Аял. аалам. ыр

Азыркынын
Асан Кайгысы
Венера Бөлөкбаева жазмакерлер чөйрөсүнө өз чыйыры, жеке колтамгасы менен келди. Ага ушуга чейин жарык көргөн "Гүкү энем", "Жүрөгүмдө", "Көңүлдөр" аттуу китептери күбө. Анын ырлары эч бир гүлгө окшобогон бир башкача сап, жашыл жалбырактар, өзүнчө бир бүчүр болуп байлап келатат. Эмнегедир аны азыркынын Асан Кайгысы дей берем. Эртелеп баканын сайраганынан баштап, чымын-чиркейдин ызылдаганына чейин суктанат. Боортоктогон жыландан баштап, канаттууга чейин санаасы санга бөлүнүп, боору ачыйт. Түркүн гүлдөрүнө жан үрөп, алардын ар бири менен кошо ачылып, кечкисин кошо жабылат. Дүйнөкорлук, мансап, даража, сыйлык... Булардын баары ал үчүн чоочун нерселер.

Издегеним. Чындыгында издегеним эле көп. Анын үстүнө аял киши изденчээк болобу... Эмнегедир жанымдан өтүп кеткен, бейтааныш, бирок, жүзүнөн мээрими, айкөлдүк төгүлүп турган адамдардын элеси калып калат. Андай адамдарды дагы бир жолу көрсөм, жолугуп калсам деп эңсей берем.
Дос, пикирлеш, санаалаш боло турган инсандарды издейм. Ар бир адамдагы асыл касиеттерин издейм. Ошондой касиеттерин таап алсам башка кемчиликтерине (мисалы, кагып-силккенине, оройлугуна же эрки боштугуна) көздү жуумп, мамилемди уланта берем.
Үмүтүм. Деги эле жакшылыктардан дайыма үмүт тилеп жашайм. Айрыкча Айжанат кызымдан үмүтүм чоң. Кызымды атам өтө эркелетип өстүргөндүгүнөн чочулап жүрдүм эле. Абдан жөнөкөй , боорукер, элпек кыз болуп чоңойду.
Айжанат
("Кумурсканын үйүнүн ичи кандай болду экен ээ?" Кызымдын мага берген суроосунан.)
Жанымдан-Таттуум менин!
Балалыгың
Балдай сурооңдон!
Чын эле...
Үйүнүн ичи кандай кумурсканын?
Жооп таба албай туруп калдым...
Менин дагы суроом бар:
Наристелер-Периштелер!
Наристелер бардыгын билет дешет...
Кудайдын үйү кайда?..
4-июнь.2000-жыл.
Сагынычым. Кумурскаларга тамак берген, көпөлөк кармап үйгө киргизип алып чүпүрөктөн көйнөк кийгизген балалыгымды, анан мени жетелеп чоңойткон Гүкү энемди сагынам. Ал апамды, таякелеримди чоңойтуп, эң аягында мага мээримин төгүп жүрүп жүз жашты таяп кайтыш болду. Азыр ойлосом Гүкү энекем таята-таенемдин жанында жүрүп, төрөбөй калган армандуу жан болуптур. Ошол үчүн анын жаркын элесине, мээримине , арбагына арнап, эң биринчи эмгегимди "Гүкү эне" деп жарыкка чыгардым. Көптөгөн ырларымда энекемдин мүнөзү, тагдыры, арманы ачык жана кыйыр түрдө берилген. Гүкү энем түшүмдөн да кетпейт.
Дал ошол,
Ошол энем...
Нымдалбай согончогу
Төрөбөй балкып бала,
Узаган бизден алыс,
Уюган жер астында .
Мээримин кошуп алып
Жетелеп жүргөн далай,
Колумда изи калган,
Бырышкан колдорунун
Дал ошол,
Ошол энем...
6-февраль. 2001-жыл.
