п»ї
  Аңгеме

Кайчылаш тагдырлар
Кыял жумуштан чыгып баратканда телефону шыңгырады.
- Алоо?
- Кандайсың?-деди бейтааныш, сүрдүү, коңур үн.
- Жакшы. Ким экен сурап жаткан?
- Мен, Санжар байкең.
- Кайсы Санжар байкем?-деди Кыял чын эле эстей албай.
- Мен, Санжар байкең. Атаң берип жиберген акчаңды алып кет дебедим беле.
- Сиз мени алмаштырып жатасыз. Мен сизден эч кандай акча алам деген эмесмин. Сиз кимди сурап жатасыз?
- Сен тигүүчү болуп иштеген Каныкейсиңби?
- Жок, сиз адашып калдыңыз. Мен башка жерде иштейм.
- Кечирип кой, карындашым,-деди да, бейтааныш трубканы коюп койду. Бул сүйлөшүү эгер кайрадан капылет жолугушуу болбосо, ошол бойдон унутулуп калмак.
Кыял эртең менен жумушка шашып баратып, байкабай машинанын алдына кирип кете жаздады. Коркконунан буттары кыймылдабай ордунда катып тура берген Кыялды өңү боп-боз болгон айдоочу машинадан түшүп келип колунан булка четке сүйрөп чыкты.
- Сен эмне, жаныңан тойгонсуңбу?! Өлгүң келсе башка жолун танда, менин жашагым келет!-деди калчылдаган айдоочу. Кыял нес немедей жалдырай карап:
- Менин да жашагым келет,-деди үнү титиреп.
- Анда эмне машинанын алдына чуркайсың? Жашагысы келет имиш!-деди айдоочу ансайын жинденип. Кыял эмне дээрин билбей ыйлап жиберди. Айдоочу кызды ыйлайт деп күтпөгөнбү, алдастай түшүп:
- Ыйлаба. Мен азыр, сен каякка барасың?-деди шашкалактап.
- Жумушка.
- Жумушуң каякта?-Ал кызды ийинден ала машинага жетеледи да, чуркап барып суу алып келди.
- Ич, карындашым. - Ал өзү да сууну аптыга жутуп, анан шуу үшкүрдү. - Сен минтип шашпай жүр, карындаш. Мени аз жерден инфаркт кылып, өзүң да тиякка кетип калайын дедиң,-деди күзгүдөн карап. Кыял суу ичкенге өзүнө келе түшкөн, токтоо жооп берди.
- Кечирип коюңуз, байке, мен атайлаган жокмун,-деди күзгүдөгү сүрдүү көздөрдөн көзүн ала качып.
- Менин атым Санжар,-деди жигит бүт тулкусу менен бери бурулуп.
- Кыял,-деди кыз жылмайып. Анан экөө тең бирдемени эстей албай жаткандай саамга тиктешип калышты. Санжар дароо телефонун алды да кимдир бирөөгө чалып, кызды көз албай тиктеп калды. Кыял телефонуна келген коңгуроого удаа "өлдүм, жумуштан чалып жатышат" деп ойлоого үлгүрдү.
- Алоо, чоң кыз, бул мен Санжармын,-деди коңур үн. Ошондо гана Кыял жанындагы жигит чалып жатканын баамдап, күлүп жиберди.
- Сизби? Мен да жумуштан экен деп..
- Эсиңдеби, мен сага адашып чалып алгам. Номериңер бир гана сандан айырмаланат экен. Мына сага кездешүү. Мындай жолугушууну белгилебесек болбойт, Кыял. Анын үстүнө сен да, мен да бирибиз тирүү калганыбыз үчүн, бирибиз түрмөгө кетпегенибиз үчүн түлөө беришибиз керек,-деди Санжар жаркырай күлүп.
- Мен аябай шашып жатам, жумуштан кийин белгилейли,-деди Кыял чын дилинен.
