п»ї
Түштүктө кайрадан ок атышуу
20-июндан 21-июнга караган түнү Ош шаарына жакын Нариман айылында түнү менен ок атышуу болуп, эртең менен атайын операция деген күч структуралары үйлөрдү кыдырып, текшерүү жүргүзгөнүн жергиликтүү тургундар билдиришкен. Алардын айтымында, жергиликтүү тургундарды коркутуп, сабашкан.
Төлөйкан Исмаилова баш болгон Кыргызстандын бир топ укук коргоочулары Нариман айылында болушту. Алардын айтымында, атайын операция учурунда коркуп качып баратып, 20 адам каза болгон. Корккон эл үйлөрүн таштап кетишти. Аскерлер көптөгөн адамдарды уруп, документтери жок деген шылтоо менен милицияга алып кетишкен.

Рим папасы Кыргызстандагы зомбулукту токтотууга чакырды
Рим папасы Бенедикт ХVI Кыргызстандагы башаламандыктарды токтотуп, тынчтыкты орнотууга чакырды. Бул тууралуу 20-июнь күнү Ватикан радиосу билдирди.
"Кыргызстандын түштүгүндөгү кан төгүлгөн карама-каршылыктардан кийин батыраак тынчтыкка келишине чакырам",-дейт өзүнүн жекшемби күнкү чокунуусунда. Рим папасы эл аралык уюмдарга кайрылып, алардан Кыргызстанга жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдар муктаж болгондордун колуна тийүүсүнө жардам берүүлөрүн суранды. Ошону менен бирге Бенедикт ХVI курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, алар үчүн чокунаарын айтып өттү.

"Чүй-Арашан" ыктыярдуу кошууну түзүлдү
Арашан айылынан чыккан "Чүй-Арашан" деген аталыштагы ыктыярдуу кошуундун "Ата-Бейитке" багыт алган жөө жүрүшү 17-июнь күнү болду. Аталган жүрүш апрель жана июнь окуяларында каза болгон мекендештерибизге арналып, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде куран түшүрүлүп, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду да бир мүнөттүк тыным менен эскеришти. Мындай жүрүш Кыргызстандын Социал-Демократиялык партиясынын Чүй облустук бөлүмүнүн демилгеси менен 18 жаштан жогорку кыргызстандыктарды Ош, Жалалабат аймактарында орун алган окуяларга карата бириктирүү үчүн уюштурулган. Башкы максаты: Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча тартипти орнотууда укук коргоо органдарына жардам берүү. Зарыл болгон абалда ыктыярдуу кошуундун мүчөлөрү Ош, Жалалабаттагы абалды турукташтыруу үчүн аймактарга жөнөп кетүүгө даяр. Аталган кошуундун мүчөлөрүн көк түстөгү футболкалары аркылуу ажыратып билүүгө болот.
Өлкөдө тынчтык толугу менен орногонго чейин акысыз ишин уланткан бул кошуунду даярдоого Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнөн полковниктери тартылган. Жалпы кошуундун командири Уралиев Асылбек - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын полковниги, анын орун басарлары Райымов Тойчубек - өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүнүн запастагы полковниги, Алыпсатаров Мелисбек - милициянын отставкадагы подполковниги, Момбеков Анарбек - Куралдуу күчтөрдүн запастагы майору.

Кыргызстандан 800 чет өлкөлүк студент эвакуацияланды
Акыркы кездердеги окуяларга байланыштуу түштүктө окуп жаткан 800дөн ашуун чет элдик студент эвакуацияланды. Билим алып жаткан окуу жайларын таштоого аргасыз болгон студенттер Түркмөнстандан, Пакистандан, Кытайдан келген жаштар. Ошондой эле айрым студенттер Россияга кетишти. Жөнөтүлгөн жаштар эми окууларын өз өлкөлөрүнөн улантышат.

Ош шаарынын борбордук базары убактылуу жабылды
Бул маселе Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын жыйынында каралып, шаардагы борбордук базарды 20-августка чейин убактылуу жабуу тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Анын негизги максаты - базарды калыбына келтирүү, таштандылардан арылтуу, аны тартипке келтирүү жана эң негизги себеби - бир жерге адамдарды көп топтобоо болду.Борбордук базардын убактылуу жабылганына байланыштуу шаардагы ар бир кичирайондордогу кичи базарлар жанданып, ал жерлерде элге күнүмдүк турмуш-тиричиликке керектүү тамак-аш, азык-түлүктөрдүн баары үзгүлтүксүз сатылып турат.

Сырдуу "7" саны эмнеден кабар берет?
Бишкектин Щербаков, Каарманский, Тоголок Молдо көчөлөрүндө жайгашкан кээ бир үйлөрдү белгисиз бирөөлөр "7" саны менен белгилеп, ылдый жагына "античерти" деген жазууну калтырышкан. Бул үйлөрдүн жашоочуларынын айтымында, мындай жазуулар Оштогу башаламандыктар башталганга 1 күн калганда жана өткөн жуманын аягында пайда болгон. Кээ бир үйлөргө белгисиз бирөөлөр келип, каттоодон өткөрүүдөбүз деп жашоочулардын тизмелерин түзүп жатканын да жашоочулар кооптонуп айтууда.

Azattyk.org, Akipress.kg




кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"
email • архив • редакция 
22-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Ким жакшы кожойке?
2-бет
КРнын Эмгек сиңирген артисти Зейнеп Шаакеева:
"Ырды эмес, баланы, үй-бүлөнү жогору койгон жан экенмин"

3-бет
"Турмушка чыкпасам да төрөп алсам болмок экен..."
4-бет
Түштүктө кайрадан ок атышуу
5-бет
Санжар Бердибеков:
"Жеңем экөөбүз үндүктү дааратканага таштап салганбыз"

6-бет
Жайдын аптабында
Эске алынуучу эрежелер

7-бет
Сиздин күйөөңүз кандай ата?
8-бет
Ким жакшы кожойке?
9-бет
Келбетиңизге жараша
кийим тандай билиңиз

10-бет
Сүйүүдө жылдыз белгиңиздер туура келеби?
11-бет
Мэри Кей популярдуулукту кантип багынткан?
12-бет
Аңгеме
13-бет
Бир ырдын баяны
14-бет











??.??