Жазуучу жана жандүйнө

Кыргыз эл жазуучусу Зуура Сооронбаева:
"Менин сүйүүм неберелерим үчүн жомок"
Совет мезгилиндеги "Астра гүлү", "Чоочун киши", "Жетимдер" деген чыгармаларды кимдер гана окубаган. Чыгармадагы каармандар ыйласа кошо ыйлап, сыздаса кошо сыздап, кубанса кошо кубанып, оң каармандардын аттарын балдарына, кыздарына коюп, кара сөздүн аялзаттан чыккан чебери Зуура Сооронбаеваны туу тутуп жашагандар бүгүн да кездешет. Анын чыгармалары доор алмашса дагы өз күчүндө, өз баасында келатат. Эмне үчүн? Анткени Зуура эже бардык чыгармаларында адамзаттын миң түркүн тагдыры жана анын миң кырдуу турмушу жөнүндө жазган жазуучу. Бүгүн Зуура эженин ал-акыбалын сурап, маектешип келдик.


- Эже, кандайсыз? Ден-соолуктарыңыз жакшыбы?
- Кудайга шүгүр. Турмуш өз көчү менен акырындап уланууда. Паспорттогу жашым боюнча 85тен аштым, ал эми өзүмдүн чыныгы жашым боюнча 90 жашка чамалап бардым. Ден-соолук деген байлыгым четинен кетилип баратат. Кээде кан басымым көтөрүлөт, кээде дагы бир жерим ооруйт. Анан Кудайдын жазганы го, жамбашымды сындырып алып, эки жылдан бери жакшы баса албай калдым. Үйдөн чыкпайм. Балам, неберелерим, туугандар жакшы карап атышат. Дары-дармекти өз убагы менен ичип, тамакты мүнөздөп жеп, ден-соолукту көзөмөлдөп турам. Бирок, операциядан баш тарттык.
- Эмнеге?
- Азыр медицина өнүккөн мезгил эмеспи. Сынган жамбаштын ордуна протез салса болот экен. Бирок, доктурлар балдарыма: "Апаңардын жашы сексенден өтүп калыптыр. Операцияны жүрөгү көтөрө албайт, операциядан чыкпай калышы мүмкүн" деп ачык айтышыптыр. Ошондон улам балдарым операция жасатууга каршы болушту. "Апа, бутуңуз баспаса да маңдайыбызда аман туруңуз. Биз сизди көтөрүп болсо да багып алабыз" дешкен. Кудайга шүгүр, айткан сөздөрүнө туруп, мени жаш баладай асырап атышат. Бар болгону башында өзүм азыркы абалыма көнө албай жүрдүм. Себеби, жаратылышыман эле өзүм кыймылдуу, жаны тынбаган жанмын. Тээ жаш күнүмдөн тартып жамбашым сынганга чейин эртең менен эрте туруп физикалык көнүгүүлөрдү жасачумун. Азыр деле басып кетсем дегенде эки көзүм төрт болуп кетет. Бирөө таканчыктаса жанталашып ордуман тура коём. Бирок, көпкө чейин турууга кудуретим жетпей кетет. Жамбашымдын сынганы аз келгенсип, карылык бир жагынан моюндап жаткандай. Ага деле моюн сунбайм, кээде "кагаздарымды карашым керек, бүтүрө элек чыгармаларымды бүтүрүшүм керек" деп көгөрөм. Жумасына эки-үч жолу жарым сааттан кагаз карап үстөлүмө олтуруп, бирдеме чиймелемиш болом. Анан кайра чыдабай келип, төшөккө жатам. Айтор, ушундай күндөр баштан өтүүдө.
- Бүгүн дагы "жаңы чыгарма жазсам" деген тилек жүрөгүңүздө жашайбы?
- Ананчы, кызым. Бу жазуучунун жүрөгү башкача болот экен. Ар дайым жакшылыктан үмүт үзбөйм. "Чоочун киши" деген чыгармамдын үчүнчү китебин жазсам деп жүргөм. Аны бүтүрүүгө күчүм жетеби, айта албайм…
- Баса, "Чоочун кишиде" Толкунбектин образын укмуш ачкансыз го. Менимче, ушул чыгармаңызды алдын-ала көргөндөй жазгансыз. Анткени, бүгүн деле үй-бүлөсү туруп, башка жашыруун бүлө күтүп, балалуу болуп аткан эркектер коомдун айыккыс оорусуна айлангандай.
- Бул кепти мага көптөрү айтышты. Чынында советтик учурда партия деген адамдын жеке жашоосуна чейин кийлигишип, андай көрүнүштөр жабылуу, жашыруун бойдон калчу. Билинбегени менен Толкунбектей эркектин азабын тарткан аялдардын саны арбын болчу. Мен ал чыгармамда аялдын сүйүүсү, көз жашы, эңсөөсү, анан күчтүүлүгү, сабырдуулугу, энелик жүрөгүн турмушта кандай болсо ошондой кылып жасалмасыз жазганга аракет кылгам. Анын бүгүнкү күнгө чейин колдон-колго өтүп, окулуп атканы мени кубандырат.