- Макул, анда азыр мен сени жумушуңа жеткирем, анан жумуштан чыгаарың менен чаласың.
Кыял бир аз кечигип барды. Бүгүн фирмага чет өлкөдөн коноктор келмек, жакшы алар да кечигип жатышыптыр. Жетекчиси Кыялды жекире бир карап койду. Ушул көз караш ар кандай сөздөн катуу тийди. Жумуштан кеч чыгып, "чалбай эле койсомбу?" деп ойлонуп жаткан. Аңгыча телефону шыңгырап калды.
- Кыял, сенби?-деди Санжар.
- Ооба, бирок, кайсы Кыял? Атасы акча берип жибергенби, же...
- Машинанын алдына кирип келген Кыял керек эле,-деди Санжар тамашаны улап.
- Анда адашкан жоксуз.
- Кыял, мен сенин жумушуңдун жанында турам, чыгасыңбы?-деди Санжар токтоо. Үнү жайдары экен. Анын жайдарылыгынан Кыялдын да көңүлү көтөрүлө түштү. Кыз сыртка чыкканда эле машинасынын жанында турган Санжардан мурун анын колундагы кооз, чоң букетке көзү түштү. Санжар утурлай басып, колундагы гүлүн сунду.
- Туулган күнүң менен!-деди Санжар кыздан көз албай.
- Рахмат, бул эмне, экинчи туулган күнбү?-деди Кыял гүлдү жыттай берип. Жыты буркураган гүлдөр кызга ыктап, экөө бири-бирине жарашып турду.
- Кеттикпи?-деди Санжар Кыялды жандай берип. Кыз жылмая баш ийкеди. Санжар Кыялды шаардын четиндеги тынч, эли аз кафелердин бирине алып келди. Столдордо шам жагылып, андан түшкөн күңүрт жарыктан кафенин ичи күмүш түстөнүп, бул түс сырттан кирген адамга көңүл тынчтандырган жагымдуу маанай тартуулайт.
- Кандай тынч!-деди Кыял акырын.
- Атайын ушул жерди тандагам,-деди Санжар кыздын алдына отургучту жылдыра берип. Алар отураары менен официант ваза алып келип гүлдөрдү салып койду. Столдун үстү тез эле түркүн даамга толуп, Санжар бокалдарга кызгылт вино куйду да кызга карматты.
- Кыял, ушундай капылет жолугушуулардын көп болуусу үчүн алалы. Ар бир жолугушуу күтүлбөгөн окуяларды тартууласын. Эч качан шашпай жүр. Бирок, шашканың да жакшы болгон экен. Антпесең, экөөбүз жолукпай калмакпыз. Ар дайым кырсыкка эмес, бакытка шашалы, ээ?-деди жагымуу күлүмсүрөп. Алар ошол түнү көпкө отурушту. Коштошоордо экөө тең дилинде кандайдыр бир жакындык, кыйылуу пайда болгонун сезишти. Уккан музыкалары, көргөн кинолору, ал тургай жактырган түстөрү окшош экен.
Ар бир жолугушуу аларга жылуу сезим тартуулап, бул сезим бара-бара бир азга бири-бирин көрбөй калса жүрөктү санаага, кусага салган табышмак толгонууга айланды. Күн сайын ашыгып жолугуп, кыйылып ажырашчу болушту. Экөө чогуу болгонда жөн эле катар басуу, чогуу отуруп тамак ичүү, машинада унчукпай катар отуруп музыка угуп алыспы, жакынбы жол жүрүү ушунчалык жагымдуу.
Толукшуган жай күндөрүнүн биринде Санжар Кыялды ой-боюна койбой тоого алып чыгып кетти. Тоолор толук жашыл жамынып, асман тиреген карагайлар бой жеткен кыздай суйсала шамалга жагалданып, жанаша өскөн ак кайың, тал-терек менен шыбыраша шуудурайт.
