Аңгеме

Кечиккен сүйүү
Анара ушундай тагдырга кабылаарын такыр билген эмес. Баатырга жолукканы анын жашоосу башка нукка бурулду. Күйөөсү жана балдары бар туруп, кырктын кырына келгенде өзүнөн он жаш кичүү жигитти сүйүп калды. Жүрөгүн жаралап, ой-санаага батырып, бирде көңүлүн көкөлөтүп, бирде делебесин делбиретип, "ал да сени сүйөт" деген үмүттүн шооласы алдыга жетелей берди...

Анда Анара соодага жаңы аралашкан эле. Жаш кезде сүйүшүп-күйүшүп үйлөнүшкөн күйөөсүнүн чабалдыгы ошондо анык билинди. Алардын теңтуштары четинен бутуна турушуп, акчаны кенен кармай башташты. Ал эми Анаралар алардын арасында кедей үй-бүлө катары эсептелип калышты. Аял эмеспи, Анаранын дагы аяштары кийгенди кийип, аяштары ичкенди ичкиси келди. Жашоосу алардыкынан начар экендигине аябай намыстанат. Ойлонуп олтуруп, бар байлыгы болгон эки бөлмөлүү квартирасын банкка күрөөгө коюп, 10 миң доллар алат да, аяштары менен Түркияга товарга жөнөйт. Самолётто Баатыр менен бир олтуруп калды. Аны бир карап өз ичинен "жылдыздуу жигит экен" деп ойлоп койду.
- Эже, сиз "Дордойдо" иштейсизби, ошол жактан көрүп калам?!-деп сөз баштаган эле Баатыр.
- Ийи, мен жаңы гана иштеп баштадым. А силер эмне сатасыңар?
- Түрктөрдөн эркектердин көйнөктөрүн, свитерлерин алып келип сатам. Бирок, сизге караганда тажрыйбалуумун. "Дордойдо" иштегениме эки жыл болду. Баса, сиз кай жактык болосуз?
- Ноокаттан болом.
- Оо, өзүмдүн эжем болот турбайсызбы?!
- Койчу?
- Чын эле. Эмне, ишенбейсизби?-деп көйнөгүнүн төш чөнтөгүнөн паспортун алып чыгып көрсөттү. Түркияга биринчи жолу сапар алган Анара көктөн тилегени жерден табылып, жердеши менен таанышканына сүйүндү. Баатыр ар нерсени айтып Анараны күлдүрүп, айтор, убакыттын кандай өткөнүн билбей калды. Ал күнү бир мейманканада жатышты. Аяштары Анараны сынай карашып: "Ай, жанагы Баатыр шүмшүк эмне деп башыңды айлантты? Аябай шаракташып келдиң го?"-деп кеп ыргытышты. "Ал менин жердеш иним болот экен. Эже менен ини катары эле сүйлөштүк, анын эмнеси жаман?"- деп акчаны уучтап, асманды караган аяштарына таарына түштү. Ошондуктан "жүрү, шаар кыдырабыз" дешкендерине макул болбой, бөлмөдө калды. Кайсы арына шаар кыдырат эле? Анын үстүндө акчасы да ченелүү, болгону 10 миң доллары бар, а тигилер асты 50 миң доллар менен, арты 30 миң доллар менен келишкен. Албетте, аларга ойноп-күлгөн жарашат. Анаранын аяштарына кошула албай калганына ичи ачышып турду, бирок, айласы жок эле. Же күйөөсү алардын күйөөлөрүнө окшоп ар жактан, бер жактан күтүрөтүп акча таппайт. Чечкинсиз. Күйөө деген гана аты бар болбосо, бардык нерсе Анаранын мойнунда, ал байкуш эшикке чыгып эркек болот, үйгө кирип аял болот. Акыркы күндөрү баарынан тажап жүрөт, чарчап жүрөт. Кара башын ойлогондо көр тирилик деген балакетке кол шилтеп туруп басып кеткиси келет... Анте албайт, эки баласын ойлойт. Ушунун баарын унуткусу келип, бир саамга көзүн жумуп, мейманкананын жумшак диванына кулады. Чарчагангабы, көзү илинип кетиптир. Эшиктин кагылагынан ойгонуп кетти. Ачса күлүп, Баатыр туруптур.