Таң калганым. Бир жолу кокустан кобураша кеткен бир кыз "мектепти окуганыма өкүнөм" деп кейип-кепчип, жанын жерден алып асманга ыргытып ыйлай баштады. Ошондо он тогузга чыга элек кызды карап таң калып, катып калыптырмын. Анын жаш көңүлү карарып, "бардыгы сатылат, таза эч нерсе жок" деп сыздаганына боорум ооруду. Өмүрдө өкүнчү көп нерселер бар. Бирок, окуп, таалим алып, өрүктөй өнүгүп-өскөнүнө өкүнгөнүнө таң калганым дагы эле эсимде.
Коркконум. Кудайдан корком, ага жакпаган иш жасап албайын дейм. Анан жакшы-жаман мамилени түшүнө баштаган наристелерден, балдардан корком. Аларга арамзалык, митаамдык кылсак эч качан кечире алышпайт. Анткени, аны өзүмдөн улам билем. Кичинемде байкап, көрүп калган улуулардын туура эмес жоруктарын эмдигиче кечире албай келем. Эми минтип жаш улуулап калганда жаман мамилелерин кечире да, көтөрө да билем. Чыдай да алам...
Махабатым. Ушул тема мага сырдуу, сүрдүү. Бир карасам түшүнүксүз. Бирок, бул тема сулуу дагы, анан таттуу дагы. Өзүмдүн махабатыма өзүм түшүнбөй жүрөм. Бирөөнү эле түбөлүк сүйдүм десем, жүрөгүмдө чоң сүйүүгө кезиге турган интуиция жашайт. Мындай жактырган жигиттерим көп эле. Мага көзү кичине, узун бойлуу жигиттер жагат. Көзү бакыракай, мурут, сакалчандарды жактырбайм.
Ыйлаганым. Үч жолу турмушка чыгып, бирок, үч эри тең түбөлүккө бирге жашоодон баш тартып кеткен курдашым бир жолу бардыгын эскерип айтып отурду. Курдашымдын көзүнчө өзүмдү араң кармап отуруп анан ал уктаганда жанынан кетпей абдан катуу ыйлагам. Ыйлап отуруп таң атканын да билбей калыптырмын. Үчөө тең курдашымдын арты менен жашап келишкен, ийгиликке жетишкен. Бирөөсү да үйгө нан көтөрүп келген эмес. Көңүлү үчүн бир гүл да сатып бербептир. Курдашым өзү абдан берешен, иштерман, меймандос, адамгерчиликтүү жан.
Анан Жыргалбек деген өзүмдөн улуу досум бар болчу. Ал өткөндө 43 жашында бул дүйнө менен коштошуп кете берди. Жакын адамымды ажал алып кеткенде ыйламак тургай убакыт токтоп, катып калгансыдым. Кудайды да, ажалды да күнөөлөгөн жокмун. Жөн гана досумдун аз жашаганына, сырдашымдан айрылганыма ыйладым.
Жалгыздыгым. Өзүмдү эч кандай жалгыз сезбейм.Оюмда, акыл-кыялымда тынымсыз менин кымбат адамдарым, жоро-жолдошторум жашашат. Үйүмдө мени кайтарган Акжол, Береке жана Той аттуу үч итим, Ботогой аттуу мышыгым бар. Мен бир жакка кетсем жолдун жээгинде отуруп алып күтүп турушат. Анан ар түркүн гүлдөрүм бар. Ансыз жашай албайм. Быйыл кышында көп гүлдөрүмдү үшүтүп алып, өзүмдү күнөөлөп канча жүрдүм.
Чындыгында Венеранын маегине тойбой калдым. Аны дагы эле сүйлөткүм келе берди. Айтайын дегени эле айрыкча адам түпкүрүндөгү адамгерчиликти асмандатып даңазолоо. Кетип жатып Асан Кайгынын ырларын айтып коштоштук.

