагыдай сергек болбой, уйку басып атат. Ушундай белгилер кош бойлуулуктун белгиси экендигин гезиттен окуп калдым.
- Эмне дейсиң?-деп аны жерден көтөрүп, айланып ийди. Мен бактылуумун! Демек, мен жакында ата болот турбаймынбы?!- деп аябай кубанды. Ушул кубаныч экөөнү мурдагыдан да бекем кылып койду. Али Айгүлдү кетээринде өөп-өөп алды. Анан бир башкача жалооруй тиктеди. Ал Айгүлүн эң акыркы жолу көрүп атканын билсе керек. Өлөр адам башкача болуп калат эмеспи. Ал Айгүл болсо, Али аны менен түбөлүккө коштошуп кеткенин туйган жок. Бирок, жүрөгү бир жамандыкты сезгендей болуп, сүйгөнүнүн аркасынан карааны үзүлгөнчө карап калды. Али ошол кеткен боюнча Айгүлгө бир ирет телефон чалды. "Жакшы жеттим, айылга келгениме эки күн болгондо ит бутумду тиштеп алды. Анан доктурга бардым. Сени сагынып атам, жакында барып калам" деген, ошол боюнча телефону өчүк. Бир кабары билинген жок. Арадан он чактьы күн эмес, бир ай өттү. Бирок, Али Айгүлгө байланышкан жок. Алини ойлоп күн сайын жүрөгү аңтарылат. Өзү да оорлошуп, күн өткөн сайын салмак кошо баштады. Же боюнда болуп калганын апасына айта албады. Ансыз деле апасы жапжаш кеткен сиңдисинин күйүтүнө зорго чыдап жүрөт. Анан өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып кантип айтат? Апасы бир жолу Айгүлдүн окшуп жатканынан шек санап калды, эмнегедир кызынын толмоч тартып баратканын ошондо араң байкады. Доктурга алып барды. Алар текшерип көрүп, "кызыңыз кош бойлуу" -дешти. Кымбаттын кулагы чуулдап кетти. Ушундай жини менен кызын жаакка бир чапты. Айгүлдүн бети чымылдап кеткени менен уялганын башы "шылк" дей түштү.
- Элдин бетин кантип карайм? Кызы эрсиз тууду деген сөз мени кандай өлтүрөт билесиңби? Мен сага ишенип жүрсөм, сен акмак болгон турбайсыңбы? Айт, балаңдын атасы ким? - Оорукананын аркасына жетелеп барып Кымбат кызын аябай сабады. "Баланы алдыртасың"- деп бакырды. Эртеси дагы доктурга алып келди. Мээримдүү, жакшы аял экен доктур. Кымбаттын албууттанып ыйлаганын көпкө карап турду.
- Эже, канча балаңыз бар?
- Болгону үчөө. Эки кыз, бир уулум бар. Ушуларды багам деп отко күйүп, сууга түшүп, азаптандым. Мунун болсо кылганы бул.
- Жалгыз уул дедиңиз. Кызыңыз уул төрөйт. Аборт кыла албайм. Бала кыймылдап калыптыр. Бир аз чыдасаңыз аман-эсен төрөп алат.
- Элдин бетин кантип карайм?
- Азыр сиз элди ойлобоңуз. Кызыңыздын тагдырын ойлоңуз. Биринчи баласын аборт же болбосо жасалма жол менен төрөтүп салсаңыз, кийин төрөбөй калышы мүмкүн. Бул өтө опурталдуу кадам. Ичиңизге баткан кыз, сыртыңызга батпай калмакпы? Ойлонуп көрүңүз. Кызыңыз төрөйм деп атпайбы?!
- Негизи аш тоймок бар го, баш тоймок кайда? Не кылайын, тагдыры ушу окшойт… Мейли, сиз айткандай болсун. Башка салганды көтөрбөскө чара барбы.