- Эже, эмне уктап атасыз? Бишкектен деле уктаганга жетишесиз. Жүрүңүз андан көрө, Стамбулду айлантып келейин.
- Мейли, азыр, күтө тур. Мен кийинип чыгайын,- деп өзүнө жаккан көгүлтүр көйнөгүн кийип чыкты. Көйнөгү өзүнө сонун жарашат эле. Анын келбеттүү аял экени Баатырга да жага түштү. Ресторанга киришип, Баатыр дасторкон үстүн жайнатты. Коньяк ачылды. Тосттор айтылды. Экөө бири-бирин мурдатан тааныган адамдардай тез эле жакындашып кетишти. Тамактанып бүткөн соң жөө басып шаар кыдырышты. Жолдон гүл саткан дүкөндөн Баатыр Анарага кыпкызыл роза гүлүнөн жасалган букет сатып берди. Анара ошо жерден эреркеп кетсе болобу, ыйлап жиберди.
- Эже, сизге эмне болду? Капа кылып койдумбу?
- Жок, жок. Өзүмчө эле, гүл албаганыма көп болду эле.
- Ошол элеби? Мен дагы чочуп кеттим. Ыйлабаңыз, мындан кийин өзүм сизге гүл берип турам. Бул менин жигиттик сөзүм. Сиз мага аял катары жагып калдыңыз. Ачык айтып койгонумду айып этпеңиз.
- Кой антпе, сен менден канча жашка кичүүсүң? Анын үстүндө менин күйөөм, балдарым бар.
- А эмне болуптур? Менин деле аялым, балдарым бар. Күйөөлүү аял сүйүүгө татыксызбы? Тарыхта өзүнөн улуу аялды сүйүп калган жалгыз мен эмесмин. Жусуп пайгамбырыбыздын аялы деле өзүнөн 17 жаш улуу болгон экен го. Кырк жаш аялдын толуп-ташып турган убагы дешет.
- Көптү билет окшойсуң?!
- Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет. Эми менин сүйүүмө кандай жооп айтасыз?
- Билбейм, азырынча эч нерсе дей албайм.
Экөө ал түнү бир топко сейилдешти. Бөлмөгө кеч келсе, тигилер уктап калышыптыр. Ал көпкө чейин уктай албай жатты. Жүрөгү кандайдыр бир жылуу сезимге толуп чыкты, каяккадыр учуп кеткиси келди. Кыялданып жатып уктап кетти. Эртеси эрте туруп товар алышты. Анда да Баатыр жанында жүрдү. Аны соодагер түрктөрдүн көбү таанышат экен. Бир чоң дүкөнгө кирип: "бул менин бир тууган эжем болот. Мага ишенсеңер, эжеме насыяга товар бергиле. Бишкектен сатып, акчасын салып жиберебиз"-десе эле түрктөр дароо макул болушту. Ошентип Анара акчалуу аяштарына караганда алда канча көп товар менен Бишкекке келип, кирешелүү болуп, иши кадимкидей алдыга жылды. Анан Баатырга болгон сүйүүсү күч алды. Эзилген, чечкинсиз, мажүрөө, майдачыл күйөөсүн кадимкидей жек көрө баштады. Аны барсыңбы же жоксуңбу да дебей койду. Экөө эки бөлүнүп жата турган болушту. Анара күндөн-күнгө жашарды, Баатыр экөө тымызын жолугушуп жүрүштү. Экөөнүн ортосунда нечендеген махабат түндөрү өттү. Алар дайыма Түркияга бирге барышат, укмуш түндөрдү өткөрүшөт. Кытайга бирге барышат, кызыктуу түндөрдү өткөрүшөт. Баатыр Анарага түрдүү белектерди берет. Анда экөөнүн сүйүүсүндөй сүйүү жоктой сезилчү. Анан эле экөөнүн мамилеси сууй түштү. Баатырдын мүнөзү өзгөрүп кетти. Анарага сейрек телефон чалып, сейрек кездеше турган болду. Жалындаган жашоого көнө түшкөн Анара аябай жаман абалда жүрдү. Же себебин түшүнбөдү. Баатыр дагы үндөбөдү. Бир жолу жолугуушууга чакырды. Анара сүйүнүп кетти, анткени, аны ушунчалык сагынган эле. Айткан жерине шашып барды. Баатыр маанайы суз күтүп олтуруптур. Анараны кучактай, алкымынан жыттап алды.