- Кыял, карачы, биз ушундай керемет дүйнөдөн сыртта, шаардын түтүнүнө, кыжы-кужусуна чөгүп жүрөбүз,-деди да, анан Санжар кызды капылеттен жерден так көтөрө кыйкырды:
- Эге-гей, тоолор, биз келдик! Кабыл ал түтүн жыттанган шаардыктарды!
Кыял Санжардын мойнунан кучактай кыткылыктады.
- Санжар, жыгытасың!
- Сениби? Кантип сени жыгытайын? - Санжар кызды бооруна кыса тегеретип жиберди. Кыздын деми кулак түбүнөн энтигип, мойнунан кучактаган ысык билектери жүрөгүн жарып кетчүдөй дүкүлдөтүп, Санжар Кыялдын эриндеринен жумшак өптү. Эриндер жупташа, саамга аалам унутулуп, сүйүүгө мас эки адам эмес тоолор кулап бараткансып кыйшайып баратты.
- Кыял, көпөлөгүм! Эрте жаздагы чабалакейим! Жүрөктөгү жазым!- Улуу тоолор унчукпай ысык шыбырды тыңшап, андан өзүнө кубат алып жаткансып тунжурап турду. - Кыял, кел үйлөнөнбүз!
- Качан?
- Каалайсыңбы, бүгүн ЗАГСга арыз беребиз.
- Бүгүн кеч болуп калды, эртең,-деди Кыял сөздү тамашага буруп.
- Мен чындап айтып жатам,-деди Санжар кыздын көздөрүнө тигиле.
- Мен азыр даяр эмесмин, Санжар, шаштырбачы. - Кыял ордунан турууга умтулду. Санжар кыздын уйпаланган чачтарын жумшак сылап, кулак түбүнөн шыбырады:
- Качан даяр болооруң менен мага айт, макулбу?
Кыз наздуу баш ийкеди.
Алар тоодо эки күн түнөштү. Ушул түндөр алардын өмүрүн бир көрктөгөн ажайып түндөр эле. Караңгыны жалмай жалындаган эр оттун боюнда Санжар гитара менен ырдап, Кыял болсо кол сунсаң жетчүдөй бажырайган жылдыздарга суктана жигиттин коңур үнүнө эргип бактылуу жылмаят. Түн койнуна сиңген от учкундары куду алардын жүрөгүнөн чачырап жаткансып сезилет.
Тоодон келгенден кийин негедир Санжар көпкө кабарсыз кетти. Кыял алгачкы күндөрү "бир жумушу чыгып калган го" деп өзүн жооткотуп жүрдү. Айлап жоголду Санжар. Кыял узун түндө шырп эткен добушка кулак түрө Санжарын зарыгып күттү. Бир жагынан Санжарга болгон куса, белгисиздик Кыялды эзсе, бир жагынан болоор-болбос жытка куса берүү кызды кыйнап жиберди. Бир күнү таң эрте кусуп жаткан Кыялды апасы эси чыга карап турду да, баш ийкей чакырып, ээн бөлмөгө ээрчитип кирди.
- Кыял, эмне кусуп жатасың?-деди Канышай өңү бозоруп.
- Ашказаныма суук тийген го, апа.
- Качантан бери ушинтип кусуп жатасың?-деди эне кызынан көз албай.
- Эки айдан ашты.
- Кыял, ооруну жашырса өлүм ашкере. Чынын айт, тазасыңбы?
- Ал эмне дегениңиз, апа? - Кыялдын өзү ойлоп, бирок, мойнуна алуудан коркуп жүргөн суук ойдон жүрөгү шуу дей коркуп кетти.
- Тазасыңбы же кимдир бирөө менен болдуң беле деп жатам?
