Биринчи жолугушуу кандай болууга тийиш?
Сиз сүйүктүүңүз менен болгон бешинчи же онунчу жолугушууңузду эстей аласызбы? Эстей албасаңыз керек. Ал эми биринчи жолку жолугушуу маанилүү жана жоопкерчиликтүү учур катары ар дайым эсиңизде сакталат. Бирок, бул жолугушууда аял да, эркек да катачылык кетирип коюшу мүмкүн. Төмөнкү макаланы көңүл коюп окуп чыксаңыз, балким, биринчи жолугушууңуздун идеалдуу болушуна жардамы тиер.


Эркектерге кеңеш
Коркоктукка жана уяңдыкка жол бербеңиз. "Билбейм", "эми эмне кылабыз?" деген сөздөрдү унутуңуз. Демилгени өз колуңузга алып, сунуш киргизиңиз. Сунушуңуз өзгөчө, маанисиз болсо деле мейли.
Маектешүү учурунда өзүңүз тууралуу баарын айтып салбай, бийкечиңиз үчүн табышмактуу болгон анча-мынча жактарыңызды калтырып коюңуз. А өткөн жашооңуз тууралуу таптакыр эле сөз козгобой койгонуңуз оң.
Бийкечиңизге эшикти ачып бериңиз, колуңузду сунуңуз, сылык болуңуз, эң негизгиси, сөзсүз түрдө гүл белек кылганды унутпаңыз. Бирок, көтөрүп жүрүүгө ыңгайсыз болгон чоң гүлдесте эмес.
Жолугушууда жакшы болуп көрүнүүгө аракет жасабаңыз. Табиятыңыздан кандай болсоңуз, бийкечиңиз сизди ошондой кабыл алсын. Акчаңызды ашыкча эле чача бербеңиз, балким, ал сиздин акыркы же карызга алган акчаңыздыр. Жолугушууну өзүңүздүн материалдык мүмкүнчүлүгүңүзгө жараша пландаштырыңыз.
Биринчи жолугушууда кимдир-бирөөлөр менен телефондон сүйлөшүп, сырдуу smsтерди жиберүү талапка туура келбейт. Муну менен жаныңызда отурган бийкечтин сиз үчүн кызыксыз экендигин билдиресиз. Жолугушуу учурунда телефонду үнсүз режимге коюп, трубканы таптакыр көтөрбөй эле койгон оң.

Айымдарга кеңеш
Өзүңүздүн болгон жакшы жактарыңыз менен кемчиликтериңизди биринчи эле жолугушууда сыртка чыгарып салбаңыз. Мазмунун билген китепти окугуңуз келбеген сыяктуу сиз да жигитиңизге кызыксыз болуп каласыз.
Жигитиңиздин канча киреше табаары тууралуу сурабаңыз, эркектерге бул жакпайт. Эгер жакшы тапса, ансыз деле сизге белгилүү болот.
Жолугушуунун акырында кийинки жолугушуу тууралуу биринчи болуп кеп козгобоңуз. Мындай учурда канааттандыраарлык жооп уксаңыз да ал жигитти сиз ошону менен көрбөй калышыңыз ыктымал.
Биринчи эле жолугушууда төшөк оюнуна шашпаңыз. Кийинки жолугушууларга да бир нерсе калсын.
Спирт ичимдигинен ооз тийип койгонуңуз болбосо, көп ичпеңиз. Биринчиден, тез-тез дааратканага чуркаганга туура келет, экинчиден, ашыкча сүйлөп аласыз.
Эгерде маңдайыңызда отурган эркек кафенин тамактарынан кыйкым таап, официанттарды сындап кирсе, жыйынтык чыгарыңыз. Биринчи эле жолугушууда сындаган эркек бир айдан кийин эмне болот?
Эгер эркек акча тууралуу көп сүйлөсө, бул анын өзүнө ишенбегендигинин эң биринчи белгиси.
Алгачкы жолугушууда үйлөнүү тою, келечектеги балдарыңыздар тууралуу сүйлөшүү таптакыр туура эмес. Алыскы пландар тууралуу да кеп козгобоңуздар, 2-3 жолку жолугушуу ортодо олуттуу мамиле бар дегендикке жатпайт.

