Тажиниса Абдурасулова:
"Өлүмдөн ушунчалык коркуп калган экем, күндүзү бирөө жатса эле өлүп калат деп ыйлай берчүмүн"
Тээ бийикте булут көчүп, анын көлөкөсү ак шөкүлөчөн чокуларды, бөксө тоолорду сүт көбүк тоо сууларын тепчип жай жылат. Чубалжый ээрчишкен булуттар каалгый сүзүп баратып эле Алтын Казык тоосунун чокусуна этеги илинип калгандай термеле токтоп калды. Балким, дүйнөнүн кубанчы менен кайгысын, жакшы менен жаманын, агы менен карасын, айкөлдүгү менен ичи тарлыгын, залкарлыгы менен кара өзгөйлүгүн көрө берип чарчап, дем алганы токтогон чыгаар.
Бүгүнкү санда ушул Улуу Тоонун дагы бир белгилүү кызы, далай кыйын кезде эл керегине жараган кайратман инсан, белдүү бизнес-леди, атанын кызы Тажиниса Абдурасулова тууралуу кеп болмокчу. Биз эженин жеке бизнеси, басып өткөн депутаттык ишмердүүлүк жолу эмес, атасы жөнүндү жазгыбыз келди. Анткени, атанын уулу дегендей эле, атанын кызы боло алган кыз Сайкалдай кайратман кыздардын кыргызда аз эмес экенин аталар тууралуу эскерүү аркылуу чагылдырууну туура таптык.

- Атам менен апам он үч бала көрүп, андан төртөөбүздү гана карманып калган. Болгондо да баары бой жеткенде удаа-удаа кетишти. Мен өлүм ызгаарын эрте сездим. Апамдын эч качан атамдын көзүнчө ыйлабаганын эстеп азыр да таң калам. Экөө тең жашынып ыйлашчу. Алар бири-бирин тымызын жөлөп, ичиндеги өзөгүн өрттөгөн кайгысын айттырбай бөлүшүп, көөдөнүндө эмне болуп жатканын айттырбай түшүнчү экен көрсө. Анын үстүнө экөө тең мээнеткеч жан болгондуктан, эмгек менен алаксып күйүткө алдырышпады. Апам үйдө, атам устаканасында узанып, эч бир жаны жай алып отурушчу эмес. Мен өлүмдөн ушунчалык коркуп калган экем, күндүзү бирөө жатса эле өлүп калат деп ыйлай берчүмүн. Бир жолу атам мергенчиликтен шымдары калдырай тоңуп, чарчап келип, менин "жатпа, өлүп каласың" дегениме болбой жатып эле дароо уктап алды. Ошондо сыртка чуркап чыгып, "атам өлүп калды" деп ары-бери көчө бойлой өпкөлөп ыйлай берипмин. Маңдайыбызда парник бар эле, анда иштеген аялдар, көчөдөн өтүп бараткан атчан, жөө адамдар заматта үйгө үйүлүп кетишти. Топураган элдин уу-чуусунан уктап аткан атам өзү коркуп кетип тура калды. Тим эле өңү өчүп кетиптир. Алаңдай "эмне болду, айланайындар, эмне болду? Тынччылыкпы? Ким? Кана?" деп калдаңдап, сөзүнүн баш-аягы жок. Кошуна кемпир Салым чоң эне: "Эмне калдаңдайсың, байкуш? Баары тынч, мобу кызың эле "атам өлүп калды" деп Кудайга үнү жете чырылдаганынан келе калдык",-деди. Атамдын ыйлаганын ошондо биринчи жолу көрдүм. Менин өлүмдөн коркуп калганым атамды жашытып жиберди окшойт. Салым чоң эне атамды кагып салды. Бул кайраттуу кемпирден айылдын жаш-карысы, аял-эркеги дебей баары ыйбаа кылышчу. "Эмне ыйлайсың жаман жорукту баштап? Дүйнөгө түркүк болгон эч ким жок, бардык башта бир өлүм, тобо дегиле. Ушул кызыңды асыра, ушул тукум болот, ушундан көрөсүң",-деп шарт бурулуп басып кетти. Ошондо бир адам "кыз бала качан тукум болуп, качан кызмат кылчу эле?" деген каршы сөз айткан жок. Анткени, биздин түштүктүн менталитетин жакшы билесиздер. Мен 1-класска барганда атам