Жумуш жоктур аял колу тийбеген,
Көтөрүмүң, чыдамың тең жер менен!
Троллейбус айдоочу Гүлбүбү эже:
"Айдоочулук кесиптин үй-бүлөгө эле эмес, мүнөзгө да таасири тийет экен"
Ар бир аял - аалам. Болгондо да бүт оор-жеңилди, ачуу-таттууну, аз-көптү, бар-жокту ичине батырган көтөрүмдүү аалам. Эгер бул керемет аалам болбосо жаратылыш абдан эле кемчил болмок экен. Анткени, аял колусуз бардык нерсе кунарсыз, муздак, аял мээримисиз бардык нерсе жетим, байкуш.
Аял колу тийген ар кандай жумуш оор болсо жеңил, катуу болсо жумшак, муздак болсо жылуу тартат. Бүгүн ошол керемет ааламдын кудуретине багынган дагы бир кесип айдоочулук тууралуу кеп салууну туура көрдүк. Гүлбүбү эже троллейбуста отуз жылдан ашуун айдоочулук кесипти аркалап, бул ары жоопкерчиликтүү, ары оор жумуштун түйшүгүн жакшы эле тартып, бирок, дагы эле өз кесибине болгон сүйүүсү көөнөрбөгөнүн айтып отурду.

- Мен Жети-Өгүз районундагы Тилекмат айылынын кызымын. Бала кезде эле техникага жакын болгонум менен бийчи болууну абдан жакшы көрүп, ал тургай апакай көйнөк кийип алып бутумдун учу менен бийлеп жатканым түшүмө кирчү. Ошондой түш көргөнүмдүн эртеси бутумдун учтары ооруп калаар эле. Кыязы, түш көрүп жатып өңүмдө да буттарамды бүрүштүрө берсем керек. Үйдө эч ким жокто бутумдун учу менен бийлей берчүмүн. Качан гана бул мен өңдүү айылдык кыздын колу жетпей турган тилек экенине көзүм жеткенде ак халат кийген дарыгер болууну көксөп жүрдүм. Бирок, турмуш жолунда ата кесиби тартты окшойт, айдоочулукка кеттим. Атам отуз үч жыл колхоздо айдоочу болуп иштеген мээнеткеч адам эле. Алгач онду бүткөндө Жети-Өгүз курортундагы дүкөндө сатуучу болуп иштедим. Ал кезде Бишкек Фрунзе деп аталчу эмес беле. Фрунзеге келип жүрүп бир күнү троллейбус айдаган эжени көрүп калдым. Кийин таанышсам, эжени Жаныбекова Катя деп коюшат экен. Ал киши 12-троллейбусту айдачу, азыр пенсияда. Ошол эжени көргөн сайын эле троллейбус айдоого кызыга берчү болдум. Кызыгуум бара-бара кесиптик сүйүүгө айланып, тез эле троллейбустун окуусуна кирип окудум да, алты айдан кийин троллейбуста иштеп калдым. Ушул жерде иштеп жүрүп нике кайып экен, Оштун Ноокатына турмушка чыктым, эки балалуу болдук. Бала багып үйдө отурганда кичине айдоочулуктан алыстаганым болбосо, андан кийин кесибим үзгүлтүккө учурабады.
- Аял киши үчүн эртеден кечке троллейбус айдоо оор эле болсо керек?
- Эгер кесибиң жакса, сүйгөн адамыңдын жаман мүнөзү көзүңө көрүнбөгөндөй эле сүйгөн кесибиңдин да оор-жеңилине, ысык-суугуна макул болуп иштей берет экенсиң. Троллейбуска алгачкы жолу сексенинчи жылы отурдум. Ичим удургуп эле учуп-күйүп жатам тим эле космостук кораблге отургандай болуп. Устатым Илаев деген киши болчу. Мен үчүн ошол сезим азыр да өчкөн жок. Күндө эрте менен троллейбуска чын дилим менен жүрөгүм толкуп отурам. Мектепте окуп жүргөндө эле атамдын машинасын короого айдап кирип, оңдосо темир тезегин ташып берип атамдын жанында жүрө берчүмүн.
- Кесибиңизге байланыштуу кызыктуу окуялар көп эле болсо керек?
- Кесип тууралуу сөз болгондо эле атамды алдаганымды эстей берем. Мен бул кесипти тандаганымды, анын окуусунда окуп жатканымды эч кимге айткан жокмун. Фрунзеден барсам эле атам "кызым, каякта окуп жатасың? Эмне жумуш кылсам дейсиң?" деп калат. Мен болсо "тигүүчүлүктө окуп жатам" деп коём. Бир күнү эс алууга чыгып айылга барсам, "кызым, сен троллейбус айдап жүргөн турбайсыңбы?!" дейт. "Ким айтты?" деп эле атамдын жүзүн карасам, нааразы эместей, тескерисинче, сыймыктанып тургансыйт. Атам өзү билип алганына ичимден кудуңдап кубанып кеттим. "Ооба, ата, сиздин кесибиңизди уланткым келди. Сизди макул болбой коёбу деп айтпадым эле" деп айдоочулук күбөлүгүмдү көрсөттүм. Атам абдан кубанып, батасын берип калды. Кийин деле шаарга атайын мага келип, кечке мени менен троллейбуста жүрө берчү. Өзү менен сүйлөшүп калган жүргүнчүлөргө "троллейбусту айдаган менин кызым" деп сыймык менен мактанып калганын кулагым чалып калчу. Кечинде чай үстүндө "шаарда машинеңердин түрү эле көп экен, этиет болуп айда, кызым. Сенин мойнуңда канча адамдын өмүрү турат. Ата-бабаңдын арбагы, Дөөтү колдосун! Менин кесибим өлбөйт экен" деп айткандан тажачу эмес.
