Сериал

Бир ырдын баяны
Боз торгой
(Башы өткөн сандарда)
Сагынай өзүн биринчи жолу Асылдын кучагында тынч сезди. Ар дайым күнөөкөрдөй басынта берген сезим жоголуп, кандайдыр ишеним, бейпилдик пайда болгонун туюп, ичинен, "никенин касиети болуш керек. Ак никелүү күйөөң менен болуу кандай тынч" деп ойлоп жиберди.
- Эсиңдеби, Сагынтай, сен мени бир жолу "уктабай карап отурасыз" деп жазалаганың?
- Эсимде, бирок, эмнеге жазалаганым эсимде жок.
- Жөн эле жазалагансың. Мен болсо жөн эле жаза тарткым келбей күнөө жасагам, анан жазасын тарткам.
- Эмне күнөө?-Асыл унчукпай келинди кучагына кыса, далысын кычырата кучактап, салмагын сала бооруна басты.
- Бул азыр күнөө эмес. Ырас, анда күнөө болчу,-деди Сагынай Асылдын салмагынан деми кысыла.
- Анда деле күнөө эмес болчу, жарыгым.
- Сиз "оболу күнөө жасап, анан жазасын тартам" дегениңизди унутуп калгансыз го?
- Жан биргем, менин ар бир сөзүм эсиңдеби?
- Ар бир сөзүңүз эсимде. Сиз ар дайым эсимде болосуз.
- Сагынтай, коштошуп жаткансып сүйлөйсүң да.
- Айттым койдум да. Асыл байке, биз уктай албайбыз. Андан көрө туруп Гүлүнү узаталы.
- Макул. Баса, эми Асыл байке дегениңди кой.
- Эмне дейин, атыңыздан айтайынбы? Ии, "балдардын атасы" деп чакырсам болобу?
- Болот,-Асыл эркелете жагымдуу жылмайып коюп туруп кетти. Күндүн нуру ааламды кучагына ала кенен жайылып келаткан экен. Асыл келинчеги турганча суу ташып, бир сыйра айланып чуркап келди. Асыл сырттан киргенде Сагынай чайын даярдап күтүп отуруптур. Рустам, кичинекей небереси Иман уктап жатышкан экен.
- Сагынтай, тиги тентек турганча кетип калалы. Мени ээрчийт,-деди Асыл шыбырай.
- Макул.
Экөө ээрчишип көчөгө чыга бергенде "кошуналар "тойго чакырбадыңыз" деп тарынышат го",-деди Асыл ары жактан келаткан кошунасын көрүп, күнөөкөрдөй жылмайып. Аңгыча Асыл менен курбалдаш киши басып келди да, жаркырай күлүп Асылды колдон алды:
- Куш боо бек болсун, Асыке! Бактылуу болгула!
- Рахмат. Кечирип кой, тойго чакыра албай...
Тиги киши Асылдын сөзүн бүтүрбөй жумшак жылмая:
- Асыке, али көп тойлошобуз. Башкысы бактылуу болуңуздар!-деди астейдил. Сагынайдын бул сылык кишиге ичи жылый түштү.
- Таанышып алгыла, бул жеңең, аты Сагынай,-деди Асыл кошунасы менен келинчегин тааныштырып.
- Саламатсызбы, жеңе? Менин атым Нуркасым. Асыке экөөбүз дубал тийишкен кошунабыз. Эми сиз кошулдуңуз.
Сагынай жылмая баш ийкеди. Алар көчөгө чыкканча эле бир нече адам жолугуп, Асылды куттукташты. Качан маршрутка отурганда Сагынай жеңилдене дем алды. Кечээтен бери куттуктоолордон тажай түшкөн Сагынай азыр эч кимге көрүнгүсү келбей турду.
Үйгө барса сиңдиси уктап жатыптыр. Сагынай үйгө кирээри менен баары өзүнө тааныш, жыйнактуу, көзгө жылуу буюмдар турган бул жайды кадимкидей сагына түшкөнүн сезди. Бирок, бул жай эми Сагынайга жат болоор.