мени өзү көтөрүп барып, өзү кайра көтөрүп алып кетчү. Бул атамды чарчатмак түгүл эс алдырчу. Кээде атам устаканасында кармалып же айылдагы тууй албаган, ылаңдаган мал менен алек болуп кечигип калса жол боюнда "аталап" кыйкырып, атам өз колу менен тыпыйтып кийизден тигип берген китеп кабымды алдыма коюп алып көшөрүп күтүп отура берем. Атам табият даарыган тубаса мал доктур, көзгө атаар мергенчи, колунан көөрү төгүлгөн, жыгач менентемирге жан киргизген уста эле. Жолдон өтүп баратып мени көргөн атчандар атама: "Абдырасул, кызың кыйкырып отурат, алып кел, карды жарылып калбасын" деп өтүшөт экен. Көп өтпөй атамдын кечирим сурагандай алыстан эле калдаңдап жалынып келаткан карааны көрүнөт. Ошол атам мени көздөй шашып келаткан бактылуу мүнөттөрдөгү жүрөгүмдү аралаган жылуу толкун өмүрүмдөгү эң кыйын күндөрдө да жаныма кадимкидей кубат болуп жүрдү. Ар дайым "ата, мени кайра алып кетиңиз" дейм. Атам "макул" дейт жетине албай. Мен "алып кетиңиз" дегенди, атам "макул" дегенди унутпайт. Бир жолу мугалим "кызыңыз чоңойсо шоопур ташыган чоң болот окшойт" деп калды. Анча-мынчага серпиле бербеген атамдын сүрдүү көздөрү үмүттүү жалжылдап, жетине албай, "айтканың келсин" деп алкап, тердеп кетти. Элдин тагдыры менен менин тагдырымды данакерлештирген ушул түйшүктүү жылдар аралыгында атамдын ошондогу аталык улуу тилегин актай алдымбы деп ойлоп түйшөлөм. Атамдын жаркын элесин алиге ар бир көз ирмемине чейин эстей берем.
Бир жолу бир топ кыздар менен колхоздун алма багына уурулукка кирдик. Алма жаңы эле короолоп турган экен. Мен алманын чокусуна чыгып алып терип ырыгытып жатам, кыздар түбүндө терип атышат. Бир оокумда эле кужураган үндөр тынчып калганын карасам кыздардын бири жок. Көрсө, кароолчу Кожон аба келатыптыр. Этегимдеги алманы бекем кучактап секирейин десем эле бутакка илинип калдым. Өзүм салаңдап турам, илинип калганыма ызаланып Кожон абаны эркекчесинен шатыратып сөгүп жатам. Аңгыча эл чогулуп, мени түшүрүп, атам да жетип келди. Атамды көрүп эрээркеп ансайын сөгүп кирдим. Бир оокумда бир аксакал: "Абдырасул, кыздын эркеси - биттин сиркеси, кызыңды ушундайында тый. Биз го мында калабыз, эртең наалаты сага тийет",-деди. Атамдын кара-тору өңү намысынан бозоро түшүп, шатыратып сөгүп жаткан мени биринчи жолу жаактан ары бир тартты. Жаагым ысый түшүп, ыйлап жиберээрде көзүмө Кожон абанын көзү чагылды. Мага ал кадимкидей табалап жаткансып сезилип, көз жашымды жутуп, үйгө чуркадым. Атам экөөбүз бир топко чейин апам аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Бир күнү ийиндешип чөп кыркып жатсак, "кызым, чоңойгондо ким болосуң?" деди. "Курманжан датка болом" дедим ойлонбой. "Анда экинчи уурулукка кирбей, улууларды сөкпөй жүр" деди. Ошондо аябай уялып, кичинекей жүрөгүмдөгү атама болгон таарынычым жуулуп, атамдын тер жыттанган мойнунан кучактап, көпкө жыттадым. Ошол биздин биринчи да, акыркы да урушубуз болчу.
Атам жөнүндү айтып түгөтө алчудай эмесмин. Бул жаркын эскерүүлөр жыл өткөн сайын көөнөргөндүн ордуна, кумга көмүлгөн алтын теңгедей баасын жоготпой келет.