Тамчы тагдыр

"Менин тилектеримди КамАЗ бутум менен кошо тебелеп кеткен"
Апрель окуяларынан кийин бул тагдыры сыналган адамдар жөнүндө кимдер гана жазбады. Бири саясатташтыргысы келсе, бири учурдун курч окуясы катары жазды. Эч ким булардын жеке тагдырына кызыкпады. Мен деле жеке тагдырына кирише алдым деп айта албайм, бирок, абдан жардам бергим келди. Бакиевдердин өрттөнгөн короосуна башбакканымда бир ууч жигит-кыздар бар экен. Ар биринин көзүндө илгери үмүт, аруу тилек. Буттарында таяк болсо да көздөрү жандуу, караганы бекем. Алар мага сүйлөшүп алгандай "Мээримди жазсаңыз, бизден да ошонун абалы оор. Балким, керегине жарап калаарсыз" дешти. Бири арабада, экинчиси кош балдак, дагы бири таяк менен жүрсө да бул адамдардын жан-дүйнөсү майып эмес экенине кубандым. Мээрим жаш жүзү саргыч тартып керебетте отуруптур. Туш тарабы ачык гараждын биринде кыздар, биринде жигиттер жайгашыптыр. Бири тамак куюп, бири чай сунуп мени меймандаганга шашышты. Тамагыман бир тиштем нан өтпөй буулдум. Баарынын көзү менде. Чарасыздыгыман жаным ачып ордуман тура качкым келди.

- Сиз мени менен сүйлөшсөм дедиңиз беле?-деди Мээрим алсыз жылмайып. Өзүмө келе түштүм.
- Каериң ооруйт?-деп сураарын сурап алып, мултуйган бутуна карап ичим сыйрыла такалып калдым.
- Доктурлар "цирроз печени" дешкен. Боорума суу толуп кетиптир.
- Буюрса, жакшы болуп кетесиң.
- Билем,-деди Мээрим ишенимдүү. Кыздын эркине таң калдым. Мээрим энтигип, оозу кургап турса да мага башынан өткөндөрүн оорусун унутуп, бирде кейисе, бирде эргип айтып берди.
- Мен Жумгал районунун Миң-Куш айылында төрөлгөм. Азыр 21 жаштамын, төрт жарым жашымда ичип алып келе жаткан КамАЗдын айдоочусу тебелеп кеткен. Кырсыктуу күн күнү бүгүнкүдөй эсимде. Жолдон өтүп баратып жыгылып кеткем. Ошол түнү менин шорума врач да мас экен, бутумду сактап калууга эч кандай аракет кылбай эле кесип салыптыр. Биз төрт бир тууганбыз. Бир агам, эжем, иним бар. Кийинчерээк мени шаарга алып келишти, ошол бойдон Кара-Балтада жашап калдык. Мектепти сегизинчи класска чейин ошол жерден окудум. Анан атам инсульттан каза болуп, ижарадан кыйналып Бишкекке көчүп келе бердик да, апамдын бир тууган эжесинин кызынын үйүндө туруп калдык. Эжемдин да жолдошу, төрт баласы, биз төртөөбүз, карыган таенем болуп баарыбыз эки бөлмө кичинекей үйдө жашайбыз. Тагдыр бир табаласа эле табалай береби, мындан эки жыл мурун кандан вирус жугуп, бөйрөгүмдөн ооруп калдым. Дарыгерлер абалы оор деп айтышкан. Алар эмне деп айтышпасын, жүрөгүмдө жакшы болуп кетээриме ишенип турам. Эгер кичине акча каражаты болсо эле баары жакшы болот. Анткени, дарыгерлер "боорун алмаштырса эле жакшы болуп кетет" дешти. Үмүт жок болсо болбойт деп эле айтышмак да. Бизге оор болгону, операцияны Россиядан гана жасатат экен. Апам алынын жетишинче аракеттенип жатат, колунан келбей жатпайбы. Агам ашпозчу, эжем официантка болуп иштеп, алар деле жардамын аяшпайт.
- Ким болгуң келет?
- Бутум ушундай болбосо көп максаттарга жетмекмин. "Менин ушул абалда экенимди тебелеп кеткен адам билет болду бекен?" деп ойлоп аны таап, сүйлөшкүм келет. Анткени, менин бардык тилектеримди ошол адам кыйратып, бутум менен кошо тебелеп кетти. Баары бир мен максаттарыман баш тарткан жокмун. Мектепте жалаң бешке окучумун, айрыкча англис тили сабагын жакшы көрчүмүн. Чет өлкөлөргө барып, дипломат болом деп дале ойлой берем. Жакшы иштеп апамды кубантсам, атайын апакеме арнап үй алып берсем, жардамга муктаж мендей адамдарга жардам берсем, анан көп балалуу болсом деген тилектерим бар.