- Гүлү, тура элексиңби?-деди сиңдисин уйпалай.
- Сиздер кайдан, таң атпай?-деди Гүлү уйкусурап.
- Таңдын атканы качан. Аталуулар алты тойду, энелүүлөр эки тойду,-деди Сагынай энесинин өзүн ойготкон сөзүн эстей. Чоң энеси дайым ушинтип ойготчу Сагынайды.
- Анчалык эрте чай ичкен кандай соргоктор?-Гүлү эжекесинин канчалык жайдары көрүнөйүн десе да, маанайы суз экенин байкай тамашаны улады.
- Турагой,-деди Сагынай сиңдисин бир башкача мээрим менен кучактап. Негедир ыйлагысы келди. Азыр Гүлүнү узатса эле эч кимиси жок, жат эл, жат жерде жалгыз калчудай коңултуктаткан сезим дилин өйүп чыкты.
- Жездем кана?-деди Гүлү акырын.
- Сыртта тамеки чегип турат. Азыр кирет.
- Киргенче кийинип алайын. - Гүлү саамга унчукпай калды да, анан кошумчалап койду: - Апамдарга эмне дейин?
- Эмне демек элең? Кан Жантай калыңды катуу берип тойлотуп, керней-сурнайын ойнотуп, кыз каадасын кылып кыңшылатып ыйлатып, байкуш Сагынайды эркине койбой балыктай туйлатып атка өңөрүп алып кетти де,-деди жасалма жайдарыланып.
- Ал эмне дегениңиз?-деди Гүлү Сагынайдын кандайдыр ызалуудай кебетесине түшүнө бербей карап.
- Эч нерсе дебе,-деди Сагынай муңайым.
Аңгыча сырттан Асыл кирип келди.
- Кандай Гүлү, жакшы эс алдыңбы?-деди ал балдызынын кабак-кашын карай.
- Рахмат, жезде. Өзүңүздөр меймандарды узатып алдыңыздарбы?-Сагынайдын алда неге кабагы кирдей түшкөнүн байкаган Асыл ушул суроодон негедир өзүн ыңгайсыз сезди. Не дээрин билбей баш ийкеген болуп койду. Ортону суздук ээлеп, унчугушпай чай ичишти. Гүлү менен Сагынай жол сумкаларды даярдаганча Асыл такси чакырып келди.
- Гүлү, апамдарга кешик бере албадык, мобу алардын кийити, апама түшүндүрүп айтаарсың,-деди Сагынай сиңдисин таксиге салып жатып, көзүнө жаш айлана.
- Апамдар эмне, кешик үмүт кылмак беле? Кызыксыз, эже. Барганда өзүңөр кешик эмес, той бересиңер буюрса,-деди эстүү сиңдиси жездесинин ыңгайсызданып кеткенин байкап. Сагынай суз баш ийкеди. "Кап, кечинде бирөө-жарым кешик тууралуу ойлонуп койсо болмок экен" деди Асыл ичтен катуу өкүнүп. Алар кайра Сагынайдын жашаган жерине келишти.
- Ушул жерде эс алып алалычы, Асыл байке,-деди Сагынай өзүн зордоп жылмайган болуп. Анан Сагынай Асылдан жооп күтпөй эле орун даярдап, унчукпай ары карап жатып алды. "Чарчады, мейли уктап алсын" деп ойлоду Асыл өзүн-өзү сооротуп.
Сагынай кандайдыр ич сыйрылткан түшүнүксүз сезимден жүрөгү ооруп, канчалык чарчап турса да уктай албай койду. Асыл экөө тең бири-биринин уктабай жатканын туюп, бирок, уктамыш болуп жата беришти. Сагынай качан уктап кеткенин билбейт, ойгонсо үйдүн ичи күүгүм тартып калган экен. Жанында Асыл жок. "Кетип калдыбы?" деген ойдо ордунан туруп сыртка чыкты. Асыл тепкичте жалгыз тамеки чегип отуруптур.