Кыял унчукпай башын жерге салды. Канышай кызын жаактан ары чаап жиберди да, анан купкуу болуп отуруп калды. Кыял кош колдой жүзүн басып, уятынан, ич өрттөгөн ызасынан калчылдай ыйлап жатты. Ошол күндөн баштап Кыялдын жашоосу тозокко айланды. Кызды эч жакка чыгарбай кармап, куду коркунучтуу жугуштуу оору менен ооруган адамдай үйдөн эч ким Кыялга жолобой калды. Санжардан болсо дайын жок, телефону өчүрүлүү. Кечке маал үч күндөн бери дайыны жок апасы кирди. Өңү бозоруп, кадимкидей арыктап кетиптир. Апасынын азап таркан кебетеси Кыялдын жүрөгүн эзип, бир чети буулуккан кыз дагы ыйлап кирди.
- Болоору болуптур, бышактаба. Эми ыйдан пайда жок. Санжар аттуу баланы эч жерден таба албайбыз, анын чын эле аты Санжар экенин да Кудай билет. Андан көрө менин айтканыма көн, балам. Сага жакшы жерден бирөө чыгып жатат. Жанагы банкта иштеген атаңдын инисинин үстүнөн иштеген неме экен. Албетте, жашы бир топ улуураак, бирок, кадырыңа жетет. Аялынын көз жумганына он жылдай болуптур. Алгач атаң айтканда асман айдан кеттим эле. Азыр аргам жок, шерменде болгум келбейт.
- Апа?-Кыялдын сөзүн Канышай заар көз караш менен бөлдү.
- Жап оозуңду! Сен сүйлөп бүттүң шерменде. Бир ооз бирдеме дечү болсоң, сендей кызым жок. Төрт тарабың кыбыла. Ата-энем жок дегин да, этегиңди кагып туруп кете бер!-Канышай кантсе да эне эмеспи, үнсүз солуп ыйлаган кызын түтүп карай албады окшойт, шарт туруп чыгып кетти.
Кыял күйөөнү тойго эки күн калганда көрдү. Узун бойлуу, кең далылуу, буурул чач сулуу кишинин көздөрү тааныш эле. "Кимдин көздөрү?" деди Кыял жүрөгү опкоолжуп. Көздөрү эле эмес, кыймыл-аракети да тааныш. Болгону ким экенин, кайдан көргөнүн эстей албай койду Кыял. Ушул көздөрдү, кыймыл-аракетти көргөн сайын жүрөгү кызыктай түпөйүл тартып буулуга берди. Жолугушууга бараарын барып алып, атасындай кишини күйөө катары элестете албай дили жанчылып, бирок, башка айласы жок мукурап отурду. Бир чети азыр Кыялга баары бир эле. Капыстан болчу керемет жомокто гана кездешпесе, чыныгы жашоодон ый менен алдамчылыктан башка эч нерсе күтө албай калды Кыял.
Ыйдан көзү тоодой болуп шишиген Кыялды шаардагы эң кымбат салондордун бирине алып барышты. Үстүндөгү ар бир кыз тилек кылган кооз той көйнөгү, күйөө белек кылган бириллиант көздүү сөйкө-шакеги да кызды кубанта алган жок. Азыр жүрөгү куду эли көчүп кеткен эски конуштай ээн эле, жайдак эле.Той башталаар алдында күйөө кечигип келди. Ал көпчүлүктөн сылык кечирим сурады да, анан үлбүрөгөн колуктуну жандай берип жумшак шыбырады:
- Кечирип кой, Кыял, уулум ооруканада эле, ошону чыгарып келдим.
Кыялга азыр күйөө кечикмек түгүл аалам оодарылып кетсе да кызыксыз болчу. Суз баш ийкеген болуп койду. Апасы гана күйпөлөктөп күйөө баласынын ооруканадан чыккан уулу тууралуу сурап жатты:
- Өзү баса алабы?
- Жок, азырынча коляскада. Доктурлар жакшы айыгыш үчүн бутка күч келтирбей аз-аздан басып, бир жылдай коляскада күтүш керек, анан басып кетет деп жатышат.
