п»ї

Мэри Кей популярдуулукту кантип багынткан?
"Кудай биринчи эркекти жаратат. Анан аны карап туруп, бир нерсе жетпей жатканын түшүнөт. Катасын оңдомокко ал дүйнө жүзүндөгү эң аруу, кымбат, сулуу…аялзатын жараткан" деп Мэри Кей Эш айымдарга өзгөчө баа берип, алардын артыкчылыктарын баса белгилеп келген. Ысымы косметика чөйрөсүндө өтө кеңири тараган белгилүү ишкер айым Мэри Кейдин басып өткөн жолдорун, өзү кыялданган ийгиликтерге кантип жетишкенин карап отуруп таң калбай койбойсуң.


Оорулуу атаны баккан кичинекей Мэри
Биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Техас штатында төрөлгөн Мэри Кей Эш өзүнүн чыныгы жашын өмүр бою жашырып келген. "Өз жашын айткан аял табышмактуулугун жоготот" деген шылтоону жамынган Эштин канчанчы жылы туулганын жакындарынан бөлөк эч ким билбейт. Төрт бир туугандын кичүүсү болгондуктанбы, же туугандарынын кайдыгер мамилесиненби, айтор, эс тарткандан баштап эле Эштин мойнуна эң жоопкерчиликтүү жумуштар жүктөлгөн. Кыз эки жашка чыкканда атасы кургак учук оорусу менен ооруп беш жыл бейтапканадан башы чыккан эмес. Албетте, төрт баланы багып, акча табуу маселеси Мэринин апасына оойт. Чакан тамактануучу жайды алып ижарага иштеткен энесине жардам болсун деп Эш жети жашында бейтапканадан чыгып келген оорулуу атасын бага баштайт. Башкалардыкындай бактылуу балалык, кооз оюнчук менен кийимди жети жашар кыз түшүндө гана көргөн. "Алгачкы күндөрү атама тамак жасай албай кыйналып, бир күндө апама жыйырма жолу телефон чалсам керек эле. Ошондо да апам мени кыйкырып урушпай, жумшак үнү менен: "Кичинекейим менин, сен билесиң да кантип кылышты, колуңан келээрине ишенем" деп койчу. Ошол сөздөрү мага кадимкидей кубат берчү" деп эскерет. Башында тамак бышырган плитага бою жетпей отургуч коюп чыгып жүрүп ал отургучтан далай жыгылып, бир күнү томатты, бир күнү унду төгүп алып ыйлаган күндөрүн көзүнө жаш алуу менен эскерет.
Атасы бейтапканадан кийин үйдө беш жыл жатып, Мэри он эки жашка чыкканда көз жумган. Орто билим алып, апасы аны андан ары колледжге окутууга чамасы жетпесин акылы менен туйган Мэри турмушка чыгуудан башка жакшылыктуу жол жок экенин түшүнөт.

Тагдырдын экинчи соккусу
Мэри 17 жашында ырчы жигит Бен Роджерске турмушка чыккан. Эш он жыл жарандык никеде жашап, үч балалуу болгонго жетишет. 27 жашында жолдошу башка аял менен качып кетип, Эш турмушундагы экинчи оор соккуга кабылган. Апасынын тамактануучу жайында иштеп үч баланы жалгыз багууга болбосун түшүнгөн Эш соода кылууга бел байлайт.
Бир күнү Ида Блейк аттуу китеп саткан айым Эшке балдардын энциклопедиясын сатып алууну сунуштайт. Балдары кыялданып жүргөн китепти сатып берүүгө эки көзү төрт болгон Эш акчадан башка кандай жол менен китепти алууга мүмкүн экенин сурайт. Ида Блейк "ушундай энциклопедиядан онду сатып келсең, сага бирөөнү бекер эле берем" деген шарт койгон. Жарым күндүн ичинде китептерди кыдырып саткан Эштин сатуучулук жөндөмү ошондо байкалган. Ошол учурдан баштап Мэри Кей балдарын китеп сатып бага баштайт. Эгерде анын жашоосунда бактылуу бурулуш болбогондо азыр анын аты таанылбай көп сатуучунун бири болуп кала бермек беле, ким билет...

"Өзүң каалаган нерсеге жетмейин кууланганыңды калтырба"
Ушундай ураан мене иш алып барган Эш бир күнү Далластагы жупуну тамактануучу жайлардын биринде крем жасап саткан косметолог аял менен таанышат. Өзүнүн ушул тармакта иштегиси келип жүргөнүн айтып, кызматташууга өткөн. 1953-жылдан 1963-жылга чейин косметолог аял иштеткен ишкананын сырларын өздөштүргөнгө жетишип, өзү деле ишкана ачса болооруна көзү жетет. Бул кезде Эштин тун уулу жыйырма жашка чыгып, апасына аздыр-көптүр жөлөк болгонго жарап калган. Мэри Кейдин өз алдынча ишкана ачып кетүүсүнө дагы бир негизги себеп, мурда иштеген жеринде аялдарды киши катарына кошпогон түркөй эркектердин аң-сезими түрткү болгон. Бир чети ызаланып, бир чети намыстанган Мэри: "Үйдө бала кучактап отурган, плитанын боорунан чыкпаган аялдарга иштегенге толук шарт түзүп берем" деп өзүнө-өзү сөз берген.