- Эмне болду, Асыл байке?
- Сени уктап алсын деп күтүп отурам. Кандай, эс алдыңбы?-деди Асыл келинчегинин көздөрүн карап.
- Ооба, эс алып калыпмын. Кетелиби?
- Кааласаң, бүгүнчө ушул жерде калабыз.
- Жок, кетели. Рустам эмне деп ойлойт?
Сагынай кеткиси келбей турса да, өзүн зордоп жыйналды. Кийимдерин, зарыл деп эсептеген буюмдарын алды.
- Үйдө эч нерсе жок болчу, базарга кире кетели,-деди Сагынай Асылга. Алар базарга түшүп тамак-ашка керектүүнүн баарын алып кеч барышты. Оор баштыктардан кайышып келе жаткан Асылды көргөн Рустам утурлай басып тосуп алды. Атасынын минтип баштык көтөрбөгөнүнө канча жыл болду.
- Такси жалдай койбойт белеңер?
- Ошол ойго келбептир,-деди Асыл кызарган колдорун укалап. Сагынай унчукпай үйгө кирип кетти.
Баягы шайыр, кыялкеч, тынчы жок Сагынай ордуна башка бирөөнү алмаштырып койгондой токтоо тартты. Күн бою кир жууп, жыртылган-бүлүнгөндү оңдоп, эшиктин алдындагы чөптөрдү тазалап жаны тынбайт. Кандайдыр жанын өгөөлөгөн ойлорду, ички өктөөсүн унуткусу келгендей сезилет кээде Асылга. Жумуштан качан келсе тамагы даяр, кийими жуулуу. Канча жылдан бери керме тартылбаган эшикке керме тартылып, кир жайылганын көргөн Асылдын жүрөгү толкуйт. Бирок, мунун баары негедир убактылуудай. Сагынай кандайдыр мойнуна алган милдетин тезирээк аткарып, анан келген жагына кетүүгө ашыгып жаткандай үй иштерин тыным албай, Асылды унутуп калгансып ага көңүл да бурбай шашып жасап жатты.
Бир күнү сыртта, үстү жабылбаган далисте жатып Сагынай оор үшкүрдү. Бул үшкүрүк Асылдын бүт денесин калтыратып кетти.
- Эмне болду, Сагынтай?-деди келинчегин бооруна кыса.
- Өзүм эле,-деди Сагынай ары караган калыбында.
- Сагынтай, кечирип кой, мен сени бактылуу кыла албай жатат окшойм. Мен ушундан коркком,-деди Асыл ойлуу.
- Баары жакшы, Асыл байке. Мен өзүм макул болгом.
- Сен менин үй-жайымды башкача элестеткенсиң да.
- Кеп үй-жайда бекен?-деди Сагынай акырын. Сагынай Асыл экөө жашачу жашоону башкача элестеткен. Асыл деле көп эркектин бириндей качан жанында жатканда гана көңүл буруп, башка учурда бош боло калса теңтуш эркектер менен ичкилик ичип, шахмат же карта ойноого шашаарын, качан айтмайынча өзү билип келинчегинин көңүлүн таба албаган энөө экенин элестетпептир. Негедир баягы кыялкеч, Сагынайдын каалоосун кирпигинен билген Асыл жок. Таарынчаак, эрке кызы, небереси менен Сагынай кантип тил табышып жатат, жат чөйрөгө келген келинчегинин дилинде эмне санаа аны менен Асылдын иши жоктой. Ырас, Алтынай жароокер, эстүү кыз. Сагынайдын айтканын эки кылбай, аны менен чын дилден сүйлөшөт. Ичинде эмне болсо жашырбай айтат, бирок, экөөнү бирдеме алыстатып турат. Бул жерде Асылдын жардамы керек болчу. Кандай жардам экенин өздөрү билбесе да, үй-бүлө Асылдын акылдуу жардамына муктаж болчу.