Мезгил ИСАТОВ




  Кыргыз эл жазуучусу Зуура Сооронбаева:

"Менин сүйүүм неберелерим үчүн жомок"
(Башталышы 2-бетте)
Бир жолу Ысык-Ата курортунда эс алып жаткам. Анан эле мен жаткан бөлмөгө эки келин келиптир: "Эже, биз сиз менен сыймыктанабыз. Ушул жерде экениңизди угуп кубандык. Кечинде бизге келип мейман болуп кетиңиз"- деп аябай суранып калышты. Мен дароо макул болдум. Кечке чейин кагаз чиймелеп, кечинде чакырган жерге бардым. Дасторкон жазып алып, баары мени күтүп атышыптыр. Мени көргөндө баары сүйүнүп кетишти. Ошол кечте аябай сонун олтурдук. Пикир алыштык. Чыгармаларым тууралуу ар кандай суроолорго жооп бердим. Бир убакта бир келин: "Эже, Шарип деген ысымды унута элексизби?"-деп сурады.
Алгач кызыктай абалда болдум. Бирок, билдирбегенге аракет кылып: "Жок, унута элекмин",-десем, "ал менин таякем болот. Азыр ооруп атат. Бир кабар алып койсоңуз жакшы болмок. Ал сизди өмүр бою сүйүп, күтүп жүрөт",-деди. Жүрөгүм аңтарылып кеткендей болду. Ичимден сызып ойлонуп калдым. Ошондон кийин Шарипти издөөнү чечтим. Курорттон келгенден кийин Райпого атайын заказ берип, эң кымбат эркектин көйнөгүн, аялына кымбат кездеме, таттууларды, анан китептеримди алып, Шариптин үйүнө жөнөдүм. Анын үйүнө жетеримде алдыман ага окшош бирөө чыкты, экөөбүз бири-бирибизди карашып койдук. Шариптин үйүнүн коңгуроосун бассам бир аял ачып: "Зуура, сен келдиңби, көргөн көзүмө ишенбей турам. Шарип сени өмүр бою күтүп жүрөт. Келгениң жакшы болду, үйгө кир. Мен келинчеги болом",- деп жылуу тосуп алды. Шарип үйүндө жок экен. "Азыр эле эшикке чыкты эле. Чаар көйнөк кийген эркек жолуңдан чыккан жокпу?"-деп сурады. Мен дендароо боло түштүм. Көрсө, жанагы алдыман чыккан эркек Шарип экен. Мезгил менен оору аны мен тааныгыс кылып өзгөртүптүр. .. Аялы жаркыраган жакшы жан экен. Жайнатып дасторкон жазды. Менин жүрөгүм элеп-желеп болуп, Шарипти күтүп аттым. Арадан чай кайнам убак өткөндөн кийин Шарип келди да, мага көңүл бурбастан башка бөлмөгө кирип кетти. Аябай жаман болдум. Аялы: "Шарип, Зуура менен учурашпайсыңбы?",-деди. Ал бөлмөдөн чыгып: "Зукеш, сенсиңби? Сен мени издеп келдиңби? Эми өлө берсем менде арман жок!"-деп мени кучактап буркурап ыйлап жиберди. Ага кошулуп мен дагы ыйладым. Бизди көрүп аялы да ыйлады. Арман жүрөгүбүзгө ушунча толсо керек, ыйлай бердик, ыйлай бердик... Бир топко ыйладык. Эптеп атып соорондук. Анан өз колум менен алпарган көйнөгүмдү кийгизип, эң биринчи жолу анын бетинен өптүм. Ал менин колумдан өөп: "Рахмат сага, мен эки дүйнө ыраазымын. Мага ушунчалык кубат бердиң. Мен сени менен сыймыктанам,"-деди. Алардыкында конок болдум, таң аткыча сүйлөшүп олтурдук. Эртеси менен узап кеттим. Кетип атканымда мени ушунчалык жалооруй карады. Ошол жолугушуу биздин акыркы жолугушуубуз болду. Көп өтпөй анын каза болгондугу тууралуу гезиттерге некрологдор чыкты. Окуп алып, заманам куруду. Өзүмчө ыйладым. Ага багыштап куран окудум. Канча бир убакка чейин өзүмө келалбай жаман болуп жүрдүм. Акыркы жолуккандагы анын көздөрүн эстесем азыр да жүрөгүм ооруп кетет.
- Бул сүйүү тарыхын неберелериңиз дагы билишет экен го?
- Ооба, аларга айтып бергем. Мындай сүйүү менен сыймыктануу керек да, бир четинен неберелериме сабак болсун дедим, экинчиден эмне үчүн менин жалгыз өмүр сүргөнүмдүн себебин билишсин дедим. Неберелерим үчүн менин жашоом, басып өткөн жолдорум жомоктой туюлат. Алардын ысымдарын чыгармалардагы каармандарымдын атынан койгом, Кудай берген Салават, Жанат, Набат, Зыйнат аттуу неберелерим жана 4 чөбөрөм бар.
- Акаев сизге Бишкектен үй берген эле го. Бакиевдин учурунда ошол үйүңүздү чоңойтсом деп документ топтоп жүрбөдүңүз беле. Ошол тилегиңиз ишке аштыбы?
- Ошентип жүргөм. Эки-үч жолу убара болуп, Ак үйгө кире албай койдум. Андан кийин жамбашым сынып, ооруканага жатып калдым. Андан кийинки тагдырымды өзүңөр уктуңар. Үйүм ошол бойдон алмашылбай калды. Эми азыр бул маселени ойлобой калдым. Аман болушса, неберелерим өздөрү үйдү чоңойтуп алышаар. Мен аларга жакшы, көөнөргүс, кемибес байлык жасап койгом. Ал байлык менин чыгармаларым, эл ичинде сүймөнчүккө ээ болгон китептерим эмеспи.
- Сизге чоң ырахмат. Кызыктуу маек куруп бердиңиз. Жакшы болуп кетиңиз.
- Силерге да ырахмат. Аман болгула. Чыгармачылык ишиңер илгерилесин деп батамды берейин.

Маектешкен
Айназик РАИМКУЛОва