- Кудай сактап аман калганы жакшы болуптур,-деди Канышай шыпшынып. Аңгыча кыз-күйөөнү столго чакырган той алып баруучунун шаңдуу үнү угулду. Аарынын уюгундай күүлдөгөн чоң зал кыз-күйөө тээ эшиктен көрүнгөндө эле тып-тынч боло дымып калышты. Той көйнөгү тараз боюна куюп койгондой жарашкан келин кирпик көтөрбөй жер тиктеп суз, тойго эмес, азага келгендей маанайы пас. Эки жагын карабай, тоскон суудай мелтирейт.
- Ай-ий, айланайын, келин жапжаш неме го,-деди четтен бирөө. Ушул сөз Кыялдын кулагына шак этти. Атаганат, ушул күндөрү жан-дүйнөсү кемпир болуп калганын жат эмес, жан бирге апасы билген жок. Өздөрүнө айтылган каалоолор, кымбат баалуу белектер, улам Кыялдын колуна, мойнуна тагылган көз жоосун алган алтын буюмдар кызды серпилтмек түгүл мойнуна оор жүк артып жаткандай салмактанта берди. Бир кунунда суз, муздак келинчегинин жанында күйөө өзүнөн-өзү кичирип отурду. Тозоктой сезилип, бүтпөчүдөй созулган той бүттү. Келинди эки кабат заңгыраган ак сарайга көчүрүп барышты. Апасы ушун үчүн жанталашкан экен да. Көшөгөгө киргизгенде Кыялдын жүрөгү көкүрөгүн жарып кетчүдөй опкоолжуй туйлап, ар бир кадамга бүткөн бою дирт этип, күйөө киргенде чыга каччудай ордунан тура калды.
- Кыял, мен сени шаштырбайм. Көнө албай жатсаң тартынбай айт, көнүшкөнчө күтөм,-деди күйөө коңур үн менен. "Кайдан уктум эле ушул үндү?"Кыял ушул суроого жооп таппай күйөөнүн көздөрүнө тигилди. Кайрат кызды акырын бооруна тартты.
- Сиз мага эмнеге үйлөндүңүз?-деди Кыял үнү титиреп.
- Кантип эмнеге? - Кайрат келинчегин эми көрүп жаткансып көз ирмемге ойлуу карап турду да, анан башын жерге сала токтоо унчукту:
- Жашыңыз улуу дегениңби? Чынын айтсам, сен мага алгач көргөндө эле жаккансың. Оболу мындай ойду ойлоодон коркуп жүрдүм, качан өзүмө алым жетпей калганда агаңа сөз салдым. Ал атаңа айтты. Алгач атаң макул болбой, анан сенин кадырыңа жетээриме көзү жетти окшойт, макулдугун берди. Эмне, сен ыраазы эмессиңби?
- Азыр анын мааниси жок,-деди Кыял жашын жутуп. Анан жаштуу көздөрү менен Кайраттын көзүнө тик карады: - Бирок, мен сизди алдагым келбейт. Сиз менин биринчи эркегим эмессиз. Менин...
- Кыял, эми эмне болсо да артка жол жок. Мен баарына ыраазымын. Кыздык белги беш мүнөттүк нерсе. Сен мага мындан ары таза болсоң болду,-деди Кыялды чачынан сылап. Кайрат чытыраган жаш дененин кучагында турганына дили толкуп, кызды бооруна кыса кучактады.
Үч күндөн кийин короого чыкты Кыял. Заңгырган короодо кызматчы аялдан башка жан көрүнбөйт.
- Турдуңбу, Кыял? Чайың даяр, жүр чай ич,-деди орто жашка барып калган аял мээримдүү жылмайып. Кыял унчукпай аялды ээрчиди. Кенен залдын ортосунда чоң стол коюлуп, үстүндө түркүн даам жайнайт. Кыял эми столго отурганда залдын төр жагынан эшиктин ачылганы угулду.
