Айыл-чарбасындагы жылыштар
Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба министри Маматшарип Турдукуловдун "Кабар" агенттигинде билдирген маалыматына караганда, 2010-жылдын 6 айында республика боюнча бардык чарбалык категориялар тарабынан 27, 3 млрд. сомдук дүң айыл-чарба продукциялары өндүрүлүп, бул көрсөткүч өткөн салыштырмалуу жылдын деңгээлинде болду.
Ал эми кант кызылчасын эгүү былтыркы жылга караганда 3,6 гектар аянтка көп айдалган.
Убактылуу Өкмөттүн Казакстан Республикасы менен сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү жүргүзгөндүгүнүн натыйжасында жазгы талаа иштери уюшкандыкта жүргүзүү үчүн коңшу мамлекеттен 4650 тонна дизелдик отун келип, анын бир литри айылдык товар өндүрүүчүлөргө 27 сомдон, башкача айтканда, базар баасынан 4-5 сомго арзан сатылды.
Учурда республикабыздын түштүк аймактарында, Чүйдө жана Таласта дан эгиндерин оруп-жыйуу кызуу жүрүүдө.
Бүгүнкү күндө республика боюнча бардык оруп-жыйналуучу 502,7 миң гектар аянттагы дан эгиндеринин 276,5 миң гектары, башкача айтканда, 55 пайызы орулуп-жыйналып алынды.




Ошто июнь окуясынан жабыркагандар үчүн үйлөр салынат
Учурда Оштогу "Манас-Ата" конушунда курулуш иштери жүргүзүлө баштады. Ош мэриясынын чечими боюнча жаңы салынган 76 квартиранын ээлери июндагы башаламандыктан жабыр тарткан мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери болушат.
Тиешелүү адистердин билдиргенине караганда, дагы Ошко 10 кабаттуу үйдүн салынышы, Жалал-Абадга 6 курулуш, Базар-Коргонго 2 курулуш пландалып жатат. Учурда бул жайларда сейсмикалык изилдөөлөр жүргүзүлүп жана каржы маселелери каралып жатат.
Мындан тышкары, жакынкы аралыкта Ошко 540 окуучу окуй турган мектептин курулушу пландаштырылып жатат.

Жазуучу Асанбек Стамов арабыздан кетти
7-август күнү Кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамов 72 жаш курагында бул дүйнө менен коштошту.
Белгилүү жазуучу Асанбек Стамов Москва районундагы Мураке айылында 1938-жылы 28-августта туулган. Эмгек жолун 1962-жылы мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. Кийин "Кыргызстан" басмаканасында директор, КРнын маданият министринин биринчи орун басары, мамлекеттик телерадионун төрагасы, Жазуучулар Союзунун директору, "Чалкан" журналынын директору кызматтарында иштеген

"Шайлоо жөнүндө" Кодекске киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жоюлат
Убактылуу өкмөттүн Декрети менен "Шайлоо жөнүндө" Кодекске киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор өз күчүн жоготот деп билдирди 9-августтагы маалымат жыйынында Президенттин Администрациясынын маалымат-координациялоо борборунун жетекчиси Фарид Ниязов.
Анын айтымында, Кодекске киргизилген бардык өзгөртүүлөр, тактап айтканда, жашап жаткан жер боюнча добуш берүү жана шайлоо фонду боюнча чектөөлөр жоюлат. Эми шайлоо фонду 100 млн сомду түзөт. Шайлоо учурдагы "Шайлоо жөнүндө" Кодексинин негизинде өтөт.

Кыргызстан
У.Барктабасовду Казакстанга экстрадициялоого даяр
Кыргызстан Урмат Барктабасовду Казакстанга өткөрүп берүүгө даяр. Бул тууралуу Кыргызстандын ички иштер министри Кубатбек Байболов билдирди.
"Казакстан жаңылыктары" маалымат агенттиги билдиргендей, Барктабасов кош жарандулуукка ээ. Казакстанда ал экономикалык кылмыштуулукту жасады деп айыпталса, Кыргызстанда бийликти күч менен алууга аракет жасаган деп айыпталып жатат.

Президенттин кеңешчилери дайындалды
Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаеванын указы боюнча 2010-жылдын 9-августунда Раев Султан Акимович жана Черноморец Виктор Викторович Президенттин кеңешчилери болуп дайындалышты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Президенттин басма сөз кызматы билдирди.


Akipress.kg Novosti.kg