Троллейбуста иштеген ушул жылдар аралыгында мен канча адам ташысам, ошонун баарын барсам деп ниет кылган жерине аман-эсен жеткирдим, алардын ичинде канча белгилүү жакшы адамдарды жолуктурдум. Бир жолу карасам эле Сабира Күмүшалиева түшүп баратат. Ордуман тура калып учурашсам, "отура бер, айланайын, сен иш үстүндөсүң. Азаматсың, кызым, жакшы иште. Кыргыз кыздары ушинтип килейген машинаны айдап калса кантип кубанып, сыймыктанбайсың? Кандай жакшы көрүнөт! Бар бол, узак жаша" деп батасын берип, алкап түшүп кетти. Ошондогудай кубанган эмесмин.
Бир жолу, мындан эки жыл мурун троллейбусту айдайын десем эле артыма бир машина келип тыгылып, ары да, бери да кете албай калды. Айдоочусу жаш кыз экен. Биз да жолубуз тосулуп кыйкырып жатабыз. Кондукторум "эже, урушпай туруңузчу, Неля окшойт" деп калды. Аңгыча жерге түшүп эле бирөөгө телефон чалып, биздин бир аз күтө туруубузду суранып калды. Көп өтпөй эле Урмат келди. Мен: "Ай, ушу артисттер! Көчөдө да артисттигиңерди койбойт экенсиңер да. Канча адам күтүп калды" деп тамашаласам, Урмат сылык жигит экен, "азыр, эжеке, мына, тез эле бошотобуз" деп шыпылдап, машинени чыгарып кетти.
Андан да эсте калганы, жаш кезде жигиттер машинасын жандай айдап тийишип калышчу. Ошондо жаш экенбиз, жетине албай сыймыктанып калчубуз. Азыр биздин калдыраган троллейбустарга кызыкпай калышты го. Анын үстүнө азыр адамдар эч нерсеге таң калбай, суктанбай калышты. Мен азыр деле төрт эркек бир туугандарымдын ичинен кыз бала болуп туруп ата кесибин улантканыма сыймыктанам.
- Кесибиңиздин үй-бүлөлүк турмушуңузга таасири тийдиби?
- Албетте, тийбей койбойт экен. Үйдөгү жумуштарга да жетишүү керек. Андан да конок келсе узатканча шашасың. Анткени, түн оогончо отурсаң эртеси жумушта канча адамды ташыйсың, уйкусураганга акың жок. Конокко барсак шашып кетебиз же барбай калабыз. Андан да бул кесиптин аял кишиге төрөбөй калуу коркунучу бар. Эркектерибиз болсо чачыбыз жыдып жатат деп эле капа. Анткени, 550 вольттук токтун үстүндө жүрөбүз. Илгери союз учурунда зыяндуулугуна каршы сүт берчү экен. Айдоочулук кесип үй-бүлөгө эмес, мүнөзгө да таасир этет экен. Орой тартып, көп сүйлөбөй, нерв жукарды.
- Биринчи турмушуңуз менен ажырашууга кесибиңиз себеп болбодубу?
- Жок, кесибимдин таасири тийген жок. Жердин алыстыгы бизди ажыраштырды. Ал Ошто жашагысы келди, мен бул жакка тарттым, акырында ажырашып тындык. Бирок, кудайга шүгүр, эки балабыз бар. Азыр катташып турабыз. Аял чырагы миң деген чын экен. Экинчи жолу бактымды кан жолдон жолуктурдум. Жолдошум автобус айдайт экен, жолдон таанышып, бир жерлик экенибизди билдик. Анан бир күнү троллейбусум бузулуп, кондукторум экөөбүз Школьный аялдамасында отурсак келип калды. "Кыздар, ачка болдуңар го" деп пирожки алып келип берди эле, мен да жөн турбай "мейли, пирожки болсо да атайын алып келипсиз. Сунган колду суутпай жеп коёлу" деп койдум. Жакындыгыбыз ошондон башталды. Адам улам жашың жогорулаган сайын жалгыздыктан корко баштайт экенсиң. Мен да кызым турмушка чыгып, уулум үйлөнүп коркуп жүргөндө бул киши жолугуп калып жатпайбы. Бир күнү эле келип: "Гуля, бир үйдөн түтүн булатып, жакшы-жаманыбызды бөлүшүп чогуу жашабайлыбы. Бир жерден экенбиз. Экөөбүздүн тең балдарыбыз чоңоюп, өз алдынча болуп кетишти" деп калды. "Ойлоноюн" десем, бир ай убакыт берди. Ары ойлондум, бери ойлондум, кызыма айтсам, ал да макул болду. Ошентип, экинчи жолу бактымды сынап көрмөк болуп макулдугумду бердим. Кудайга шүгүр, азыр жакшы жашайбыз, бири-бирибизге арка-жөлөкпүз. Туулган күнүмдө алтын чынжырча көтөрүп келип, "мындан аркы өмүрүбүз ушул алтын чынжыр менен бекем чынжырланып байлансын" деп мойнума такты. Чын эле байландык окшойт. Белегин болсо аздектеп тагынып жүрөм.

Маектешкен
Айжаркын Эргешова