Кандай кийинүү керек?
Сиздин гардеробуңузда өзүңүзгө аябай жаккан жок дегенде 2-3 кийим болсо керек. Алар сизге аябай жакшы жарашат, андан өзүңүздү ишенимдүү сезесиз. Мына ошол кийимиңиздин бирин кийиңиз.
Биринчи жолугушууда кийимди эксперимент кылуунун кереги жок. Элестетиңиз, сиз буга чейин кийиле элек жаңы көйнөгүңүздү кийип алдыңыз. Ал болсо ыңгайсыз болуп чыкты. Же болбосо жаңы бут кийимиңиз бутуңузду кысты. Андан көрө тобокелге салбай эле койгон оң. Ансыз деле толкунданып турганыңызда ыңгайсыз кийим же бут кийим ашыкчалык кылат.
Кече көйнөгүн кийүүнүн кажети жок. Шаар аралап же паркка барып калсаңыздар, мындай кийимиңиз ылайыксыз болуп калат.
Өтө ачык же кыска кийбеңиз, муну менен жеңил ойлуу жана шайкелең катары таасир калтырасыз.
Жаңы таанышыңызга жагууну каалайсызбы? Анда сиз кемчилиги жок көрүнүүгө тийишсиз. Кечээки чач жасалга, таза эмес кофта, тыкан эмес боёлгон тырмак жөнүндө унутуңуз. Эсиңизде болсун, биринчи көргөн адам алгач сизди кийимиңизге карап кабыл алат, андан соң гана эгер кааласа, жан-дүйнөңүзгө үңүлө баштайт.

Төмөнкү тамактарды заказ кылуу сунушталбайт:
- Гамбургер, чизбургер сыяктуу тез даярдалуучу тамактар. Булар жегенге өтө эле ыңгайсыз.
- Сүт азыктары. Жаш балдардын тамагын үйдө гана ичүү сунушталат.
- Кылкандуу балыктан жасалган тамактар. Кылканы тамагыңызга туруп калганын элестете бериңиз!
- Ачуу тамактар. Таанышыңыз кызуу сүйлөп жатканда суу ичкиңиз келип, аныңызды жашыруу үчүн аргасыз жылмайып отурасыз.
- Жүгөрү. Эң жагымсыз тамак. Жүгөрүнүн кичинекей бөлүгү тишиңизге тыгылып калышы мүмкүн. Анан аны колуңуз менен де тиш чукугуч менен алып салмайынча жаныңыз жай албайт.
- Салат. Тамакка десерт катары алсаңыз түшүнүктүү. Ал эми бир гана салат заказ кылуу талапка жооп бербейт. Мындан сиз табигый натураңызды жашырууга аракет кылып жатканыңызды билдирип коёсуз.
- Шорпо же лагман. Суюк тамактар биринчи жолугушуу үчүн эмес. Ал эми лагман таптакыр эле болбойт. Камырын чубуртуп, жүдөп жеп отурганыңызды элестетиңиз. Эң негизги эреже - жаныңыздагы адамдан эч качан аз же көп заказ кылбаңыз. Тамагын жеп бүткөн адам жанындагынын тамак жеп жатканын карап отургандан ыңгайсыз нерсе жок.




Жентльмен деген ким?
Баарыбыз эле жандап жүргөн адамыбыздын жентльмен болуусун каалайбыз. А негизи, жентельмен кандай болушу керек? Ал...

Эгер караңгы болуп, жарыкты күйгүзүш керек болбосо, үйгө сизден кийин кирет.
Тепкич менен ылдый түшүп баратканда сиздин алдыңызда, өйдө чыгып баратканда артыңызда жүрөт.
Эгер аял туруп турса, эч качан отурбайт.
Уруксатсыз отурбайт.
Эгер жанындагы айым тамеки тартса, алгач ага тамеки сунуштайт. А чекпеген адамдан тамеки тартууга сөзсүз уруксат сурайт. Ал эч качан сизге жакын туруп тамеки тартпайт.
Айым менен сүйлөшүүдө баш кийимин чечет же аны өйдө көтөрөт.
Колуңузда оор сумка же дагы башка буюм болсо, сизге жардамдашат.
Башка эркек менен сизди талкуулабайт.
Отургуч жылдырып берет, кафеде отурсаңыздар келген тамакты биринчи сизге берет.
Үйдүн ичинде баш кийимин чечип отурат.
Башкалардын кетирген каталарына күлбөйт.

Аймээрим КУРБАНАЛИЕВА