п»ї
Келбетиңизге жараша
кийим тандай билиңиз
Туура кийим тандоодо дененин жекече өзгөчөлүгүн, мисалы, толуктугун же арыктыгын, ийиндин кенендигин, көкүрөктүн чоң же кичинелигин, моюндун узун же кыскалыгын, буттун кыйшык же түздүгүн эске алуу зарыл. Эгер биздин төмөнкү жөнөкөй эрежелерибизди колдонсоңуз, кийимиңиз менен өзүңүздүн кемчилигиңизди жаап, артыкчылыгыңызды көрсөтө билесиз.

Жоон бут
Кыска көйнөк же юбка - буту жоон айымдар үчүн эмес. Көйнөктүн узундугу тизеден өйдө болбоого тийиш. Сизге трапеция түрүндөгү көйнөк же юбка жакшы жарашат. Келбетиңиздин тең салмактуулугун сактоо үчүн денеңиздин үстүңкү бөлүгүнө - көкүрөгүңүзгө, ийиниңизге көбүрөөк көңүл буруңуз. Моюну ачык, үстүңкү бөлүгүндө өзгөчө оймо-чиймелери, гүлдөрү бар көйнөк тандаңыз. Эгер куртка же узун кофта менен кийсе, шым да толук айымдарга жарашат. Бирок, шым чатыраш же сызыктары менен болбоого тийиш.

Ичке бут
Эгер сиздин бутуңуз өтө эле ичке болсо, мини юбкадан качып, узун же орточо узундуктагы көйнөктөрдү тандаңыз. Өтө арык буттардын тизелерин юбканын жаап турганы оң.

Жоон бел
Эгер сиздин белиңиз жоон болсо, анда сизге бели көкүрөктүн астынан башталган көйнөктөр керек. Ачык түстүү кофта, күңүрт түстүү юбка кийип алсаңыз, бул кийимдер сиздин денеңиздин жогорку бөлүгүн кеңейтип, белден ылдыйкы бөлүгүн ичкертип көрсөтөт.

Жоон кол
Жеңи жок көйнөктөрдөн, кофталардан айланып өтүңүз. Жоон колуңузду жең менен жапканга аракет кылыңыз, бирок, жең өтө кенен да, өтө тар да болбоого тийиш.

Кичине көкүрөк
Көкүрөгү өтө чоң ачык, ошол эле убакта туюк кийимдерден качыңыз. Көкүрөгүңүздүн тушунда өзгөчө элементтери бар кийим сиздин денеңиздеги кемчиликти жаап турат. Көлөмдүү тагынчактарды, мисалы, мончокторду тагыңыз - булар көкүрөк тушуңузга көлөм кошуп көрсөтөт.

Чоң көкүрөк
Жакасы V түрүндө оюлган көйнөк көкүрөгү менен башкалардын көңүлүн бургусу келген аялдар үчүн. Ал эми сиздин көкүрөгүңүз өтө эле чоң болуп, андан уялсаңыз, анда көкүрөгүңүзгө жармашып турган кийимдерди эмес, бош отурган кийимдерди тандаңыз. Келбетиңиздин тең салмактуулугун сактоо үчүн денеңиздин ылдыйкы бөлүгүнө басым жасаңыз. Узундугу тизеңизден 2-2,5 см жогору болгон трапеция түрүндөгү юбкаларды кийиңиз.

Толуктук
Кабат-кабат болуп барпырап тигилген кийимдер, ошондой эле өтө кенен кийимдер сиздин денеңизге дагы көлөм кошот. Өзүңүзгө бош отурган, бирок, чыпташпаган кийимдерди тандаңыз. Кара түс да толуктукту жашырууга жардам берет. Мындан тышкары жылуу түстөр (сары, ток сары, кызыл) толук көрсөтөт, муздак түстөр (көк, жашыл) арык көрсөтөт. Чоң-чоң сүрөттөрү, сызыктары жана тоголоктору бар кийимдер, жалтырак түстөр да толуктарга сунуш кылынбайт. Кенен курлар толуктар үчүн эмес, аларга 3 сантиметрден кенен эмес, бош тагылган курлар ылайыктуу.

Арыктык
Токулган көйнөк, бийик жакалуу свитер - өтө эле арык айымдар үчүн эң жакшы вариант. Дагы көлөмдүү көрүнүү үчүн үстүнөн жакет кийип алсаңыз болот.

Узун бой
Бою узун, арык айымдарга өтө эле тар, кыска көйнөк кийсе, андан бетер узун көрүнүп калышы мүмкүн. Ошондой эле баштан-аяк бирдей түстөгү кийимдерди да кийбеңиз. Сизге көйнөккө караганда костюм-юбка жакшы жарашат. Эгер көйнөк болсо, туурасынан кеткен сызыктары болсо жакшы болот.

Кыска бой
Кыска бойлуу айымдар баарынан мурун тигинен кеткен сызыктарга көңүл бургандары оң. Анткени, тигинен кеткен сызыктар келбетти узартып көрсөтөт. Жеңи жок көйнөктүн да бойдун узун көрүнүшүндө ролу чоң. Кыска бойлуу айымдарга кенен кофта таптакыр ылайыксыз. Ошондой эле чоң жака, сыртка чыгып турган чоң чөнтөк жана жогоруда айтылгандай чоң сүрөттөр кичи бойлуу аялдардын келбетин бузуп коёт. Атүгүл чоң мончок, сөйкө жана башка тагынчактар да бул айымдарга туура келбейт.

Узун моюн
Узун, ичке моюн албетте, жакшы. Бирок, кээде ашыкча эле узун моюнду жашырганга туура келет. Мындай учурда жакасы ачык кийимдердин ордуна туюк кийим кийип, жука шарфтарды пайдаланган ылайыктуу. Тике жакалуу кийимдер да моюну узун айымдарга жакшы жарашат. Эгерде сиз спорттук стилде кийингенди жакшы көрсөңүз, анда сизге туюк моюндуу свитерлер сунуш кылынат.

Кыска моюн
Эгер сиздин моюнуңуз кыска жана жоон болсо, анда сизге узун, учтуу оюктуу жакасы бар кофталар, көйнөктөр ылайыктуу. "Каамыт" жака, барпайган жеңдүү кийимдер кыска моюндуу аялдардын "кебетесин келиштирип" коёт.

Сауле СУЛАЙМАНОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"
email • архив • редакция 
22-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Ким жакшы кожойке?
2-бет
КРнын Эмгек сиңирген артисти Зейнеп Шаакеева:
"Ырды эмес, баланы, үй-бүлөнү жогору койгон жан экенмин"

3-бет
"Турмушка чыкпасам да төрөп алсам болмок экен..."
4-бет
Түштүктө кайрадан ок атышуу
5-бет
Санжар Бердибеков:
"Жеңем экөөбүз үндүктү дааратканага таштап салганбыз"

6-бет
Жайдын аптабында
Эске алынуучу эрежелер

7-бет
Сиздин күйөөңүз кандай ата?
8-бет
Ким жакшы кожойке?
9-бет
Келбетиңизге жараша
кийим тандай билиңиз

10-бет
Сүйүүдө жылдыз белгиңиздер туура келеби?
11-бет
Мэри Кей популярдуулукту кантип багынткан?
12-бет
Аңгеме
13-бет
Бир ырдын баяны
14-бет











??.??