- Окууга тапшырганга документиң барбы?
- Ошол жок болуп жатпайбы. Кара-Балтадагы Алексеевка мектебинде сегизинчи класска чейин окугам дебедимди. Бир топ убакыт өткөндөн кийин кайра барсам, "сен шаарга кеткенсиң, кайра ала албайбыз" деп коюшту. Апам мектеп директоруна жалдырап барып жүрдү, бирок, али күнчө күбөлүгүмдү ала албай, азыр окууга тапшырайын десем аттестат эмес, күбөлүгүм да жок. Азыр атамдын, менин, апамдын пенсиясы, агам менен эжемдин тапканы менен эле дарыларымды, оокат-тиричиликти эптеп жатабыз.
- Турмушта эмнеден көңүлүң калды?
- Алдамчылыктан. Мындан бир жыл мурун бир жигит артымдан беш жыл чуркап жүрүп ала качып кетти. Ага чейин мен андан качып, эч сүйлөшчү эмесмин. Өзүмө тагдырлаш, мени түшүнгөн адамга жар болуп, балалуу болууну, оор-жеңилде түшүнүшүүнү каалагам. Талант ой-боюма койбой, "мен баарын беш жылдан бери билем го, сени эч качан капа кылбайм" деп Жумгалга айылына алып кетти. Апама да убадасын берди. Биз болгону жыйырма күн жашадык. Качан мен бөйрөгүмдөн ооруп калганда мени "ооруканага алып барам" деп үйгө алып келип таштап, "кайра келем" деген бойдон кайрылбай кетти. Досторунан намыстанып, апасынын сөзүнө каршы тура албай, адам тагдырына кайдыгер караган Талант менин тагдырымды экинчи жолу талкалады. Ошентсе да негедир аны жек көрүп калган жокмун. Ал кеткенде абдан катуу оорудум. Ичимден "Талант менен жашасам оорубай калат белем?" деп ойлой берем. Анын жаман адам экенине ишенгим келбейт. Балким, бетиме келип, "мен сени сүйбөйм, адаштым" десе да мага аны унутууга жеңил болмок.





  Апасы Калбүбү:

"Айдоочуну кестирбей эле, кызыма үй алып бер десем болмок экен..."
Мээримдин апасы Калбүбү эже менен сүйлөшүү мага баарынан оор болду. Эненин жердей көтөрүмдүүлүгүнө дагы бир жолу ынанып, ичимден чачы мезгилинен эрте агарган, бир кездеги сулуу жүзүн бырыш желелеген аялдын күчтүүлүгүнө ичимден таазим эттим. Эгер энелер болбосо бала эмес, табият жетим калмак экен. Мээрим кечээ эле мени менен жакшынакай сүйлөшкөн, бүгүн сокур ичеги болуп жатып калыптыр. Калбүбү эжени ооруканадан жолуктурдум. Түнү менен уктабаган эне жыгылбай араң турду.

- Кызым чырактай кыз болчу. Кичинекейинде "кукла" деп эркелетип койчубуз. Аябай жоош, анан чукугандай сүйлөгөн кыз эле. Төрт жарым жаш кезинде мен Бишкекте ооруканага жатып калдым. Операцияга макул болбой ооруканадан чыккандан үч күндөн кийин аталаш иним Бишкекке көчүп келди. Ошолор жөнөп жатканда Мээрим "апама барам" деп ээрчип, бирок, машинага батпай кала бериптир. Ошондон кийин эле кызымды машине басып кетип атпайбы. Мен Мээримди кырсык басканын Бишкектен уктум. Мага аки-чүкүсүн айтпай эле эки иним алып кетишти. Жолдо баратып бутумду эле сыйпалап, "каягын тебеледи экен, денесинин жогору жагынбы, ылдыйынбы?" деген ойдон арыла албай койдум. Барсам кызым апамдын үйүндө экен. Эки көзүм короодон өтүп, "боз үй жок бекен?" деп издеп жаттым. Үйгө кирсем эч ким жок, мени сырттан колтуктап кирген эки аял "кызың жакшы эле, ооруканада" деп жооткотуп коюшту. Көрсө, мага Мээримдин бутсуз калганын айта албай баары үйдөн качып кетишкен экен. Ооруканага барсам кызым эсине келип сүйлөп калыптыр. Биринчи эле "апа, менин бутум кана?" деп сурады. (Эже калтыраган колдору менен оозун басып алып