- Көптөн бери сизге ушул суроону берейин деп жүрдүм эле. Бир атактуу адам сизди катуу сүйгөн дешет?
- Менин жашоом деле өзүнчө бир укмуш чыгарма. Өзүмдүн турмушумду дагы сонун кылып туруп жазсам болмок. Бирок, эмнегедир даабай койдум. Мынчалык сурабасаң болот эле, эми учкай баяндап берейин. Мени сүйгөн адам ал кезде атактуу эмес болчу. Экөөбүз тең мөлтүрөгөн жаш кезибиз эле. Аябай билимдүү, өз мезгилинин алдыңкысы болгон таякемдикинде жашачумун. Ошол киши мени Өзгөндөгү бир мектепке мугалим кылып орноштурган. Анан Шарип экөөбүз ошол жактан табыштык. Махабат сезими экөөбүздө тең бирдей болду окшойт. Канчалык жалындап турса дагы ал кезде жигиттер кыздын колун да кармачу эмес. Экөөбүз сүйлөшүп турганда бардык тилектерди таш каптырып, согуш деген алаамат башталды. Шарип аскерге чакырылды, анан кетип баратканда бир дептер толтура мага арнап жазган ырларын таштап кетти. Элге көрүнбөй өзүмчө ыйлап-ыйлап, ырларын окуп жүрдүм. Көп өтпөй мени өзгөндүк бир жигит алакачып кетти. "Таш түшкөн жеринде оор" деп олтуруп калдым. Ал кезде босогону аттап басып кетүү уят иш эле. Сайраш деген курбума кезиккен жерден ыйлайм, бирок, айлам жок, жашап жүрдүм. Бир күнү мектептен бир улуу агай: "Китебимди тиги кабинетке унутуп кетиптирмин. Алып келе калчы" деп жумшап калды. Жашмын да, желпилдеп жүгүрүп барып китебин алып келдим. Анан колуна берип атканда "ий-ананайын" деп бооруна тарта кучактап ийди. Ошол учурда күйөөм эшиктен кирип келсе болобу. Мына сага, баягы агайды түртүп ийип, жаман иш кылып койгонсуп, күйөөмдүн бетин карай албай качтым. Терезеден секирип түштүм. Качып олтуруп, курбумдукуна келдим. Ал мени жашырды. "Сайраш, болду, мен ага барбайм, ал мени өлтүрөт, эптеп эле жашап жүргөм, мындан ары жашай албайм" деп өпкөлөп ыйладым. Ал агасына айтып, эптеп бир ат таап мени качырышты. Ошондон Караколго ата-энемдикине келдим. Кийин уулдуу болдум. Бирок, күйөөмө кайрылып барган жокмун.
- Шарип эмне болду? Ошондон кеп салыңызчы?
- Ал согуштан аман-эсен келет. Мени издеп таппай калат. Анан жогорку билим алып, партиянын катарына өтөт. Мен ага ар дайым "Курбум Сайраш жакшы кыз, ушундан жакшы аял чыгат" деп айта берчүмүн. Шарип менин сөзүмдөн улам Сайрашка үйлөнүптүр. Жакшы кызматтарда иштеп, атагы чыга баштады, ал кезде мен облустук гезитте жөнөкөй кабарчы болчумун. Бир жолу атайын мени издеп келиптир. "Зукеш, Сайраш сен айткандай жакшы аял болбоду. Аны менен ажырашам. Мен сени гана сүйөм. Мага турмушка чык" деп өтүндү. "Менин курбум жакшы кыз, сен аны менен ажырашпа" деп макул болбодум. Кийинчерээк экөө ажырашып кетишиптир. Анда дагы бир ирет келип: "Зукеш, өмүр өтүп баратат. Жүрөгүмдүн ээси сенсиң. Үйлөнөлү" деп айтты. Тагдырыбыз бирге түшпөптүр, экинчи жолкусунда да макулдугумду берген жокмун. Шагы сындыбы, ал мени экинчи издеп келген жок.
- Өзүңүз деле аны сүйгөн экенсиз, эмне үчүн макул болгон жоксуз?
- Билбейм, себебин өзүм да түшүнбөйм. Анын сүйүүсүн сактай албай, согуштан келгенчекти күйөөгө тийип кеткенимди эстеп андан тартындым көрүнөт. Өзүмдү- өзүм жазаладымбы, же өзүмдү Шариптен башкага ыраа көргөн жокмунбу, айтор, жалгыздыкта өмүр кечирдим. Ойлонуп олтуруп, мындай кылганыма деле өкүнбөйм. Менин маңдайыма чыгармачылыктагы бакытты жазган экен.
- Ошол бойдон Шарип менен турмуш жолуңузда такыр жолугушуу болгон жокпу?
- Дагы бир жолу жолугушуу болду. Аны да башынан баяндайын. Арадан бир топ жылдар өттү. Шарип башка аялга үйлөндү. Мен жазуучу болуп китептерим чыгып, эл арасына атым таанылып калдым. Ортодон көп нерсе өзгөрдү.
(Уландысы 10-бетте)