- Сиз мени чын жүрөктөн сүйөсүзбү?
- А сен менин сүйөрүмдү билесиң го. Сага эмне болду, ачык айтчы?
- Мен жакында балалуу болгону турам.
- Жакшы болуптур да, бул деген сүйүнө турган нерсе го.
- Сиз түшүнбөй калдыңыз. Келинчегим эмес, башка кыз төрөгөнү жатат. Жаштык-мастык кылып болуп кетти окшойт. Үй-бүлөм бузулуп кетеби деп коркуп жатам.
- Кандайча? Ал кыз менен качан байланышып жүрөсүң? Мен ал кызды тааныймынбы?
- Жок, сиз тааныбайсыз... Качан болгонун айткым келбейт. Бир жаңылдым, кечириңиз.
- Эмнеге кечирим сурайсың, сен деген эркин адамсың да. Эми кантип чечесиң? Аборт кылдырсаңар болот беле?
- Кечигип калыппыз. Бир жумадан кийин төрөйт. Эркек бала экен. Эже, сиздин эшигиңизге таштап кетем. Мени чындап сүйгөн болсоңуз, баламды багып алыңыз. Мен сизге гана ишенем. Өзүм жардам берем. Суранам, менин сөзүмдү жерге таштабаңыз...
Анара дендароо боло түштү. Не дээрин билбеди. Туңгуюкка камалган сүйгөнүн аяп турду. Ошондон бир апта өтпөй Анаранын эшигине бала таштап кетишти. Аял эмеспи, амалдуулугуна салып, түн бир оокумда эшиктин коңгуроосу кагылганда күйөөсүн ойготту.
- Эшикти сен аччы, түндө ким келди экен? Мен ачкандан коркуп атам.
Күйөөсү эшикти ачып, оролуп жаткан наристени көрүп коркуп кетти.
- Анара, бала таштап кетишиптир!
- Ия, эмне дейсиң, бала дейсиңби?
Жүгүрүп барып босогонун жанында жаткан баланы колуна ала койду. Ий, Кудайым бизге ырыскы жиберген турбайбы. Багып алабыз. Эч кимге бербейм,-деп бооруна кыса, жаңы төрөлгөн чүрпөнүн жүзүнө үңүлдү. Караса, Баатырга куюп койгондой окшош экен. Көзүнө сүйкүмдүү көрүнүп кетти.
- Анара, балким оорукчан болуп калсачы?!
- Оозуңа ок. Эмне болсо да азабын мен тартам да.
Эртеси балалуу болдук деп урук-туугандарга сүйүнчү айттырышты. Анаранын үйүндө чоң той болду. Анын Баатырга болгон сүйүүсү акырындап баласына өттү окшойт, аны өз балдарынан да артык мээримге бөлөп багып жатты. Ушундан кийин Баатырдын дагы Анарага болго сүйүүсү күч алды. Бирок, экөө бириге алышкан жок. Ошентсе да кечиккен сүйүү экөөнө тең кечиккен азабын да, кечиккен бакытын да тартуулады...

Айназик РАИМКУЛОВА

Автордун атынан кечирим сурайбыз
Уулу эл керегине жарап, азамат болуп чыкса - бул эненин сыймыгы. Ал эми чыгармасы колдон колго өтүп, коомчулук арасында кызыгуу жаратып турса - бул ошол чыгарманын авторунун сыймыгы. Бирок, сыймыктанаардан мурун "төрөгөн" чыгармасын канын жерге тамызбай окуган окурмандарын сыйлоону үйрөнүү - калемгердин эң биринчи кезектеги милдети болсо керек. Муну менен эмнени айтайын деп жатабыз?
Урматтуу окурмандар, гезитибизге сандан санга жарыяланып келген "Бир ырдын баяны" жана "Адашкан жаш" чыгармаларын автор Айжаркын Эргешова белгисиз себептер менен мындан ары улантпоону чечти. Андыктан, жоопкерчиликсиздиги жана ыңгайсыз шарт жараткандыгы үчүн "Леди.kg" гезити автордун атынан сиздерден кечирим сурайт.