(Уландысы кийинки санда)




  Адашкан жаз

(Башталышы өткөн санда)
Агай бир топко унчукпай ойлуу отуруп, анан өз атасын эскерди.
- Атамдын фамилиясы менде, анан менин балдарымда гана калды,-деди акырын. Ушул сөздөн улам "эркек баланы ушул үчүн да ыйык көрүшсө керек" деген ой келди.
- Кайтканга уруксат бер, Алиман,-деди Азат агай чай ичкенден кийин. Негедир жүрөгүм сызыла түштү. Үн катпадым. Агай чыгып баратып текчеде турган дептеримди кармалай:
- Ыр да окуп бербедиң,-деди сырдуу жылмайып.
- Шашып баратпайсызбы. Башка күнү окуп берейин.
- Алиман, сен кечирип кой, мен сенин ырыңды таң атканча укканга даярмын. Болгону, мага анын каарманы тууралуу ойлоо оор,-деди суз.
- Каарманы тууралуу ойлоштун кереги жок. Сизде деле жетпеген сүйүүлөр болгон да. Сиз менин сүйүүмдү эмес, өз сүйүүңүздү ойлоңуз. Кыздарга караганда силерге сүйүү жаатында оңоюраак го. Бизчилеп караанын кайтарбай эле түз басып барып айта аласыңар.
- Сен деле айтып жатпайсыңбы?
- Ооба, айтып жатам, бирок, айтканда эмне?
Ызам жүрөгүмдү кайра тээп чыкты. Көзүмө жаш айлана түшкөнүн көргөн Азат агай мени бооруна кысты. Кучагы ушундай ысык, жагымдуу, мээримдүү эле. Алкымымды бууган жашты жута, агайдын көөдөнүнө баш каттым. Куду сиз карап тургансып көзүмдү жума, бирок, ошол эле учурда көкүрөгүмдү өчөшүү тиреп турду. Өчөшкөндө эмне, билип коюптурсузбу, мерезим менин?!
- Ушул абалдан тез эле өтүп кеткенди жакшы көрөм. Мындайда эмне кылаарыңды да билбейсиң.
Азат агай бекем кучактап алкымымдан, көздөрүмдөн өпкүлөп жиберди. Канчалык каршылык кылбайын, алым кетип, өзүмдү жоготуп бараттым.
Апаке, кечир мени, мен ушул түндөн баштап аялмын. Сенин тилегиңди аткарып, ак көшөгөдө, ак нике менен келин болбодум. Келиндериң "сүйүнчү, келиниңиз уулдуу болду" деп сенин кудагыйыңа, менин кайын энеме сүйүнчүлөбөй калышты. Мен качан кыз катары анча-мынчаны аңдап билгенден баштап, биринчи нике түнү тууралуу ар кандай кыялданчумун. Көшөгөдөн чыкканда бир аз ак шишик басып, эриндери жарылып кеткен, көздөрү элегей тарта уяң жалжылдаган жеңелеримди көргөндө бүт боюмду жагымдуу калтырак басып кетчү. Мен алардай болбодум, апа. Мени үй-бүлөсү бар, менден бир топ жаш улуу адам жашынып келип тебелеп, тазалыгым түн менен кошо кетти. Эч ким билбей төрөлгөн таштанды баладай булганган шейшебимди жашырып жууп, анан өрттөп салдым. Ошол шейшеп менен кошо балалыгымды, арзуумду, ишке ашпаган кыздык тилегимди өрттөдүм, апа. Кечир, акылы жок кызыңды.
