п»ї
Ким жакшы кожойке?
Мен мыктымын деген ар бир кожойке билүүгө тийиш болгон ашканадагы кичинекей куулуктар бар. Булар көп учурда сизди абалдан куткарып чыгат. Элге аты таанымал жаш кожойкелердин ашканада кандай экендигин төмөнкү тест аркылуу текшерип көрдүк.

Назми

1. Духовкада эт жумшак болуп бышуу үчүн...
а) этти сууга бышырып алып, анан духовкага салуу керек
б) духовкага эт менен кошо бир чыны суу коюп коюу керек
в) этти майда тууроо керек.

2. Столду сервиздөөдө вилка
кандай коюлат?
а) тарелканын оң жагына, мизи дасторконду карап
б) тарелканын баш жагына, туурасынан
в) тарелканын сол жагына, мизи асманды карап

3. Муздаткычтагы жагымсыз
жыттан арылуу үчүн ...
а) текчелерине кара нандын кесимдерин коюп коюу керек
б) эшигин тез-тез ачып туруу керек
в) чийки картошканы майда туурап, салып коюу керек

4. Күрүчтүн курамында эмне көп?
а) жөнөкөй углеводдор, Д витамини
б) татаал углеводдор, В тобунун витаминдери
в) клетчатка

Гүлзинат Суранчиева,
ырчы

1. Шорпонун чий көбүгүн
алууга үлгүрбөй калганда
эмне кылуу керек?
а) эч нерсе кыла албайсың
б) шорпону башка идишке тундуруп куюу керек.
В) бир стакан муздак суу куюп жиберсе чий көбүк шорпонун бетине калкып чыгат, анан алып салууга болот.

2. Сиз конокко кечигип бардыңыз. Кечиккениңиздин себебин
түшүндүрүү керекпи?
а) ооба
б) жок
в) сурашса гана

3. Шыпыргы көпкө
кызмат кылуу үчүн ...
а) арак кошулган сууга 1 күн чылап коюу керек
б) туздуу сууга 2-3 саат чылап коюу керек
в) шыпыргынын учунан 1-2 сантиметр кыркып коюу керек

4. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы
карта оюндарынын жеткен кумарчысы болгон англис
лордунун атынан аталат?
а) сэндвич
б) гамбургер
в) шаурма

Роза Шакирова, ырчы

1. Шорпо тунук болуп бышуу үчүн...
а) тез-тез сапырып туруу керек
б) алманын 2 тамчы ширесин тамызып коюу керек
в) жумуртканын кабыгын марляга ороп, шорпого салып коюу керек.

2. Стол этикетинин эрежеси боюнча кашык кандай коюлат?
а) тарелкага салынып коюлат
б) тарелканын оң жагына, чалкасынан
в) тарелканын сол жагына, көмкөрөсүнөн
3. Чайнек ичиндеги кеберди оңой кетирүү үчүн...
а) чайнекке туз кошулган суу куюп, жарым саат кайнатуу керек
б) бычак менен кырып кетирүү керек
в) чайнектеги сууга чийки картошканы салып, бир саат кайнатуу керек

4. "Винегрет" деген сөз
эмнени түшүндүрөт?
а) французчадан сөзмө-сөз которгондо "уксус салаты" дегенди түшүндүрөт
б) грекчеден которгондо "аралашма" дегенди түшүндүрөт
в) англис тилинен которгондо "кызылча салаты" дегенди түшүндүрөт.

Назира Кадыева,
ди-джей

1. Кыямды, балды, кумшекерди кумурскадан сактоо үчүн...
а) идиштин астын күнкарама майы менен майлап коюу керек.
б) идиштин чекесине уксус сыйпап коюу керек.
в) азыктарга эки тамчы спирт тамызып коюу керек.

2. Конокторду бири-бирине тааныштыруунун эрежеси кандай?
а) үйдүн кожоюну кичүүнү улууга, жөнөкөй кызматкерди жетекчиге, эркекти аялга
б) улууну кичүүгө, жетекчини жөнөкөй кызматкерге, аялды эркекке
в) коноктор бири-бири менен өздөрү таанышышат

3. Күзгүгө чымын конуп, так калтырбоо үчүн...
а) Күзгүнү ысык суу менен жуу керек
б) пиязды ортосунан бөлүп, ошону менен сүрүү керек
в) алманын маңызы менен тазалоо керек.

4.Бул момпосуй трюфель
деп аталат. Анткени:
а) аны Эрнст Трюфель ойлоп тапкан
б) ал трюфель козу карынынын формасын эске салат
в) ал биринчи жолу Франциянын Трюфель шаарында жасалган

Лунара Мамытова, тележурналист

1. Шорпонун тузун көп салып алдыңыз. Эмне кылуу керек?
а) бир аз кумшекер кошуп коюу керек
б) үстүнө суу куюу керек
в) картошканы аарчып, салып коюу керек

2. Үйүңүзгө конок чакырдыңыз. Ысык тамакты отурган адамдын кайсы тарабынан бересиз?
а) оң тарабынан
б) сол тарабынан
в) маңдайынан

3. Стакан оңой менен сынбаш үчүн...
а) жаңы сатып алганда муздак суу куюлган идишке салып жай отто кайнаганга чейин жеткирип, ошол эле сууда муздатуу керек
б) жаңы сатып алганда сода кошулган сууга 1 сутка чылап коюу керек
в) маал-маалы менен туздуу сууга жууп туруу керек.

4. Кайсы жашылча байыркы перстерде жаңжалдын символу катары эсептелинген?
а) картошка
б) кызылча
в) капуста

Азиза САТИМБЕКОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"
email • архив • редакция 
22-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Ким жакшы кожойке?
2-бет
КРнын Эмгек сиңирген артисти Зейнеп Шаакеева:
"Ырды эмес, баланы, үй-бүлөнү жогору койгон жан экенмин"

3-бет
"Турмушка чыкпасам да төрөп алсам болмок экен..."
4-бет
Түштүктө кайрадан ок атышуу
5-бет
Санжар Бердибеков:
"Жеңем экөөбүз үндүктү дааратканага таштап салганбыз"

6-бет
Жайдын аптабында
Эске алынуучу эрежелер

7-бет
Сиздин күйөөңүз кандай ата?
8-бет
Ким жакшы кожойке?
9-бет
Келбетиңизге жараша
кийим тандай билиңиз

10-бет
Сүйүүдө жылдыз белгиңиздер туура келеби?
11-бет
Мэри Кей популярдуулукту кантип багынткан?
12-бет
Аңгеме
13-бет
Бир ырдын баяны
14-бет











??.??