- Санчо да турду. Жакшы болду, таанышканча чогуу чай ичесиңер,-деди кызматчы аял. Кыял "ким менен таанышам?" дегенге үлгүргөн жок. Сууга чөккөндөй дайынсыз жоголгон Санжар бет алдында коляскада отурду.
- Санжар?!-деди Кыял көргөн көзүнө ишенбей. Санжардын көздөрү чанагынан чыгып кетчүдөй чоңоюп, угулаар-угулбас шыбырады:
- Сен кайдан?
- Көрүп турбайсыңбы, ушул үйгө келин болуп келдим,-деди үнү каргылданып. Ошондо гана Кайраттын көздөрүн, баскан-турганын кимге окшотуп жатканын туйду. Көрсө, Санжарга окшотуп жаткан экен да.
- Сайкал эже, сиз бизди жалгыз калтырыңызчы?!-деди Санжар Кыялдан көз албай калчылдап. Сайкал эч нерсени түшүнбөй жалдырады.
- Мен сизге айтып жатам. Бизди жалгыз калтырыңыз. Эч ким кирбесин!-деди Санжар жаалдана тиштенип. Сайкал унчукпай шарт чыгып кетти.
- Кулагым сенде, Кыял,-деди Санжар көздөрү канталай.
- Мени суракка алгандан мурда өзүң айт. Кайда жүрдүң? Эмне үчүн бир ооз кабар берген жоксуң? Мен сенин кайда экениңди билбей жиндеп кете жаздадым го.
- Кантип жиндегениңди көрүп турам. Күйөөсүз калбайын деп биринчи мүмкүнчүлүктөн пайдалангансың го, ээ?
- Күйөөсүз калбайын деген жокмун, күйөөсүз тууп койбоюн дедим.
- Ал эмне дегениң? Кантип күйөөсүз тууп койбоюн дедиң?
- Ушинтип эле. Тоодо эки күн шашки ойнобоптурбуз экөөбүз, бала жасаптырбыз көрсө. Сенден дайын жок, апамдар жарга такашты. Менин колумдан эмне келмек?
Санжар башын кучактай оор онтоду.
- Кет!-деди Санжар бир оокумда эки ийини солкулдап ыйлап жаткан Кыялды булка тартып.
- Кечирип кой, кете албайт экем! Мен Кайраттын никесиндемин,-деди Кыял эрегише.
- Анда мен кетем!
- Жакшы бар!- деди да, чуркап экинчи кабаттагы бөлмөсүнө кирип үстөмөнүнөн диванга жыгылды. Эми кантип жашайт, кандай күн болот? Кыялды ичинин бүлкүлдөй тартканы чочутуп жиберди. Ордунан тура калып ичин кармады. "Сен эмне мынча эрте кыймылдадың, кичинекейим? Коркуп кеттиңби? Коркпо, биз эч жакка кетпейбиз, ушул үйдө калабыз" деди ичин сылай күбүрөп.

Айжаркын ЭРГЕШОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"
email • архив • редакция 
22-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Ким жакшы кожойке?
2-бет
КРнын Эмгек сиңирген артисти Зейнеп Шаакеева:
"Ырды эмес, баланы, үй-бүлөнү жогору койгон жан экенмин"

3-бет
"Турмушка чыкпасам да төрөп алсам болмок экен..."
4-бет
Түштүктө кайрадан ок атышуу
5-бет
Санжар Бердибеков:
"Жеңем экөөбүз үндүктү дааратканага таштап салганбыз"

6-бет
Жайдын аптабында
Эске алынуучу эрежелер

7-бет
Сиздин күйөөңүз кандай ата?
8-бет
Ким жакшы кожойке?
9-бет
Келбетиңизге жараша
кийим тандай билиңиз

10-бет
Сүйүүдө жылдыз белгиңиздер туура келеби?
11-бет
Мэри Кей популярдуулукту кантип багынткан?
12-бет
Аңгеме
13-бет
Бир ырдын баяны
14-бет











??.??