Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0511_3.htm on line 2

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0511_3.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0511_3.htm on line 2



Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0511_3.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0511_3.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0511_3.htm on line 2
п»ї
Баскан изге кылчаюу
Бизди ушул турмушка алып келүүгө чоң салым кошкон адамдардын, башкача айтканда, согуш ардагерлеринин саны күн өткөн сайын суюлгандан суюлуп бара жатканы албетте өкүндүрбөй койбойт. Биз аларды алаканыбызга салып көтөрүп жүрсөк да аздык кылат. Ал апаат жылдарда согуш майданындагы азап менен тылдагы азап дээрлик бирдей эле болгон. Оорукта ушундай азаптардын далайын башынан өткөргөн Күмүш Суранова 86га чыгып, кыбыра көрүп калганына карабай дагы деле тың. Өмүр бою жетекчилик кызматтарда иштеген Күмүш апа учурда кыз небереси менен Бишкек шаарындагы Көк-Жар кичирайонунда турат.


Балалыгым
- Мен 1924-жылы мурдагы Тянь-Шань, азыркы Нарын районунун Онарча айылында туулган экем. Айы, күнү белгисиз. Тотуйна деген таажеңем: "Сен жаркыраган айда, койлор төлдөп жаткан учурда Өрнөктүн суусунун кашатында жарчада төрөлгөнсүң",-деп калаар эле. Апам Бурулкан атам Суранга 13 жашында баш кошуптур. Тилекке каршы, таптакыр согончогу канабайт. Ошондо атамдын бир тууганы үркүндө көз жумуп, андан калган Сайна деген кызды багып алышат. Сайна бойго жетип, турмушка чыккан соң "балалуу үй - базар, баласыз үй - мазар" демекчи, үй аңгырап, атам менен апам кайрадан бири-бирин тиктешип калышат. Ошондо апам атама токол алып, артына туяк калтырууну сунуштаса, атам таптакыр мойноп коюптур. "Мага экинчи бул сөзүңдү айтпа, мен сени 13 жашыңда алгам. Же эмне, төрөбөйсүң деп сага бир ооз айттымбы?",-деп көгөрүп болбой коёт. Ошондон көп өтпөй "бала тапкандыкы эмес, баккандыкы" деп Бурулкандын бир тууган агасы Эраалынын жаңы төрөлгөн кызын багып алышып, Күмүш аташат. Ошол мен экенмин. Алар мени канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай багышты. Ата-энем башка экенин секелек кезимде билдим. Кээде күн жааган учурда козуларыбыз таанылбай, бөлүшкөндө балдар менен козу талашып уруша да кетчү элек. Бир жолу Сактыян деген бала экөөбүз козу талаша кетип, ал: "Козуну коюп өз ата-энеңди таап ал!"-деп козумду колумдан жулуп алды. Өңгүрөп ыйлаган бойдон үйгө барып эле: "Менин ата-энемди таап бергиле! Мен кимдин кызымын?"-деп байкуш ата-энемдин жүрөгүн оорутканым эмгиче эсимден кетпейт.

Суук кабар
- Мен согуш башталганда мектепте окуган 16 жаштагы кыз элем. Өздүк көркөм чыгармачылыгынын тобуна кошулуп, Нарын шаарына областтык кароого барганбыз. Биздин Эчкибашы башталгыч мектебинин окуучулары биринчи орунду жеңип алып, борборубуз Фрунзеге барууга жолдомо алдык. Борборго барабыз деп өзүбүзчө толкунданып көчөгө чыксак, радио түйүнүнүн жанына чогулган элдер үрпөйүшүп, кабактарын түйүп алышыптыр. "Эл башына мүшкүл түштү. Шүмшүк Гитлер капыстан тынч жаткан элге кол салыптыр",-деп шыпшынып коюшат. Биз жөө-жалаңдап, бөлүнүп-бөлүнүп эптеп жол тосуп айылыбызга келсек, андагылардын да кабактары салыңкы экен. Бизди "кандай барып келдиңер?" деп сурап койгон деле бирөө жок. Эртеси күндөн баштап эле айылдагылар күнүнө биринен сала бири согушка чакырыла башташты. Мен ал кезде 7-класста окучумун. Мени кызыл үйгө, башкача айтканда, китепканага башчы кылып коюшту. Мындан тышкары эмгек жазчу табелчинин милдетин аткарчумун.