Буркурап ыйлаган мени Азат агай бооруна кыса жалынып сооротуп жатты. Мунун баары куру жооткотуу болчу. Терезеден Ай төгүлүп турду. Мага окшоп жалгыз эле байкуш ай, шордуу эле. Агай кетээринде бооруна кыса кучактап:
- Телефон чалып тур. Мен каалаган убакта келе албайм. Үйүңдө апаң же иниң болушу мүмкүн. Канчалык кыйналып турсаң да билдирбе. Мен келем,-деп мени көпкө үнсүз кучактап, анан негедир оор күрсүнүп алып чыгып кетти. Үч күн сабакка барган жокмун. Тамак да ичпей, сыртка да чыкпай жата бердим. Көкүрөгүм бопбош эле.
12.08.97.
Азат агай келди. Аны күтүп-күтүп үмүтүм үзүлгөндө жатып алгам. Уйку-соонун ортосунда эшиктин тыкылдаганын уктум. Жүрөгүм биринчи ойгоно селт этти. "Иним айылга кетпей калган го" деген ойдо пардага далдаалана эшикти ачып жибердим.
- Алиман!-деди коңур тааныш үн.
- Агай, сизби, мен азыр...
Азат агай менин кийинишимди, эшикти ачышымды күтпөй эле, өзү кирип келди.
- Эми эле уктап калдыңбы? Мен сени жок экен деп ойлоп, кат жазып таштап кетейин деп жаткам.
Өзүмө келе албай апкаарып турдум. Ал мени унчукпай кучагына кысып, анан чачыман сылай кобурады.
- Кызым келген экен. Бүгүн ата катары үйдө болушум керек эле. Сени көргүм келип, бир мүнөткө деп эле келе бердим.
- Кызыңыз канча жашта?
- Он сегизге чыкты. Мен жыйырмамда балалуу болгом.
- Каяктан келди?
- Онду бүтүп эле турмушка чыгып кеткен. Окугусу келген жок. Энеси экөө ушинтип чечишиптир. Мен эмне демек элем? Бактылуу болсо болду да.
Жүрөгүм сыздап кетти. Агайдан таза аба, бир аз ичкилик жыттанып турду. Анан агай бирдемени эстей койгонсуп, мени ийинден ала көздөрүмө тигилди.
- Алиман, сени бир киши менен тааныштырайынбы?
- Ким менен?
- Мурза Капаров келиптир,-деди жагымдуу жылмайып. Кубанып кеттим.
- Сен кийинип чыга бер. Мен сыртта күтүп турам.
- Азыр элеби?
- Ооба. Уйкучу десе, сен эрте уктасаң эле баары эрте уктайт бекен?-Азат агай мени көзүмөн өөп коюп чыгып кетти. Улам бир көйнөгүмдү кармалап, араң бир саатта кийиндим. Сыртка чыксам Азат агай мени утурлай тосуп алып, анан чачымды колуна салмактай кармап, мойнуна ороп алды.
- Илгери кыздар ашыгы орго түшүп калса чачы менен тартып алчу экен. Сен да мени орго түшсөм тартып аласыңбы?
- Кайсы орго? Азыр ор жок да.
- Бар, Алиман, болгону азыр башкача. Айтсаң, тартып аласыңбы?
- Билбейм,-дедим чындап. Агай менин ашыгым эмес да. Агайдын сулуу көздөрү көлөкөлөнө түшүп, мени муңайым карап туруп, анан бооруна кыса кучактай:
- Кечирип койчу?!-деди үнү каргылдана.
- Эмнеге?
- Сени сүйдүрө албаганым үчүн.
Агай кызык эле. Сүйдүрө албаганы үчүн да кечирим сурайт бекен. Балким, сүйүп калаармын. Жүрөгүм ооруп кетти.
- Кеттикпи?-деди анан Азат агай эч нерсе болбогондой жаркырай күлүп. Агайдын ушул күлкүсүн жакшы көрөм. Унчукпай баш ийкедим. Агай жолдон дүкөнгө түшүп бир баштык бирдеме көтөрүп чыкты да, анан экөөбүз туура эле "Алай" мейманканасына бардык.
(уландысы кийинки санда)