Издейм сени
Ошол жаз бир башкача ажайып келген эле. Эки-үч күндүн ичинде дарактар жашылданып, көк майсаң чөп күч менен кармалып тургансып кар кеткен жерден дароо баш көтөрө бой керип, көктөм кышты шаштырып тез эле кирип келбеди беле. Ошондой ажайып күндөрдүн биринде бир кезде чогуу окуган курбум телефон чалып, кайра-кайра "келсең сүйлөшүп отурабыз" деп чакырып калды. Күн сайын "эртең-бүрсүгүнү" деп жүрүп, Ноорузга чукул иштеген жерине эскертпей эле бардым. Экөөбүз студенттик кездерди, өткөн- кеткенди айтып сүйлөшүп олтурганбыз. Бир убакта эркектердин каткырып күлүп сүйлөшүп келе жаткан добушу угулду да, топураган бир топ жигит эски тааныштай шар бастырып кирип келишти. Мен Каныштын кардарлары го деп көп маани деле берген жокмун.
- Кечирип кой, Каныш коногуң бар беле? Майрамыңар менен!-деди узун бойлуу жигит. Экөөбүздүн көздөрүбүз чагылыша түштү. Ак жүздүү, бакырайган көздөрү олуттуу тигилген жигиттин турпаты негедир дилге тааныш сезилип кетти. Экөөбүз саамга тиктешип калган мүнөттө "сулуу жигит экен, кимдердин шору, а кимдин бактысы болду экен? Далайлар ушул көздөрдүн, ушул турпаттын кулу болгон болуш керек" деген ой чагылып өттү.
- Эмне аласыңар, Жалын?-деди Каныш жылмая карап. "Аты да өзгөчө экен" дедим ичимден.
- Суусар эже чакырып жатат,-деди Жалын өзү Канышка сүйлөп жаткан менен менден көзүн албай.
- Суусар эже бая эле чакырган. Курбум келип колум бошобой калбадыбы.
- Жүр, курбуң менен эле. Чоң кыз, биз менен отурган абдан көңүлдүү болот, ишенип коюңуз.
- Бир көргөн адамга эле ишене бермейим жок,-дедим мен атайын тиги жигиттин кычыгына тийе сүйлөп.
- Бир көргөн адамга ишенбеген жакшы, бирок, бир көрүп сүйүп калган жаман. Каныш, сен минтип бизди уят кылба, кеттик,-Жалын биз тарапка тартынбай өттү да, эзелки тааныштай мени, Канышты колдон ала жетелеп жөнөдү. Жанындагы жигиттер да коштоп кетишти. Каныш мени кыя албай эле араң отурганбы, дароо макул болду.
- Коё тур, Жалын, мен азыр дүкөндү жабайын. Силер чыга тургула,-деди ал шашкалактап. Жалын менин колдорумду коё бербей бекем кармап, баарыбыз сүрүлүп сыртка чыктык. Эми эле күүгүм кирип, жаздын ымырт кечи жылуу мемиреп турган экен. Көптөн бери жүрөгүмдү муунтуп жүргөн белгисиз бук азыр да дилимди буулуктуруп, маанайым чөгө түштү.
- Жалын, атыңар укмуш экен,-дедим акырын колумду тартып алып.
- Сиздин атыңыз... жаңылбасам Мээрим болсо керек.
- Кайдан билесиз?-Ичимден "Каныш атымды атаганынын угуп калган болуу керек" деп ойлодум. .
- Каныш силер жөнүндө көп айтат. Негедир дүкөнгө киргенде эле "Мээрим ушул болуу керек" деген ой келди. Мен сизди дал ушундай элестеткем.
- Кандай?
- Ушундай сулуу, жайдары, эски тааныштай жакын. - Ал мага жанаша берип ойлуу сүйлөдү.
- Кызык, сиз да мага эски тааныштай сезилесиз.
Ал чын эле мага эски тааныштай жакын сезилди. Аңгыча Каныш чыкты да, бизге кошула берип жылмая сурады.
- Таанышып алдыңарбы?-негедир Жалын да, мен да унчуккан жокпуз.
- Эмне урушкан адамдай унчукпайсыңар?-деди ал суроосу жоопсуз калганга ыңгайсыздана.
- Тааныштык, Каныш. Мен Мээрим жооп берет го дегем.
- Мен Жалын жооп берет экен дептирмин,-дедим Жалынга кыя карап. Экөөбүздүн көзүбүз дагы чагылышты. Жалындын көздөрү бул жолу дилиме кандайдыр жарык жагып өткөнсүдү. Биздин келээрибизди алдыда кирген жигиттер айтканбы, столдо отурган көпчүлүк күтүп жаткан мейманы келгендей дуулдап тосуп алышты. Мындай меймандос кабыл алуудан ыңгайсыздансам да, көңүлүм көтөрүлө түштү. Баары жөнөкөй, шайыр адамдар экен. Биринен сала бири ырдап, абдан көңүлдүү отурушту. Бир оокумда бир кыз Жалынга карап:
- Жалын байке, ыр кезеги сизде. Качан суранат экен деп отурасыз го ээ?-деп калды.