Жылкы фермасына башчы болдум
- Бир күнү башкарма чакырып жатат дегенинен конторго барсам, башкарма Саралаев Жумакадыр: "Жылкы ферма бол. Көбөнов Мамбеткулду рабочий батальонго чакырып жатат. Атаң жылкычы, өзүң аттын кулагы менен тең ойнойсуң",-дегенде мен "аткара албайм",-дедим. Ал "азыр ал-бул деп жүйөлөшүп отурар мезгил жок",-деп койду. Ошентип мен макул болуп, жылкыларды санап өткөрүп алуу үчүн Мамбеткул, Мааткан ата болуп ат менен кыштоого жөнөп калдык. Үчөөбүз кобурашып, кыштоого жете бергенибизде күн борошолоп, кар учуруп чаба жаай баштады. Бир маалда аттарыбыз кишенеп, камчыласак да баспай тык токтоп калды. Көз караңгылап эч нерсе көрүнбөйт. Кичине эле бастырсак карга атыбыз чумкуп кирип, бири-бирибизди көрө албай калдык. Экөө алдыда, мен артта. Коркконуман ыйласам, Мамбеткул ата: "Атыңды коё бер, өзүң кардын астын оюп кирип жат. Кардын асты жылуу. Үнүңдү чыгарба, карышкыр угат. Мен сага жете албайм, Мааткан атаң түтөгүп жатат. Коркпо, жакын элебиз",-деди. Кардын асты чын эле жылуу экен, коркуп уктай албай чабалактап, бир маалда көзүм илинип кетиптир. Таң агарып калганда: "Ээ, Күмүш, аман барсыңбы? Тур, кагылайын, Мааткан атаңдын абалы оор. Оозу-мурду көгөрүп, абалы начарлоодо. Сен жеңил эмессиңби, кар көтөрөт. Молдосаалы атаңа барып биздин абалыбызды түшүндүр, баласын жиберсин",-деди. Мамбеткул атанын айтуусу боюнча Бел-Булактан тик ылдый жылгаяк тепкен бойдон ылдый түшүп, Ак-Таштын үстүнөн үнүмдүн бардыгынча кыйкырдым эле, чапанын желбегей жамынган Молдосаалы ата үйүнөн чыкты. Байбичеси от жагып, мага ысык чай берип, баласы барып Мааткан ата менен Мамбеткул атаны алып келди.

Өмүрлүк жарым
- Жолдошум Данияр чарбада башкарманын орун басары, ферма башчысы, кампачы, дүкөнчү болуп эмгектенген. Адамгерчиликтүү, жөнөкөй, токтоо мүнөздүү болгон үчүн айылдагылар атынан айтпай Даныке деп сыйлашаар эле. Экөөбүз 1946-жылы баш кошконбуз. Менин иштөөмө башка эркектердей терс мүнөздө эмес, тескерисинче, багыт көрсөтүп, шарт түзүп берди. Эл көзүнчө аттана албай калба деп жакшы аттардан токуп, камчыны ээрдин кашына илип, ат байлоочу мамынын жанына карагай аралап койчу. Данияр өзү күлүк аттарды таптаган саяпкер эле. Экөөбүз 44 жылдык өмүрүбүздү бирге өткөрдүк. Эки уул, эки кызыбыз болгон. Балдарыбыздын үчөө азыр жерде, бир гана кызым калды. Жолдошум өзү болсо 1981-жылы 71 жаш курагында о дүйнө салды.

Сталин менен көрүшөйүн деп...
- Кремлдин Георгиев залында Улуттар Совети менен Союздар Советинин кошмо заседаниесинде отурган элек. Бир маалда эл орундарынан туруп дүркүрөтө кол чаап, "Сталин келди" деген күбүр-шыбыр тарады. Согончогумду көтөрүп, мойнумду созсом да ал кишини көрө албайм. Жанымда отурган Мамбеталиев деген киши Булганин, Молотов, Ворошиловдордун алдыңкы катарында өзүнчө отурган ачык күрөң кийимчен, муруттары калкайган кишини көрсөттү. Мен көзүмдү албай тиктеп отурдум, бир кыймылдап же сүйлөшүп койбойт. Бир маалда танапис болду. Чуркап чыгып, Сталин менен көрүшчүдөй ылдый түшсөм, буфет экен. Сталин болсо көрүнбөйт. "Свинина нет, баранина ест" деп орусчаладым. Бул "чочко этин жебейм, кой этин бер" дегеним эмеспи. Эптеп бирдеме алып жеп, эми кантип өйдө чыгам, сессиядан кечикпегей элем деп эки жагымды карасам, тээ алыскы бурчта тамак ичип жатышкан Раззаков, Сүйөркуловдорду көрө койдум. Сүйүнүп, алар басканда артынан ээрчидим. Раззаков жылмайып: "Кызым, кайдан?"-деди. "Сталин менен көрүшөйүн деп чуркап чыктым эле, агай. Ушул жакка келет деп ойлогом",-десем экөө күлүп калышты. "Ал киши отурган жеринен өйдө же ылдый лифт менен жүрөт. Канткен менен да сен азаматсың!"-деп далымдан сылап койду.

Азиза САТИМБЕКОВА




Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0511_3.htm on line 39

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0511_3.htm on line 39

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0511_3.htm on line 39

кыргыз тилиндеги гезит "Леди kg"
email • архив • редакция 
11-май, 2010-ж.:
1-бет
Кулпунай жеп, иммунитетиңизди көтөрүңүз!
2-бет
Дамира Ниязалиева:
"Мага эч кандай сөз жабышпайт деп ойлогом, көрсө, жаңылышыпмын"

3-бет
Баскан изге кылчаюу
4-бет
Эмне жаңылык?
5-бет
Врач Айнура Бейшекеева:
"...Ушул сөздү укканда адамдарга кадимкидей таарынам"

6-бет
Бешик - бизге Умай энеден калган таберик
7-бет
Баланы бешикке бөлөө каадасы
8-бет
Сулуулук
9-бет
МОДА-2010
10-бет
Кулпунай жеп, иммунитетиңизди көтөрүңүз!
11-бет
Биринчи жолугушуу кандай болууга тийиш?
12-бет
Сиз өзүңүзгө ишенимдүүсүзбү?
13-бет
Издейм сени
14-бет
Боз торгой


Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0511_3.htm on line 39

Warning: include(../../ggle_link.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0511_3.htm on line 39

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_link.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ledi_kg/10/0511_3.htm on line 39




а ­е¦Є.НҐй«