буулугуп ыйлады. Анын үн чыгарбай, муунуп ыйлаганын карап туруп адам тагдырынын татаалдыгына жүрөгүм тилинди. Муну карап туруу ушунча оор, эже менен кызындай болуп көтөрүүчү?..) Мен жооп бере албай койдум. Он беш күндөн кийин кызымды Бишкекке алып кеттим. Биринчи жаткан жериндеги доктурлар "жибин жети күндө сууруш керек эле, он беш күн болуп кетти" деп сууруп алып салышты. Бишкекке республикалык ооруканага алып келдик. Ал жерге келгенче бутунун жип сууруган жери ачылып, ириңдеп кетти. Ошондо Меджалилов деген доктур кызымдын бутун карап, "кыз баланын бутун сактап калса болмок, муну кандай жүрөгү жок акмак кескен?! Жаш денени чачылып кеткен жеринен жыйнаса да калыбына келип кетпейби" деп абдан кейиди. Биз декабрга чейин Бишкекте болдук. Мээримди Арстан деген жакшы дарыгер карады. Биринчи жолу протез кийгенде буттуу болгондой аябай кубанды. Мен болсо көз жашымды кызым көрбөсүн деп тиштенип араң карап турдум. Айылга барганда балдар чана тепкенин көрүп "мен да чана тебет элем" деп ыйлап жүрөгүмдү эзет. Жайында болсо, "кыздар көйнөк кийип жүрүшөт, мен да көйнөк кийем" деп ыйлайт.
Мээримдин эркине, өжөрлүгүнө энеси болуп туруп суктанам. Эгер буту болсо кызым башкача кыз болмок. Ушундай жаны ооруп турса да эч нерсени билдирбей, күлүп турат. Азыр кыйналган кезде "айдоочуну кестирбей эле кызыма Бишкектен үй алып бер десек болмок экен" деп ойлоп жүрбөймүнбү. Кызымдын жаны аман калганына сүйүнүп эле айдоочусунун деле, доктурунун деле үстүнөн арызданып барган жокпуз. Айдоочуну мыйзам чегинде өздөрү кести. Ал эмне, үч жылда чыгып кетти, менин кызым бүт өмүр майып болуп, ошол майыптыгынан окубай да калды.
Азыркы эң чоң көйгөйүм эле үй. Өкмөт тарабынан аз үй-бүлөлүүлөр үчүн курулган жатакана болсо да жакшы болмок. Ушул үйдүн айынан Акаевдин заманынан бери эле чуркай берип таманым тешилди. Жер баскан кезде да чуркап, аны дагы колунда барлар алып кетишти. Мындан алты ай мурун дарыгерлер кызымды "кызыңыз алты айча эле жашайт" дегендей айтып коюшканда баары эсимен чыгып, кызымды эле карап калдым. Кудайга шүгүр, алар айткан алты ай өттү, азыр кызым жакшы. Суранганым эле жашай турган жай болсо. Бөлүп-бөлүп төлөсөк да жакшы болмок. Кечээ узак мөөнөттөгү үйгө кезекке деп арыз жаздым. Ага да каттоодо жок экенсиңер, деп акимчиликке жөнөттү. Ал жактан "мейли, кезекке тургузсаңыз тургузуңуз, бирок бул узак иш" деп узун барак документтин тизмесин карматып, "оболу ушуларды топтоп келиңиз, анан комиссия чечет" деп жолго салышты. Азыр комиссия мендей бей-бечарага чечмек беле. Үмүтүм үзүлүп келе бердим. Карапайым эл качан окко тосоордо, митингге чыгаарда эле эске түшөт окшойт.
Дагы эле майып майыпты түшүнөт экен. Кечээ өзүнө окшогон кыздар-балдар келип доктурга жаткырып, акчалай жардам берип кетишиптир. Кеп акчада эмес, көңүлдө экен. Жетине албай калдым. Рахмат кыздарга, аман болушсун. Анан дагы үзүлбөгөн үмүт да, Отунбаевага кирейин дегем. Кантсе да аял, эне эмеспи, бир жардам болоор. Кайра "азыр мени карай турган кезби" деп тартынам. Антейин десем мага кызымдын ден-соолугунан маанилүү нерсе жок. Ар бир күн бизге кымбат болуп жатат. Баарынан да америкадан алынчу протезге жетүү тээ кызым бала кезинен тилеген тилеги болчу. Аны кайдан, кантип табаарымды да билбейм.