- Ананчы, сурантып ырдаган барктуу болот. - Жалын жагымдуу жылмайды. Баары кол чаап кыйкырып жиберишти эле Жалын ыңгайсыздана шашып кетти.
- Тамашалап койдум. Силер үчүн сурантпай эле ырдайм. Болгону кезек тийбей жатты.
Жалын аккордеонду алып жатып мени дагы көз кыйыгынан карап өттү. Бул көз караш бая жагып өткөн жарыкты дагы жаркытып жибергенсиди. Жалындын коңур, жагымдуу добушу баарын муютуп койгонсуп дымып угушту. Ыр муңдуу болгон менен ээси негедир таңшып, төгүлүп ырдады. Жалынды ал түнү көпкө коё бербей ырдатышты. Кеч чыктык. Кызып калган жамаатташтар улам кучакташып көптө коштошушту. Каныш мени менен коштошуп жатып кулагыма шыбырады:
- Жактыбы биздин жамаат, айрыкча Жалын?-Унчукпай бекем кучактап койдум да, Жалын менен досу чакырып келген таксиге отурдум. Таксиде Суусар эже кызы менен отуруптур.
- Жолубуз бирге экени жакшы болду, сени да жеткирип коёбуз,-деди ал мени ийинимден таптай. Жалын алдыга отурду да мага бурулуп:
- Сизди каерге чоң кыз?-деди күлмүңдөй.
- Орто-Сайга.
- Биз да Орто-Сайга ээ, Суусар эже,-деди ал эжеге.
- Жок ай, мени үйгө.
- Үйүңүз каерде?
- Орто-Сайда.
Баарыбыз күлүп жибердик.
- Мен Мээримдин үйүнө экен деп атпаймынбы,-деди Суусар эже өзү да күлүп.
- Мээрим чакырбаса делеби?-деди Жалын мени сыр ката карап.
- Эмне экен, менин үйүмө деле бара беребиз,-дедим чын дилимден.
- Рахмат, айланайын, мен эртең эрте жумушка чыгышым керек. Бардык нерсенин азы жакшы. Жалын, сен жолдон түшөсүң да, ээ?-деди Жалынга. Жалын үнсүз баш ийкеп койду. Негедир Жалындын жолдон калаарын укканда көңүлүм ээнсирей түштү. Ортону бир топко жымжырттык ээлеп, ар кимибиз өз оюбузга туна түшкөнсүдүк. Тынчтыкты Суусар эженин чочуган үнү бузду:
- Капырай, Жалын, сен үйүңдөн өтүп кеттиң го?
Таксисит Жалынга карады эле ал "айдай бер" дегендей баш ийкей, анан күлүмсүрөй бери бурулду.
- Суусар эже, сиз жанараакта айтсаңыз болмок, өтүп кетпедикпи, эми кайра келатканда түшүп калам,-деди да мени карап күлүп койду. Сыр каткан күлкүсү эми эле ээнсирей түшкөн көңүлүмдү кубантып, ичим жылый түштү. Биздин аялдамага жакындаганда:
- Мен жетип калдым, түшкүлө, чай ичебиз,-дедим астейдил. Суусар эже дароо баш тартты. Таксист мен көрсөткөн аялдамага токтотту.
- Жакшы жетип алыңыздар, рахмат,-дедим Суусар эженин колун кыса кармап. Анан Жалынга кол сундум. Ал менин колумду байкабагансып сыртка чыкты да Суусар эжеге жылмая сүйлөдү.
- Суусар эже, ушул райондон маньяк чыкканын уктуңуз беле?
Суусар эже чочуп кетти:
-Уккам, капырай, аны эмне сурадың адамдын дилин үшүтүп?
- Ошо, уккан турбайсызбы. Мээримге эртең жооп берип жүрбөйлү,-деди ал күлүмсүрөгөнүнөн жазбай. Анан таксистке акчасын төлөдү да, Суусар эжеге кол сунду:
- Жакшы барыңыздар, Суусар эже.
Суусар эже бирдеме айтчудай оозун таптай бергенде Жалын эшикти жаап койду. Эже ачык айнектен кыйкырды:
- Жалын, эртең аялыңа эмне дейм?
- Маньяктарды кармаганы кетти деңиз.
Суусар эже бирдемелерди сүйлөгөн бойдон кетти. Жалын мага жылмая карады.
- Мына, Мээрим эжекеси, үйүңүзгө чакырдыңыз эле түшүп калдым.