- Ошондой кылсаңыз. Бизге каттоого турсун, дарыгердин көзөмөлүндө болсун.-деди доктур. Ошондон аз өтпөй Алинин бир досу Айгүлгө телефон чалып, Алинин кутурган ит тиштеп алып, айылда вакцина жок, анан районго жиберсе ал жакта да дары табылбай, 10 күндөй комада жатып, дүйнө салганын айтты. Айгүл уккан кулагына ишенген жок, бир бакырып, анан телефонду ыргытып жиберди. Курсактагы баласы да бир нерсени сезгендей булкунуп-булкунуп алды. Күн менен түн ыйга чыланды. Кайгы, күйүт менен жүрүп, көз жарды. Акушер алы жок жаткан Айгүлгө бакырып ыйлап аткан баласын көрсөттү.
- Ай, карачы балаңды. Куттуктайбыз. Сен эми жаштыгыңа карабай уулдуу болдуң. Эне болдуң. Кана атаңардын телефонун бергиле, сүйүнчү айталы.
- Атабыз жок, баласын көрүүгө үлгүрбөй калды. Эгер ал тирүү болгондо абдан кубанмак…
- Кечирип кой, билген эмесмин. Балаң өмүрлүү болсун.
- Рахмат, таенесине сүйүнчү айткыла.
Акушер келин телефондон номерди шыпылдата терип жатты. Бир убакта заңкылдай:
- Кымбат эже, сүйүнчү!-деди.
- Болсун, болсун, айланайындар…
- Сүйүнчүнү чоң бересизби?
- Берем, берем. Кызым кандай?
- Жакшы, балканактай уул төрөдү!
- Ий, күчүгүм аман болсун, аман болсун, мен азыр барам.
- Келиңиз, күтөбүз.
Кымбат төрөтканага тез эле жетип келди. Сүйүнгөнүнөн ыйлап алыптыр. "Кызым, балаң атасынын атын алып жүрсүн. Аты Алихан болсун".
Ошентип, ортодон бир топ убакыт өттү. Айгүлдүн Алиден төрөгөнү имиштен-имиш болуп атып, Алинин ата-энесине жетти. Мындай кепти угуп, Алинин ата-энеси өлгөн баласы тирилип келгендей эле сүйүнүштү. Дароо Айгүлдүн дарегин издеп таап, даярданып алышып жолго чыгышты. Андагы жолдун узактыгы ай… Небересин көрүп, ыйлап турушту… "Кызым, сага рахмат. Баламдан тукум алып калып, өлгөн балабызды тирилтип бергендей болдуң. Өзү дагы Алиге куюп койгондой окшош экен. Эми сени кыз кылып алалы. Эмне кааласаң, ошону кылабыз. Мынабу сөйкөнү тоюңда салсак эмне, болору болду, боёсу канды. Ушуну Алиден эстелик деп тагынып жүр. Өлөрүндө балам мага бир нерсе айталбай кыйналган эле. Көрсө, балалуу болорун айта албай кетиптир. Күндө түшүмө кирип, "Апа, жолго чыкпайсызбы" дей берчү. Көөнүндө "балама бар деп аткан" турбайбы. Сен, кызым эми жалгыз эмессиң. Биз барбыз, Алихан бар, апаңдар бар. Баарылап сени көтөрүп алабыз. Эртең айылга барып, эл-журтка той беребиз. Неберелүү болгонубузду элге жар салабыз" деп бир эсе өкүнүчтүү, бир эсе сүйүнүчтүү түрдө Айгүлдүн кулагына сөйкө салды. Ошондо баары ыйлап турушту.
Айгүл Алиханын бооруна кысып, машинада баратты. Учу-кыйырына көз жеткис жол аны Алисине алып барат. Алинин айылы Алинин аялы менен баласын кучак жайып тосуп алаарын жүрөгү менен туюп турду. Өз ичинен "Али, биз сага баратабыз… Уулуңду колдой жүр… Сенден суранам…" деп шыбырап коёт. Алихан болсо, атасынын кичи мекенине баратканын сезгендей былк этпей, магдырап уктап баратты.

Айназик РАИМКУЛОВА