- Эже, Мээрим өзүн ала качкандар тууралуу айтты. Сиз аларга эч кандай мыйзам чегинде чара көрбөдүңүзбү?
- Мен башында эле каршы болгом. Тиги күйөө бала сөрөйдүн "апа, мен баарын билип туруп Мээримди алып баратам. Мына көрөсүз, Мээримди ыйлатпайм, өзүм багып алам. Мен кудай деген баламын" деген жигиттик кебине ишенип, баарынан да Мээримдин ага болгон балалык сезиминен өтө албай эле макул болгом. Бир чети кызым чын эле бактылуу болуп кетсе экен деп тиледим. Балалуу болсо алаксып, башы менен кошо кетчү арманы кичине унутулуп калабы деп үмүттөндүм. Андан да "булар деле адам баласы го, кантип эле адам тагдыры менен, болгондо да майып адамдын тагдыры менен ойношсун" дебедимби. Жумгалдагы иниме телефон кылып, ошолор кууп барышты. Ошондо иним менен келиним да "кызыбыз оорукчан, оокат жасагандан кыйналат. Ойлонуп чечкиле, кеч боло элегинде алып кетели" дешсе макул болушпаптыр. Той, ырым-жырымын орозодон кийин кылалы деп биз баш тартып койдук. Бир күнү эле Мээрим ооруп калдым деп чалды. Кайын энеси "Ушерден эле дарылайлы. Жаңы эле үйлөнүшсө, отко да кире элек" дегенинен "дайым көрүнгөн доктуруна эле көрсөтөлү" деп макул болбодум. Эртеси кызым ичи челектей болуп шишип, баса албай Талант менен келди. Бутунда резинка тапичке, жол киреси жок келиптир. Мен "кантсе да күйөө бала келет экен" деп алымдын жетишинче даярданып отургам. Күйөө бала шашып чай ичти да, "досторумдукуна барып эле жатайын, эртең менен келем" деп чыгып кетти. Ал киргенде эле ою түз эмес экенин сезип, күйөө балага ичим чыккан эмес. Кетип баратканда эле келбесин дароо түшүндүм. Чын эле ошол бойдон келбей, телефондон "бияктамын, тияктамын, Казакстандамын" деп качып койду. Мээрим бала экен, тигиге берилип алыптыр, али күнчө унутпай жүрөт. Кызым ошондон аябай стресс алып, оорусу күчөп, катуу ооруп калды. Ошондо аябай жаным кашайып, тиги адам кейпиндеги акмактын үйүн издеп эжем, жездем болуп бардык. Үйдөн чыгып баратканда шиш бирдеме алып алайын, колум жеткен жерине сайып алам дегем, кейип жатып унутуп албаптырмын. Биринчи эле милицияга кайрылып, чогуу үйүнө бардык. Барсам күйөө бала Казакстанга кетпей эле челектей болуп үйүндө жатыптыр. Энеси "кечээ жакында эле келди" деп коёт. Болгону башка чаптым, башкага алым келген жок. Ызаман тутугуп сүйлөй албай калдым. Менин абалымды көрүп эжем да чаап жиберди. Килейген кебетеси менен жанталашып биз менен барган тергөөчүнүн артына корголоп, жашынып жүрөт. Алы жок эки аялдын чапканы эмне болот, намысы болсо чыдап туруп койбойбу. "Ишенчээк кызым ай, ушул макулуктун эмнесине ишендиң экен, бул сенден өткөн майып тура" деп аябай зээним кейиди. "Бул эмне кылганың?" десем "мен кызыңардын оорулуу экенин билген эмесмин",-дейт уялбай. "Ай, акмак, мен сага "Мээрим оорукчан" деп айтпадым беле. Сен кызымды темселеп аракка тоюп алып, анан алып кеттиң да. Адамсыңарбы? Бул эмне шылдыңыңар? Силерди Кудай шылдыңдап калсын!" деп каргадым. Ата-энеде эмне күнөө? Байкуштар аябай кейип, энеси мени менен кошулуп ыйлады. Атасы "эшикте турган жылкыны алып барып, баланын керегине жарат" деп болбой кошуп берди. Бир жылкы жерге кирсин, Мээрим дагы бир жолу жарадар болду. Мен ооздон айланган күйөө бала жөнүндө айтмак да эмесмин, эгерде Таланттай акмактар болсо адам тагдыры менен, болгондо да кудай ансыз деле кемсинткен менин кызымдай адамдын тагдыры менен ойношпосун деп эскертким келди. Кызымды ыйлаткан акмакты Кудай жазаласын, башка айтаарым жок.