- Аялыңызга эмне деп жооп бересиз?
- Мээрим, карачы, Ай толуптур,-деди ал суроомду жоопсуз калтырып. Көктү карасам ай чын эле толуп, саргыч тарта толукшуй калкып турган экен.
- Ай толгон кезде көлгө түшүп көргөн белең?
- Эмне, Ай толгон кезде көлдү жылытып коёбу?
- Жок, Ай сени менен кошо чөмүлүп, кошо сүзөт.
- Көлдүксүң го?
- Ооба.
Ай чайыган көчө менен жай басып келаттык. Жалын бир кезде мени ийинден ала токтотту да, көздөрүмө тигиле акырын сүйлөдү.
- Мээрим, кел бүгүн үйүңө кирбей, таң тособуз.
- Мен сени али үйгө чакыра элекмин.
- Жакшы көрүп калдым.
- Үйгө чакырбаганым үчүнбү?
- Ооба, үйгө чакырбаганың үчүн, көздөрүң үчүн.
- Мен сенин бир көрүп сүйүп калгандарыңдын канчанчысымын?
- Экинчиси. Биринчи жолу он тогузумда кыз сүйдүм. Аты Айнура болчу. Бир көргөндө эле "ушул мен издеген кыз" деп ойлогом.
- Мени эмне деп ойлодуң?
- "Ушул мен жоготкон кыз" деп. - Ал мени бооруна кыса кучактады. Андан жагымдуу жыт келип турду. Кучагы мээримдүү, ысык экен. Негедир каршылык кылгым келбей, кайра кучагына ыктадым.
- Мээрим, менин эки кызым бар, келинчегим бир кезде мен сүйгөн, мени азапка салган Айнуранын бир тууган сиңдиси. Мен андан Айнураны табам деп ойлогом. Тилекке каршы, бир тууган болсо да ордун толтура албады, бирок, ал мени Айнурага караганда аз да болсо бактылуу кылды.
- Эмнеге айтып жатасың?
- Качандыр бир алар тууралуу сурайсың да.
- Сурабасамчы?
- Сурабаганың абдан жакшы. Ар кимдин өз орду бар. - Ал менин көздөрүмө тигилди. Көздөрү жүрөк жылыткан мээримге толуп турду. Анан акырын эрдимен өптү. Оттой ысык эриндеринин табынан ичиме жалын түшүп кеткенсиди. Ал түнү биз үйгө кирген жокпуз. Таң атканча көчөлөп басып, эрин канаганча өбүшүп жүрө бердик.
Ошол күндөн баштап мен үчүн баары өзгөрдү. Жалынды алгач көргөндө ал дилиме салган жарыктан бүт жан-дүйнөм жаркып, ансыз жашай албачудай сезилип, ал жок кезде кантип жашаганымды элестете албай калдым. Биз күн сайын Жалындын жумушуна жакын бульвардан жолугабыз да, жетелешип жүрө беребиз. Ал мени эч кимден тартынбай бооруна кыса кучактап өөп, так көтөрө тегеретип жиберчү. Андайда бакыттан башым айлана, өзүмдү секелек кыздай сезчүмүн. Демейде Каныштын жанына сурантып жүрүп барган жаным, ат тезегин кургатпай каттап калдым. Андайда Канышка сүйлөгөн менен эки көзүм эшикте болоор эле. Качан Жалын кирип келгенде экөөбүз сагына тиктешип, Каныштын көзү кичине бурулса эле Жалын бооруна кыса акырын өөп алчу. Биздин мамиле тез эле Жалындын жумушундагыларга белгилүү болуп, алар аркылуу келинчеги Жыпарга да жетти. Бир күнү жумушта отурсам бейтааныш номер телефон чалды. Жалын го деп ашыгып алсам аялдын үнү.
- Саламатсызбы? Бул Мээрим бекен?
- Ооба,-дедим суроолуу.
- Силер мени тааныбайсыңар, мен Жалындын келинчегимин. Мээрим, мен сага чалганым үчүн кечирип кой. Биз жолугуп сүйлөшсөк деле болмок, бирок, антүүгө батынбадым. Биз бири-бирибизди көрбөгөнүбүз эле оң. Мен сенден бир гана нерсени суранам, кыздарымды атасыз калтырба. Билем, Жалын сени сүйөт, бирок, сүйүүдөн да бийик турган нерсе - бала бар. Сен да балалуу болгондо билесиң. Мен сенин чачыңды жулуп, бетиңди тытайын деген оюм жок. Эгер кыздарым атасын баладан башкача жакшы көрбөсө, силердин сезимиңерди сыйлап, кыздарымды жетелеп басып кетмекмин. Алар атасын көрбөсө кусадан ооруп калышат. Мээрим, кыздарыма атасын бер. Мен муну сенден аял катары эмес, эне катары суранып жатам,-деди да трубканы коюп койду. Каргылданган үнүнөн ыйлап жатканын туйдум. Бир кезде атам апталап жоголсо куса болгон балалыгымды эстедим. Ошондо атамды башка аялга кетет деп эч качан элестете албасам керек эле.