Кожейкелердин кумири
"Mary Kay Cosmetics" фирмасы 1963-жылы 13-сентябрда ачылган. Эш болгон акчасын жаңы ишканасына коротуп, дүкөндө алгач бир эле текчеге толгон косметика жана аны жарнама кылып таратууга тогуз эле консультанты бар болчу. Эки жыл жалаң чыгаша кетирип отуруп, анын үзүрүн фирма ачылгандан кийин үчүнчү, төртүнчү жылдары араң көрө баштаган. Бир жылдык кирешеси 650 миң долларды түзүп, бул көрсөткүч жыл сайын төрт-беш эселеп өсүп отурган. Жогоруда айткан убадасына туруп, Эш консультант катары үйдө отурган кожейкелерди жумушка ала баштайт. Иштин көзүн тапкан эмгекчил Эшти бүгүнкү күндө көпчүлүк кожейкелер кумир тутушат. Жашы өйдөлөп, карылыкка моюн сунган Мэри ишканасын кичүү уулу Ричард Роджерске толугу менен өткөрүп берген. Мэри 2001-жылы 22-ноябрда канча жашка чыкканы өзүнөн, жакындарынан башкаларга белгисиз бойдон көз жумду. "Менин жашымды эч кимге айтпай сыр бойдон сактагыла" деген керээзин балдарына катуу табыштаган деген кептер айтылып жүрөт. Азыр анын ишин балдары улантып келишет. Ишкананын чыгарган продукциялары азыр дүйнө жүзүнө кеңири тарап, чоң суроо-талапка ээ.




  Ооз ачырган ойрондор

Индонезиялык 2 жашар бала күнүнө 40 даанадан тамеки тартат
Ооба, Арди Ризал аттуу бул бала чындыгында Индонезияда жашайт. Күнүнө 2 кутудан тамеки тарткан наристенин ден-соолугунун бузулганын ушундан билиңиз, ал өз алдынча басып, кыймыл-аракет жасай албайт. Салмагы - 25,4 килограмм. Күндөн-күнгө ден-соолугу начарлап бараткан Арди үчүн тынчсызданган жергиликтүү бийлик эгер баласынын бул адатын калтырса, ата-энесине машина берээрин убада кылган. Тилекке каршы, аны калтырууга эч нерсе жардам бербей жатат. "Эгер тамекисиз калтырсак, ал башы менен дубалды сүзүп, кыйкырып, аябай жаман абалда калат",-дейт Ардинин 26 жаштагы апасы Диана. Ал эми атасы эч кандай каршылык көрсөтө албайт. Индонезиялык Арди бир гана маркадагы тамеки чегет.
Статистика боюнча, Индонезиядагы 3 жаштан 15 жашка чейинки балдардын 25%ы тамеки чегип көргөн. Алардын 3,2%ы такай чегет.

Бразилиялык эркек өз кызын 12 жыл зордуктап, 7 балалуу болгон
Бразилиянын алыскы райондорунун биринде жашаган эркек өз кызын 12 жыл зордуктап, андан 7 балалуу болгон. Эң улуу кызы бойго жеткенде ага өткөн. Бул ата сөрөйдү жунглиден кармап келүү үчүн жергиликтүү полицияга дарыядан индеецтердин кайыгы менен өтүүгө туура келген.
Хосе Агостино Перейра көпчүлүктөн обочо - өлкөнүн алыскы токойлуу районунда жашаган. 1998-жылы аялы кетип калган соң Перейра кызын үйүнө камап, ушул убакка чейин эч жакка чыгарган эмес. Эгер качууга аракет жасаганын байкап калса, балдары менен кошо өлтүрүп салаарын айтып коркутуп жүргөн.
Перейранын кызы ага төрт кыз, үч эркек төрөп берген. Ал балдар эч жерде катталган эмес, полициянын айтымына караганда, жакшы сүйлөй алышпайт, атүгүл кийим да кийишкен эмес. Бузуку ата эми 12 жашка чыккан кызын зордуктап турган.
Перейраны кармоого полицияга түшкөн анонимдүү телефон чалуу түрткү болгон. Учурда сурак жүрүп жатат.

Айназик РАИМКУЛОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"
email • архив • редакция 
22-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Ким жакшы кожойке?
2-бет
КРнын Эмгек сиңирген артисти Зейнеп Шаакеева:
"Ырды эмес, баланы, үй-бүлөнү жогору койгон жан экенмин"

3-бет
"Турмушка чыкпасам да төрөп алсам болмок экен..."
4-бет
Түштүктө кайрадан ок атышуу
5-бет
Санжар Бердибеков:
"Жеңем экөөбүз үндүктү дааратканага таштап салганбыз"

6-бет
Жайдын аптабында
Эске алынуучу эрежелер

7-бет
Сиздин күйөөңүз кандай ата?
8-бет
Ким жакшы кожойке?
9-бет
Келбетиңизге жараша
кийим тандай билиңиз

10-бет
Сүйүүдө жылдыз белгиңиздер туура келеби?
11-бет
Мэри Кей популярдуулукту кантип багынткан?
12-бет
Аңгеме
13-бет
Бир ырдын баяны
14-бет











??.??