Бая эле жаркырап турган аалам караңгылай түштү. Ошол күндөн баштап Жалынга жолукпай качып, бирок, өзүм кусалыктан жанымды коёрго жер таппай жүрдүм. Бирде Жалындын кумар, сүйүү төгүлгөн көздөрүн, мээримдүү коңур үнүн эстесем, бирде ушунчадан бери далай түн бирге таң атырсак да мага тийбегенин эстеп каңырыгым түтөйт. "Мен сага нике кыйдырып, анан экөөбүз жумалап турбай жатабыз" деген сөзүн эстей берем. Менин турмуш көргөн жубан экенимди билсе да тийбей кастарлап турчу. Андайда жан чыркыраткан каалоодон экөөбүз тең кыйналып, бирок, чыдачубуз. Ошонун баары жомок беле, атаганат? Ошентип жанчылып жүргөндө экөөбүз капыстан бет келишип калдык. Саамга аалам огунда тегеренбей токтоп калгансыды. Жалын мени ушундай бир кейип карады да, анан бооруна кысты. Экөөбүз тең суукта калгандай калтырап, анын жүрөгү көөдөнүн жарып кетчүдөй түрсүлдөп согуп жатты.
- Жалын…
- Унчукпа, мен баарын билем. Жыпар өзү уруксат берди, жүр, азыр эле нике кыйдырабыз.
- Жок, Жалын, мен анте албайм. Кыздарыңа бар. - Бул сөздү бирөө айттырып жаткансып күч менен араң айттым. Анан шарт бурулуп, бет келди өрт жармашкансып чуркап кете бердим. Бир карасам Жалын экөөбүз чогуу баскан бульварга келип калыпмын. Жерге күйүгө бой таштап, эч кимди көзгө илбей буркурап-буркурап ыйладым. Мага азыр аалам караңгы болчу. Качан көз жашым соолуганда ордуман турдум да, илкий үйгө жөнөдүм. Көзүм ирмелбей көпкө жаттым. Жана ыйлаганда жаным мынчалык ооруган эмес. Азыр дилим ушундай бир жан кейитип сыздап, жүрөгүм өрттөндү. Бир оокумда "Мээрим!" деген түн чоочуткан жапайы кыйкырык чыкты. "Жалын" деди солуктап жаткан жүрөгүм. Ыргып турчудай серпилип барып, бирок, кандайдыр эбегейсиз күч зордоп ордуман тургузбай басып тургансып жата бердим.
- Мээрим, мен сенсиз жашай албайм, укчу мени. Кыздарымды таштабайм, Мээрим, сен эле макул болчу. Жыпар баарына макул.
Жаздыкка чыланган көз жашыма тумчугуп жата бердим. Жалын качан, кантип кетти билбейм, ошол бойдон үч күн үйдөн чыккан жокмун. Үчүнчү күнү сүйрөлө араң жумушка бардым.
- Бир жериң ооруп турабы?-деди кыздар. Унчукпай койдум. Бир убакта Таалай жаныма келди да:
- Мээрим, сени үч күн катары менен Жалын деген бала издеп келди. Жалын эмес, күл болуп калыптыр,-деди акырын.
- Айтып бүттүңбү?-дедим жүзүн карабай.
- Ооба,-деди кызыктай боло.
- Жогол жаныман!
Таалай түшүнбөй калгандай тура берди.
- Эмне турасың, жогол дедим мен сени!-дедим да ордуман атып туруп чыгып кеттим. Аялдамадан түшсөм, үйгө бурулган көчөнүн бурчунда бир топ адам жабалактап эле бирдемени карап жатыптыр. Негедир жүрөгүм шуу деп коркуп, адамдардын жанына чуркап жеттим. Баары тең жарыла мага жол берди. Реклама илинчү чоң щитте "Мээрим, мен сени сүйөм. Сен бактылуу бол, жарыгым, мага болсо сүйүүдөн бакыт буюрбаптыр. Жок дегенде түшүмө кирип тур" деп кыпкызыл тамгалар менен жазылган плакат илинип туруптур. "Сен менин жарыгым элең. Болгону ал жарыкты кыздарыңдан, эстүү аялыңдан тартып алгым келбеди" дедим ичим өрттөнө шыбырап. Ошондон көп узабай турмушка чыгып кеттим. Азыр мен сенсиз жашай албай жашап, издебей, бирок, издеп жүрөм, жарыгым. Күндө түшүмө киресиң.

Айжаркын ЭРГЕШОВА